Добавить статью
11:49, 28 марта 2013 95399

Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар

Нарын облустук өкүлчүлүктөн алынган маалымат боюнча 2012-жылда облус боюнча 120,4 миң гектар жер сугат аянт деп эсепке алынган. Бирок сугат аянттар да, анын ичинде сугарылганы да жыл сайын өзгөрүлүп турат. Маселен 2011-жылы 10988 гектар сугарылбай калса, бул көрсөткүч өткөн жылы 10 762 гектар болгондугу кагазга жазылган. Суу чарба адистери жыл өткөн сайын даркан талааларды сугаруу кыйынчылыгы түзүлүп жаткандыктарын белгилешсе, бир катар баамчылар сугаттын эсептери так эмес жана кыйынчылык жыл өткөн сайын көбөйүүдө деп бүшүркөшүүдө.

Суу сормо бекеттердин бешенелери

Нарын облусунда жыл өткөн сайын дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү төмөндөп бара жаткандыгы ар жылкы жыл жыйынтыгын чыгарган облустук курамдык (коллегиялык) кеңири отурумдарда кеп болуп келет. Маселен, 2010-жылы дан эгиндери орулуп жаткан маалда облустук акимчилик оруп-жыюу өнөктүгүнө баам салган жыйналыш өткөрүп, анда жалпысы 25 618 гектарга дан эгиндери айдалгандыгы, түшүмдүүлүк орточо 22 центнерден айланып, 2009-жылга караганда 2,6 центнерге төмөн болуп жаткандыгы белгиленген. Ал эми 2012-жылы дан эгин аянттары 29 456 гектарга жеткирилгени менен түшүмдүүлүк 2011-жылга салыштырганда 2,7 центнерге азайып, дүң түшүм 8,3 миң тоннага кемигендиги чоң жыйында айтылган. Же болбосо орточо облус боюнча 19,7 центнерден дан түшүмү алынган. Дыйкан-фермерлердин жыл сайын башкы азыктарды айдоону арбыткандыктарына карабастан, күрөк толо дан ала албай жаткандыктарын айрым адистер бир катар себептерге байланыштырышат. Анда, жерди агротехникалык эрежелерде айдап себүү, толук кандуу жогорку сорттогу үрөндү камсыздоо, отоо чөптөргө каршы дарыларды пайдалануу менен бирге сугатты өз учурунда жүргүзүү зарылчылыктар биригип келип мол түшүмдү камсыздаары белгиленет. Мындай факторлордун ичинен сугат жагдайы эң орчундуу ролду ойноору талашсыз.

Вегетациялык сугат маалында суу менен камсыз кылуучу насостук станциялардын жрбдуулары эскирген. Аларды ремонттон өткөрүү үчүн акча каражаты тиешелүү министрликтер тарабынан өз убагында берилбей Куланак, Кажырты, Он-Арча насостук станцияларынын реконструкциялоо иштери көп жылдан бери бүткөрүлбөй келүүдө, -деп көрсөтүлөт Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2012-жылдагы жыйынтыктары тууралуу жазылган маалымдамада. Бирок иликтөө көрсөткөндөй, облуста жалпы сугарылган аянттын дээрлик 10 гана пайызы насостук станциялар аркылуу сугарылат экен. Демек калган 90 пайыз сугат аянттарда акыбал кандай деген собол келип чыгат. Натыйжада Нарын бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Анарбек Сокеев быйылкы жылдын 28-февраль күнү алдыдагы айдап себүү өнөктүгүнө арналган облустук штабдык жыйында ички каналдарды элдик ыкмада «Ашар» жолу менен тазалоо чакырыгын бекеринен жасабаптыр.

«Биз негизинен чарбалар аралык ири каналдардан суу берүүгө гана жоопкербиз. Ал эми ички чарбалык арыктар, каналдар жергиликтүү бийлик, демек айыл өкмөттөр аркылуу тазаланышы зарыл. Бирок жыл өткөн сайын алар чынында кароосуз калып, ичтери толуп, берилген суулар толук пайдаланылбай жатат. Ошондуктан быйыл ички каналды элдик «Ашар» жолу менен калыбына келтире баштасак дегим келет»,-деген эле облустун башкы мурабы. Көрсө облус боюнча чарбалар аралык ири каналдар 960,5 чакырым аралыкты түзсө, ички чарбалык негизги арыктар 2667 чакырымдан ашуун экен.

