Добавить статью
4:27, 23 апреля 2013 69308

Бакиевдердин үйлөрүн өрттөөгө Асылбектин эч тиешеси жок, - маркум А.Текебаевдин жубайы Гүлбара Калмырзаева

А.Текебаев Өмүрбек Текебаевдин иниси Асылбек Текебаевдин дүйнөдөн өткөнүнө бир жылдан ашса да анын дарегине жааган жалаанын аягы тыйылбай келет. Эл арасында гана эмес, парламентте, басылмаларда түрдүү маалыматтар тынымсыз жарыяланат. Саясий кызыкчылык үчүн көзү өткөн адамды жай коюшпаганы анын жакындарынын каңырыгын түтөтөт. Кечээ жакында дагы бир маалымат чыкты. Бул ирет экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев Асылбек мырзаны каралады. Неге? Раматылык төгүндөй албайт дегениби. Бул боюнча Асылбек Текебаевдин жубайы Гүлбара айым менен ой бөлүштүк.

- Гүлбара айым, сиз Асылбек мырза ооруп жүргөндө дайым жанында болдуңуз. Акмат Бакиев менен жолукту беле, эмнелер жөнүндө сөз болгонун сизге айтты беле?

- Асылбек февраль айында дарылануу үчүн Бишкекте болгону чын. Ага чейин да укук коргоо органдарынын өкүлү, базаркоргондук жалпы тааныш аркылуу Акмат Бакиев кайра-кайра жолугушууну суранган. Асылбек баш тартып, жолукпай келген. «Эмне маселеси бар экен, неге жолугат?» десе: «Жакында кудай буюрса, биротоло бошонуп, Сузакка барып жашайм. Текебаевдерге көп жамандык кылдык эле, алар бизден өч алат деп чочулап атат, кечирим сурап, башын ачып алалы деген ниетте» дептир ортомчу.

- Кандай жамандыктарды кылышты эле?

-Асылбекти гана эмес, партиялаштарды, жакын туугандарды куугунтуктап, иштерине беш жыл тоскоол кылып келди. Беш жыл бут тосуу алардын тагдырын аныктап, өмүрүн башка нукка буруп койгон. “Сентябрь” телеканалын чыгарып жүргөндө анын офисине, кызматкерлерине, Асылбектин өзүнө бир нече ирет кол салуу болгон. Компанияга кысым көрсөтүп, электр зымдарын кесип, ал жерде иштеп жаткан балдарга “Кока колага” кошулган психотроптук заттар менен ууландырып, телемунаранын жабдыктарын талкалап уурдап кеткен учурлары болгон. Укук коргоо органдарын пайдаланып, телекомпанияга чабуул жасашкан, Асылбек коргонгондугу үчүн ага жана бир катар балдарга куралдуу каршылык көрсөттү деген айып менен иш козгошкон. Бул туурасында бүт акмандыктар кабардар. Исмаил Исаковдун Алайдагы туугандарына барып кабар алып келатып, Асылбек менен дагы төрт партиялашы Өзгөндөн ташбараңга кабылышкан. Машинасы талкаланып, кудай жалгап өздөрү аман калышкан. Милиция менен уюшкан кылмыштуу тобунун бириккен отрядынын чабуулу болгон. Булардын артында Жаныш жана Акмат Бакиев тургандыгын айтышчу. Ошондон улам Акмат Бакиев кудай алдында өзүн күнөөлүү сезип, кечирим сурап, айылда тынч жашайын десе керек деген элек. Асылбек өзү да ооруп аткан кез эле, ооруган адам айкөл болуп калат эмеспи. Жолугуп, арманын угуп коеюн деп жолуккан. Жолукканда ал ушул сөздөрдүн баарын айтып, кечирим сураптыр. «Бизге боору оорумуш болуп жүргөн адамдар Сизди дагы азыр жок жерден Тейиттеги үйдү өрттөдү деп айтып жүрүшөт. Ким өрттөгөнүн биз билебиз. Сиздин эч кандай тиешеңиз жок» деп айткан экен. Асылбек анда «кек сактабайм, артыңдан куугунтуктабайм. Эл да куугунтуктабагандай болуш керек, ак сырыңды элге айтып бер. Ушул сөздөрдү телевидениеге дагы бир ирет айтып берсең, сага эч кандай дооматым жок» дептир. Акмат Бакиев макул болгонунан, Асылбек телеге бир жумадан кийин барайын деп камынып калганда ал өлкөдөн качып кеткен.

- Чындыгында эле Асылбек мырзанын Тейиттеги үйлөрдү өрттөөгө катышы жокпу? Эмне менен далилдей аласыз?

