Добавить статью
3:48, 3 июля 2013 8485

Ары жок актануудан конкреттүү иштерге өтүү керек

Айрым интернет сайттарда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы таркаткан маалыматтар жарыяланууда. Анда мэрия элден чындыкты жашырып жана аны бурмалап, шаардыктарды жана коомчулукту алдоого аракет кылган.

Таркатылган маалыматтарда «Өнүгүү» фракциясы бизди негизсиз айыптап, шаарда туруктуулукка шек келтирүү менен алек болууда делген. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт, себеби биздин фракция элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен шаар мэриясынын мыйзамсыз аракеттерин, жөндөмсүздүгүн фактылар менен ашкерелеп, атайын кайрылуу менен чыккан.

Ошондой эле шаар мэрин үч партия шайлаган деп жазышыптыр. Бул да чындыкка туура келбейт, себеби КСДПнын мүчөсү болгон мэрди КСДП жана «Ата Журт» партиясынын бириккен коалициясы, «Өнүгүү» партиясын сатып кеткен эки депутат шайлаган. Бирок, ал депутаттар кийин фракциядан чыгарылган. Бул жерде «Өнүгүү» фракциясынын эч кандай тиешеси жок.

Мэрия иштеп жатат, бирок «өнүгүүчүлөр» ага тоскоол болуп жатат деп жазылыптыр. Карандай калп! Себеби, биздин партия шаарда эч кандай митинг, пикет, жол тосууларды, нааразылык акцияларын уюштурган эмес. М.Арапбаев жакшы иштерди жасап жатса, аны болтурбай койгон эмес. Шаарда тополоңду, ызы-чууну башка партиялар чыгарып жатышат, ошолор тоскоол болууда. Мындай калптарды таркатуунун өзү эле мэриянын азыркы деңгээлин көрсөтүп турат. Биз болгону элдин кызыкчылыктарына негизделген мыйзамдуу талаптарды коюудабыз, ал биздин милдетибиз.

«Береке» базарын тартипке келтирүү үчүн гана аракеттер болууда делген. Бирок, базарды жаап, ар тарабын тосмолоп, ишкерлердин, соода менен күн көрүп жаткан карапайым элдин кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаган, аларга кысым көрсөткөн. Мэрия муну да башка өңүттөн көрсөтүүгө аракет кылган

Маалыматтарда Ташиевди жактагандар өкмөттүн өкүлчүлүгү жакшы иштебегени үчүн ал имаратты басып алып, жакшы иштеген мэрияга келген жок деп жазышыптыр. Бул да бурмалагандык. Себеби, нааразылык акциясына катышкандар өкмөткө нааразы болуп, анын областтагы өкүлүнө барышкан. Бул жерде мэриянын жакшы же жаман иштегени аргумент эмес. Бул мэриянын жетекчилигинин кызыктай ой-жүгүртүүсү атайын дарыгерлердин кароосуна жатат деп ойлойбуз.

Ошондой эле мэрия биздин фракцияны ошол нааразылык акциялары болуп жаткан кезде путч уюштурууга аракет кылды, бирок максаттары ишке ашпады деп айыптаган. Бул да карандай калп! Себеби, жалалабаддыктар үчүн оор убакта биздин фракция атайын кайрылуу жасап, жалпыны элдин коопсуздугу, тынчтыгы, бейпилдик үчүн сессия чакырып, талкуулап, аракет жасайлы деген ниетте болгонбуз. Бул факт. Бирок, шаардык кеңештин жетекчилиги сессияны чакырбай койгон. Муну жалпы шаарга үлгү көрсөтүүчү мэрия жасап жатканы, оң нерсени атайылап бурмалап жатканы кызык.

Бул жерде айтып кетчү нерсе, ошол тополоң болгон убакта президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө туруктуулук алып келе албай кыйналып турганда Тилек Акамбаев баш болгон КСДПчылар үйүнөн чыкпай жатып алышкан. Эми муну мэрия жана айрым мэрияга акыл үйрөткөн КСДПчылар тескери бурмалап жатканы бизди өкүндүрөт.

Таркатылган маалыматтарда мэриянын конкреттүү программасы бар, аткарылып жатат деп жазылыптыр. Бул өтө кызык нерсе экен. Себеби биз ушул күнгө чейин мэрден өнүгүү программасын сессияга, элге алып чыгууну, аны батыраак бекитип берүү менен аткарылышын колго алууну талап кылып келебиз. Бирок, дубалдан үн чыкса да мэрден үн чыкпай жатат. Эгерде анын депутаттардан, элден жашырган программасы бар болсо, ал ырааттуу аткарылып жатса, анда анын орду мэрияда эмес, башка жерде деп билебиз.

Биздин фракция дайыма сессияларда шаар мэрине, шаардык кеңештин төрагасына конкреттүү конструктивдүү сунуштарды берип келебиз. Себеби биздин максат – шаардык өнүгүшү, шаардыктардын кызыкчылыгы. Бирок, мэрия жана шаардык кеңеш ага көңүл бурбай келүүдө.

Биз Жалал-Абад шаарынын мэрине жалпы шаардыктарга жана Кыргызстандыктарга карандай калптарды таркатууну токтотуп, түзүүчү иштер менен алек болууну, ишин жөндөп алып барууну сунуш кылабыз. Ал эми биздин шаар мэрине ишеним көрсөтпөө боюнча чечимибиз күчүндө калат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-07-2013
Чокоюң кайда, Шералы? же Жалал-Абад шаардык Кеңешинин төрагасы «сураныч, өтүнүч» менен гана иштөө ыкмасына өттүбү?
60034

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×