Добавить статью
6:06, 28 ноября 2013 31223

Калымбүбүнүн карааны

Кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгүнүн айымдарга тиешелүү баалуулуктарын кечээки ыраматылык «союз» дооруна чейин муундан-муундарга ар бир айылдан чыккан не бир колунан көөрү төгүлгөн уз апаларыбыз сактап жана өркүндөтүп келишкен. Тилекке каршы, ССР Биримдиги мамлекетинде бизге окшогон тез өзгөрүлмө калктарда кыргыз элинин нарк-насилдери экинчи эмес төртүнчү, бешинчи орунга карай артка жылдырып, алардын арасында кол өнөрчүлүктүн түрлөрү жоголуп бара жаткан эле.

Саймачылык, оймочулук, өрмөкчүлүк, чырмакчылык, килемчилик, шырдакчылык, чачыкчылык, теричилик, куракчылык, бычмачылык, тикмечилик, кырмачылык, зергерчилик, ээрчилик, устачылык, өрүмчүлүк, мүйүзчүлүк, чеккиччилик ж.б. элдик өнөрлөр четинен кертилип жоготула баштаган. Бирок «эл ичи-өнөр кенчи» демекчи кыргыз элинде улуу мурастарды тымызын астейдил асырап келген замандаштарыбыз береги баалуулуктарды азыркы муундарга жеткиришти. Аларды азыркы тапта андан ары өнүктүрүп, урпактарга үйрөтүп жаткандардын бири биз сөз кыла турган каарманыбыз Калымбүбү Сулайманова.

«Коюндан төгүлсө, кончко»

Калымбүбүнүн балалык мезгили айтылуу Кара-Кужур өрөөнүндө өткөн экен. Бир тал куурай өспөгөн алыскы Жер-Көчкү айылындагы 8-жылдык мектепти 1976-жылы аяктап, андан ары жалпы билим алуусун ошол эле өрөөндөгү Лахол айылынан улантат. Ал эми 1983-жылы ал кездеги Университеттин (учурдагы Кыргыз улуттук университети) механикалык-математикалык факультетин бүтүрүп, 1984-жылы Нарын районунун Оттук айылындагы №50 кесипчилик окуу жайында мугалим болуп иштей баштайт жана 30 жылдан бери дагы деле ошол жерде мөмөлүү дарак болуп ишин улантып келүүдө.

-Мен өрмөкчүлүк жана оймочулукту чоң апам Жамиладан бала кезде эле үйрөнгөм. Ал эми саймачылыкты өз апам Гүлжандан алдым. Мына ушундай өнөрлөрдү үйрөнүп калгандыгым 1994-жылы кесибимди өзгөртүүгө алып келди, - дейт К.Сулайманова.

Натыйжада, бала кезинен калыптанган уздук чеберчилиги 1994-жылдан тарта кесипчилик окуу жайдагы окуучуларга «улуттук оюм», «чий жана өрмөк иштетүү», «саймачылык» боюнча атайын сабактарды берүүгө негиз салат. Эгемендиктин алгачкы жылдарында улуттук кол өнөрчүлүктү кийинки муундарга окуутуу вазыйпасы оорчулукту жараткандыгын азыркы тапта жон терибиз менен сезип жатабыз. Же ал маалда эл арасында мыкты билген уз-чебер энелер болбосо, же атайын окуу куралдары болбосо, баарын мындайча айтканда нөлдөн баштоого туура келген экен. Турмуштун жолу ошентип окуучулар үчүн атайын китептерди жазып чыгууга алып келет. Өзүнүн педагогдук тажрыйбасына, кол өнөрчүлүктү билген ыкмасына таянып бир катар усулдук макалаларды жаза баштайт. Акыры ордо калаага чейин Калымбүбү айымдын тажрыйбасы угулуп, жыйынтыгында республикалык усулдук борбордун дагы башка адистери менен бирдикте «үй тиричилик менеджменти», «Кол өнөрчүлүк», «Балдарды тарбиялоо» деген аталыштагы окуу китептерге авторлош болот. Каарманыбыздын айтымында ушул китептер учурда республикадагы кесиптик окуу жайларда окуу куралы катары пайдаланууда. Ошентип кечээки математик бүгүнкү чакта Кыргыз мамлекетине белгилүү кол өнөрчү педогог катары таанылууга эгедерленген. Мындай урматка ал өлкөдө эң алачкы болуп кол өнөрчүлүк боюнча инструкциялык-технологиялык картаны түзүп чыккан автор катары жана өрмөкчүлүк алкагында өткөрүлгөн республикалык семинарда сабак өтүүгө бирден бир талапкер болгондугу менен жетише алган. Ошону менен катар өрмөкчүлөрдүн республикалык биринчи курултайында болуп өткөн жарманкеде К. Сулайманованын эмгектери биринчи орунга татыктуу деп табылган.

