Добавить статью
3:26, 26 апреля 2013 62312

Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)

Баш сөз

Учурда «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү» аталыштагы долбоор жүзөгө ашырылып жатат. Ал журналисттерди жана кабарчыларды жер-жерлерге чыгаруу аркылуу таанышуу сапарларды уюштуруу, болочок журналист жана кабарчылардын жаңы муунун даярдоо, жалпыга маалымдоо каражаттардын экономиканы жаза билген кызматкерлери үчүн дарстарды жана жыйындарды өткөрүү долбоордун башкы максаттарынан болуп саналат.

Эл аралык жеке ишкердик борбор аркылуу каржыланып, Кыргызстандагы өнүктүрүү саясат институту аркылуу ишке ашырыл жаткан бул добоордун алгачкы маалыматтык жүрүш сапары 17-19-апрелде Талас облусунда болуп өттү. Үч күн ичинде ар бир дубандан жана Бишкек шаарынан топтолгон ЖМК өкүлдөрү 12 жерде ишканалардын абалы, социалдык мекеменин кырдаалы, туристтик жайдын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышып, облус жетекчисинин кабыл алуусунда да болушту.

Анда биздин алгачкы кеп Талас облусунда жаңы ачыла турган завод тууралуу болмокчу.

Болочок ишкананын келечеги жана бүдөмүгү

Учурда Талас облусунун Манас районунун ордо айылына кире бериш жерине дубан аймагында мурда кийин салынбаган бир курулуш курулууда. Анын эртеңки күндөгү аткарган жумушу тууралуу көпчүлүк жергиликтүү калк чынында азырынча толук кандуу кабардар эмес. Бир учурда райондук айыл чарба техника мекемесине таандык болгон жер аянтынын бир бурчунда салынып жаткан курулушта беш манжага толбогон адамдар от жагып алышып жылынып турушат. Ары жагында орун алган узунураак үстөлдө бир аз тамак-аш жана кайнап турган ысык суу буюму көзгө көрүндү.

Имарат ичиндеги 4 адам толук кандуу сөзгө келишкен жок. Тек, арасынан бирөө гана кызыккан суроолорго жатаканада жатышаарын, үч маал тамак менен камсыздалгандыктарын, алган маяналары жетишерлик экендигин кыскача жооп кылды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жооп берүүгө шашып келген жигит, тез эле ошол калыбында кайра унаага олтуруп коштошту.

«Биз италиялык «Манзини» аталыштагы компания менен иштешип жатабыз. Буюрса октябрь айында заводду ишке киргизүүгө аракет кылынууда. Жалпы суммасы 3,7 миллион долларга салына турган ишкана суткасына 220 тонна помидорду иштетип, негизинен томат пастасын жана кетчуп өндүрүп чыгарат. Азыктын 80-90 пайызы экспорттолот», -деп маалымат келтирди аталган заводду салууга жергиликтүү жооптуу адам катары өзүн тааныштырган Сейит Маматов мырза. Албетте эмне себептен бул заводду дал ушул Манас районуна куруу идеясы жөнүндө өтө ар кыл суроолор келип чыкты. С.Маматов мырзанын баамында негизинен эки эле себеп бар экен.

Анткени, Манас району Талас облусундагы эң ысык район болуп саналат. Натыйжада помидор жакшы түшүм берет. Ошол эле учурда төө буурчактын түшүмдүүлүгү жыл өткөн сайын төмөндөп бара жатат. Ошондуктан помидорду кайра иштетүүчү завод салууга тобокелдик пайда болду.

Мындай жооп, кайрадан кызыктуу суроолорду пайда кылды.

-Заводду куруп бүткөндөн кийин чийки затын кантип жана кандай камсыздайсыздар?

-Биз жергиликтүү калкка маалыматтарды таркатып жатабыз. Мындан ары алар менен жеринде келишимдерди түзөбүз. Эң башкысы помидор айдагандар өндүргөн азыктарын дароо, ыңгайлуу баада сата алышат.

-Элдин бир аз бөлүгү помидор өстүрө баштаганда деле, алар сиздер керектей турган өлчөмдөгү жашылчаны өндүрө алышабы?

-Өндүрөт деп ишенебиз. Экинчиден аларга түрткү берүү үчүн өзүбүз дагы жардам көрсөтөбүз. Быйыл 70-80 гектарга олтургузуу үчүн помидордун көчөттөрү жана аны себүүчү машиналар жана тракторлор да алынып келинди. Күйүүчү-майлоочу майлардан өксүктүк болбойт.

Сейит мырза менен баарлашуудан соң алар менен жергиликтүү бийликтин ортосунда карым-катнаш, биргелешип иштешкен мамиле жоктугу ачыкка чыккансыды.

«Биздин көйгөй эле жер болууда. Мамлекет кайра бөлүштүрүүчү аянттардан жер берсе жакшы болот эле. Экинчиден узак мөөнөткө насыядан жардам көрсөтүшсө демекчибиз. Негизи биздин салып жаткан курулуш тууралуу, а түгүл облус жетекчиси дагы кабардар»,-деген С.Маматов мырзанын жүйөөсүнө бийлик башка өңүттөн жооп кайтарды.

«Ал жер Үч-Коргон айыл аймагына тиешелүү. Бирок жер берилбей жатат деген негизсиз. Завод үчүн 20 гектар жер ижарага берилген. Мен томат пастасын чыгара турган заводдо болгом. Курулуштун 92 пайызы бүтүп калды. Облус боюнча жеңилдетилген насыядан бизге 184 миллион сом бөлүнгөн. Анын 101 миллион сомун каалоочулар алышты»,-деп билдирди КРнын өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева айым.

Болочоктогу заводдун курулушунун күңгөй-тескейи ушундай. Сейит мырзанын айтымында завод ишке киргенде жалпысы 79 адам иштемекчи. Ал эми учурда болсо 20 киши эмгектенип, алар айына 8-12 миң сомдон эмгек акы алышууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
67578

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
56318

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
86962

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
60942

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
69064

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
97135

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
161833

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
116469

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
109467

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
72406

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×