- Асылбек ошол 14-майда партиялаштары менен Жалал-Абад шаарына чыкканы чын. Алар администрацияны бошотууга жөнөшкөн. Бирок Асылбекти партиялаштары кайра Акманга жиберишкен. Себеби «бакиевчилер Асылбек үчүн атайын снайперлерди коюптур, аянтка келгенде атат экен» деген сөз тараган. Партиялаштарынын айтымында, Акманга тезинен барбаса, Акманга да (себеби ошол маалда Акман Убактылуу өкмөттүн түштүк жергесиндеги штабына айланган) бакиевчилер кол салмак. Асылбек жанындагы балдар менен Акманга түш ооп келип калган. Бул боюнча, дегеле Асылбектин баскан жолу боюнча китеп жазылууда. Анда жанында жүргөндөр баарын айтып беришет. Азыр жанында жүрбөгөн эле адамдар, ал тургай төбөсү элге көрүнгөндөр деле каратып туруп калпты айтып, Асылбекти каралагысы бар. Мунун баары акеме (ред.- Өмүрбек Текебаев) карата жасалып аткан иштер экенин түшүнүп турабыз. Бакиевдердин Бишкектеги жана Тейиттеги үйлөрүн менимче эл өрттөгөн. Бул – бакиевдердин өлкөдө жасаган иштерине берген элдин, тарыхтын баасы. Эл деп жалпы айтылат, албетте, ким өрттөгөнүн жалалабаддыктар жакшы билишет. Бакиевдерден запкы жеген, байлыгын тарттырып, азабын тарткан өзбек, кыргыз биригип барып өрттөгөн. Бирок бул кыргыз-өзбек коогалаңынын чыгышына себеп боло алмак эмес. Антип айтууга негиз да жок.

- Кыргыз-өзбек демекчи, өзбек улутундагы журналисттин иниси менен мушташа кеткен уулуңуз Азаматтын иши не болду?

- Асылбек оппозициялык ишмер болуп, оппозициялык гезиттерге жан тартып дайым колдоп келген. «Алиби» гезити жаңы чыкканда Жалал-Абадга таратып, Бабырбек Жээнбеков келген сайын аны тосуп алып чогуу жүрөт эле. Ал жөнүндө абдан жакшы ойдо болчу. Бирок уулубуз Азамат кырсыкка учураганда биринчилерден болуп ушул гезит «Азамат Текебаев камакта» деп «сүйүнчүлөп» чыкты. Ак-караны билбей туруп минтип жазып чыкканын анын абийирине койдук. Азиза Абдурасулова эже да биздин үйгө нечен ирет келген, колумдан чай ичип жүргөн. Балдар мушташат, жарашат. Ошол күнү Азаматтын досу бирөөлөр менен мушташып, мен жалгызмын дегенинен Азамат да караан болуш үчүн короого чыккан экен. Туура, чыкты деп уулумду да актабайм, бирок чыкпай, досуна караан болбой койсо, жигиттер кандай кабыл алмак?..

Азамат милицияда көрсөтмө берип аткан маалда Азиза эже келип, телекомпанияларга «өзбекти кыргыздар сабады, колунда кан болгон темир менен Азамат Текебаев кармалды. Жанчып салыптыр журналисттин туугандарын» деп жар салды. Мейли, улуттук азчылыктарды коргоо балким ага эл аралык уюмдар менен иштешүүсүнө артыкчылык берээр. Бирок чыныгы укук коргоочу экени анык болсо, неге коңшу бөлмөдө көрсөтмө берип аткан Азаматка келип, анын версиясын угуп, акыбалын сурап койгонго жараган жок.

Тергөөнүн жыйынтыгында кан тамган темир болбогондугу, Азамат сабагандын ордуна өзү таяк жегени тастыкталды. Балдар жарашып алды. Бирок укук коргоочулардын балдардын урушунан улут аралык араздашууну ойлоп табышканы кейитет. Саипов журналист эле дейт, Асылбектин журналист болгондугун, бакиевдер өлтүрбөсө да өлтүргөнгө чейин жеткиргендиги, куугунтукка, камаганга, өмүрүнө кол салганга чейин аракет кылгандыгы, Акаев, Бакиевдин диктатурасынан өлкөнү кутултууга кошкон салымын Азиза эже билип турса да билмексенге салып, уулу аркылуу Асылбекти да жаманатты кылууга далалаттангандай эле кабыл алдык анын кадамын. Мына эми балдар жарашып алышты, уяты болсо гезит бетинен же ММКдан туура эмес кылгандыгын моюнга алып койсо, биз кечирет элек. Акмат Бакиевди Асылбек кечиргенден кийин биз деле Азиза Абдурасулованы кантип кечирбей коймок элек. Азамат бир да мүнөт камакка алынган эмес, балдар көрсөтмө берип чыгышкан. Бабырбек Жээнбековдун гезити да, Азиза эже да балдар жарашып алгандан кийин биз окуяны туура эмес бериптирбиз деп моюнга алып, жазып коюшпады. Андай кадамга барышса, балким өз абийирлеринин алдында өздөрү таза болмок.

- Канча жыл бирге жашадыңыз Асылбек мырза менен? Балдар турмуштан ордун таап калыштыбы?

- Таанышканыбызга 30 жыл, үйлөнүбүзгө 25 жыл толмок былтыр. Чейрек кылым жашасак да бир да жолу мени капаланткан эмес. Үйгө киргенде апасына, анан мага жүзүн тосуп калчу. Ашканада жүрүп тосуп чыга албай калсам, таарынымыш болчу. Асылбекти жумушка узатам деп мектепте биринчи сабакты эч койдурбайт элем. Ал турганча тамагын даярдап, узатып коюп, анан мектепке жумушка кетчүмүн. Бирге аз жашасак да, Асылбек экөөбүз аябай бактылуу жашадык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×