Добавить статью
10:03, 17 мая 2013 23133

Таластан алган таасирлер
(Төртүнчү макала)

Даниярдын жыгач дүйнөсү жана Мостодонту

Кыргызстандагы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жана Эл аралык жеке ишкердик борбор аркылуу каржыланып жаткан «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү» долбоору алкагында Талас облусуна болгон иш сапарыбызда, кайсы мамлекеттин гана болбосун эл чарбасынын маанилүү киреше булагы катары эсептелген туризмдин жагдайларын кыйгап өткөн жокпуз. Сөз Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, «Байбол-Ата» туркомплексинин жетекчиси Данияр Абылаев жөнүндө болмокчу.

Кечээки союз доорунда болочок муундарга билим тарбия берип, мугалимдик кызмат өтөгөн Адыл Абылаев жана анын үй-бүлөсү жамааттык чарбалар тараганда алар деле эл катары жеке дыйкан чарбачылыкка өтүшкөн. Бара-бара чымырканган, талыбаган жана эң башкысы биргелешип бир максатта эмгектенүүнүн үзүрү, айыл жеринен облустар аралык алкакты камсыздаган туристтик кызмат көрсөтүү ишкердикке жеткирген. Мында, ошол эле союз доордо тоо кыбаачысы (инженер) кесибинде иштеп келген, азыркы учурдагы ар кай жагдайда аты алыска угулуп жаткан «Жерүй» алтын кенин 8 жыл чалгындоого катышкан Адыл аксакалдын уулу Данияр Абылаевдин өзгөчө орду бар. Натыйжада 10 жыл илгери эле «Байбол-Ата» туристтик комплекси негизделген жана анын артынан дароо «Байбол-Ата» айылдык тарыхый музейи уюшула баштаган.

Алгачкы кепти туристтик иш аракет боюнча баштасак, эки кабаттуу жана өз-өзүнчө салынган бир кабат чакан үйлөрдө 20 орундуу мейманкана, 50 орундуу жыйындар кеңсеси, сүрөт тартуучу бөлмө, 2 гектар аянтты ээлеген экологиялык парк жана албетте айланасын жыгачтар курчаган ыңгайлуу ашкана учурда эл кызматында. Айтмакчы, жыгач жөнүндө өзүнчө сөз кылынбаса, анда макаланын тузу кем болгону кем болгон.

Дарбазадан кире бериштен тарта бардык тарабыңды жыгачтар коштогону коштогон. Үй ичтери дагы, сырттары дагы, парк дагы, музей дагы, а түгүл жол жээктери бардыгында жыгач менен бирге болосуң. Алар колго же болбосо токардык станок менен жасалбаган, кадимки өзөн суулардын агынды эле куураган жыгачтары. Албетте айрым жыгачтарга азыноолак жасалгалоо жүргүзүлгөн.

«Жыгач жыйноо менин мындайча атканда «хоббим». Кандай убакыт табылса, дароо суу жээктейм, Талас суусун бойлойм. Көзгө көрүнгөн агындыларды жыйнап келем. Анан арасынан таңдай баштаймын», - дейт жыгач фанаты Данияр мырза.

Миң түрдүү жыгачтардан миң түрдүү формалар сени карап турушат. Бири кадимки бака түспөлдөшсө, экинчиси соймоңдогон жылаандын өзү. Бири уйдун башы болсо, дагы бири сайрап турган чымчык. Бир дөңгөч ажыдаардын башын элестетсе, дагы бир дөңгөч олтурган эле мышык. Ушундай өзгөчө эмгекти жараткан Данияр, ошондой эле 3 күндөн 20 күнгө чейинки жайкы экологиялык туристтик жүрүштөрдү иштеп чыккан экен.

Маселен, 3 күндүк жүрүштөр жөө жана атчан Талас облусунун Беш-Таш, Чыңгыз Ата ачык жана Герцен музейлерине, Манас-Ата ордосуна сапар карытса, 20 күнгө чейинки атчан кыдыруулар үрмарал өрөөнүн бойлой, атактуу Сары-Челекке чейин созулат. Ал эми дээрлик 1200 чакырым жолду кызыккан туристтер велосипед менен Беш-Таш, Беш-Арал, Токтогул суу сактагычы, Падыша-Ата, Каракол, Таш-Көмүр аркылуу Чаткал өрөөнү ж.б. калктуу конуштар аркылуу тегеренип келишет.

«Биз эми зыяратка келгендер үчүн Манас-Ата, Нылды-Ата, Боо-Терек мазарлар аралык дагы сапарларды уюштуралы деп жатабыз»,- деген каарманыбыз быйыл туристтерди чакырбастыгын суз маанайда кеп кылды.

«Ыңкылаптар, митингдер токтосо деп жатабыз. Чынында туристтерге тынчтык керек», - дейт Данияр мырза кыскача гана. Мисалы, 2012-жылы «Байбол-Ата» туристтик кызматы 250 адамды саякаттатып, жергиликтүү бюджетке 40 миң сом салык төлөгөн болсо, быйыл жергиликтүү капчык ушунча, балким андан ашык каражатсыз калганга кириптер болот экен.

«Байбол-Ата» тарыхый музейинде жалпысы алтымышка жакын экспонаттар сакталып турат. Анда б.з.ч. III кылымдан берки кумуралар, жаргылчак, босого, ийик, балбал таштар, чопо чырак, XIX кылымдагы жыгач аяк, жыгач кашык, ийик, сабоо, соку жана сок билек, билерик, чач учтук, өрмөк, бешик, күү челек, бозо сүзгүч, самоор, карышкыр капкан ж.б. буюмдар көзгө урунат. Алардын көбү ошол эле Өзгөрүш жана облустагы Чоң Капка айылдарынын жанынан табылгандар экен. Береги музейдеги эң уникалдуу көрүнүштү Данияр өзү тааныштырды.

«Мына мобул тиштер 8-10 миллион жыл мурда жашаган Мостодонт деген жаныбардыкы экен. Анын тиштери Киров суу сактагычына жакын жерден Капка деген айыл туштан табылган», - деп көрсөттү кере карыш тиштерди. Чынында канчалаган мээнет менен чогулган баалуулуктарды сактап жаткан Абылаевдердин үй-бүлөсүнө чын ыкластан чыккан ыраазычылыктарды билдирдик.

«Бул музейдин негизги максаты кыргыз элинин байыркы эл экендигин көрсөтүү, элибиздин каада-салтын сактоо жана аны ички, сырткы туристтерге жеткирүү болуп саналат», - деп кошумчалады Данияр мырза.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
137366

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
68652

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
69413

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
94468

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
61976

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
42831

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
57012

29-11-2013
Жамиланын талаасы
57056

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
32366

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
24706

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×