Добавить статью
10:07, 2 июля 2013 25364

Аксуулуктар – мыйзамсыз акцияларга каршы!

Ак-Суу районунун коомчулук өкүлдөрү президент А.Ш.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Ш.Жээнбековго, премьер-министр Ж.Ж.Сатыбалдиевге, Саясий партиялардын лидерлерине жана Кыргызстандын бардык жарандарына кайрылат.

2010-жылдагы Апрель элдик революциясында ондогон эр-азаматтардын кырчындай кыйылган өмүрлөрү аркылуу өлкөдөгү үй-бүлөлүк жеке башкаруу кулатылып, Ата-Журтубуздун мындан ары чыныгы демократиялык жолдо өнүгүүсү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктөр тартууланды. Ошондуктан, мындай олуттуу сабактан тийиштүү жыйынтык чыгарып, учурда ар бирибиз өз иш-аракеттерибизге жети өлчөп – бир кесүү менен баа берип, өзүбүздүн болгон билимибизди, тажрыйбабызды жана күч-аракетибизди Кыргызстандын жаркын келечегине арналган жаратман эмгекке буруп, анын гүлдөп-өсүшүнө салымыбызды кошууга тийишпиз деген ойдобуз.

Учурда Ак-Суу районунун жалпы жашоочулары өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары сыяктуу эле, КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеши тарабынан кабыл алынган 2013-2017-жылдарга карата «КРны туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын» алкагында иштелип чыккан районду социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары камтылган «Жол картасын» жетекчиликке алуу менен иш алып барууда. «Ырыс алды - ынтымак» дегендей, албетте, белгиленген бийик максаттар марасына жетип, калктын жашоо-турмуш деүгээлин жогорулатуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүдө өлкөдөгү коомдук-саясый туруктуулук зор мааниге ээ. Республикабызда коомдук туруктуулук, эл ичиндеги ынтымак сакталбаса – аймагыбыздагы Сары-Жаз өрөөнүндө тоо-кен ишканаларын ачууну, «Жыргалаң» шахтасын талаптагыдай иштетүүнү көздөгөн бир катар чет элдик инвесторлордон да жакын араларда кол жууп калаарыбыз бышык. Ал эми калкка жаңы жумуш орундары дал ушундай ишканалардын ишке киргизилиши менен гана түзүлөт эмеспи!

Ооба, аймагыбыздын тургундарынын көпчүлүгү азыр өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жер иштетүү, мал багуу, соода-сатык менен алектенүү аркылуу үй-бүлөлүк кирешелерин камсыз кылышууда. Кийинки жылдары жергебиздеги «Алтын-Арашан», «Жыргалаң»» жана «Ак-Суу» дарылоочу-эс алуучу жайларына жайы-кышы келүүчү кардарлардын, «Түргөн», «Ак-Суу» жана «Боз-Учук» капчыгайларындагы жайлоо-туристтик базаларында жайкысын кымыз ичип, ден-соолуктарын чыңдоону каалаган туристтердин катарлары арбып бара жаткандыгы кубанычтуу. Ошондой болсо да, акыркы учурлары өлкөбүздүн ар кыл аймактарында кан жолдорду тосуу, негизсиз пикет, митингдерди уюштуруу сыяктуу коомго жат, ар кыл мыйзамсыз окуялардын болуп жаткандыгы бизди олуттуу тынчсыздандырууда.

Кадырман замандаштар!

Бул сыяктуу мыйзамсыз баш-аламандыктар аймактагы, өрөөнүбүздөгү, жалпы эле республикадагы коомдук-саясий абалга терс таасирин тийгизип, жайкы туристтик эс алуу мезгилин ойдогудай өткөрүүгө – демек, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, арбын замандаштарыбыздын үй-бүлөлүк жеке ишкерчиликтерине кедерги болоору анык. Биздин оюбузча, кандай гана мамлекет болбосун, коомдо мыйзам үстөмдүгү өкүм сүрмөйүнчө мындай окуялар кайталана берет. Ошондуктан, мамлекет жетекчилерине өлкөдөгү, айрыкча аймактардагы жетекчи кадрлар маселесин чечүүдө саясий партиялардын гана сунуш-пикирлерине таянбастан, алгач тандалып жаткан кадрлардын билим деңгээлдерине, иш-тажрыйбаларына, эл арасындагы кадыр-баркына маани берүү менен бирге ошол аймактагы коомчулуктун ой-пикирлерин да эске алуу зарыл деп ойлойбуз.

Калк арасында ар кыл «саясий оюндарды» уюштуруп, бузуп-жаруучулукка барып жатышкан айрым чагымчылдарды мыйзам жоопкерчилигине тартуу, аларга мыйзам алкагында катуу чараларды колдонууга убакыт жетти. Ошондуктан, биз өлкөдөгү туруктуу коомдук-саясый абал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү аракетке келтирүү менен өлкөбүздүн бардык жарандарын – мекендештерибизди ар дайым мыйзамды сыйлоого, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жаратман эмгек кылууга чакырабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×