Добавить статью
3:09, 10 мая 2013 14321

Кудайдын ыйык ражаб айы

Ражаб кечиримдүүлүк жана ырайымдуулук айы. Пайгамбарыбыз (С.А.В) башка айларга караганда Ражаб айында көп орозо кармаган. Хадисте: «Кайсыл бир пенде бул айда жакшы иш кылган болсо жетимиш эсе сообу көбөйөт, ал эми жаман иш кылган болсо күнөөсү жетимиш эсе көп жазылат. Ошол себептен бул айда жаман иш жана күнөө кылуудан алыс болуу керек. Анткени Аллах Таала бул айда бири-бири менен урушууну жана араздашууну тыюу салган».

Аллах Таала өзгөчө болгон күндөрдү жана айларды тандап алды. Алардын бири Ражаб айы. Бул айда пенде бир күн орозо кармаса ал адам бейиштин Фирдаусуна кирет. Ал эми эки күн орозо кармаса эки эсе жакшылыкка ээ болот. Ал эми үч күн орозо кармаса пенде үчүн акыретте аны тозок отунан сактай турган чоң аңгек казылат. Ал эми төрт күн орозо кармаса жин ооруларынан сактайт. Ал эми беш күн орозо кармаса кабыр азабынан сактайт. Ал эми алты күн орозо кармаса акыретте жүзү толгон айдан да нурдуу жарык болуп тирилет. Ал эми жети күн орозо кармаган пенде үчүн Аллах Тааланын сыйлыгы тозок эшиктерин жаап коёт.

Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан: «Эсиңерде болсун! Ражаб айы Аллахтыкы ким бул айда бир күн орозо кармаса ошого да Аллах ыраазы болот».

Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан: «Эгерде өлүмдөн алдын тынчтыкты кааласаңар, өмүрүңөрдүн акыры бактылуулук менен бүтсүн десеңер жана шайтандан сак болууну кааласаңар бул айды урмат кылгыла. Орозо кармап кылган күнөөлөргө тооба кылуу менен болот». Ошондуктан менин урматтуу мусулман бир туугандарым ушул айда Аллахтын берген Ырайымдуулугунан кур калбастан көп жакшылыктарга жетишип алалы. Бардыгыбыздын өз ара муктаждыктарыбыз бар ошол үчүн Аллахтан жардам сурайлы, албетте Аллах жардам берет. Байкабастан кылган күнөөлөрүбүзгө кечирим сурайлы. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү зат. Аллахтан эч качан үмүтсүз болбойлу.

11-майдан 9-июнга чейин Ражаб айы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×