Добавить статью
11:04, 17 июня 2013 9383

А.Батыровдун университетинин имаратын спорт-интернаты катары ачууну суранышууда

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору М.Саралиновго, Жалал-Абад областынын спорттун түрлөрү боюнча федерацияларынан, Машыктыруучулардын жана спорт жамаатынын атынан кайрылуу

Урматтуу Мурат Назарбекович!

Жалал-Абад областынын калкынын 32 пайызын, башкача айтканда, 327 миңге жакынын жаштар түзөт.

Акыркы мезгилдерде спортсмендер, дегеле жаштар саясий иш-чараларга жана ар кандай баыттагы баш аламандыктарга тартылып, саясий күчтөрдүн куралы болуп калышууда. Эгерде ушул бойдон кала берсе, жаштардын, демек мамлекеттин эртеңи коркунучта калаары абзел. Жаштар өздөрү да ар кандай саясий кызыкчылыктардын барымтасы болбой, өз келечегин, эл-жердин эртенин ойлошу зарыл.

Айыл жерлеринде спорттук секциялардын, имараттардын жана спорт аянттеранын жетишсиздигинен айыл жеринде жаштар спортко тартылбай, жаман адаттарга берилип, адеп-ахлак жагы төмөндөп, таланттуу жаштар спорттун түрлөрү боюнча машыгууга тартылбай, Бишкек шаарындагы спорт интернатында билим алуусуна акча каражатынын тартыштыгынан кыйынчылыктар туулууда.

Акыркы 20 жыл ичинде дене тарбия жана спорт жаатыда Жалал-Абад областында мыкты спортсмендер спорттун түрлөрү боюнча спорттук имараттардын жетишсиздигинен, ар бир спорттун түрү боюнча ар кандай башка имараттарда ижара акысын акысын төлөө менен өз машыгууларын жүргүзүп, Эл аралык денгээлдеги спорттук мелдештерге, мисалы, Азия оюндарына, Олимпиадаларга, кышкы жана жайкы Олимпиадаларга Кыргызстандан тиешелүү деңгээлде спортсмендер даярдалбай жатканынын себеби - балдарды спортко тартууга областтын аймагында балдар жана өспүрүмдөр спорт-интернатынын жоктугунда. Ошондуктан, район-шаарлардын таланттуу спортсмендерин машыктырып тарбиялоо максатында түштүк аймагында Жалал-Абад шаарында балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт-интернатын ачуу бүгүнкү күндүн талабы болуп эсептелет.

Эгерде Жалал-Абад шаарында балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби ачылса, бир канча жумуш орундары түзүлмөк.

Ошондуктан, Жалал-Абад шаарындагы А.Батыров атындагы Элдер Достугу университетинин имаратын балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт-интернаты катары ачылуусуна жакындан көмөк көрсөтүүнүздү суранабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×