Добавить статью
8:02, 12 июня 2013 60395

Майлы-Суу шаарында мэр менен төраганы шайлоодо бир пикирге келе албай жатышат

Өткөн жылдын 25-ноябрындагы шайлоодон кийин Майлы-Суу шаарында мэрди шайлоого эки жолу аракет кылып, бирок натыйжа болбой шаардык кеңештердин депуттары таратылган эле.

2013-жылдын 25-майында Майлуу-Суу шаарында мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына шаардык депуттарын шайлоо болуп, жыйынтыгында 350 талапкер, 7 партия катышып алардын ичинен 5 партия чектен өткөн.

Алар, «Ата Журт» партиясы - 13 мандат, «Өнүгүү» саясий партиясы – 6 мандат, КСДП - 5 мандат, «Замандаш-Совремменик» партиясы 4 мандат, «Ата Мекен» партиясы – 3 мандат алып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен «Республика» партиялары чектен өтө албай калышкан.

Баарынан кызыгы, үгүт учурунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахам Мадумаровдун Майлуу-Суу шаарынын шайлоочулары менен жолугуп, таңдайы жарылганча такылдап үгүт жасап келгени да натыйжа берген жок. Ал эми «Өнүгүү» партиясы Майлы-Суу шаардык кеңешине талапкер катары биринчи жолу катышып жатса да 6 добушка ээ болду. Ошондой эле мурда-кийин бул шаардын саясий турмушуна активдүү аралашпаган «Замандаш-Совремменик» партиясынын да аракетери жаман болгон жок.

Мурунку шайлоодо «Ата Журт» партиясы көпчүлүк добуш алып, бирок өз адамын мэрлик кызматка шайлай албай таратылган. Азыр да 13 добуш алып бирок ушул күнгө чейин калган партиялар менен коалиция түзө албай жатат. Мунун себеби «Ата Журт»( Т.Мамытов), КСДП (Т.Туманов), «Өнүгүү» (Б.Төрөбаев) партияларынын тагдырын чечүүчү адамдар Бишкекте турушканы жана алардын ич ара бир пикирге келе албай жаткандыгы деп түшүндүрүшүүдө. КСДП партиясынан ЖКнын депутаты Токтогул Туманов Майлуу-Суу шаарына келип бирок сүйлөшүүлөрү натыйжасыз болгонун партянын өкүлдөрү тастыкташты.

Айрым маалыматтарга караганда, «Ата Журт» партиясы менен коалиция түзүү боюнча «Өнүгүү», КСДП жана «Замандаш-Современник» парияларынан сунуш түшүп, алар шаардык кеңештин төрагалыгын сурашкан. 3 мандат алган «Ата Мекен» партиясынын лидери Алмаз Курбанкулов да коалицияга биригүүнү сунуштоо менен өзүн мэрге сунуштаарын билдирген. Ал мурунку шайлоодо азчылыктан турган партиялардын атынан шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган эле. Бирок мэр шайланбай калып таратылган.

Учурда «соодалашуулар» өз максатына жетпей жатат. «Ата Журт» партиясы тарабынан мэрлик кызматка партиянын мүчөсү эмес болсо да Кыям (Мидин) Сатыбалдыев көрсөтүлүп, бирок аны Т.Мамытов колдобой жатканы айтылууда. Анткени ал жолугуу учурунда ал «мен үчүн мэрдик кызмат трамплин, буюрса келечекте Жогорку Кеңешке депутаттыкка катышсамбы деген оюм бар», деп айтканы анын мэрлик кызматка баруу жолуна бөгөт болууда. Т.Мамытов өзүнө конкуренция кылууну каалабайтдешет. Мындай пикирин шаардын тургуну Кадырбек Дандиев билдирди. Ал эми «Өнүгүү» партиясынын штабынын өкүлү Манас Абдылдабеков партиясы шаардык кеңештин төрагасын сурап жатканын жашырган жок. Алар шаардык кеңештин төрагалына шаардагы лидери Кеңеш Шадмановду сунушташууда.

Бирок «Ата Журт» партиясы биз көпчүлүк добушту жеңип алдык мэрлик кызматты да, төрагалык кызматты да өзүбүз алабыз деп башка партиялардын сунушун кабыл албай жатканын «Ата Мекен» партиясынын депутаты А.Курбанкулов айтууда. «Ата Журт» партиясы төргалыкка шаардын мурдагы мэри Рахатбек Бакалаевди сунуштап жатканы белгилүү. Бирок аны башкалар колдобой жатат. Андан сырткары мэрлик кызматка «Ата Журт» партиясынан шаардык суу чарба башкармасынын жетекчиси Нурадин Маматовдун аты аталууда. Бирок шаардык элитанын пикири боюнча «Ата Журт» партиясы ич ара да экиге бөлүнүп жатканы сырттан сезилип турат. Анткени алар мэрик кызматка эки талапкерди алып чыгып, келише албай жатканы буга мисал.

Ошентип эл тагдырын, келечегин бетине кармап шайланып келген депуттардын айынан Майлуу-Суу шаарында жарым жылдан бери толук кандуу бийлик жок. Мэрдин милдетин шаардын 1-вице мэри Максатбек Оконбаев аткарып жатат. Ал мурун «Майлы-Суу электр заовдунда» көп жыл иштеп тажрыйбалуу өндүрүшчү болгон.

Ал эми «Ата Журт» партиясы амбициясынан баш тартпаса Жалал-Абаддагы «Өнүгүү» партиясынын тагдырына туш болуп калышы мүмкүн дешет. Анткени Жалал-Абад шаарында 15 мандатка ээ болгон «Өнүгүү» партиясы мэрди жана төрганын өзүбүздөн шайлабыз деп ойлоп, жыйынтыгында азчылыкты түзгөн «Ата Журт» менен КСДП партиялары коалицияга кирип, бийликти бөлүп алышты да «Өнүгүү» партиясы кур жалак калды.

Мындан тышкары «Ата Журт» партиясы саясатын өзгөртпөсө шайлоо дагы бузулуп, алар мындан кийин шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

Кыскасы, шайлоонун шайтан оюндары жүрүп жатат. Шаар өз мэрин жана төргасын күтүп, иш баштаса экен деген үмүттө жашап жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2012
Аймактын атын чыгарган айымдар
41497

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×