«Мисалы, республикадыгы эң биринчилерден болуп ишке кирген жана эң чоң Куланак насостук станциясына быйыл 45 жыл болот. Насостон чыккан суу 33 км аралыкка агат. Ал толук кубаттуулукта иштесе секундасына 5400 литр сууну бере алмак. Азыр болсо кубаттуулугу 4800 метр секундду түзүүдө. Эгерде ушул насос иштебей калса, анда 5 миң гектар аянт суусуз калуу коркунучу бар», - дейт А.Сокеев. Ал эми Ала-Буга ССБсы толук кандуу ишке киргизилбей калган. Натыйжада облустагы 20 ССБ акыбалы «өйдө тартса өгүз өлгөн, ылдый тартса араба сынган» кырдаалга бир нече жыл мурда эле кептелиптир. Жыйынтыгында ССБ аркылуу сугарылуучу 17 170 гектар аянт толук кандуу каражатка гана күңкор.

«Союз убагында насостордун иштен чыккан тетиктерин оңдоо деген болгон эмес. Бузулдубу, ордуна даяр турган жаңысы алмаштырылчу. Азыр болсо керектен чыккан тетиктерди Бишкекке жеткирип эки заводдон кайра жасаттырабыз. Белгилүү болгондой насостор 3-8 ай бою тынымсыз иштейт. Натыйжада кыймылдаткычтар күйүп кетет, корпустары жешилет. Мына быйыл гана акча каражат февраль айында чечилип, эми буюрса насосторду март айынын аягына чейин толук ишке киргизели деп жатабыз», - деп кошумчалайт ал.

«Көңүлү жайдары мураб аке» же ирригациянын капчыгынын каңтарылышы жөнүндө

Деги эле журналисттик иликтөө же аналитикалык бир макала жазууда аргасыз кечээки ыраматылык «союз» заманы ар дайым эске келет.

Ошол доордо ала жаздан кеч күзгө чейин, демек сугат аянттарды сугаруу маалында ар бир чарбада сөссүз суу бөлүштүрүүчү кызматкерлер атайын штаттык бирдикте туруучу. Алар эл оозунда «мураб» деп аталчу. Ошондой мурабдын биринин болгон окуясынан кыскача бир сүртүм.

Нарын облусунун эле бир чарбасынын бир жараны үч коктудан түшкөн агын сууларды бөлүштүрүүчү мураб болуп дайындалып иш кылат. Ал мурабдын милдети дан эгинди жана көп жылдык чөптү сугарган сугатчыларга сууну белгиленген көлөмдө бөлүштүрүп берүү. Кыргызча айтканда дан эгиндин сугатчысына «чоң кулак», көп жылдык сугарган сугатчыга «бир кулак» сууну дайыма камсыздашы керек. Бир күнү сугатчылар ортосунда чыр чыгат.

«Мен эгин сугарам, тиги чөп сугарат. Бирок анын суусу көп, мага болсо суу жетпей жатат»,-деп даттанат эгин сугарган сугатчы.

«Мен канча суу келгенин билбеймин, Мураб аке бөлүштүрүп берүүдө», - деп актанат чөп сугарган сугатчы. Мындай нааразычылык бир нече жолу кайталанып, акыры талаш үчүн тиешелүү кызматкерлер ортого тартылат.

«Эмне үчүн чын эле эгин сугарган сугатчынын суусу көбүрөөк эмес, тескерисинче аз берилүүдө», - деп собол коёт башкы агроном.

«Таң, кайдан билейин. Тоодон агып түшкөн кудайдын суусун баарысына норма боюнча эле бөлүштүргөнгө аракет кылуудамын. Бирок чөп сугарган сугатчынын саламы түзүк болуп эле жатпаса», - деп жооп кайтарат дейт Мураб аке. Көрсө чөп сугарган сугатчы Мураб акесине кез-кезде бир бөтөш «ак молдону» тартуулап, экөөлөп бөлө тартышчу тура. Анан көңүлү жайдары болгон Мураб аке анын акысына сууну көбүрөөк бөлүп берчү экен. Ошондон кийин сугатчылар арасында «Мураб акенин көңүлү жайдары болсо, анда суу көп берилет» деген ылакап сөз айтылуучу болуптур. Ал эми Кыргыз Республикасынын эгемен доорлорунда мамлекеттен сугат тармактарына бөлүнгөн каражаттар Мураб акедей көңүлдүү абалда бөлүштүрүлбөгөндүгү айгине болууда.

