Кореядагы мекендештерибиздин абалы жакшы экен. Сүйүнүч жана сагыныч менен тосуп алышты, деп билдирди төкмө акын Азамат Болгонбаев «Баракелдеге».
Төкмө акындар Элмирбек Иманалиев менен Азамат Болгонбаев ушул жылдын 14-17-декабрына чейин Кореянын Сеул шаарында болуп, өз өнөрлөрүн тартуулап келишти.
«Кореяга элчиликтин чакыруусу жана ал жактагы кыргыздардын «Максат», «Биримдик» борборлорунун жана Кореялык «Жибек жолу» фондусунун колдоосу менен барып келдик», - А.Болгонбаев.
Элдик оозеки чыгармачылыкка басым жасалган концерт тик программа 1,5 саат болуп, кыргыз студенттери, эмгек мигранттары жалпысынан 150 адам күбө болушкан.