Добавить статью
7:03, 6 октября 2014 86984

«Курманжан датка» тасмасы мактоого арзыйбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева 2011-жылдын жаз айларында демилге көтөрүп, Курманжан датканын 200 жылдыгын белгилөө жөнүндө ошо кездеги президент Роза Исаковна Отунбаевага сунуш кылып, сунушу колдоо таап, «2011-жыл Курманжан датканын жылы» деп жарыяланат. «Курманжан датка коомдук фонду» Курманжан датканын 200 жылдыгына карата атайын иш-чараларды иштеп чыгып, Үгүт-кербен иштеринин жол картасын (маршрутун) бекитет. Иш-чаралардын алгачкы иштери түштүк жергесинен башталды.

Үгүт-кербен ишинин тобунда: жазуучулар, тарыхчы, журналисттер, акындар, ырчылар, комузчулар болушту. Карыя жазуучу - Жакып Медетов, сатирачы, акын - Жолочу Рыспаев, Жазуучулар союзунун ошол кездеги орун басары, акын – Нурлан Калыбеков, кинорежиссер, акын – Айтурган Темирова, жазуучу – Абдыманап Сариев, төкмө акындар - Шекербек Адылов, Курсант Нурматов, ырчы жигит – Кайрат Салмакеев жана мен бар элем. Үгүт-кербендин жүрүшүндө бүтүндөй түштүк, түндүк жергелерин түрө кыдырып, Курманжан датканын доорунда жашап, жасап өткөн коомдук-саясий иштери жөнүндө эл аралап, 200 жылдык маарекесине карата даңаза салынган. Үгүт-кербен иштеринин иш чаралары көздөгөн максатына жеткенин, «Курманжан датка коомдук фонду» белгиледи.

Ошо кезде бизди жетектеп кошо жүргөн ЖК депутаты Ж. Жолдошева: «Курманжан датка кинофильмин тартуу жөнүндө сунуш президент тарабынан колдоо тапты, фильмдин режиссеру болууга Садык Шерниязов белсенип жатат», дегенин бардыгыбыз укканыбыз менен, анчейин деле этибарга албаган чыгарбыз.

Анткени, элибизге белгилүү болуп калган атактуу режиссерлордун ысымдарына кулак көнүп калгандыктанбы, айтор кийинки кинорежиссерлордун ысымдарына көп деле маани-барк бербесек керек. 2012-жылдын август айында Алай тоолоруна уюшулган тарыхый экспедициялык топтун 6 кишиден турган мүчөлөрү Гүлчөдөн өтүп, Алай тоолорунун арасындагы Мургаш капчыгайы менен кетели деп, тоо арасында «Курманжан датка» кинофильми тартылып жатканына кабылдык. Жолдо эч кимди өткөрбөй, бийик ашуудагы авто унаа жолуна тосмо койдуртуп койгондуктан, алардын түшкү тамактануу убагындагы тыныгуусун күтүп калдык. Себеби, түштөнүү убагында гана жол ачылып, тасма тартылып жаткан учурда бейчеки адамдар жолто болот деп, элдердин нары-бери каттосуна тыюу салып коюптур.

Фильмге тартылабыз дегендер, өңчөй студенттер менен жергиликтүү жашоочулар. Аткаруучулар бир беткей Кокон доорундагы сарбаздардын кийимин кийишкен болсо, нары жагында кыргыз жасактары менен орус аскерлеринче кийинген, курал-жаракчандар. Көпүрөнүн эки тарабы тең жаштарга толгон. Аскалуу кооз капчыгайдын ичиндегилер режиссердун буйругун күтүп турушат.

Бир жагы Кокондун ийри кылычын кармаган курал-жаракчан сарбаздары болсо, экинчи жагында ар кандай куралданган кыргыз жасактары, алардын башка орус аскерлеринин желдеттери.

Буктурма уюштурулуп, аткаруучулардын кээ бирлери колдоруна жапалак арчаларды дүмүрү менен жашырынууга кармап алышып, улам жылып келип отура калышат, кыязы фильм жүрүп кармашууга камданып жаткандай. Көпүрөнүн эки жагына тең казандар азылып, оттор жагылган.

