Добавить статью
12:00, 17 декабря 2013 21047

Бишкектин бактарында булбулдар байырлайбы?

«Бука, боксер башчыбыз Бакиев беш бүркүмдүк бурулуш башкаруусунда бурадарларын бечаралыктын балчыгына батырып, бийликке баш бербегендерин бандиттерге балталатып, бийлигин бекемдеди. Бакиевдин балдары, бажалары бизнесмендердин байлыктарын бандиттерче басышып, бийликтин бардык баскычтарында биттерче быжырашты, байбичелери бриллиант билериктүү болушту.

Байлыгы бар бизнесмендер,Илияс Сексенбай. банкирлер бөжөкчө бөйпөӊдөшүп, Бакиевдик бийликтин буроосун бурашты. Бакиевдик бийликтин башкаруусунда базарларда баалар булутка барып, байкуш бурадарлардын баалардан белдери бөкчөйүп, Бакиев баш болгон бийлик «беспредел» боло баштаган. Бакиевчилердин бандиттик «беспределине» баш бербей бакырган билимдүү бир боорлорубуздун белдери бүктөлүп, батышка бозгунчулукка безишкен.

Буга байланыштуу Бакиевдик бийликти бузуу боюнча билими, байлыгы бар билермандар БЭК бирикмесине баштарын бириктиришти. БЭК Бакиевге бийликти борборлоштурбоо, бурадарлардын байлыгын бөтөндөргө бекер бербөө боюнча билдирүү-баяндамасын берди. Бирок, Бакиев бийлиги БЭКтин билдирүү-баяндамасына бучкакча баа бербей, бийликтин болгон басымын БЭКтин билерман-башчыларына буруп, бүргөлөр байырлаган барымтаканага бир-бирден бекитти.

Бакиевдик бийлик БЭКтин билерман-башчыларын бир-бирден барымтага бекиткенин билишкен бурадарлар Бакиевдик бийликке баш бербөөнү билдиришип, башаламандыкты башташты.

Буга буюгушкан бакиевчилер бийликти бербешин билдирип, борборубуз Бишкекте бейкүнөө балдарды бардаӊкенин бутасына бутап, бейпайга бөлөдү. Беткапчан бардаӊкечилер бүрккөн бейажалга бөрүдөй берендер бетме-бет барышып, баары бир Бакиевдик бийликти бузушаарын билдирип, болоттой бирдиктүү болушуп, буйткаларга бекинишпеди. Беткапчан бардаӊкечилердин бутасынан бүркүттөй, барчындай болгон берендерибиз, баатырларыбыз бүк болушту, бирок белдерин бүгүп байкуш болуп, башкесер бийликке бүкүрөйүшпөдү. Бакиевдин бийлигин Барсбектей болгон берендерибиз бир паста бычыратып, бузушту.

Бешим болгондо Бакиевдик бийлик барымтага бекиткен Бекназаров бульдозер баштаган БЭКтин билерман-башчылары барымтадан бошонушуп, бурадарларын бечарадай бүрүштүргөн, бийликке баш бербегендерди бандиттерге балталатып бийлигин бекемдеген Бакиевдик бийликтин бошогон бийлигин басышты.

Бакиевдин бошогон бийлигин баскан БЭКтин билерман-башчылары бейшембиде Бишкектеги банктардан баксыларды бөктөрүшүп, Бакиевдин байлыктарын байгедей бөлүшүшүп бырчылдашканда, Бакиевдик бийликтен бейажал болгон берендерди бир боорлору боздошуп бейитке беришти.

Башпрокурор болуп бекиген Бекназаров бульдозер берендердин белин бүктөгөн Бакиевди бакыртып байлаарын билдирген бышпаган баяндамаларын басылмаларга берди. Батыштын баалуулугуна боёлгон Башмыйзамды баарыбызга бүтүмдөп белекке бергени былтыр белгилүү болду.

Букалыгын, боксерлугун баяндаган башчы Бакиевди Белоруссияга боздуруп, Белоруссиянын батькасына биротоло белекке беришкен бүгүнкү бийликтеги башчыбыздын босогосун баягы Бакиевге бүгүлүшкөн бөкөчөлөр, былгытма бюрократтар байырлашты. Бул богооз бюрократтар бордолгон бодонун беш бармагына булоолонушуп, боконолору богоктой болкулдап, бүгүнкү бийликтин баалуу билермандары.

Бул баалуу билермандар бүгүнкү бийликте болгондугуна байланыштуу быйыл блатнойлордун босу болгон Батукаевди барымтадан бошотушуп, баарыбыздын бетибизге бир балакетти бүрккөндөй болушту.

Бүгүнкү бийликтеги Бурадарлардын Башчысы буларды билеби, билбейби бизге белгисиз, бирок баамымда Бакиевди Белоруссияга бездиргенге байланышы бар былгытма билермандарга башын байлаганы Бишкекте бир балээ болоорунан белги берет.

Божомолумда быйыл Бишкекте башаламандыкты, бийликке баш бербөөгө барууга, бунтту баштоого буктурмада бекинишкен бульдозердун, Бакиевдин бөлтүрүктөр бригадасы беленденүүдө.

Буга байланыштуу, Бурадарлар Башчысы башаламандыктарды болтурбоо, бөгөттөө боюнча Бузурманкул Бүркүтовичке белсемдүү буйругун берсин.

Байыркы бабаларыбыз бөлүнсөӊ бөрүлөр бөктөрөт, бириӊди-бириӊ басынтсаӊ башкалар балталаарын баяндаган. Биз бурадарлар байыркы бабаларыбыз берген баалуулуктарды барктап, бейыйман, баканооздордун балдай бабыраганына берилбей, башыбызды бириктирели.

Баяндалгандар боюнча бышыктасам, бүгүнкү бийлик башаламандыктарга бөгөт болуп, бейиштей болгон берекелүү Бишкегибиздин бактарында булбулдар байырлап, бешикте бөлөнгөн бөбөктөрүбүздүн белдери бек болуп, башаламандыктар болбой, балдарыбыз билимдүү, Бурадарлардын Башчысы баштаган биримдик башатынын багыты бараандуу- байсалдуу болсун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×