Добавить статью
3:35, 8 мая 2013 21844

Президенттин Аппаратына суроолор

Мыйзамга баш ийген жарандар паспортту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Нускамага ылайык алышат. Мыйзамды тоготпогон айрым кишилер, мисалы А. Батукаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эки административдик ведомствонун жетекчилеринин буйругу менен алган. Буга карабастан, «2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-Card) берүүдө», «сот процестерин жүргүзүүдө» жана өлкөдөн «тосколдугу жок чыгарууда» азыркы иштеп жаткан мыйзамдардын талаптары бузулган жок дешип мамлекеттик аткаруу, сот жана көзөмөл органдарынын жетекчилери бир ооздон айтып жатышат.

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду Президенттик Аппараттан тереңирээк ой жүгүртүлгөн расмий жооп алуу максатын көздөп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына кайрадан өзүнүн суроолорун жолдойт.

Коомдук фонд Президенттик Аппараттын катын даярдоочуларды, алардын катарында катка өз макулдугун берүүчү кызматтык кишилерди жана эксперттерди, Президенттик Аппараттын расмий жообун даярдоого киришээрден мурда, алдын ала өзүңөрдүн бой көтөрүүңөрдү тизгиндеп коюуга чакырат. Анткени, бой көтөрүү – бул да коррупцияга окшогон энергия болот, бул энергия да ар бир кишиге өзүнүн оккулттук тасирин тийгизе алат.

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду Президентик Аппаратка төмөндөгүлөрдү сунуш кылат:

- эки жүздүүлүктүн элесин көрсөткөн Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга, ошондой эле мурда Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилген, бирок 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президенти көңүл бурбай жүргөн эзотерикалык материалдардын мазмунуна аналитикалык иштерди жүргүзүүнү;

- жүргүзүлгөн аналитикалык иштердин жыйынтыгы боюнча коомдук фондго расмий жооп берүүнү;

- даярдалышы мектептик аң-сезимдин деңгелин талап кылчу каттарды коомдук фонддун дарегине мындан ары жөнөтпөөнү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына суроолор.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2 февралындагы №26 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27 февралындагы №596 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28 мартындагы №103 буйругу кишилерге коррупция тууралуу туура түшүнүк жана так элес бере алышпайт. Коррупция жөнүндө фактыларды, коррупцияны жоготуу боюнча мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы жасаган иш аракеттери жөнүндө айтаардан мурда, коррупциянын келип чыгуу себептерин изилдөө максатка ылайык болот.

Коррупция деген ой болот. Мындай ой мамлекеттин ашыкча материалдык, акча жана ыйгарым укуктуу ресурстарын өзүмдүк кылып алуунун негизинде байып кетүүгө багытталган кишинин жасалма рухунун талабы болуп саналат. Демек, коррупция энергия болуп саналат, ал материалдык эмес жана кишинин физикалык көзүнө көрүнбөйт, анын тамыры жана кыймылга келтирүүчү күчтөрү Кишинин денесинин материалдык эмес көрүнүшүндө жайгашкан.

Коррупцияны жоготуш үчүн катуу чараларды колдонуу керек деп бардыгы айтышат. Бул чоң жаңылышкандык болуп эсептелет. Анткени, кишилердин материалдык эмес көрүнүшүн эске албай туруп, коррупцияны жоготууга карата кабыл алынган масштабдык иш чаралар, коррупциянын мамлекеттик бийлик системасында катышып турушун жок кыла албайт. Мамлекеттик орган тарабынан коррупцияны жоготуу боюнча материалдык көрүнүштөгү жүргүзүлгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттер, эч качан коррупцияны жоготуу процессин баштай албайт.

Карапайым кишидеги аң-сезимдин деңгелине ылайыктап айтканда, «коррупция» - бул тикенектүү чөп болот. Тикенектердин тамыры турган көрүнүш кишилердин материалдык эмес көрүнүшүнө окшошураак болот. Тикенектердин тамырын жер үстүндөгү киши көрбөйт, анткени тамыр жер астында болот. Тикенектердин жер үстүндөгү көрүнүшү кишилердин материалдык көрүнүшүнө окшош болот. Качан гана жер астындагы көрүнүш менен жер үстүндөгү көрүнүш биригишкенде, ошондо тикенектин денесинин толук элесин көрүүгө болот.

Кишилердин чөп чабуусу - бул материалдык эмес көрүнүштү эске албай жүргүзүлгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттердин элесин берет. Тикенектүү чөптөрдү оруп салышкандан кийин кишилер тикенектерден кутулдук дешет. Бул чоң жаңылышкандык болот. Анткени, тамыр таза болгондуктан, жамгыр жаап өткөндөн кийин тикенектер мурдагыдан да кубаттуу болуп, кайрадан өсүп чыгышат.

Ушул сыяктуу эле, материалдык эмес көрүнүштү эске албай жүргүзгөн мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы катуу иш аракеттеринен кийин, мамлекеттик административдик кызматтан кеткен кишилердин ордуна, жаңы кишилер келишет. Албетте, бошогон мамлекеттик административдик кызмат орундарга бийликтин бардык түрү менен бат эле сиңишүүгө, ар кандай деңгелде жүргүзүлүүчү иш чаралар менен ыкчам чаташууга, коррупция менен ээн эркин өнүгүп-өрчүп жашоого ылайыкташтырылган жөндөмдөрү бар жаңы кишилер келишет.

Мектептеги физикадан: энергиянын өлбөстүгү жана эч жакка жоголбостугу, бирок күчтөрдүн таасири менен энергиянын абалы өзгөрүлөөрү тууралуу кишилер билишет. Коррупция деген энергия болот деп жогоруда айтылган! Демек, коррупция эч жакка жоголбойт.

Бирок, коррупциянын абалын кишилердин жыргалчылыгын көздөй өзгөртүүгө болот, эгерде мамлекеттик деңгелде Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн эске алган иш чаралар жүргүзүлсө. Бул үчүн кишилердеги материалдык жана материалдык эмес көрүнүштөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздаган терең ойлонулган иш чараларды Мамлекет менен Дин жакындашып жүргүзүшү керек.

Ушул себептен, «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду төмөндөгүдөй суроолорду жолдойт:

1. Эмне үчүн коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жана иш чаралар Планын иштеп чыккандар коррупция жөнүндө тереңирээк изилдөө жүргүзүшкөн эмес, ал эми Президенттин жана Өкмөттүн Аппараттары элдин акчасын шамалга ыргытууга жол беришти?

2. Эки жүздүүлүктүн элесин көрсөткөн Кыргызстандагы болуп жаткан акыркы окуялардан кийин да Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты: «Президенттик Аппараттын маселелери эзотерикалык билимге» таянуудан баш тартат, «штаттык түзүмгө эзотерикалык билими бар адистерди киргизүүнү караштырбайт» деген расмий жоопту кайрадан кат ээсине жибереби?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×