Добавить статью
10:30, 6 июня 2013 38052

Кенжегүлдүн келбес сапары

2013-жылдын «Акыркы коңгуроо» аземи мүлдө Нарын шаарын зор кубанычка бөлөгөн деле жок. Ал күнгө туура бир апта убакыт калганда шаардын учу-кыйырына «Бир окуучу кыз жалпы республикалык тестирлөөгө кирбей калып Нарын суусуна түшүп кетиптир», деген суук кабар тарады. Алгачкы ЖРТ болгон 18-майдын эртесинде кыздын сөөгү Нарын шаарынын аяк ченинен табылгандыгы ооздон оозго айтыла баштады. Бирок анын эмне себептен өз жанын кыйганга баргандыгы ачыктала элек.

Бир барак кагаз бир өмүрдү кантип жалп өчүрдү

Жантай кызы Кенжегүл өз курбалдаштары менен Нарын шаарындагы Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектепте окуп келген. Ал Жантай Токсобаевдин 11 баласы болгон. Атасы кызынын «ударник», кээ бир чейректе ортодон жогору окуган окуучу болгондугун эскерет.

«4 эркек, 7 кыздуу болдук. Кенжегүл кыздардын кенжеси эле. Өзү эшикке көп чыкпаган, «ударник» жана ортодон жогору окуган бала болчу. Ал күнү аялым Жер-Көчкүгө, каза болгон күйөө баламдын кыркылыгына кеткен. Кенжегүл болсо тестке барам деп даярданып жөнөгөн. Мен дагы бир күйөө баламдын машинасын оңдоого чакырганынан ошол жакка баргам. Тестке эмне болуп кирбей калганын, паспортунун качан келээрлигин да билген эмесмин. Үйгө канчада келип, кантип Нарын суусуна барганын эч ким көрбөптүр. Айтор, ал күнү түштөн кийин эле издөө башталды. Өзүнүн классташтары үйгө кийген тапичкесин Нарын суунун жээгинен таап келишиптир. Анан эртеси сөөгү ылдый жактан Ак-Кыя подстанциясы тушунан табылды», - деп муңканат атасы 59 жаштагы Жантай аксакал.

Паспорт демекчи, Кенжегүл дал ушул паспорту жоктугунан тестке кирбей калып, ызаланып чоң сууга боюн таштады деген алгачкы маалыматтар желдей тараган. Бирок класс жетекчисинин, мугалимдердин жана мектеп жетекчисинин пикирлеринде паспорт деле башкы ролду ойногон эмес.

«Мен деле ушул окуучуну таанычумун. Токтоо, өзүнчө жүргөндү жакшы көргөн, ичине сырын каткан бала болчу. Ал эми паспорт алгыла, тестке даярдангыла деп биз чындап келгенде сентябрдан баштап айта баштайбыз. ЖРТ боюнча маалыматтар толук берилген. Ар бир окуучуга атайын журналдар да таратылган. Быйыл мектепте 35 окуучу 11-классты аяктап жатат. Алардын ичинен бир гана Самат Ысырайылжан уулу деген окуучунун паспорту жок. Бирок ал мектептин справкасы менен эле ЖРТга катышып чыкты. Калгандарыныкы баарысы бар дешкен. Экинчиден биздин чөлкөмдө шаардын жакыр катмарынын адамдары көп жашашат. Ошондуктан айрым окуучулардын ЖРТ үчүн акчасын класс жетекчилер, мугалимдер төлөп беребиз. Тактасак ушул кызга акчасын класс жетекчиси төлөп бериптир», - дейт мектеп жетекчиси Роза Өмүрова.

Кенжегүл окуп жаткан 11«А» класстын жетекчиси Нура Адучиева буларды кошумчалады. «Өзү орто окуган окуучу болгон. Жүрүм-туруму жакшы, сырын айтпаган, көп ойлонгон кыз эле. Мен Кенжегүл менен дагы 3 окуучунун 440 сомдон акчаларын төлөп бергем. Ата-энеси тестке акча бермек турсун паспорту бар же жок экендигине кызыгышпаптыр. А Кенжегүл болсо менин паспортум келиптир, бар деген болчу. Ошентип 18-май күнү тест өткөн №7 орто мектепке барсам, окуучулар кирип кетишиптир. Биринчи танапистен кийин чыгышканда Кенжегүл жок болуп чыкты. Кечиккендерди жана келбегендерди экинчи мөөнөткө, саат 14:00дө киргендей болгула деп, Кенжегүлдүн үйүнө саат 11 ченде бардым. Үйүндө агасы бар экен, «ал үйгө келген жок, көрбөдүм» деп жооп кылды. Көрсө агасы саат 10го чейин уктап жата бериптир да, ошого чейин кыз келип чечинип, конфетин, митиркасын таштап, үйгө кийген кийими менен чыгып кетиптир. Акыры издөө салынып, балдар анын тапичкесин Нарын суусунун жээгинен таап алышыптыр», - деди класс жетекчи мугалим.

