Добавить статью
8:24, 11 июня 2013 21114

Жол көйгөйү

Бишкектин кышында тазаланбаган жолун көрүп, «бийликте отурган мындай жетекчилерди, бизде болсо, атып салышмак. Эмне деген шалакылык!!!» деди эле чет элдиктер. Чындыгында ошондой...

«Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман» болуп, эч ким унчукпайт, чыдабай калганда эл бир бийликти алып жыгылат, антип-минтип «өх» эми бирөөсүнөн кутулдум го» дегиче, экинчиси келип, элдин атынан саймедиреп отуруп калат. Кыйратат экен десе, ал деле кыйратпайт.

«Кыргызстан кедей мамлекет, акчасы жок» деген жооптору да даяр. Кедей өлкөнү башкарам деп анда эмне жулунушат. Ошончо жулунгандан кийин эл үчүн иштеп койсо болбойбу???

Бишкекте болгону төрт эле көчө бар. Ал көчөлөр тытылганы аз келгенсип, жолдогу ак сызыктар дагы өчүп калган. Бир дагы көчөдө сызылган белгилер жок. Ал турсун, жөө адамдар өтүүчү сызыктар дагы өчүп калгандыктан, жөө адамдар өтө турган жол бар экенин ошол көчөдөн дайыма өтүп жүрүүчү айдоочу эле билбесе, башка жактан келген айдоочу билбейт. Анткени белги да жок, эгер бар болсо, аны дарак тосуп калган. Айдоочулар болжолдоп эле айдашат. Ошонун айынан бири экинчисине тоскоолдук кылат. Жолдогу кырсыктарды тактоо үчүн МАИчилер метрлерин көтөрүп жүрүшү керек...

Жолдогу сызыктарды жасоо үчүн дагы көп акча керекпи?!

Ал эми кышы бою жабык турган Салиева көчөсү Алматы көчөсүнөн ары карай таптакыр оңдолгон эмес, тескерисинче жолдун ортосунда бир кыйла жерге чейин шагыл төшөлүп калган. Кышы менен жабык турган көчөдөн ошол жакта өмүр кечирген элдин «Кудай буйруса, жаңы жол менен жүрүп калабыз го...» деген үмүтү таш капты. Ал көчөдөн азыр ошол аймакта жашагандар эле айласыздан жүрбөсө, башкалар жүрө албайт.

Тилекке каршы мындай мисалдар күн санап өсүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×