Добавить статью
7:40, 23 января 2014 16472

Кара-Кече тартипке келеби

Кара-Кече көмүр разрезиндеги «Шарбон», «АкЖол» деп аталган менчик жана Кыргыз көмүрмамлекеттик ишканасынын бул аймактагы «КараКече» филиалындагы көмүр казган ишканалардын арасынан ирилери гана болбостон жогорку калориядагы сорттуу көмүрлөрдү берген карьерлер.

Ушундан улам, кээ бир күндөрү тигил же бул ишканалардын кайсы биринин көмүр жүктөгөн оор техникалары бузулуп, иштебей калган күндөрү көмүр жүктөгөнү келген кардарлар улам көбөйүп олтуруп, кезек күткөн транспорттордун саны 200дөн 300гө чейин жетип, ишканалардын коопсуздук кызматынын көзөмөлүнө нааразы болгон фактылар бир нече жылдан бери көнүмүш адатка айланып калган эле. Жыл сайын мындай көрүнүштүн кайталанышы биринчиден тоо арасында ишканалар менен байланыштын жоктугу болсо, экинчиден колунда бийлиги барлар менен билегинде күчү бар криминалдардын да бекер акча жасаган акырына айланып, кезексиз көмүр жүктөгөндөрү мындагылар тарабынан айтылганы менен колдорунан кармап берген эч ким жок болгондугуна байланыштуу нааразылыктарды дайыма күчөтүп тартипсиздиктердин кайталанышынын угуту болуп турган десек мүмкүн жаңылышпасбыз.

Жогоруда белгилеп кеткендей, техникалык бузулуулардан же болбосо көмүр казып алуунун геологиялык технологиясы толуксакталбагандан улам пайда болгон, токтоп калуулардан кыштын кычыраган cуугунда он күндөп же жумалап кезекте туруп, ансызда бир машина кирип чыккан тар жолдо бири-бирине жол бербей кезек талашып бири-бири менен мушташкан тартип бузуулар сезон учурунда байма-бай болуп турат. Өткөн жылдын декабрь айында ушундай тартип бузуулардан улам милиция кызматкерлери менен конфликтке барган Жумгал районунун тургуну инфаркттан улам (дарыгерлердин чыгарган корутундусу) каза болсо, андан кийин ушул эле райондун үч тургуну техникалык коопсуздуктар сакталбагандыктан көчкүнүн алдында калып, үй-бүлөлөрү үчүн орду толгус кайгы алып келишти.

Көптөгөн жылдар менен чечилбей келе жаткан мындагы маселенин аягына биротоло чекит кою – албетте иштин бардык тарабын салмактаган же иликтеген убакытты жана чечкиндүү иш-чараларга токтогон чечимди талап кылары айтпаган күндө да белгилүү.

Андыктан өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов келген күндөн баштап Кара-Кечедеги башаламандыктарды тартипке келтирүүнүн үстүндө иш алып баруу менен акыбалдан чыгуунун жолдору боюнча өкмөт башчысына абалды тартиптештирүү боюнча сунушун берген.

Ооба, мындан ондогон жылдар мурдагы мезгилди айтпаган күнү да азыркы кылымдын байланышы жетпейтурган алыскы тоолордун арасында иштеп көмүр казып жаткан ишканалардын баарысы тең эле алган кирешелеринин чып-чыргасын жашырып жаппай мамлекетке маалымдап, тиешелүү салыктарын төлөп жатат десек эч ким деле ишенбейт.

«Ээ, айланайын шаардын чок ортосунда туруп иштеп жаткандар бир заматта көзүңдү будамайлап кетип жатканда байланыш жетпеген алыскы Жумгалдын тоолорунун ортосундагыларды айтпай эле койчу дешери да ыктымал. Айтмакчы, бир кездеги экс-өкмөт башчыларыбыздын биринин «бизде жалкоолор гана уурдабайт», - деген «учкул» сөзү эчак эле өлкөбүздөгү жалкоо эместердин рынок экономикасынын шартындагы психологиясынын дүйнө таанымын эчак эле балп эттире айттырып салган.

