Добавить статью
5:10, 27 ноября 2014 102063

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...
(уландысы)

(уландысы...)

Кулмендеевдин кулкунуна канча миллион “кур” эткен?

Жогоруда эски бийликтин тушундагы болуп келген ботколорду жаздык. Эми революциядан кийинки өзгөрүүлөр тууралуу өзүнчө кеп кылалы. Гезитибиздин өткөн сандарында Таалай Кулмендеевдин “Кыргызфильмди” кантип башкарганын жана кантип талкалаганын учкай жазганбыз. Терең казсак, көптүгүнөн улам, чекебизден тер чыга түшчүдөй. Буга чейин белгилүү болгон жана али белгисиз боло элек акылсыз иштерин ирети менен санап берели. Киночуларга эмес элге жакпаган иштери төмөнкүдөй: “Кыргызфильм” киностудиясындагы Убукеев, Океев, Садырбаев ж.б. атактуу режиссёрлор тиккен заңкайган бактардын көбүн: “аллергия болуп жатам” деп кыркыттырып салганы, андан тышкары киностудиянын кире беришине Океев акскалдын тактайчасын сүрөтү менен жасатып, анысын шылдыңдагансып Гайдайдын киносундагы Шурикке окшотуруп койгону...

Бул артык кылам деп тыртык кылган эки гана иши. Андан тышкары, эски киностудиядагы автостянкадагы коррупция, күйөө баласы Исакуновго арзан ижарага берип, анысы 1 жылдан бери ижара акысын төлөбөй качып жүргөнү да өзүнчө көп сөз. Эми Кулмендеевдин бейнесине беш ооз сөз.

Өзү кино тармагында жаркырап көрүнгөн инсан эмес. Элдин эсинде калган бир да киносу жок. Эптеп аралашып жүргөндөрдүн катарында десек болот. Ал 2010-жылы “Кыргызфильмге” жетекчи болуп устаты, арты абдан “булганган” Бакыт Карагуловдун аркасы менен келген. Билгендер Бакыт мырза, Кулмендеевди өзүнүн артын чукубай, тескерисинче тазалайт деген ишеним менен алып келген дешет. Чынында Кулмендеев анын ишенимин актап, анын коррупциясын ачыкка чыгарбаганга жакшы эле аракет көрдү. Бир эле мисал айталы. Гезитибиздин өткөн санында Карагуловдун “жеп” койгон 10 млн. сому тууралуу ооз ачпай, аны колдон келишинче унуткарып келди.

Мунун да бир себеби бар. Анткени, Кулмендеев өзү чарбага жок жетекчи экенин көрсөтүп, “Кыргызфильмдин” анча-мынча чарбасын чакчалакейин чыгарып, такыр эле чачып салганын кан какшап айтып келатабыз. Аны ушундай ишке болгон шалаакылыгынан улам бул кызматтан жалпы киночулар 2012-жылы эле кетирүүгө аракет кылышканы маалым. Бирок Таалай мырза, аларга ар кайсы шылтоону айтып: “ана кетем, мына кетем” деп тил эмизип келген экен. Акыры мындан эки айча мурун, “Бул кызмат саясатташып кетти” деген шылтоо менен журналист журтчулугуна конференция өткөзүп, кызматынан четтегенин жар салды. Албетте, анын “Кыргызфильмдин жетекчилик кызматы саясатташып кетти” деп, өзүнүн кадыр баркын чоң саясатчыларга теңегиси келгени бери дегенде күлкүнү келтирет.

