Добавить статью
8:02, 7 июня 2013 18910

Бегалы мырзага кулак кагыш!

Кыргызстанда кырдаал кыйын болуп турат. Буга баягы эле бийлик, байлык кумарына канбаган сасыткы саясатчылардын жасап жатканын түшүнүп эле турабыз. Кыргызстан бирөө гана. Мансап үчүн мамлектиңди уруп ойнобогон кемпайларга кыжырыбыз кайнап ашып- ташып турат.

Баягы эле кыргыздар деген жаман кеп дүйнө эллине тарап атат. Коңшулаш казактардын теле каналдары «Кыргызстанда кайрадан кыргын» деп маашырлана жарыя кылып, революцитя кылсаңар мына ушуларга окшоп кырылып-тытышып жатып каласыңар дегендей кепти өз элине мисал тартып атат. Жакшынакай эле өнүгөбүз, өсөбүз деп келе жатканда ушундай кыянатчылык, итчилик, чыккынчылык ишти жасагандарга эмне дээрибизди билбей турабыз. Жети-Өгүздөгү, Жалал-Абаддагы жол тосмой башаламандыктары өлкөбүздү туңгуюкка кептеп атат. Камчыбек Ташиев баш болгон депутаттардын кылган кылыгына дүйнө жүзү күбө болду эле го. Ак үйдүн темир кашасын аларды эч ким күч менен аттаттырган эмес да. Эмне үчүн алардын жактоочулары ушуну түшүнбөйт. Кылмышы көз көрүнөө көрүнүп турат го. Сот өкүмү чыкты. Соттор өтө ырайымдуу чечим чыгарды. Бакиевдин бийлиги болгондо аларды 15-20 жылдан абакка айдамак. Жол тосуп, зордук-зомбулук менен депутаттарды эркиндикке чыгарабыз деген тарапташтары мамлекетти да ойлоп коюшса. Мейли силердин жол тосуп, кыйкырык сүрөөнүңөргө макул болуп, бүгүн аларды эркиндикке чыгарышса, эртең дагы башка бирөө барып, «жол тосуп, элди көтөрсөм, эркиндикке чыгып кетем» -деп бийликти басып алууга аракет кылбайбы? Канчанкыга чейин бийликти басып алмай деген сасык оюнду улантабыз? Жетишет го! Анан да Бакиевдин бийлиги күчөп турганда эки-ооз акыкат кебин айта албаган Бегалы Наргозуевге окшогон саясатчы сөрөйлөр бүгүн элди эрегиштирип атат. Бегалы Наргозуевге таандык «Kыргызтудей» деген сайтты окуп отуруп, аргасыз баш чайкадым.

Аталган сайтта: «Эки күндөн бери Бишкек-Ош жолунун тосулган жеринде эки тарапка өтө албай топтолгон машиналардын саны улам өсүп баратат. Акыркы расмий маалыматтар боюнча 1500 дөн ашып кетти. Оштон Бишкекке бараткан машиналардын саны 900, ал эми Бишкектен Ошко бараткан машиналардын саны 600 дөн ашты. Бала-чакасы менен өтө албай жолдо калган жолоочулардын нааразычылыгы өсө баштады. Айрыкча Оштон Бишкекке жашылча-жемиш тартып келаткандардын помидору, кулпунайы, албөлүсү жана башка товары саат сайын бузулуп, эзилип бараткандыктан ачык эле бийликке жана жол тоскондорго ачууланып жатышат. Мунун баары жол тоскондор менен жолдон өтө албай жаткандардын ортосундагы жаңжалга айланбайбы. Саны жагынан бир нече эсе көптүк кылган айдоочулардын нааразычылыгы жетер чегине жеткенде бийликтин чагымчыл күчтөрү аларды жол тоскондорго каршы акырын тукуруп койбойбу? Мына ошондо айдоочулар күчкө салып, жолду тазалап, каршылык көрсөткөндөрдү сабап чоң конфликт чыкпайбы. Бийликтин долбоору ушул эмеспи? Ошондуктан кайра -кайра жар салып, «биз күч колдонбойбуз» деп жатпайбы... Кантсе да эки тарап тең этият болгула. Оюндан от чыгып кетпесин» -деп атат. «Кыз боозуп алып, энесин коркутуптур» - деген сөз ушул Наргозуевдин сайты жазган макалага куп жарашып атат. Мен өзүм деле бул бийликтин ылжырап-былжырап, иштей албай кыбырап атканына нааразы болуп жүргөндөрдүн биримин. Бирок Наргозуевчилер жазган бул былжырак макалага түк кошулбайм. Жолду тосуп, элди азапка салып, далайынын пияз-картөшкөсүн чиритип, банкротко учуратып аткандар ташиевчилер болуп атса, «кой антпегиле, жолду ачкыла» -деп жалдырап аткан бийлик күнөөлүү болобу? Бакиевди «байкелеп» жүргөн Наргозуев оппозициямын деп эле ойду-тоону жаздыра бергени кайсы акылга сыят?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×