Айталы дегенибиз, ата-бабаларыбыз мурастап кеткен жергебиздеги бардык кен байлыктар биринчиден элдин, мамлекетибиздин байлыгы. Аны ким болбосун мыйзам чегинде иштеткенде гана нааразылыктар келип чыкпайт.

Мына ушул багытта биринчиден машиналардын тыгынын азайтуу, экинчиден аларга жүктөлүп кетип жаткан көмүрлөрдүн так эсебин алуу үчүнчүдөн тартип маселесин чечүү боюнча Нарын облусунун жащы жетекчиси мындан эки күн мурда Кара-Кече көмүр бассейнинде иштеп жаткан 6 ишканын облустук ички иштер башкармасынын облустук электр тармактар ишканасынын жана Жумгал районундагы айыл өкмөттөрүнүн ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен мындан ары Кара-Кече көмүр кесимин биротоло тартиптештирүү максатында маселени жеринде чечишти.

Тагыраак айтканда мындан ары көмүргө келген авто машиналар карьерлердин өзүндө тыгылышпай көмүр кесимдеринен 6-7 чакырым алыстыктагы аралыкта орун ала турган жайдагы посттон кезек- кезеги менен карьерге кое берилип турмакчы. Ушул эле постто салык, милиция жана карьердеги ишканалардын атайын өкүлдөрү тартипти жана өткөн машиналардын эсебин эки тараптуу тактап турушат. Ушул эле постто атайын тараза орнотулат. Айтмакчы посттун аймагынан кол телефондор кармайт. Демек, кайсыл кардар болбосун мурдагыдай жумалап кезек күтпөй өзүнүн үйүнөн эле тиешелүү карьерлердин посттогу өкүлдөрү менен байланышып, качан, кайсыл мезгилде келүүсүн тактап алат.

Мындан сырткары посттун өзүндө видео камералар орнотулуп, иштин жүрүшү күнү түнү менен жазылып турат.Ушундай шартта иш алып бара турган дагы бир пост Жумгал районунун Арал участкасына коюлмай болду.Ар бир постторго 40 тонналык эки контейнер коюлуп анын ичи тиешелүү денгээлде иштөө үчүн ынгайлаштырылат.Иш ушул жумадан башталып, эки жуманын аралыгында аяктайт.

Мына ушул иштердин баарысы тең мындан ары карай республикабыздын Түндүк аймагын таш көмүр менен камсыздап келе жаткан ири көмүр кесиминдеги баш аламандыктарды тартиптештирет деген үмүт бар

Ал эми жогоруда сөз кылган көмүр ишканаларынын ичинен «Шарбондогу» экскаватор чөгүп кеткендигине байланыштуу көмүр жүктөө токтоп адаттагыдай эле 200дөн ашык авто машиналар бул күнү Кыргыз көмүр ишканасынын кара кечедеги филалында кезекте туруптур. Өкмөттүн облустагы өкүлү кезек күткөндөр менен жолугушуп, башталып жаткан иш тууралу пикир алышты.Суроолорго жооп берди. Эгер чын эле иш ушундай болсо мындагы маселлердин бары чечилет эле дешти мындагылар бир ооздон.

Бүгүнкү күнгө Кара-Кече көмүр ишканасынын өкүлдөрү берген маалымат боюнча 100гө чукул машиналарга көмүр жүктөп жөнөтүшкөн.Эртещден баштап «Шарбон» карьеринин экскаватору кайрадан иштей баштайт дешти. Демек, буюрса мындан ары булл жактагы маселлердин көбүнө чекти коюларына аз калгандай.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-10-2014
Кара-Кечеде жумалап кезек күтүү болбойт
28898

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×