Мургаш тарабында чатырлар суу жээктей тигилген. Ж.Жолдошева айткан фильмди тартышып жаткан турбайбы дедим, мени менен кошо бараткандарга. Кино тартылып бүтсө буюрса көрөт турбайбызбы, деп бизди өткөргөн убакта унаабыз менен көздөгөн жерибизге кете бергенбиз.

Андан бери үч жылга жакын убакыт өттү. «Курманжан датка» фильминин бет ачаары өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө арналганбы үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү болду.

Көрөрмандарга азыркы күнгө чейин кинотеатрларда тынбай көргөзүлүп жатат. 2011-жылкы үгүт-кербен ишине башынан аягына чейин катышкан инсан катары, Ж.Жолдошеванын көтөргөн демилгеси акталганбы, кинофильм кандай тартылды болду экен деп, көптөгөн көрүүчү катары «Манас» кинотеатрына элден калбайын деп, үй-бүлөм менен барып көрдүм. «Бүткөн иштин ыры көп» демекчи, ар кандай ой-пикирлер бар, фильмди жактыргандары да бар, жактырбаганы да бар, айтор дагы деле болсо талкууда.

Фильм, кыргыздын тарыхында кылымдан бери кошо келе жаткан улуу касиетинин бири болгон манасчылык өнөр менен башталат. Манасты угуп отургандын ичинде кичинекей кыз Курманжанга манасчынын көзү урунат. Кичинекей кызга манасчы, келечеги жөнүндө көз ачыктык кылганы, андан нары тасма жолборс менен кошотолот. Манасчылык менен көзү ачыктык, кыргыздын өзүнүн табиятына таандык окульттук - эзотерика илиминдеги улуу касиеттер да унут калбаган.

Режиссер, ааламдын адам баласына белгисиз болгон улуу сырлары тоо арасында жашаган кыргыздарда укумдан-тукумга кан аркылуу өтмө катары өтүп, берилип келгенин айткысы келген.

Анда, кыргыз элинин улуу тарыхы, анын дүйнө таанымы, ырым-жырымы, нарк-насили, үрп адаты, учурашуу, көрүшүүсүн бергенге аракеттенет. Фильмде көрүүчүнүн оюу удургуп, каармандары менен кошо жашап, жашоо тарыхында шамандык, бүбү-бакшылык ырым-жырымдар кыргыздарга таандык экенин эске салат.

Көрүүчүнүн көңүлү колу байланган татынакай кыргыз келинин бир канча коштогон адамдар суу жээкке алып келип, бузулган аял заты катары даракка байлап, таш бараңга алууга буюрулган келинге бурулуп, ага аёо сезими жанданат. Алымбек датканын ат бастырып келишинде, ал эмне дээр экен деп, бечара келинге көрөрмандын боору ооруп, демин ичине тарттырат... Алымбек датканын келинди ташбараңга алдырбай токтоттуруп коюушу, анын зиректиги, аял затынын улуктугун жогору баалашы, сыйлай билгиле деген белги катары жана шариятта куран китебин жакшы билгенин көрсөткөндүгүндө. Датка күнүмдүк турмушунда, динчи чала молдолорду өз көзү менен көрүп, билип жүргөндүктөн алардын чечимин жокко чыгарат. Мында, аял кишини ташбараңга алуу чечими эки кишинин айтуусу менен эле бүтпөсүн, адам тагдырынын ичинен, аял тагдыры өтө татаал экенин, ага акылмандык менен мамиле жасоо философиясы камтылган.

Келинди бошоттуруп, режиссер экранда датканы далысын салдырып, атын бастыртып жибериши бекер эмес. Алымбектин далысын салыш образы, аркадагылар ойлонгула, али астыда ойго келбеген далай иштер жатат. Бизге эрендерди төрөп берчү аялдарды ташбараңга алуу, жеткен акмакчылык. Аялдар үйдүн куту, ылдый болсок өбөк, өйдө болсок тирек. Алыс кетсең таяныч, тиренчиң, балдардын энеси, тарбиячысы, силер аны билип койгула, деген ойду айткандай.

