Добавить статью
4:31, 20 мая 2013 23995

Диний башкарууда муфтияттын жылдык, 5 жылдык, 10 жылдык диний өнүгүү стратегиялык программасы болуусу зарыл

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында диний абал, диний билим берүү жана ага байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жол картасы даана көрсөтүлгөн. Буга мамлекеттик дин комиссиясынын салымы бар экендигин адилеттик үчүн белгилеп коюу кажет. Стратегияда айрыкча мамлекеттик органдар менен диний мекемелердин өз ара тыгыз кызматташуусу, бирдиктүү саясат алып баруу системасын бекемдөө ниети ачык белгиленген. Бул деген бүгүнкү күндө динге карата мамлекеттик жетекчиликтин көз карашы жакшы экендигин көрсөтөт. Ошондуктан бул документ негизинде КМДБ жана башка диний мекемелер, диний окуу жайлар анын ар бир пунктун талкууга алып, тармактык диний өнүгүү концепциясын иштеп чыгуусу, аны тыкыр аткарууга алуусу керек.

Диний башкарууда муфтияттын жылдык, 5 жылдык, 10 жылдык диний өнүгүү стратегиялык программасы болуусу зарыл. Мунун жоктугу диний радикализмдин күчөшүнө тиешеси бар. Мисалы, муфтият ажылыкты уюштуруу жана өткөрүү иштеринде ачык айкындык болсун десе, адилеттүү өткөрүүнү тартипке салуучу стратегиялык өнүгүү программа иштеп чыкса деген көз караштар бар. Мындай аракеттин жоктугунан ажылыкка байланыштуу коррупциялык схема менен күрөшүү татаал болууда. Муфтият дагы эле коррупциянын келип чыгышына себеп катары эсептелген, ажылыкка байланыштуу акчаларды банк аркылуу эмес колдон колго өткөрүп берүү механизмин иштетүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×