Шылдыңбы, же сабырдуулукпу, же уңгулуу тарбиябы?

Жантай Токсобаевдин кошунасы Жумабек Кожомбердиев өмүрүн кыйган кыз кандайдыр бир кат жазып, шылдыңга кабылгандыгын билдирди.

«Каттын маанисинде, «мени балдар шылдыңдады, ыза кылды» деген сөздөр жана орусча да жазуулар бар экен деп эле уктук. Катты милициялар алып кетишиптир», - деген сөзүн кошунасы дал өлгөнгө барып көз көрсөтүп барган учурубузда эле билдирген болчу. Жагдайды шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Мадыланбек Турпанбаев, учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандык менен кыскача түшүндүрдү. Ал эми Кенжегүлдүн бир тууган эжелери жергиликтүү Нарын облустук телекомпанияга берген маалыматтарында башка жагдайларды себеп кылышты.

«Кенжегүл жаңы кийим кийип барса деле, чачын кырктырып койсо деле балдары «жарашпайт экен» деп шылдыңдашчу экен. Ага үйдөн эч ким катуу айтчу эмес. Атасынын эркелеткен кызы болчу», - деп бир эжеси Айткүл белгилесе, дагы бир эжеси Светлана ошол күнү Кенжегүлдү классташтары суу жээгинен издегендиктерине таңгалат.

«Алар өз күнөөлөрүн билишкен. Болбосо таңгалыштуусу эмне үчүн Нарын суунун жээгинен издешет. Тапичкесин да кыздары таап алышкан. Ошондуктан ыза кылышкан, «порожняк» деп шылдыңдашкан», - деген жүйөөсүн айтат Светлана.

Негизи кандай болгон күндө да 18 жашка чыккан кырчындай бир өмүр жарык дүйнө менен коштошту. Аңгыча Нарын районундагы Учкун айылынан дагы бир окуучу кыздын энеси урушуп койгондугуна чыдабай муунуп өз жанын кыйгандыгы угулду. Ага чейин Ат-Башы районунун бир айылынан 7-класстын баласы мас абалында мугалимге кармалып, ал кылыгына чыдабай жипке асынгандыгы тар чөйрөдө угулган.

Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери 5 окуучу өз жандарын кыйгандыктарын билдирет. Мындай дүрбөлөң суук кабарлар элдин үшүн алып, кайда баратабыз, эмне болуудабыз деген сыяктуу түпөйүл сары саана ойлорду пайда кылууда.

Жергиликтүү кабарчы Токтосун Шамбетов дал ушул апрель-май айларында жанынан кечкен жаштар көп катталгандыгын кеп кылат.

«Мен анализ кылсам былтыркы жылы да ушул айларда суицид болгондор көп катталыптыр. Азыр эми мугалимдер окууну билбеген балдарга «2» деген бааны коркушуп коё албай калгандыктарын жана класс жетекчиликтен баш тартышып жаткандыктарын айтышууда», - дейт Т.Шамбетов.

Айтор, кеп өңүтүн ар кандай себептерден издеп келебиз. Мындай алып карасак, кеп жебеген шартта ата-эне дагы, мугалим дагы, мектеп дагы, күч органдары дагы, саламаттыктын сакчылары дагы жана башкалар бири-бирине күнөө гана такканды адат кылгансыйбыз. Эң башкысы он гүлүнүн бир гүлү жаңы ачылган өспүрүм күнөөсүз тиги дүйнөгө кете берет.

Биздин көз карашта деги эле ата-бабаларыбыздан бери каада-салтыбызда шылдыңдоодон жана урушуп койгондуктан жанынан кечкен учурлар дээрлик болгон эмес экен. Бул көрүнүш айрыкча кыз-келиндерде кездешпеген. Тескерисинче намысына, абийирине, уятына чыдабай жашоого тойгондугун көрсөтүшкөн. Натыйжада кылымдардарды карыткан «Улууну укпаган, узабас», «Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын», «Сабырдуу болсоң озорсуң, сабырсыз болсоң осолсуң», «Күйүп чок болгон жаман, өлүп жок болгон жаман», «Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба», «Ый менен өлгөнчө, ыр менен өл» «Эр ачкадан өлбөйт, ардан өлөт» ж.б. жүздөгөн накыл кептер муундан муунга өткөн. Ушундан улам сабырдуулук өкүм сүргөн. Улуу тарбия атадан балага, энеден кызга сакталган. Демек биздин коомдо, Эгемен кыргыз мамлекетинде ар кайсы өлкөлөрдү, ар улут элдерди туурап, ээрчиме саясатта кала берсек, мындай көрүнүштөр тыйылмак түгүл күчөй бергени күчөй берген деген тыянакка келебиз. Ал үчүн мамлекеттик бийлик деңгээлинен төмөн карай ырааттуу жана улуттук уңгудагы жаңылануу саясаты ишке ашырылышы абзел.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
143024

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
71532

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
71493

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
98166

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
64412

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
44702

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
58763

29-11-2013
Жамиланын талаасы
59536

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
33679

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
25725

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×