Режиссер, фильмдин ушул жерин сөз менен коштотпойт. Анткени ойлонто турган жер бар. Бир ууч эл бири-бириңер менен ынтымакта боло албай жатканыңардын өзү, түбү жакшылыкка алып келбейт, деген образдуу ойлор менен бере алган.

Алымбектин образы менен ошол доордогу турмуштун чала сабат молдолор элдин ынтымагына доо кетирип, элдер ыдыроого дуушар болгонун айтайын дейт. Туура эмес чечимдин айынан уруу-уруу жашаган кыргыздардын арасында бөлүнүп жарылуулар, касташуулар, чабышуулар болгонун көрө билген Алымбек датканын ташбараңды жокко чыгарышын ынтымактуулукка чакыруу деп түшүнүүгө болот. Бир тараптуу шуулданган мансапчыл, дүнүйө үчүн бөрк ал десе баш алган кошоматчы Чотонго окшогондор азыркы учурда да бар деген философия жатат. Анткени, ошол доордо Фергана чөлкөмүндөгү диний идеология бир жактуу болуп, акыйкат үчүн талам талашкан элдердин күрөшү жокко чыгып, жүрөк үшүн алган мыкаачылык чечимдердин айынан канчалардын бей күнөө баштар кеткенин көрсөткүсү келген. Адилетсиз заман бийлиги, кошоматчы дин кызматкерлери, динди бетине кармап шариятка шылтоолоп, аял затын кордоп, укугун басмырлап, ырайымсыз чечимдерин чыгарып келгенин режиссер Алымбек датканын образы аркылуу чагылдырат. Фильмде ташбараңга алуу астында, адамдар ооздорун жаап, жүрөктөрү түшүп турган болсо, экинчи жактан ташбараңга алуучулар мындай чечимге макул болбосо да, эптеп ташбараңга алды сыяктанып чүкөдөй таштарды жерден араң алса, бирин-эки гана адам чоң таштарды колуна кармап, чындап урмак болгондордун образдары берилген. Ушул жерде олку-солку болуп тургандар датканын ырайымына таң калат. Аргасыз тургандар, туура кылдың дегендей ой калтырса, ырайымсыздардын жаагы жап болуп, датканын чечимине көрө албастардын нааразы болуу сезими жеткиликтүү образдар менен бекемделген. Ташбараңга буйрулган аялдын ажалдан куткарылышы каармандар тарабынан Алымбекке ыраазы болгону байкалса, кошо келген Курманжандын Алымбекке таң калуусу, ыраазы болуу образын актриса жеткиликтүү бере алган.

«Курманжан датка» фильми өтө көп темалуу, көп образдуу: өктөмчүл бийлик, кошоматчылык, көрө албастык, чыккынчылык, нарк-насил, каада-салт, ата-эне, сүйүү деген эмне, эр деген эмне, эрен деген эмне, улуу тарыхтын дүйнө таанымы – теңирчилик, улуу касиети, ыйык (сокралдык) дүйнө, шамандык, диний көз караш жана башкаларга өтө бай. Курманжандын ата-энеси кыз кезинде эле кудалап койгон. Кийин бойго жеткен убакта болочок кудалаган күйөөсүн көрүп, таш бараңдагы Алымбек менен салыштырат. Көрүүчү, кыздын күйөөсүн көргөнгө ашыгат. Экрандан көрүнгөн күйөө жигиттин образын кыз жактырбагандай эле кабыл алат. Ата-энеси кудалаган жерге Курманжан күйөөгө чыкпоосун өзүнүн энесине билдирет. Энеси ата-салты күчтүү болоору, ата-эненин эркинен кыз баланын аттап кетпөөсү, салт өйдө болоорун, кызынын жактырбаган адамына барбасын айтып ыйлаганы, эненин жүрөгү кызы үчүн күйүп турса да, баары бир кызын күйөөлөгөн жерине барышын, ата-бабадан келе жаткан улуу салтты бузбашын суранат.

