Добавить статью
4:01, 19 июля 2013 35569

Өлкөдө 6 миң киши акысыз медициналык текшерүүдөн өттү

Учурда Кыргызстан боюнча «Өз жүрөгүндү сакта» атуу калкты медициналык кароо жүргүзүлүүдө. Кан тамыр жана жүрөк оорууларын аныктоочу заманбап технологиянын жардамы менен жер-жерлерде калкты медициналык текшерүү программасы ишке ашып жатат.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну 14 жаштагы Исламбек Тилебалдиевге 2010-жылы жергиликтүү даарыгерлер тарабынан «Жүрөгүндө добуш бар» деген диагноз коюлуп, операция жасатуу үчүн Бишкекке баруу керектиги айтылган. Ал, айылына атайын дарыгерлер келип, акысыз текшерүү жүргүзүлүп жатканын угуп, Исламдын апасы Саида Тилебалдиева баласын алып келген.

«Азыр бул дарыгерлерге баламды текшертсем, Кудайга шүгүр, баары жакшы деди. Буга чейин жүрөгүнөн операция жасаш керек дегенинен коркуп жасатпадык эле. Азыр операциянын кереги жок экенин айтты, аябай сүйүнүп жатам», - дейт ал жетине албай.

Ал эми Каарман айылынан тургуну, жүрөк оорусуна байланыштуу 10 жылдан бери дарыгердин көзөмөлүндө турган 47 жаштагы Гүлмира Эргешованын айтымында, айылдагы ооруканада текшерүүчү аппараттар жок болгонуна байланыштуу Ош шаарына барып жүрөгүн текшертип жүрчү. Шаардагы оорукана да менчик болгондуктан, баасы да бир топ кымбат.

«Электрокардиограммага түшкөнүң 500 сом, башка да аппаратка түшкөнүң 300 сомдон ашык. Бүгүнкү өзүбүздүн айылга келген дарыгерлердин баардык аппараттары бар экен. Жада калса шаарда да жок апараттар бар экен. Анан акысыз көрүп жатышпайбы»,- деп кубанды Г.Эргешова.

Улуттук кардиология жана терапия институтунун илимий кызматкери, акысыз текшерүүнүн адиси Абдимиталип Халматовдун айтымында, дарыгерлер «Өз жүрөгүңдү сакта» програмасынын негизинде аймактарды кыдырып, айыл тургундарын акысыз жүрөк-кан тамырларын текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

«Айыл жерлеринин баарында эле ЭКГ, кардиограмма аппараттары боло бербейт. Мындан сырткары көптөгөн атуулдар өзүнүн оорулуу экенин биле беришпейт. Бул кезге чейин бизден акысыз текшерүүдөн 6 миңден ашуун жаран өттү. Алардын ичинен 90%ы белгилүү каргашалуу окуяларда жабыр тарткандар болуп эсептелинет», - дейт ал.

Программанын негизинде элди текшерүүдөн өткөрүүдөн тышкары жергиликтүү дарыгерлердин билим сапатын жогорулатуу жагы да көңүлгө алынган. Мындай иш-чара аталган айылдын даарыгерлерине өз пайдасын тийгизип жатканын Мады айылындагы оорукананын кызматкери Гүлбарак Исакова билдирди.

«Элдин ден-соолугу жакшы болсо, ошол биз үчүн жеңилдик да. Врачтар аябай мыкты экен. Тажрыйбалуу, жакшы текшерип жытышат. Жаш балдар да бар эле, аларды да көрүп берип жатышат. Мындан сырткары, биздин жергиликтүү дарыгерлерге да тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлүп, билбегендерибизди үйрөнүп жатабыз», - дейт Г.Исакова.

Эске салсак, «Өз жүрөгүндү сакта» программасы бул кезге чейин Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында болуп келген. Ал эми бул программанын ишке ашырылышына «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы көмөк көрсөтүүдө.

«Бул дарыгерлер азыр текшерип гана тим болбостон, оорулууларга дары-дармек жазып берип, байланыш телефондорун калтырышат. Мындан ары да алардын айыгып кетүүсү үчүн тынымсыз байланышта болуп, көзөмөлдөп турушат», - дейт аталган партиянын саясий кенешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×