Добавить статью
10:33, 5 июля 2013 59991

Чокоюң кайда, Шералы? же Жалал-Абад шаардык Кеңешинин төрагасы «сураныч, өтүнүч» менен гана иштөө ыкмасына өттүбү?

«Fakt.kg» маалымат агенттигине кечээ, 4-июль күнү жарыяланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев «Өмгөктөгөн «Өнүгүү» Жалал-Абадда «өлө элек аюунун талпагын» талашып жатканы түшүнүксүз» деген темада билдирүү таркаткан. Анда шаардык кеңештеги «Өнүгүү» фракциясынын Жалал-Абад шаарынын мэри М.Арапбаевдин маселесин күн тартибине киргизүүнү өтүнөбүз деп айтылбаган, суранышпаган дейт. Кайсы мамлекетте, кайсы мыйзамда бар экен? Депутат төрагасынан суранып, өтүнүп анан күн тартибине маселе коюш керек деп? Анда төрага шаардын тургундарынан келген каттарга менден өтүнбөптүр, суранбаптыр деп биздин расмий кат сыяктуу окуп эле четке кагып коюп отура берсин. Ошондой эле фракция жыйынынан кийин төрагага расмий кат берилген. Эч бир расмий кайрылууга протокол тиркелбейт. Бул каяктагы жаңы ыкманы киргизип жатат. Анда күн тартибине кирген маселелердин баарынын протоколун талап кылыш керек. Ал катка фракциянын лидеринин колу эмес, катардагы депутат Н.Маматовдун гана жалгыз колу коюлган», - деп айтылат.

Нурлан Маматов азыркы учурда фракция лидеринин орун басары. Лидер жок мезгилде фракциянын жыйынын өткөрүүгө, фракциянын атынан жыйындарга катышууга, фракциянын атынан пикир айтууга толук укугу бар. Мындайча айтканда, Нурлан Маматов фракция лидеринин орун басары катары, расмий кат жазуу аркылуу 13 мандаттуу фракциянын пикирин толук билдирүүгө укугу бар. Ошондуктан, төрага мыйзамдуу түрдө берилген фракциянын расмий кайрылуусуна карата комментарий берүүнүн ордуна төраганын кызматтык милдетин толук аткарыш керек болчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×