Курманжан өзү каалабаса да, кылымдап келген ата салтын аттап кетпей, ата-энесин сыйлаган кыздын аргасыздан макул болуусуна көрөрман образ менен кошо жашайт. Курманжан барган жеринде, эр деген эмне, эрен деген эмне экенинин жакшы түшүнөт. Кудалап алган күйөөсү, колуктуусуна бөлөк эркектин аңги болгонго жасаган аракети, ага тийген эринин эрендик кылганга татыксыз экенинен Курманжан эрин чанып кете берет. Курманжандын жаш да болсо акыл-ою жеткелең аял заты катары, тийген күйөөсү өзүнүн теңи эмес экенине көзү жетип, келечекте анын тагдырын эмнелер күтүп турганын билбейт. Фильмдин башында көрсөтүлгөндөй, адамды ыйык (сокралдык) дүйнө колдоп, коштоп жүрөр касиетине ээ экенине, колдоочусу «жолборс» экенин берген. Жолдун алысы, кооптуу экенине карабай, алыскы тоолордогу ашуу-белдерди ашып, аман-эсен ата-энесинин төрүнө уят-сыйытка бел байлап келет. Колдоочу жолборсун режиссер фильмде ээрчитбесе да, көрүүчү туя билет.

Курманжандын аялдык аруу, ыйык сүйүү сезимин бийлеп алган Алымбекке жолугуп, кийинки өмүр тагдыры аны менен ширелип, жашоосу бирге болот. Сүйүү темасынын ажарын режиссер Курманжан Алымбек менен баш кошкон убакка туура келтирет. Сүйүү менен баш кошкон эмне экенин, ал кездеги кыргыз аялынын өз тагдыры үчүн күрөшү, ой мүдөөсүнө жетиши, ошол доордун аялы үчүн азаттыктын башталышы, аял затынын элине, жерине кандай кызмат кылагандыгын чагылдыра алган. Алай жергесинде эки түгөйгө элдер кандай мамиле кылгандыгы, жашоо шыбагаларына Кокон кандыгынын мезгил-доору туш келет. Бири элим деп жүрүп кыска өмүр сүрсө, экинчиси эри менен балдарынын азабын тартып, элинин кызматына жарап «даткалык» даражага жетип, узак өмүр сүргөндүгү жөнүндө фильмдин баянында камтылган.

Курманжандын, өмүр менен өлүмдүн аралыгы канчалык болорун, арам ойчулардын колунан өлгүчө өзүмдүн өлгөнүм артык деген философиясы бар. Душмандарынын куугунуна кабылганда, атчан качып, бийик аскадан дарыяга ат-баты менен бой уруп түшүшү, анын жүрөгү жолборстун жүрөгүндөй экенин, бекер жерден колдоочусу жолборс болбогонун ушу эпизоддо көрсөтөт. Анын бийик аскадан учуп дарыяга түшүп, аман калышы, режиссердун мыкты табылгасы дешке болот.

Алымбек менен Курманжандын образдары аркылуу кыргыздардын ошол доордогу турмушун бере алган. Бухарынын эмири менен Кокон кандыгынын кайым айтышуусунда, Бухара эмиринин Алымбекти кадырлоосу да бекер эмес. Анын аркасында, Кокон хандыгынан кыргыздардын алыстоосу, хандыктын алсыздыгына алып келет. Орустун оторчулары Кокон хандыгын тез эле каратып алганы, фильмдин жүрүшүндө жакшы көрсөтүлгөн. Көчмөн кыргыздардын улуу тарыхы менен маданияты чагылдырылып, кыргыздардын тамгалары менен кол жазмалары ушундайча жазылган, бөлөк элдер менен ушундайча кат аркылуу алака, мамилелери түзүлгөн, деген байыркы элдин эс тутумун козгоп, азыркылардын эсине салат. Мында, кыргыздын жазмасы болгон эмес, тарыхы тайкы, караңгы эл болгон, кечээ эле орустардын оторчулук доорунан кийин гана тамга жазганды, окуганды үйрөнгөн, маданияты көтөрүлгөн, деген бурмаланган тарыхтын идеологиясына туура жооп берген дешке болот.

