Ысык-Көлдүн «Жыргалаң» шахтасы элдин пайдасына кызмат кылбай токтоп турат. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун көмүр өндүрүүчү «Жыргалаң» шахтасы иштебей токтоп турганына бир жылга аяк басты. Ичине суу толуп, аны чыгаруунун аракети жүрүүдө.
Ишкана менчиктештирилген, бирок ал элдин пайдасына иштеш керек. Шахта 100 миң тонна көмүр өндүрүүгө ылайыкташкан. Ал эми былтыр ишкана болгону 17 миң тонна көмүр берген. Адистердин айтымында, «Жыргалаң» шахтасынын көмүрү эң сапаттуу, табы да күчтүү. Бирок, кол алдыбызда ушундай сапаттуу арзан көмүрүбүз туруп көлдүктөрдүн кымбат баада сатылып келинген көмүрү пайдаланып жатканы өкүнүчтүү.