Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында көлдүн жээгине 100 метрден жакын аралыкка автоунаа токтотууга тыюу салынганына карабастан, автоунаа токтоочу жай уюштурулган. Аны менен катар ар бир келген автоунаага 50 сомдон төлөм алынат.
Бул маселе Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Ысык-Көл, Тоң райондук мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын аймактык башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынуусу тийиш.