Ала-Тоонун арасы, кооз жайлоолору менен аска-зоолору, карагай-кайыңы, боз үйлөрү, жасалгалары, жылкы жандуу кыргыз турмушу, кымыз-сабалары, жыгач идиш аяктары жана мейман достугу ж.б. бир элдин экинчи элге көз каранды болуп жашоосу кандай, бир эл экинчи элдин кыйноосу менен эркинде жашай алабы, деген суроого жооп издеген.

Эркин жашоо деген эмне, анын даам-татымы кандай, келечеги кандай. Мында, Алымбек аркалык кыргыздарга чейин келип Жантай ханга, анын уулу Шабдан жана башкаларга жолугушуусу менен кошотолсо да, баары бир Кокон хандыгына нааразычылыгын жеткире албай кайра элине келет. Акырында өзүнүн элинен чыккан көр албас, кошоматчы, мансапчы Чотондун колунан башы алынат.

Алымбек датканын өз учурунда жүргүзгөн саясаты акыры туура болгондугу, бөлөк эл, бөлөк жердин оторчулук саясатынын аркасында ынтымагы жок элди кантип басып алууга болору,

оторчу-баскынчыларлар эл менен эсептешпей өз билгендерин жасаганынын айынан канча деген эр азаматтардын замбиректердин огуна учуп, эрендердин жаны кыйылды. Талап-тоноочулук өкүм сүрүп, өз жерине ээ боло албай оторчуларга баш ийип бериши, Кокон бийлигинин түпкү келечеги жок экени жана анын кулашы, орус оторчулардын келиши менен аякталганы фильмде жеткиликтүү берилген.

«Бирөөгө ор казсаң терең каз, өзүңдүн түшөрүңдү унутпа», дегендей Алымбекке кылган кыянатчы адамдын эч кимге кереги жок экени, эртеби-кечпи өзүлөрүнүн тагдыры ошондой болуп бүтөрүн образдар менен көрсөтүлгөн. Фильмдин кульминациясы, Кокон хандыгынын жасоолдору тоолук кыргыздарга чабуул коюшу, кыргыздар тоо арасында качып келе жатканда астыларынан Курманжан датка чыгып: «Кайда качасыңар! өз жериңерди бөлөк элге бастырып коюп, кайда барып жан сактайсыңар, Манас атанын урпактары деп силерди ким айтат?!», - дегенде качып келе жаткандардын сести кайтып, кайрат алып, кайра жоого кирип ал жерден жеңишке жетишкени Курманжан датканын намыстуу эне, аял заты катары көрсөтүлгөнү режиссердун ойчулдугу дешке болот. Балким, Курманжан датка антип айтпаган чыгар. Бул эпизод, режиссердун ой толгоосу болгону менен көрөрман көзүнө жаш алат. Жаштарды патриоттуулукка үндөйт.

Фильмде эки жүздүү каарман Сарымсактын образы бар. Ал мурда Кокон хандыгына кызмат кылып, кыйчалышта жол тапкан эки жүздүү суу жүрөк, кийин орус оторчуларына өз элинин мыктыларын бирден саткан саткынчылык кызматы менен жан сактайт. Алымбектин балдарынын бири Абдылдабекке да чыккынчылык кылат. Орустарга чыккынчылык кылган кыргыздардын айынан Абдылдабек туруштук бере албай, кыш мезгилинде өз жигиттери менен жер ооду болуп, Ооган тарапка кетет. Кыштын ызгаардуу күнүндө мекенин сүйгөн жигиттери менен Абдылдабектин бир чыйыр жол менен атын чаап кетиши, оторчуларга мезгилдин ызгаардуу күнү да келе жатат деген ойду кыштын көрүнүшү аркылуу бере алган. Кыргыздын Чотончулары, Сарымсакчылары дагы деле болсо коомдо жашап келе жатканын, ошондойлордун айынан ынтымак кетип, эл бөлүнүп жатат, деген ойду фильм аркылуу айткысы келген.