Андан көрө: “Менин колуман жетекчилик иш келбейт экен, көп ката кетирдим” деп жигитче чын сөзүн айтса болмок. Дагы бир акылга сыйбаган калпы мындай: “Кыргызфильмди” мен жетектеп турганда кыргыз киносу укмуш өнүктү” деп оозу-мурду кыйшайбай айтканы болду. Чынында, кыргыз киносун “Кыргызфильм” киностудиясы, же аны 4 жылга жакын жетектеген Кулмендеев өнүктүрүп жиберген жери жок. Мисалы, аталган киностудия бир жылда ашып кетсе 1 же 2 толук метраждуу кино тартат. Ал эми айына ондон ашык кино тартылып, кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан көрүнүш негизинен жеке режиссёрлорго таандык. Ал эми айрымдар аша чаап, ары-жак бери жагын билбей, Жылдыз Жолдошеванын ысымына байланыштырып айтып жатышкан “Курманжан датка” киносун Жолдошева тарттырган жок. Чынында ал киши Курманжан датканын даңазалуу атына жамынып, өзүнө упай топтоп күн көрүп жүргөнүн жалпы эле жакшы билет. Ал тарыхый кинону тартууга мамлекет казынадан өзүнчө 60 млн. сом бөлүп берип, кинону Садык Шернияз азабы көп арбын эмгек менен тартып бүттү. Кулмендеев болсо Жолдошеванын көзүнүн агы менен тең айланып, кинону аягына чыгарууга акча жетпей жатса, ага: “кинонун продюссери, эмгеги өттү” деген шылтоо менен 300 миң сомду мыйзамсыз берип салганын буга чейин жаздык эле. Бирок ал кылмыш иши экенин укук коргоочулар айтышкандан кийин Жолдошева 300 миңди артка кайтарып берип, абийри жабылган болчу. Албетте, Кулмендеевдин бул ишке түздөн-түз тиешеси болгонун дагы бир жолу айталы. Бирок жогоруда айтылган жагымсыз иштердин баарын Таалай мырза өзү жалгыз жасады дегенден алыспыз. Себеби, ал табиятынан коркок дешет. Анын “куурчак” сымал ойноткон департаменттин башчысы Бектеналиев менен министр Раев эмеспи. Кыскасы, Таалай мырзаны таза, укмуш иштеди деп мактагандарга, биз медалдын экинчи бетин оодарып көрсөттүк окшойт.

6 млн. сом менен кимдин “ташы тоголонот”?

Эми кайрадан кинолор тууралуу кеп козгойлу. “Кыргызфильм” киностудиясы 2010-2011-жылдары (кыска метраждуу кинолорду эске албаганда) толук метраждуу кино тарткан жок. Эмне себептер менен тартылбаганы белгисиз. Канча акча каралганы тууралуу да толук маалыматыбыз жок. 2012-жылы: Темир Бирназаровдун учурда орустардын “Оскары” деп эсептелген “Ника” аттуу сыйлыгына башкы талапкер болуп жаткан “Кумарына” 1,5 млн. сом, Эркин Салиевдин чет мамлекеттерден сыйлыктарды жеңип алган “Ханыша Назигине” да орто эсеп менен 1,5 млн. сомго чейин акча бөлүп берген.

2013-жылы Кинодепартаментке 33 млн. сом каралып, анын 17 млн. сому “Кыргызфильмге”, 1 млн. сомдун тегерегиндеги акча Кинопрокатка бөлүнгөн экен.

Бул корруциялык эң чоң мекеме. Кылган иши белгисиз.

Калган ( болжол менен ) 15 млн. сомду кинодепартамент каяка жана эмне иштерге сарптады? Бюджеттен сырткары, шаарыбызды ижарага берилген кинотеартлардан түшкөн каражат кайда кетип жатат?

Буга жетекчи Мукталы Бектеналиев деле жеткиликтүү жооп айта албаса керек. Айтат, бирок анын сөзүндө айрым чындык “унутта” калышы толук мүмкүн. Себеби, ал киши ошентип “секиртип, секиртип” сүйлөгөндү мыкты өздөштүргөн жан эмеспи. Муну өзү деле анчалык абийирине камчы салып, танып кетпестир.

“Кыргызфильмди” Пейилди кенен коюп ал акчанын 5 млн. сомун айлык ж.б. чыгымдарга чыгарып таштайлы. Калган 12 млн. сомго канча кино тартылган деген суроого жооп издейличи.

Биз билгенден Марат Сары уулу тартып жаткан “Садок” аттуу киного 2 млн. 500 миң сом бөлүнүп берилген. Нурлан Абдыкадыровдун казактар менен биргелешип тартып жаткан “Кыргыз-казак бир тууган” деген киносуна көмөк көрсөтүп 1 млн. сом бөлүнгөн. Негизи бул кинонун бюджетинин 90-95 пайызы режиссёр менен казактарга таандык экен.

