Добавить статью
3:52, 4 апреля 2013 21933

Э.Тарыхчиевдин тайраң иштери

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 33төн ашуун ар түрдүү улутта 145000 миңден ашык калк жашайт. Райондун тургундары бүгүнкү күндө жерге болгон укуктарды каттоодо көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Себеби, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы коррупциялашкан топ иштеген ишкана болуп калган. Мисалы, кызматкерлерди жумушка алууда жердешчиликке, тууганчылыкка жол берилип, өзү жашаган айылдан көңүлү жакын адамдарды, профессионалдуулугуна жана адистигине карабастан жумушка алган. Учурда иштеп жаткан 10дон ашык өз ишин мыкты билген профессионал кызматкерлерди ар кандай шылтоо менен 1 жыл ичинде кызматтан кетирген. Ал эми кызматтык кыскартууга дуушар болгон 4 кызматкерге компенсация төлөнүп берилген эмес. Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Эмил Тарыхчиев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийбестен, өзү жетектеген мекемеде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жеке мыйзамдарын колдонуп келет. Э.Тарыхчиевдин жасаган иштерин бир нече пункт, фактыларды келтирип далилдөөгө аракет кылалы.

2005-жылдан бери райондун аймагында жеке турак жай куруу үчүн трансформация болгон жерлерден, атап айтсак, Арстанбап, Могол, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Акман, Сейдикум, Кеңеш айыл округдарында турак жай куруу үчүн бөлүштүрүп берилген жерлердин жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берүү үчүн 600 (алты жүз) чамада тургундардан акча каражаттарын төктүрүп, болжол менен 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын максатсыз пайдаланган. Себеби, бул атуулдар мыйзам талап кылган тиешелүү акча каражаттарын төккөнү менен бүгүнкү күнгө чейин жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларын алышкан эмес. Бирок, райондун тургундары турак жайларды салып алышканы менен, мыйзамдуу менчик ээси боло албаганы аз келгенсип, конституциялык укуктарынан жана мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдардан пайдалана албай келишет.

Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы аты атап тургандай эле жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекет тарабынан берилген мыйзамдуу милдеттерин так аткарбагандыгынын кесепетинен, райондун аймагында турак жай куруу үчүн трансформация болбостон, мыйзамсыз берилген жерлерди көзөмөлгө албастан жана убагында тийиштүү органдарга кайрылып мыйзамдуу аракеттерди жасабастан, тескерисинче айыл округу жана рай.архитектура менен биргеликте турак жай куруу үчүн генералдык пландарын даярдоо менен атуулдардан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды даярдап берүүгө мыйзамсыз түрдө болжол менен 1 000 000 (бир миллион) сом суммасында акча каражаттарын төктүрүп, ошол жерлерди турак жай курууга бөлүштүрүүгө жол берген. Натыйжада, мыйзамсыз берилген жерлерге турак жай куруп алышкан атуулдар өзүнүн менчигине мыйзамдуу ээ боло албай жана мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдардан пайдалана албай келишет. Эгер мындай мыйзамсыз аракеттерин токтотушпаса же мамлекеттик көзөмөлгө албаса, анда акыры каякка барып, эмне менен аяктаары белгисиз.

Жогорудагы жасалган мыйзамсыз иш аракеттер боюнча 14 жылдын ичинде күч органдары жана фискалдык органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы да сыйкырчынын таягы менен сыйкырлангандай жабык боюнча калууда.

Э.Тарыхчиев кандай бийлик болбосун, анын эрке уулуна айланат. Себеби, ал убагында «Алга» партиясынын эрке талтаң уулу, андан кийин 2007-2010-жылдары «Ак Жол» партиясынын сүймөнчүгү болуп, райондо каалаган жумуштарды жасап келген. Буга бир эле мисал, 2010-жылдын март айында өткөн бүткүл республикалык «Ынтымак» курултайына «Ак Жол» партиясынын өкүлү катары Базар-Коргон районунун атынан делегат болуп катышкан жана Бакиевдердин эң ишенимдүү адамы болгон. Ал эми бүгүнкү күндө СДПК партиясына жамынып алып, эски иштерин кайталоодо. Бул аракеттери менен бийликтин атына жамынып алып, бийликти да элге жаман көрсөтүп бүттү.

Кыргызстан эгемендүү болгондон бери үч бийликтин төбөлдөрүнүн эрке талтаң уулуна айланып, элдин жерге болгон укуктарын өз убагында каттабастан, тескерисинче коррупциялык жол менен татаалдаштырат.

Эмил Тарыхчиев учурда райондун жетекчилигин, тагыраак айтканда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимди жана анын аппаратын көзгө илбейт. Райондо өткөрүлгөн жыйындарга өзү барбастан орун басарын жиберет. Мындан сырткары айыл округ башчыларына өзү мыйзам бузуучулукка жол көрсөтүп, кайрадан аларды күч структураларына жамандап жазуу менен райондо жазуучулук милдетти да аткарып келет. Мамлекеттик кызматтын этикасына туура келбеген иштерди жасап, өзү билемдик менен ар кандай мыйзам бузууларга жол берген жетекчиге мамлекеттик чоң мекеменин башкаруусун ишенип тапшырууга болобу?

Жогоруда келтирилген фактыларды Э.Тарыхчиевдин сыйкыр таягына илинбестен аныктап чыкса, анда жогоруда айтылган жана айтылбаган да былык иштери боюнча атуулдар жеринде факт менен далилдешет, ошондо Тарыхчиевдин тайраң иштерине чекит коюлмак.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×