Жети-Өгүздөгү спорт комплекси көп жылдан бери ачык асман алдында турат.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Жети-Өгүздөгү спорт комплексинин курулушуна Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 21 млн сом бөлүү каралган. Курулуш башталганы 14 млн сомдук жумуш бүткөрүлгөн, бирок акча каражатынын таңкыстыгына байланыштуу жумуш токтоп калган.
«Имараттын үстү жабылбай, тамдын четтери урай баштаган. Азырынча 2 млн 800 сом болсо, комплекстин чатырын жабууга мүмкүнчүлүк болоор эле», - дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.