Орустардын оторчулук мезгилинде бири-бирин алмаштырган бийликте, баары бир жакшылык болбосун, жергиликтүү элдердин каада-салты менен эсептешпегени, өзүм билемчилдиги фильмде коштоп жүрүп отуруп, падышачылык саясатчы, баскынчылардын кыргынга алып келгени чагылдырылган. Камчыбектин үй-бүлөсү менен кошо жол жүрүп бараткандарды чек арачы орустар кармап алып, апийим шылтоосу менен кур жалаа жаап, талап-тонойт. Камчыбектин колуктуусунун чачын кесип, маскаралоосу салтка сыйбаган иш экенин көрөбүз. Кыргызда аял кишинин чачы узун болгону, аялдын узун чачын кесип салуу, минген атынын куйрук, жалын күсөп салуу илгертеден бери салтка сөкөт келтирүү делген. Мейли үй-бүлө болобу же уруу, урук болобу кемсинтүү, шерменде кылуу катары саналган.

Оторчулардын мындай шылдыңы ата-баба салтын бекем туткан, даткалык даражанын тарбиясында өскөн Камчыбектин жанын кейитип, намысына тийген. Чыдабаган намыстуу

Камчыбек оторчу бийликтин чек арачыларынан өч алган. Орус төбөлдөрү өз күнөөлөрүн териштиргендин ордуна, тескерисинче жергиликтүү элге кыргын салат. Алайлык кыргыздардын оторчулар менен кармашы эки жылдан ашык созулуп, оторчулардын төбөлдөрү жумурткадан кыр издешет. Кокон кандыгын тез арада кулатып, эки жылдан ашык тоолуктарды багындыра албагандыгына тынчы кетет. Айла-амал таап, Камчыбекти карматып дарга тартууга Курманжан датканы чакыртат.

Бул жерде тынчтык менен согуш маселеси турганын Курманжан датка да, оторчу бийлик да жакшы түшүнгөн. Курманжан даткага орус төбөлдөрү суроолуу пикирде болгон. Кыргыз ханышасы кайсыны тандайт болду экен? Ат бастырып келген Курманжан датка тынчтыкты тандап, канынан жаралган баласын элинин кызыкчылыгынан өйдө койбогонун фильмдин экинчи кульминациясы дешке болот. Курманжан даткага бала бирөө болсо, оторчулардын көксөгөн максатын таш каптырып, кырыла турган элдин арасында да өзүнө окшогон энелердин канча деген көз жашы менен кырчындай болгон келечекте тукум улоочу жаш жигиттерден айрылары, улуу ойдун философиясы катары карап, фильмдин мыкты баяны дешке болот. Көрө албас, кошооматчы, мансапчы, сабатсыз чала динчилдердин айынан ынтымак ыдыраган. Ынтымагы кеткен элди ички да, сырткы да күчтөр кантип басып аларын Кокон кандыгы жана кийинки орус оторчуларынын тушунда көрүндү.

Кийин XX кылымдагы 1902-жылдын жай айларынын биринде алыскы Финляндия менен Франциядан келген саякатчылар: Монергейм жана Поль-Польё 92 жашка чыккан Курманжан даткага жолугуп, маектешип сүрөткө тартып кетишет. Буларга карата Курманжан датканын көз ачыктык кылып айткан жери бар.

Чынында эле ошондой болду, алардын ошо кезде жазган эмгектери менен тарткан сүрөттөрү дүйнө элдерин кыдырып, алигиче жашап келгени фильмдин соңунда кыскача баяндалат.... Негизинен алганда, фильм айтарга арзырлык болуп тартылган... Мен фильмде ойногон актерлор менен актрисалардын тигиниси тигиндей ойногон, мунусу мындай ойноп

койгон деген ойдон такыр алысмын. Фильмдеги негизги каармандардын образы менен эпизоддук рольдорду колдорунан келишинче ойношкон. Кыргыздын тарыхый фильмдеринин мыктысы, мактоого татыктуусу дешке болот. Фильмди тарткан кино режиссер - Садык Шерниязга, кино операторлук топко, ага катышкан актер, актрисаларга, сценарийди жазгандарга жана демилгечи КР ЖКдепутаты «Курманжан датка коомдук фондунун» төрайымы Жылдызкан Жолдошевага чыгармачылык албан ийгиликтерди каалап, бар болгула дегим келди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2016
Такталбаган тарыхый шаарды тактап алсак болобу?
145151

25-02-2015

«Улут, ѳз тагдырын ѳзү чечет» деген юрист

Эскерүү

139673

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×