Дагы бир эч ким билбеген кызыкты ачыкка чыгаралы, “Кыргызфильмдин” мурунку жетекчиси Кулмендеев менен департаменттин жетекчиси Бектеналиевдер буга чейин майда кинолорду тартып жүргөн, бир да чоң кино тартып көрбөгөн жаш режиссёр Дамира Тилекбергенованын “Тоголонгон таштар” деген киносуна 6 млн. сом бөлүп беришкен. Анын бул киносунун сценарийи жана аны тартууга бөлүнгөн акча Көркөм кеңеште кызуу талкууга алынып, акыры талаш-тартыш менен жактырылды болуп, өтүп кеткен. Эске сала кетсек, мындай чоң акча бери жагы он беш жылдан бери “Кыргызфильмдин” ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүргөн Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат сыяктуу атагы алыска кеткен чоң-чоң режиссёрлордун бирине да кино тартуу үчүн бөлүнүп берилген эмес. “Таанышың болсо, таңкасың” деген ушу эмеспи. Эми Дамира айым ишеничти актап “Тоголонгон таштарын” элге жаккыдай сапаттуу тартып бүтсө болгону, кокус 6 млн. сом башка жакка тоголонуп кетсе, анда эле чоң чатак чыгары турган иш да.

Мамбетакуновдун 500 миң сомго тарткан “Керээзи”...

Мындан башка толук метраждуу чоң тасмалар тартылган эмес. Толук санын билбейбиз, бирок аз акча сарпталган бир нече кыска метраждуу жана даректүү фильмдер тартылды. Маселен андай кыска метраждуу кинолордун катарында Кыргыз эл артисти Молдосейит Мамбетакуновдун “Керээз” (Биринчи коюлган аты “Сезим”) аттуу киносу бар. Бул адам Акаевдин учурунда: “ Майрам Акаеванын оператору” деген атка конгон жайы бар. Кийинчерээк: Кыргыз эл артисти” жана окуу жайда профессор деген наамды алууга жетишкен. Чынында Мамбетакунов ал 23 мүнөттүк “Керээзди” 150 миң сомдун тегерегинде тарткан экен. Башында бул кинонун “Кыргызфильмге” эч кандай тиешеси жок болгон. Бирок кайсы мезгилде экенин ким билсин, айтор бир кезде эле “Кыргызфильм” киностудиясынан тартылды болуп, ага кеткен жалпы чыгым 500 миң сомду чапчыганы тууралуу “ысык” маалыматтар чыкты. Биз мунун чоо-жайын тактап көрсөк мындай экен: кыязы Кинодепартаменттин жетекчиси Мукталы Бектеналиев менен “Кыргызфильмдин” экс-жетекчиси Таалай Кулмендеев режиссёрдун макулдугу менен “Керээзди” “Кыргызфильмдин” өндүрүшүнөн чыккан кино катары (отчётто айтканга жакшы да) көрсөткүсү келишсе керек. Айтор, “Кыргызфильмдин” Көркөм кеңешинен, анын жетекчиси жана мүчөлөрүнүн кароосунан өтпөгөн бул кинонун жалпы чыгымы 500 миң сом болду деп жарыялашкан. Ошондо ортодо бул киного эч кандай сарпталбаган 350 миң сомду жөн эле кошуп коюшкан. Кыскасы, ушул айдын башында Молдосейит Мамбетакунов тарткан “Керээз” аттуу 20 минуталык фильми, сынчыларга, жалпы эле киночуларга “Кино үйүндө” көрсөтүлдү. Бирок көргөндөрдүн көбүнүн көңүлүнө толбой, жактырбай чыгышканын уктук. Жактырбагндардын арасында КРнын Баатыр Бексултан Жакиев да бар. Ал эми режиссёр Мамбетакунов өзү тарткан киного кандайча 500 миң сом кеткенин кийин укса керек. Балким Бектеналиев менен Кулмендеевдин сунушу менен башында эле макул болгондур, ким билсин. Ошентип, ушул кезде Бектеналиев менен Кулмендеев “Керээзди” “Кыргызфильмдин” толук эсебине өткөрө албай, ага кеткен ашык акчаны мыйзамдаштыруунун амалын издешип, артын жаба албай азапты жеп жатышканын эшиттик...

Уурдалган 46 миң жана 94 миң. доллардын изи чыкпай калабы?

“Кыргызфильм” киностдиясындагы коррупцияны тайыз эмес, терең, аз эмес кенен жаздык окшойт. Бирок айтыла элек, ар кандай маселелер али да түгөнүп кала элек. Гезитибиздин өткөн санында “Кыргызфильмдин” мурунку жетекчиси Бакыт Карагуловдун коррупциялык иштерин иликтеп жазыфп, бүттү клганбыз. Бирок биз менен сиз билген бир жагымсыз иши көңүл сырттанда калып калыптыр. Эмесе ошол тууралуу эки ооз сөз.

