Добавить статью
11:53, 11 апреля 2013 17806

Токтогул РИИБнин жетекчисинин орун басары жана тергөөчү кырсыктын күнөөкөрүн суракка алуунун ордуна, жабыркагандарды коркутууда

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге, Ички иштер министри Абдылда Суранчиевге кайрылуусу

Урматтуу президент!

Урматтуу министр!

Биз сизди Кыргызстандын ар бир жаранынын гаранты, журт атасы катары укук коргоо органдары тарабынан бузулуп жаткан укугубузду коргоо максатында кайрылып жатабыз.

Менин бир тууган карындашым Чынара Алдакулова, күйөө балам Халиков Арслан жана 6 айлык наристеси Али менен бирге Оштон Бишкек тарапты көздөй келе жатып, 3-апрелден 4-апрелге караган түнү түңкү саат 12лер чамасында Токтогул районунун Арал айылында унаа кырсыгына кабылган. Кубан Асранов аттуу Арал айылынын 1979-жылы туулган тургуну мас абалында айдап бара жаткан унаасын башкара албай күйөө балам башкарып бара жаткан унааны койдуруп кеткен. Анын мас абалында болгондугун тастыктаган тийиштүү документтердин бар экендигине карабай Токтогул райондук Ички иштер башкармалыгынын орун басары Мурзамахмутов Айылчы жана тергөөчү Полотов Кыял кырсыктын чыныгы күнөөкөрүн суракка алуунун ордуна, бизди коркутуп, «Кыргызстандын мыйзамдарында айдоочунун мастыгын эч ким уруп ойнобойт» деген өңдүү орой сөздөрү менен кекетип, ишти тергөөгө ашкере кайдыгер мамиле жасап жатышат.

Кырсыктын чыныгы күнөөкөрүн жана бизди кагып-сөккөн орган кызматкерлерин мыйзам чегинде жоопко тартып, материалдык чыгымдардын ордун толтурууга жана укугубузду коргоого жардам берүүңүздү сизден суранабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×