Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кароосуз калган имараттар көп.
Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев парламентте ушул боюнча маселе козгоп, Караколдогу «Ысык-Көл» кинотеатры каражаттын жоктугунан оңдоодон өткөрүлбөй турат деп мисал келтирген.
«Биз инвестиция тартып, эгерде алар өздөрүнө түздөн түз тиешелүү багыты боюнча иштетилсе, кароосуз калган имараттарды ижарага берүүбүз керек. Мамлекеттк-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү зарыл», - деди депутат.
Каракол шаарында кароосуз калган имараттар, мурунку Каракол башкы автобазасы, ЖБИ, кондитердик цех, жүн-тери, жашылча кабыл алуучу кеңселер, курулушу бүтпөй, жоюлуп кеткен бир топ ишкана-уюмдардын имараттары максаттуу пайдаланылбай калган.
Эл өкүлүнүн сунушун колдоого алып, өкмөттүк деңгээлде караса бир пайдалуу иш башталат беле, кароосуз калган имараттар элдин пайдасына иштетүүгө мүмкүндүк болмок.