«Негизи облустагы насостук станциялардын көбүнүн иштөө мөөнөттөрү эбак эле аяктаган. Ал тууралуу 10-15 жылдан бери карай эле тиешелүү жогору жактарга каттар жазылып келүүдө. Бирок жыйынтык жок. Натыйжада каналдар толуп, кээ бир жерлердеги лотоктор сынып, тешилип, берилген суулар толук жетпейт. Бир эле мисал, Нарын районундагы «Кажырты» деген каналды кайра толук оңдойбуз деп түркүялык фирма келген. Ал жакшы иштеген жок. Берилген акчалар орто жолдо эмне болду белгисиз. Айтор, алар кетип учурда башка фирма иштеп жатат деп угуп жатабыз. Деги каналдардын абалдары жыл өткөн сайын начарлоодо. Мисалы мурда колхоздор бар кезде каналдардын кыйынчылыгы жалпы белгилүү болгон эле да. Азыр болсо суу ала албай калган бир дыйкандын үнү эч кимге жетпейт», - дейт КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, узак жыл облустун чарбаларында жетекчи кызматтарда иштеген, соңку жылдары облустук акимчиликтин агрардык бөлүмүнүн башчысы болгон Нарынбек Карыбеков.

«Биздин райондо Корчубек Акназаров аксакал убагындагы 8 насос азыр дагы иштеп жатат. Чынында алардын иштөө мөөнөттөрү эбак эле аяктаган. Бирок оңдоп-түздөп иштетип келе жатабыз. Маселен, былтыркы жылы аларды учурдагы оңдоодон өткөрүү үчүн 22 миллион сом суралса, болгону 1,2 миллион сому берилди. Ушундан улам бизде суу тартыштыгынан 5360 гектар жерге суу толук жетпей калды», - дейт Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев.

Ал эми Нарын райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Максат Сейдилдаевдин баамында оор кырдаал ички чарбалык каналдарда түзүлүүдө. «Чынында суу чарба башкармалыгы караган чоң каналдарда акыбал кичине дурус. Ал эми ички каналдар айласыз абалга келди десек болот. Азыр СПА деп коёбуз, суу пайдалануучулар ассоцияциалары түзүлгөнү менен чыныгы эсеп деген жок. Ким канча суу алып жатканы белгисиз. Ушундан улам эл атаандашып, акчаларын төлөбөйт жана каналдарды казганга макул болушпайт. СПАлар болсо акча топтой албагандыктан улам каналдарды толук тазалап, оңдоого алдары жетпейт», - деп кеп салат М.Сейдилдаев.

Ошентип соңку 10 жыл аралыгында Нарын облусу боюнча бассейндик суу чарба башкармалыгы аркылуу керектелген акча каражат тууралуу маалыматтарды салыштыруу вазыйпасы келип чыкты. Мисалы 2002-жылы Нарын облусунун суу чарба башкармалыктары боюнча капиталдык жана учурдагы оңдоолорго 8 миллион 318,4 миң сом чыгымдалса, көрсөткүч 2004-жылы 7 млн 73 миң сомго же 1 млн 254,4 миң сомго кем берилген. Же болбосо каржылоо кыскартылган. 2005-жылы бардык оңдоо жумуштарга мелженгендин 94, 2006-жылы 89, 2007-жылы 98 пайызы ишке ашырылса, 2010-жылы белгиленген иш көлөм 90 пайызды гана түзгөн. Албетте 2002-жылга караганда суу чарба тармагынын оңдоо жумуштарына каражаттар 2010-жылы дээрлик 4 эсе көбөйтүлгөн. Тактап айтканда, 32 млн 311 миң сомго капиталдык жана учудагы оңдоо иштерин аткаруу пландалган. Бирок капиталдык оңдоо үчүн 3 млн 913 миң сом бюджеттен берилбей, план 87 пайызды түзгөн. Өткөн жылдардын ичинен 2011-жылы 29 млн 382 миң сомго капиталдык, 4 млн 233 миң сомго учурдагы оңдоо жумуштар (жалпысы 33,615 миң) аткарылып эң жогорку көрсөткүчкө жеткирилген. Тилекке каршы, 2012-жылы каражат берүү кескин төмөндөп, капиталдык оңдоого 16 млн 368 миң, учурдагы оңдоо иштерге 2 млн 241,6 миң сом жумшалып, 2011-жылга караганда дээрлик 15 миллион сом кемитилген. Ушундай мамлекеттик каражаттын маанилүү тармакка каалагандай берилгендигинен улам сугат аянттарын көбөйтүү түгүл, суу баскан аянттар жыл өткөн сайын азайып жаткандыгы белгилүү болууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
65973

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
55253

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
84894

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
59743

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
61009

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
67867

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
158317

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
113937

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
107212

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
71292

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×