Добавить статью
7:30, 7 июня 2013 11490

Качан Кыргызстанда жашоо жакшы болот?

Каршылыктар сезону

Жаз мезгилинин келиши менен Кыргызстанда түрдүү шылтоолор менен митингдер болуп өттү. Карапайым калктын түшүнбөстүгүнөн пайдаланып, каршылык акциялардын уюштуручуулары аларды өздөрүнүн максатына жетүү үчүн курал катары колдонушууда. Ар бир саясатчы үчүн саясый капитал топтоо өтө маанилүү. Оппозиционерлер дайыма эле кандайдыр бир көбүртүп-жабыртылган сенсациялуу жаңылыктарды жаратып турушат. Өздөрүнүн атын чыгарып туруу үчүн жана электораттын башын айландырып туруу максатында «маалымат майданын» максималдуу түрдө камсыздап туруу менен алектенишет. Мындан тышкары парламенттик шайлоого болгону эки гана жыл калганын да көңүлгө алыш керек.

Өкмөттүн ишине тоскоолдук жаратуу менен митиингдерди уюштуруучулар премьер-министрге зыян келтирип жаткан жерлери жок, бүтүндөй өлкөбүзгө зыян келтиришүүдө. Митингге катышуучулар болсо, мындай башаламандыктардын артында мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетүү маселеси жаткандыгын түшүнүшкөн жок. Республикабыздагы көлөмдүү ишкананын өндүрүшүн токтотуп жана туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратуу менен митингди уюштуруучулар мамлекетибизди талкаланууга алып барышууда. Кыргызстандын азыркы шартында өкмөттү алмаштыруу талабы биринчи кезекте экономиканын абалынын начарлашына, анын жыйынтыгы катары элибиздин жашоо-шартынын төмөндөшүнө алып келет. Экономиканын өнүгүүсү качан гана өлкөбүздө стабилдүүлүк болгондо, анан дагы мамлекеттик бийлик органдарында стабилдүүлүк болгондо гана алдыга жылат.

Эң башкысы өкмөт саясат менен эмес, социалдык жана экономикалык маселелер менен алек болушу керек экендигин дана түшүнүшүбүз керек. Узакка созулган шайлоолор жыйынтыкталды, эми бийликтин бардык катмары толук легитимдүү. Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт саясатташкан эмес жана популисттик кадамдар менен шайлоолордо көбүрөөк упай топтоого багытталган эмес, өлкөбүздүн учурдагы кырдаалынан чыгып кетүүгө багытталган. Өз көзөмөлүнө алып келген өтө татаал багыттардагы тажрыйбасы ар дайым кризистик кырдаалдардан чыгарып келген. Бардык маселелерди жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, улутубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн чечип келген.

Өкмөт бардык сын-пикирлерге реалдуу иштери менен жооп берүүгө милдеттүү. Андыктан премьер-министр жана анын өкмөтү тарабынан көз карандысыз Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кандай иштер жасалып жаткандыгына анализ жасап, аны жарандарыбызга жеткиришибиз зарыл.

Өкмөттүн кандай мүмкүнчүлүг бар?

Жетишээрлик деңгээлдеги татаал кырдаалга карабастан, социалдык жетишпестиктердин көрсөткүчүн төмөндөтүү үчүн көптөгөн иштер жасалууда. Өкмөттүн бардык аракеттери экономикалык сферага багытталаган жана бул абдан туура – бул жерде фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү жана социалдык төлөмдөрдү көтөрүү, региондордо активдүү иш алып баруу. Мына ушул аракеттердин бардыгы өзүнүн позитивдүү жыйынтыктарын берет. Буга статистикалык көрсөткүчтөр да мисал боло алат.

Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө эң башкы көрсөткүч катары ИДПнын өсүшү эсептелет. Кыргызстан акыркы бир нече жылдан бери биринчи жолу экономикада позитивдүү өсүштү көрсөтө алды. 2013-жылдын алгачкы беш айында өсүүнү темпи 8,4 пайызды түздү. Эгерде ушул темпибизден жазбасак, анда акыркы 12 жылдан берки эң жакшы көрсөткүч болуп калат. Мамлекетибиздин экономикасы 2007-жылы гана эртерээк өскөн, ал учурда дүйнөлүк экономика чокуда турган болчу.

ИДП

2001

2002

2003

2004

2005

2006

2007

2008

2009

2010

2011

2012

янв.- май 2013

Көрсөткүч, %

5,3

0,0

7,0

7,0

-0,2

3,1

8,5

8,4

2,9

-0,5

6,0

-0,9

8,4

Улуттук статкомитетинин маалыматына ылайык, 2013-жылдын январь-апрель айларында өндүрүштүн көлөмү 19 пайызка өскөн, өткөн жылдын ушул мезгилинде 30 пайыз кыскартуулар болгонуна карабастан. Бул жылдын ушул мезгилинде кайра иштетилген өндүрүш былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги 43 пайызга кыскартууга каршы 27 пайызды түздү. Курулуштун дүң продукциясы 2013-жылдын январ-апрель мезгилиндеги кыскартууга каршы 15 пайызга өстү.

Булардан сырткары өкмөт бүгүнкүдөй кырдаалда ишке ашырууга өтө татаал болгон өтө маанилүү сапаттуу чараларды жүргүздү:

1.Жергиликтүү органдарга таза жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыздады

2.Өлкөбүздү өтө татаал кышкы сезондон өтө көп кыйынчылыксыз алып чыкты

3.“Центерра Голд” менен финансылык жана юридикалык адистерди тартуу менен цивилдүү жол аркылуу сүйлөшүү ишин уюштурду жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгына жооп бере турган жыйынтыктар үчүн катуу аракет жасоодо.