Жыгачка мөмө бүткөн сайын ийилет

Ошентип Калымбүбү Сулайманованын 1994-жылы алгачкы көчөттөрү мезгили келгенде мөмөсүн бере баштады. 19 жыл аралыгында 7 тайпаны окутуп тарбиялады.

-Ар бир группадан орточо 25 окуучулар билим тарбия алышты. Азыркы маалда окуучуларымдын арасынан алтоо менин жолумду жолдошуп, кесибимди улантышып, кечипчилик окуу жайларда мугалим болуп иштеп жаткандарына кубанамын , -дейт сөз арасында жаңычыл педагог Калымбүбү айым. Бирок ал тарбия-билим берген 150дөн ашуун бүтүрүүчүлөрү иштерман жана аракетчил элеттик мугалимдин бир эле дарагынын мөмөлөрү болуп саналат. Жергиликтүү тургундар болсо «Алтын-Күңгөй» коомдук уюму аркылуу жасаган ишмердүүлүгүн каарманыбыздын кыргыз элине жасаган экинчи мөмө дарагы деп баалашат. Көрсө 2001-жылы береги аталыштагы коомдук уюмду негиздеп, изденүүчүлүк шарапатын андан ары улантат. «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» демекчи кийинки эле жылы «Жаштарды кол өнөрчүлүккө көнүктүрүү жана кичи ишкердикке үйрөтүү» долбоору «Сорос-Кыргызстан» кору тарабынан жактырылат. Натыйжада 2002-2003-жылы бир жыл бою 25 ынтызар жаштар үчүн «чеберкана» ачылып, алар кичи-ишкерчиликти түзүүнү үйрөнүп чыгышат. «Жаш сүрөтчүлөрдү колдоо» долбоору «Фауна жана флора Интернешнл» корунан жактырылып, 2003-2004-жылдары айылдагы 12 бала сүрөт тартуунун сырларын, боёкторду таңдоону өздөштүрүшөт. Ушул эле ФФИден 3000 доллар утуп алып, 500 долларлык өздүк салымды кошуп 2005-жылы «Айылдык билим берүү борборун» уюштурат. Мындай саамалыктар 2006-жылы дагы улантылып, «Айыл жергесинде кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү» долбоору кайрадан ФФИден 2000 долларга колдоого алынат. Ал эми 2007-2009-жылдарда «Каунтерпарт Интернешнл», 2010-жылы Кызыл Ай уюмдарына жазган долбоору менен жалпысы айылдыктарга 18125 доллар өлчөмүндө гуманитардык жардамдар көрсөтүлөт. Натыйжада 4 жыл бою Нарын районундагы Кара-үңкүр кыштагындагы бардык 20 түтүндүн жашоочулары 100 пайыз, өзү жашаган Казан-Куйган айылынын көп балалуу, оокаты тартыш үй-бүлөлөрүнүн 70 пайызы жана коңшулаш орун алган Оттук, Кара-Чий айылдарынын айрым жарандары жылуу кийимдер менен камсыздалган.

Калымбүбүнүн карааны

Нарын районундагы Казан-Куйган жана Кара-Кужур айылдык Кеңештеринин шайлоочулары үчүн он жылдан ашуун убакыттан бери бирден бир жергиликтүү эл өкүлү катары К. Сулайманованын «карааны» аралап келет. Айылдык Кеңешке ушуну менен төртүнчү жолу шайланган айым депутат, 2008-жылы Нарын райондук Кеңештин депутаттыгына эркектер менен атаандаш талапкерленип, элдин көпчүлүк добушуна эгедерленип, райондогу 4 аял депутаттын бири болгон. Өзү айтмакчы аздыр-көптүр ишмердүүлүгү Нарын райондук акимчилик менен райондук Кеңештин жана Швецариялык «Хельветас» уюмунун Ардак Грамоталары менен белгиленген. Учурунда облустук алкакта уюштурулган «Намыс» программасынын жеңүүчүсү деп табылган. Агартуунун жана кесиптик билим берүүнүн отличниги Калымбүбү айым 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

-Мен эми мындан аркы иш-аракетимди толугу менен кол өнөрчүлүктү андан ары карай өркүндөтүүгө арнасам деймин. Кызыбыз Айзаада сүрөтчү-модельер кесибине ээ болуп чыкты. Ошондуктан айылдагы кол өнөрчү келиндерди иш менен туруктуу камсыз кылуу үчүн атайын цех ачсамды деп алдыма план коюудамын. Буюрса келерки жылы алгачкы 15 жумушчу орун даярдалмакчы ,- деп сөзүн чокондоду Калымбүбү Сулайманова айым.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
132280

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
66190

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
67575

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
91150

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
59777

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
41186

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
55408

29-11-2013
Жамиланын талаасы
54961

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
23870

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
85192

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×