Добавить статью
7:40, 8 апреля 2013 22202

Ноокат райакими шаардык кеңештин депутаттарын бюджетти мыйзамды бузуп кароого мажбурлоодо

Ноокат шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан Ноокат шаарынын мэрин шайлоодо, Ноокат шаардык кеңешине «Республика» саясий партиясынын депутаттары Ноокат райондук мамлекеттик администрацисынын башчысы-акиминин кийлигишүүсүнүн негизинде отурмга эки жолу себепсиз келбей койгон.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 43-беренесинин 5-пункту боюнча жергиликтүү кеңеш таркатылат деп көрсөтүлгөн. Азыркы күндө райондун акими Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын, бюджет кароо боюнча мыйзам актыларын бузуп кароого мажбурлоодо.

Ноокат шаардык кеңешине шайланган депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясына бюджетти кароо боюнча кат менен кайрылган, бирок жооп жок. Ошондой эле, шаардын бюджетин бекитүү боюнча мыйзам актыларын тактап берүү максатында Ноокат райондук прокуратурасына да кайрылуу кат жиберилген. Прокуратура органы мыйзамды талкулоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечим кабыл алууда көрсөтмө берүүгө укугу жок экендигин билдирүү менен, шаардык кеңештин депутаттарына жергиликтүү бюджетти кароо маселесин мыйзам чегинде чечүүнү сунуштаган.

Ноокат шаардык кеңешине КСДП, «Замандаш-Современник», «Ата-Мекен» фракцияларынан шайланган депутаттары райондун акимине нараазычылыгын билдирип, Массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берүүгө даярэкендигин билдиришет.

Ноокат шаардык кеңешине «Биримдик» коалициясынын КСДП, «Замандаш-Современник», «Ата-Мекен» шайланган фракцияларынын депутаттарынан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×