Карагулов мырза, “Кыргызфильмди” каалагандай калчап, ошол кездеги бийлик төбөлдөрү Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевдерге колунан келишинче жагынып турган учурда киностдиянын имаратынын ичинен чыныгы баасы ашып кетсе 15 миң доллар турган видеокамера уурдалды деген маалымат коомчулукка дүң дей түшөт. Бирок жетекчилик ал видеокамеранын чыныгы баасын айтышпай, жетекчилер жанын сабашып: “ 46 миң. доллар турган жалгыз камерабыз уурдалды” деп маалымат таратышкан. Себеби, ал камера уурдалганда ого бетер кубанып, мурда эсеби чыкпай жаткан акчаларды, буюмдарды уурдалган камеранын баасына кошуп атышып, анын баасын 46 миң долларга чыгарып коюшкан экен. Анан да уялбай, ал камеранын растаможкасына кеткен чыгымын 34 миң долларга чейин чыгарып жиберишкен. Бул эми күлкү келтире турган сөз да. Камера өзү 10 миң доллар турса, анын растомажкасы 34 миң долларды чапчып кетеби? Же эмне ал камераны чет өлкөдөн эмес, космостон алып келишкенби? Чынында ошол уурдалган акча жетекчилердин жеп ичкен далай “косяктарын” жаап кетсе керек. Айтор, ал жагын деле терең изилдеген адам жок. Укканыбызга караганда камера уурдалбай эле арендага берилип кайра берилбей калган дешет.

Кыскасы, Карагуловдун мындай жомогуна өзү эле ишенбесе, эч ким ишенбейт? Бул боюнча ИИМ өз учурунда кылмыш ишин козгогон. Бирок уурулардын изи ушул кезге чейин табылган жок. Ал камераны ким уурадашы мүмкүн? Албетте, сырттан келип чоочундар уурдабайт да. Ошол “Кыргызфильмдин” имаратын коён жатагына чейин билген кино тармагынан анча алыс (балким чыныгы киночудур) эмес, адамдар уурдап алып, пайдасын ушул кезге чейин көрүп жүргөндүр. Бул жерде ИИМдин из кубарлары да шалаакылык кылышкан. Суракты катуу жүргүзүп, болгон ишти ийне-жибине чейин иликтеп койсо эчак ачыкка чыкмактыр...

Эми элибиздин эсине ошол 46 миң долларлык уурдалган камерага окшош, дагы башка бир чоң сенсациялуу окуяны эсине салалы. Ал чырлуу окуя Киноматографисттер союзуна тиешелүү. Аталган союздун ал кездеги төрайымы Гүлсара Ажыбекова болгон.

Алгач биз сөз кыла турган 94 миң доллар Ажыбекованын колуна, тактап айтканда үйүнө кандайча туруп калганын айталы. Жаңылбасак 80-жылдары Москвада СССРдин курамындагы 15 республиканын кинематографистер союзу Москвадан жер алышып, чоң имарат салышып, Кино борбор ачышкан. Союз тарап кеткенден кийин ал Киноборбор 15 республиканын Кинематографисттер союздарынын менчигинде калган. Мурдагыдай иш жүрбөй калгандыктан аны орустар италиялыктарга ижарага беришкен. Алар ал имаратта өз бизнесин жүргүзүшүп, чоң суммадагы акча төлөп турушкан. Ортого түшкөн акча 15 республиканын Киноматаграфисттер союзуна тең бөлүнүп турган. Болжол менен ар бир союзга 10 миң доллардан кем эмес акча түшүп, ал акчаны Киноматагрфисттер союзу ар кандай иштерге жумшап келген. Кайсы жылы экенин билбейбиз, айтор кийинчерээк Москвадагы ал Киноборбор сатылып кетет. Кыргызстандын үлүшүнө деп 94 миң доллар (ал кезде бул акча абдан чоң акча болгон) которулуп келгенде, ал акчаны ошол кездеги төрайым Г. Ажыбекова кандайдыр максат менен үйүнө коюп койгондо, үйүнөн белгисиз бирөөлөр уурдап кетишет. Ошону менен ал акча “омийин” болуп, уурулар да табылбады. Жооп берчү адамдар да жоопко тартылбай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды.

Раев менен Бектеналиевдин мыйзамсыз дайындоосу...

