Добавить статью
8:58, 22 апреля 2013 31823

Бүгүнкү жыргал үчүн эртеңкини курмандыкка чалбайлы

Сексенинчи жылдардын орто ченинде мени борбор шаардын маданият башкармалыгынын башчылыгына жиберишти. Жай мезгилинин биринчи айы өтүп баратканына карабай, калаадагы көлмөлөр сууга толтурула элек экен. Парктардын чөбү чабылбаган, бактардын куураган бутактары кыйылбаган ж.б. иштерге кайдыгерлик мамиле жасалып калыптыр. Тез арада шаардыктардын эс алуучу жайларын иретке келтирүүгө кириштик. Парктар жана эс алуучу жайлар менен иш алып баруучу башкармалыкты “уйкудан ойготуп” эски аэропорттун жанындагы, “Жаш гвардия” булварынын батыш жагындагы көлмөлөрдүн чыпкалай турган бөлүгүн жана өзүн кол менен тазалап суу коё бердик. Ал эми пионер-комсомол көлдөру көптөн бери тазаланбагандыктан түбүн, боорун ил (уюган баткак) басып кетиптир. Аларды тазалаш үчүн “Севводстрой” деген уюм менен сүйлөшүп баткакты кырып чыгара турган машинаны койдук.

Бир күнү пионер көлүнүн жумуштары бүттү дегенинен барсам, айткандай баары жайында экен. Бирок чыгыш жак боорунан булакча агып жатыптыр. Бул эмне деген суу деп, текшерүүгө берсек. Ал биз каалагандай таза булак эмес, тилекке каршы, Чоң Чүй каналынын (БЧК) аркы өйүзүндөгү жаман тамдардын (Кузнечная крепость) дааратканаларынан жер алды менен жылжып агып келген саркынды болуп чыкты.

Ошол замат шааркомдун (азыркы мэрия) башчысына билдирдим. Ал дагы өзү тараптан суунун кошулмасын адистерге текшертип, жогоруда айтылгандар биротоло далилденгенден кийин, муну кантип токтотобуз деген талкуу жүрдү. Бирөөлөр БЧКга кошуп жиберүүнү айтты. Мындай кылуу оңойго турса да, жок болбойт деп, ошондо жаман сууну түтүк менен алып барып, шаардын акыр-чикир аккан канализациясына кошконбуз.

Буларды айтып жатканымдын себеби, көзгө басар ыйык Ысык-Көлүбүзгө мындай саркындылар кошулбайт деп ким кепил боло алат. Анткени, кээ бир айылдар көлгө чукул жайгашкан, үйлөрүнүн дааратканалары цементтелбеген, убагында сордурулуп алынып, алыс тийешелүү жерлерге төгүлбөйт. Эски жана кээ бир жаңы салынган пансионаттардын абалы деле мындан ашып кетпейт. Ушул себептен бул маселени областтык жетекчи, рай акимдер, айыл өкмөтү өздөрүнүн күн тартибинен түшүрбөй, көлгө карата мамилени түп тамырынан бери өзгөртүп, натыйжалуу чараларды көрүүлөрү тийиш.

Кийинки убактарда туризмден байыйбыз деген пикирди айта турган болдук. Менин оюмча, көлгө келип эс алгандардан түшкөн акча менен экономикабыздын жагдайын жакшыртабыз деген бул өзү жомок.

Башка маселе уурдабай, урушпай-талашпай, ынтымакта “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” кендерди иштетсек, ГЭСтерди куруп, энергетиканын азыркы абалын жолго салып, ортомчуларды (ал кайсы жерде болбосун) түп тамыры менен жоготуп, дагы пайда түшө турган тармактарды, ж.б. киреше бере турган чоң-чоң өнөр-жай, айыл-чарба иш-каналарын мамлекеттин менчигине, катуу көзөмөлүнө алсак иштердин сапаты да оңолмок, мамлекеттин казынасы да толмок. Орто бизнеске жол ачып, аларга түздөн-түз колдоо көрсөтүү да азыркы күндун талабы. Экономиканы көтөрүүнүн негизги булактары - ушулар.

Биз туризм боюнча Испания, Турция, Таиланд, Филиппин ж.б. мамлекеттерге теңелгибиз бар. Алар бул тармак менен эчактан бери иш жүргүзүшүп келе жатышат, даңгыр жолго түшүшкөн.

Эң негизгиси алардын шарты башкача. Себеби, ал өлкөлөрдү деңиз, океан курчап турат. Суу булганат деген ой жаралбайт.

