Добавить статью
5:43, 14 июня 2013 18898

Ысык-Көлдөгү ири өрттүн чыгышына себепкер болгондорго укуктук баа берилген эмес

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылына жакын аймактагы 17 гектар токой тилкеси жана 50 гектарга чукул жер аянты өрттөнгөн болчу. Өрт учурунда жергиликтүү калк жардамга келген эмес. Ошондон улам өрттүн ээлеген аянты көбөйүп кеткен.

Ал иш боюнча күнөөкөрлөрү аныкталып, Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө берилгени менен андан али күнгө чейин тыянак чыккан жери жок Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирген.

Ушул сыяктуу өрт кырсыктары Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында, Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын аймагында, Тоң районунда чыгып, орттун чыгышына жеке адамдардын тиешеси болгону менен аларга тиешелүү укуктук баа берилбей келатат.

Ысык-Көл областынын аймагында жыл башынан бери 7 ири өрт кырсыгы катталып, андан 15 миллион сомдук чыгым келтирилген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-07-2013
«Каприз-Каракол» отели кимдин менчигине өткөнү жатат?
17841

28-06-2013
Ысык-Көлдө кароосуз калган имараттар өкмөттүк деңгээлде көңүл бурууга муктаж
16741

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×