Добавить статью
3:46, 6 мая 2013 72814

Таластан алган таасирлер (үчүнчү макала)
Таластын «брэнди» жана «Мериносу»

Кыргызстандагы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жана Эл аралык жеке ишкердик борбор аркылуу каржыланып жаткан «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү» долбоор алкагында Талас облусуна болгон иш-сапар маалында айыл чарбасынын абалына дагы күбө болдук.

Таркатылган маалыматтарга караганда, облустагы 94,5 миң гектар сугат аянттын дээрлик теңме-теңине же болбосо 45 431 гектарына таластык дыйкан-фермерлер төө буурчак айдашкан. Өткөн жылы төө буурчактын дүң түшүмү 80 миң тоннадан ашып, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине карата анын 43 миң тоннасы 21 чет өлкөлөргө экспорттолгон. Быйыл болсо төө буурчактын бир киллограмынын баасы 62 сомго чыккан экен.

«Бир жылдарда төө буурчактын баасы 20-25 сом болуп калган эле. Көрсө айрым гана фирмалар монополия болуп алышып, бааны каалагандай төмөн коюшчу экен. Азыр атаандаштык күчөгөндө баа наркы дагы көтөрүлдү», - деп билдиришти облустун айрым тургандары ыраазы болушкан абалда. Чындыгында төө буурчак айдоо менен элеттик дыйкандардын жана тургундардын мээнеттери кайтып жаткандыгы белгилүү болду. Экинчи жагымдуу көрүнүш Талас шаарында «Берен» айыл чарба кооперативи тарабынан төө буурчактарды тазалоочу, калбырлоочу, сорттоочу жабдыктар алынып келинип жана аларды сактоочу атайын жай курулуптур.

«Төө буурчакты тазалап, сорттогон машиналар былтыр Кытайдан алынып келинди. Кампаларды болсо пайдубалы бар жайды сатып алып, анан калганын толугу менен жаңы салып чыктык. Учурда күнүнө 7-8 тонна төө буурчак иштетилип жатат. Элден болсо базар баасынан бир сомго жогору сатып алабыз», - дейт «Берен» кооперативинин төрагасы Акылбек Жакшымбековдун жубайы Нургүл Жакшымбекова. Талас шаар мэриясынын кызматкери Урмат Бектуров мурда төө буурчактарды сорттоо, тазалоо, калбырлоо кол менен жасалып келгендигин жана төө буурчакты ушундай механикалык ыкмада тазалап сорттоочу дагы бир жай ачылгандыгын билдирди.

Талас облусундагы элеттиктердин арасынан экинчи көңүл кубанткан көрүнүштү Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл аймагынан кезиктирдик. Аталган айылдын түндүк ыптасындагы жылаңач тоо кыркаларынын бир өңүтүндөгү «Эчкилүү Тоо» деген коктусунун алкымында союздан калган кадимки «Меринос» жарым уяң жүндүү койлор асырылып жатат. Союздан калган 700 башка жеткен ак койлорго Муратбек Байтиков ээлик кылат. Ага негизги жардамды тууганы Канат Сатыбалдиев көрсөтөт.

«Кой чарбаны кийин эле, атап айтканда 2009-жылы уюштура баштадым. Ошол жылы Кара-Буура районунан 400 баш кой сатып алдым. Эми максат тубарын бир миңге жеткирүү. Орточо бир кой 3 кг жүн берет. Жүндү болсо кардарлар өздөрү келишип, килин 150 сомдон кыркып алып кетишет. Малчыларга кышкысын айына 10 миң, жайкысын 15 миң сомдон эмгек акы төлөп, ай сайын бир кап ун да берип турам. Козулары базар баасында эле сатылат», - дейт Муратбек мырза.

Айтмакчы, ал жерге эки кабат там салынып жаткандыгын көрдүк. Биринчи кабатында кадимки бассейн курулуп жаткан экен. Сарай болсо чылкый азыркы маалдагы куюлган цемент кыштан (блок кирпич) тосулган. Эң башкысы желим түтүк аркылуу 2 000 метрден ашык жерден жер алды менен суу чыгарылган.

Салыштырмалуу түрдө алганда Нарын облусунда деле райондоштурулган «Меринос» жана «Тянь-Шань» жарым уяң жүндүү эт жана жүн багытындагы пародалуу ак койлорду көбөйтүп жана асырап жаткан мал өстүрүүчүлөр бар. Маселен бир нече жыл мурда Ат-Башы районунан фермер Жумагул Жумаков ак койлордун санын 5 миңге жеткирген эле. Бирок Теңир Тоо жергесинде деле чылгый ак койлорду асырагандарды беш манжа менен гана эсептесе болот. Ал эми 500дөн ашуун жылкыны, миңдеген койлорду, жүздөгөн топоздорду айдаган байлар четтен чыгат. Мындай байлар малдын породасын эмес, башын көбөйткөндөр жана туягын гана чоттогондор болуп саналышат. Ошондой болсо дагы таластык биздин каарман малчылардын тиричилигинин кандайдыр бир деңгээлде нарындыктардан айырмалангандыгы сезилди жана ачык байкалды.

Белгилүү болгондой, Нарын облусу өлкөдөгү эң кеңири жайыттарга эгедер аймак болгондугу менен жүз миңдеген төрт түлүк мал, тилекке каршы соңку жылдарда жакынкы жана ортоңку жайыттарга гана шыкалып багылгандыктар жайыттар эки тараптан тең кыйроого учуроодо. Мал оттобогон алыскы жайыттарда чөптөр дүркүрөп өсүп, жыл өткөн сайын ошол жайыттарды чөптөрдүн калдыктары басып бара жатса, ортоңку жана жакынкы жайыттар мал туягынан чаңы чыгып калууда. Демек жайыттын кенендиги малчылардын ыкшоолугуна түрктү болгондой. Ал эми биз күбө болгон таластык мал өстүрүүчүлөрдө абал таптакыр башкача экен.

Ошол «Эчкилүү Тоо» деген жерде туруп, ары жактагы жылаңач тоолордун кайсы жерине жайлап келет болду экен деген собол пайда болду.

«Биз жайкысын Суусамырга барабыз. Койлорду беш күндө айдап жеткиребиз», - дейт Канат Сыдыгалиев. Канаттын ушундай жообу теңиртоолук жаран катары чынында мени таңдандырды. Бир эле түнөп, эртеси күнү жайлоосуна жете бара алган, же болбосо 5 саат убакытта эле ары өйдөлөп жаңы журтка көчпөгөн, бир орунда жайлата олтура берген көптөгөн нарындык малчыларды эстедим.

Демек, жайыттын нарк-насилин жайытка зар адамдар билишээрин эшиттим.

Өткөн кылымдын 60-жылдарында, кийин эгемен жылдарда акырын жең ичинен сатылып кеткен Үзөңгү-Кууш өрөөнүнө биздин чоң аталардын «4 түнөп койлорду айдап барчубуз» деген кептери эске түштү.

Ошондо, эх, Нарын облусунун жайлоолорунун ушунчалык кенендиги жана жайлоолордун баркын билбеген кайран теңиртоолук малчылар деп кыйкыргым келди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
140205

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
70122

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
70488

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
96352

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
63231

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
43761

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
57910

29-11-2013
Жамиланын талаасы
58352

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
33051

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
25237

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×