Ал эми бизде болсо, Ысык-Көлгө суулар куят, бирок агып чыкпайт. Эгерде жарыктык, ыйык көлгө элдер көп келип түшө беришсе, жыл өткөн сайын тазаланууга өзүнүн күчү жетпей калышы мүмкүн. Көлдү булгабайлы! Сактайлы! Көлгө тазасын да, мокочосун да иргебей түшүрө бергенге бөгөт коёлу.

Кыргыздар көлдү, дегеле сууну ыйык катары санашкан. Сууну ар кандай жол менен булгаганга жол беришкен эмес. Жылаңач түшүү ойлоруна да келбеген. Көл суусуна колдорун жууп, жүздөрүн гана чайкашкан.

Андан көрө туризмдин бөлөк түрлөрүнө басым жасасак, аны жайылтсак шартын оңдосок. Туристтерди бир-эки күн көлгө чөмүлтүп, калган убактыларын тоо арасында өткөртүп, Арстанбапка, эстеликтер турган жерлерге: Чүйдөгү Буранага, Таластагы Манастын күмбөзүнө, Өзгөн шаарындагы эстеликтерге, Таш-Рабатка ж.б. жерлерге алып барууну жакшы уюштурсак. Альпинизм жана кышкысын эс ала турган жайларды азыркы күндүн талабына жооп бергидей кылсак, бул айтылгандар туризм иштеринин чекесин эле түзөт.

Дагы бир айтарым, кээ бир көлдүктөр жай мезгилинде көп акча тапмакчыбыз деп, бала-чакасы менен жашап жаткан үйүн эсалуучуларга бошотуп берип, өздөрү бактын арасына алачык тигишип алып, күн өткөргөндөр да табылат дешет. Адамдын пейили оңолбойун жакшы жолго түшө албайбыз. Азыркы учурда акча-акча деп эле элди, мамлекетти тоногонду жана ар кайсы жерлерде тентип жүргөнүбүздү токтотуп, аз болсо да топук кылсак, дүнүйөнүн түбүнө жеткен эч ким жок.

Менин жаштык кезим Ата-Мекендик согуштан кийинки жылдарга туш болгон. Ошондо бир үй-бүлөгө өкмөт отуз сотых жер, он чакты кой, бир уй, же бир жылкы кармоого гана улуксат берген. Андан ашырбашың керек. Бирок, пейилдин токтугунанбы, айтор жогоруда айтылгандар кийинип-ичингенге толук жетчү. Бир жандык сойсоң коңшу-колоңдор, тууган-туушкандардын баары келип жеп кетер эле. Азыркыдай “жапма челек” б.а. эч кимди жолотпой, обочолонуп оокат кылуу түшүнө да кирчү эмес.

Экинчи бир айта турган кеп Соң-Көл жөнүндө болмокчу. Бул көл да жаратылыштын бизге берген керемети. Кийинки жылдарда “колдо бар алтындын баркы жок” демекчи Соң-Көлдү да булгаганга, сулуулугун жок кылганга баш койдук. Кандай маареке болсо эле Соң-Көлгө өткөрмөй адат таап алдык. Мындай иш чараларды ал жерде белгилөөнү кеч болуп кете электе токтотсок. Анткени миңдеген жылдар бою, сүттүн үстүндөгү каймактай пайда болгон 5-6 см түзгөн жердин кыртышынан машиналардын дөңгөлөктөрүнүн “жардамы” менен ажырап, какыраган жерге айланып калышыбыз турган нерсе.

Ал жердин кыртышын, бетегесин жок кылып алсак урпактар кечирим бербейт. “Эсиң барда этегиңди жапчы” деген макалды эске туталы. Илгери СССРдин тушунда Суусамырдагы чөптүн үстү менен машиналардын жүрүшүнө тыю салынган кыртыш бузулат деп кара жолдун тыяк-быягына чыгууга да улуксат берилген эмес.

Дагы бир айта турган нерсе Соң-Көлгө тарыхта аты-жыты белгисиз адамга эстелик тургузуп, ал жерди энчисине алам дегендер пайда болду дешет. Сөң-Көл бул жалпы кыргыз элинин шыбагасы, анын ичинен Кочкор, Жумгал, Нарын, Ак-Талаа аймактарынын элдери атам замандан бери жайында келип жайлап жүрүшкөн жер.

Мындай жалпыга тийешелүү жерлерди менчиктештирүүгө кээ бирөөлөрдүн кылган-аракеттерин туура эмес деп эсептейм. Мындай иштер кудайга деле жакпаса керек. Жаратылышты бузбай аярдык менен мамиле кылуу - ар бир атуулдун ыйык милдети.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×