Добавить статью
11:47, 10 декабря 2013 29552

«Кыргызгаз» боюнча депутаттардын каршы пикири

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу депутаттар!

Кечээ жакында «Кыргызгаз» ишканасын Орусиянын мамлекеттик болгон «Газпром» ишканасына 1 долларга сатылсын деген Өкмөттүн келишимин Жогорку Кеңеш депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен колдоп берди.

Ошол эле учурда, он беш эл өкүлү бул келишимге, анын ичинде биз да каршы болдук. «Кыргызгаз» мамлекеттик ишкана болгондуктан анын жетекчилерин ар-дайым Өкмөт жана мамлекет башчылары дайындап, чоң ишеним көрсөткөнү менен «Кыргызгаз» ишканасы эң терең коррупцияланган системасын түзүп, мамлекетке пайда алып келгендин ордуна өтө чоң зыян келтирип, өздөрүнүн гана кызыкчылыктарына иштеп келишкен. Ишкананын карызы 2 млрд. 700 млн. сом же 50 млн. доллардан ашыкча деп жетекчилери өздөрү ырасташты. Демек, биз өзүбүздүн добушубуз жана Өкмөт башчысынын кол коюуусу менен балчыкка терең баткан, эбегейсиз коррупцияланган ишкананын, ошондой карызга батырган жетекчилердин - мамлекеттик чиновниктердин бетин ачып, алардын аты-жөнүн тизмелеп, ачыкка чыгарып, жоопкерчилигин карагандын ордуна добуш берген депутаттар жана кол койгон Премьер-министр аларды жашырууга, жоопкерчиликтен бошотууга жана 2 млрд. 700 млн. сом карызды жабууга барып жаткандыгын эсиңиздерге салып коелук.

Эгерде, экинчи жана үчүнчү окуудан көпчүлүк добуш менен колдоого алынса, анда Президент эки өлкөнүн ортосундагы мамилени эске алуу менен кол коюууга бараары шексиз.

Жыйынтыгында:

1) Президенттин коррупцияга каршы болгон эбегейсиз чоң демилгеси, жана чабуулу суу кечпей, эл арасында коррупция менен күрөшүү иш түрүндө эмес, ураан түрүндө гана бааланып, анын сөзү өтүмдүү болбой, аброюн төмөндөтүү менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды күчөтүүчү «фактор» жаратабыз.

2) Биз өзүбүз ошондой коррупциялык схеманы түзүп, 50 млн. доллардан ашыкча карызга алып келген атка минерлерди коомчулукка, жалпы элге аты-жөнүн чыгаруунун жана мыйзам чегинде жоопкерчилигин кароонун ордуна, аларды жоопкерчиликтен бошотуп баардык жарандарга бирдей мамиле кылбай, кээбиринин коррупциялык ишин карап, кээбириникин карабай атайлап жаап-жашырып, Конституциянын 3-беренесинин 3-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусуна негизденет», 5-беренесинин 1-бөлүгүндө «Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат», 16-беренесинин 3-бөлүгүндө «Мыйзам алдында баардыгы бирдей» - деп белгиленген ченемдерди түздөн-түз бузабыз.

3) Коррупционерлерди жазалоонун ордуна аларды коомчулуктун алдында атайлап жашырып, коррупциялык иштерин жабууга түздөн-түз барган деген доомат менен «Кумтөрдүн», «Үзөңгү-Кууштун», «Каркыранын» мисалындай колдоп берген депутаттарга эмес, Жогорку Кеңештин колдоосу менен кабыл алынган келишимге кол койгон Президентти, Премьер-министрди жана министрди өтө оор кылмыш кылган негизде келечекте жоопкерчиликке тартууга шарт түзөбүз.

4) Ушундай жагдай менен өлкөдө мыйзамдын диктатурасы орнобой, адилеттүүлүк, ачыктык болбой, мыйзамдын баардыгына бирдей иштөөсүн камсыз кыла албайбыз.

5) Мындай иштерибиз менен биз азыркы жаштарыбызга жана келечектеги муундарыбызга адилеттүүлүктүн үлгүсү боло албайбыз. Берген добушубуз жана койгон колубуз менен ар бирибиздин эле эмес, урпактарыбыздын мойнуна дагы ушул кылмыштын дайыма кылыч болуп илинишине себепкер болобуз.

Урматтуу мекендештер жана депутаттар!

Биз жогорудагы негиздер менен каршы добушубузду бердик. Эгерде чынында биз Президенттин коррупцияга каршы катуу күрөшүү демилгесин баардыгыбыз бирдиктүү колдоп, мамлекетте ачык, таза коом түзүп, коррупцияга бөгөт коебуз десек, ушул маселени ар тараптуу иликтеп, ошондой деңгээлге алып келген атка минерлердин бетин ачып, келтирилген зыяндарды күнөөлүүлөрдүн эсебинен беш-он эсе көбүрөөк төлөттүрүп, толук тазалагандан кийин гана кайра кайрылсак, улуттук кызыкчылыкты колдогон мамлекеттик деңгээлдеги, реалдуу аракетибиз болоор эле.

Баарыңыздарды биздин сунушубузду колдоого чакырабыз!

Жогорку Кенештин депутаттары И.Исаков, Ө.Абдырахманов, К.Дыйканбаев, Р.Жээнбеков, Б.Мамырова, Д.Тербишалиев, Ч.Султанбекова жана У.Кочкоров.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×