4. Көйгөйлүү “Залкар Банкын” реализация кылды. Россиянын ири инвесторунун банкты өнүктүрүүнүн чоң пландары бар.

5. Премьер-министр транзиттик жүк ташуучу Борборду чыгаруу боюнча токтомго кол койду – буга чейин эч ким өзүнүн колун коюуга тобокелчилик кылган эмес.

6. Туризмди өнүктүрүү ишин кеңейтүү максатында Ысык-Көлдөгү экологиялык постту алып салды.

7. Кысымдарга карабастан электр энергиясынын жана коммуналдык кызматтардын баасынын жогорулап кетишине жол бербеди.

2.Предоставило доступ к льготному кредитованию десяткам тысяч фермеров в общей сложности в размере более 2 млрд.сом.

8. Ондогон миң фермерлерге жалпы жонунан 2 миллиард сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди берди.

Өткөөл мезгилдин кыйынчылыгы

Учурда өкмөт социалдык-экономикалык абалды стабилдештире алды жана мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшүнүн багытын аныктай алды. Тилекке каршы саясый кырдаал өнүгүүнүн жолуна түшүүгө жол бербей келет. Май айынан бери карай эле ар бир күнү премьер-министрди кызматынан түшүрүү аракеттери жасалып келет. Бирде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттү сындап чыгышат, бирде көчөдөгү каршылык акциялары иштегенге мүмкүнчүлүк бербейт, анан кайрадан эле парламент тепкиге алат.

Өкмөткө сын-пикирлер бүгүнкү күндө көп айтылат. Экономикабыздагы кырдаал дагы чындыгында өтө кыйын абалда. Акыйкат сын - бул жакшы нерсе, ал ишти алдыга жылдырууга көмөк берет. Бирок, өкмөт кандай шартта иштеп жаткандыгын эске алып, ишке ашыра ала турган тапшырмаларды талап кылуу зарыл.

1. Революциялар. 8 жылдын ичинде бийлик күч менен эки жолу алмашты. 2005-жылдагы жана 2010-жыдагы окуялар Кыргызстанды экономикалык жактан көптөгөн жылдарга аркага таштап ыргытып таштады. Өз убагында мурунку коррупциялашкан бийлик тарабынан ликвиддүү жана эффективдүү активдер мамлекетибизден тышка чыгарылып кетти. Факты жүзүндө республикабыздын экономикасынын каны сорулуп калган болчу. 2012-жылы гана өлкөбүздө 1300 митингдер жана каршылык акциялары өткөнү белгиленген. Ошондо ар бир күнгө 3-4 митингден туура келет.

2. Мурунку өкмөттөн калган мурастар. Учурдагы өкмөт өз ишине өтө татаал кырдаалда киришкенин белгилеп кетүү керек. Өткөн жылдын аягын эске салып көрөлүчү: бюджетти секвестрлөө муктаждыгы, дефициттин өсүшү, энергетикалык жана азык-түлүк кризистери.

3. Коалициялык өкмөттүн структурасы. Өкмөт төмөнкүдөй образда түзүлгөн, ведомстволордун жетекчилери биринчи кезекте өздөрүнүн партиясынын жетекчилеринин алдында отчет берүүгө милдеттүү болгон. Ошондой эле алар ардайым бир команда катары иштешкен жок. Тескерисинче тымызын өкмөттүн ишине тоскоолдуктарды жаратып жатышты. Жалпы жонунан кадрлык түзүм 20 жылга алсызданган.

Мына ушундай кыйын кырдаалда дагы аткаруу бийлиги мамлекетибиздин экономикасын өтө кыйын абалдан алып чыгып кете алды. Өкмөт кыйын кырдаалда дагы иштей ала тургандыгын көрсөтө алды. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин эң башкы эмгеги десек болот. Кандай гана сындабайлы, Жети-Өгүз менен Жалал-Абаддагы абалды тынчтык жолу менен чечип, ал өзүн жогорку деңгээлдеги кризис-менеджер катары көрсөттү.

Кыргызстандын перспективалары кандай?

Учурдагы министрлер кабинетинин өзүнүн стратегиясы жана иш-аракеттеринин ачык, так планы бар. Башкы документи катары 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн Стратегиясы болп эсептелет. Мына ушул стратегиянын негизинде өкмөт Кыргызстанды орто деңгээлде жетиштүү жашаган мамлекеттердин катарына алып чыгууну көздөйт. Ошондой эле ИДПнын деңгээлин ар бир киши башына эки эсе көтөрүүнү пландаган. 350 жумушчу орундары түзүлөт, ал эми орточо айлык акы 11 500 сомдон 26 000 сомго чейин өсөт. Мына ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2013-жылдан 2017-жылга чейин жалпысынан 10 миллиард доллар инвестиция тартуу пландаштырылган.

Министрлер кабинети мамлекетибиздин жана региондордун экономикасынын көтөрүлүшү үчүн, жумушчу орундарын түзүп, жакырчылыкты жоюуга болгон күчүн жумшап жатат. Экономикабыздын туруктуу өнүгүшү үчүн өкмөткө узак убакытты талап кылчу стратегиялардын үстүнөн иштөөсүнө убакыт беришибиз зарыл. Буга бери эле дегенде бир нече жыл талап кылынат. Андыктан, эгерде биз мамлекетибиздин өнүгүүсүнө, өзүбүздүн жашоо-шартыбыздын оңолушуна кызыкдар болсок, анда өкмөткө белгиленген жумуштарын аягына чыгарышына мүмкүнчүлүк беришибиз зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×