Маданиятты бир жыл эмес, эки жыл эмес, он жылга жакын майкандап талкалап келген Султан Раев акыры Жантөрө Сатыбалдиевдин артынан кызматынан кол жууду. Анын кызматтан алынгандыгына күйүнгөндөргө караганда сүйүнгөндөр оголе көп болду. Анткени, Аким аксакалдын баласы министрлик креслодон улам кетип, улам келип жатып 10 жылга жакын иштегени менен эч нерсени кыйраткан жок. Тескерисинче кыргыз маданиятына күйүп да, сүйүп да иштеген жок. Бар мүмкүнчүлүгүнө салып, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, болушунча чалмакейди чалды. Ондогон миллиондордун дайыны чыкпай калганын буга чейин далилдер менен сандан-санга жазып турдук. Мисалы анын: театрлардан, филармониядан, “Кыргызфильмден”, маданий мекемелерден, ал тургай Манастын эстелигинен да эбегейсиз акча жасаганын кимдер билбейт. Баары билет, президенттен баштап бешиктен бели чыга элек балага чейин билип калды. Ошондой болсо да, Султан Раев ар качандан, бир качан суудан кургак чыгып келатат. Укук коргоо органдары “уктап” калганбы, же Раевден алчусун алып коюшканбы, айтор алар да унчукпайт, ооздоруна талкан сугунуп алышкансып. Султан мырзанын кызматтан кеткенине бир жума болду. Бирок кызматтан кетерин алдыртадан сезгендиктен, ал өзүнүн артын чала бүткөн жана шектүү иштерин эптеп жабуу аракетин көргөнү көпчүлүккө ачыкка чыкты. Алардын баарын учуру келгенде тизмектеп жазарбыз. Азыр темадан көп четтебей “Кыргызфильмге” тиешелүүсүн гана айталы.

“Кыргызфильмди” үч жарым жылдан ашык жетектеп, таза иштей албай болушунча жеп-ичкен Кулмендеевдин кызматтан кеткенине эки айдан ашып калды. Андан бери анын ордуна Кинодепартаменттин директору Мукталы Бектеналиевдин орун басары ( бул кызматка дайындалганына 1, 5 жылдан ашкан ) Гүлмира Керимова деген айым убактылуу олтурган. Чынында Бектеналиевге Керимовадай керилген, өздөрүнө берилген ишенимдүү жетекчи керек эле. Кызыгы, алардын корккону мындай болду: “Кыргызфильмге” башка бир күчтүү адам жетекчи болом деп чыга калбасын дештиби, айтор, бул кызмат ордуна талапкерлерди тандоо үчүн атайы сынак жарыялашты. Ал сынак бир айдан ашык убакыт созулуп, ага болгону эки гана талапкер катышты. Бирөөсү биз айткан Гүлмира айым, экинчиси киного тиешеси жок, көп жылдар бою мугалимдик кесипти аркалап келген Сталбек (кыязы, бул адам өтпөсүн билип турса да жөн гана катышып койсо керек) аттуу аксакал адам экен.

Кыскасы, ал сынактын жыйынтыгында Раев менен Бектеналиев киностудияны эки айдан бери убактылуу жетектеп жаткан Гүлмира айымды жеңди кылып коюшту. 31-мартта Раев кызматтан кетүүгө даярданып, түйүнчөгүн түйүп жаткан кезде Бектеналиев экөөлөп мыйзамды одоно бузуу менен Керимованы “Кыргызфильмге” жетекчи кылып дайындап, буйрук чыгара салышты. Ал буйругун коомчулукка ЖМК аркылуу коркпой үркпөй эле таратышты. А, негизи бул буйрукка өкмөт башчы гана кол койгонго укуктуу. Жаңы премьер Жоомарт Оторбаев азырынча Бектеналиев менен Раевдин мындай өзүм билемдигин уга да, көрө да элек. Демек, Бектеналиев мындай өзүм билемдиги үчүн кызматтан алынып, жоопко тартылышы зарыл.

Чынында биз сөз кылып жаткан бул эки эргул Керимованы “Кыргызфильмге” өздөрүнүн артын тазалайт, буга чейин айтылып калган коррупциялык иштерди жабат деген чоң ишенич менен дайындашканы баарына болбосо да, бир топторго белгилүү болуп калды.

Керимова Гүлмира буга чейин өз алдынча акча таап, бир да кино тартып көрбөгөнү менен, кино тартуунун түмөн түйшүгүн түшүнөт. Анткени, ал кыргыздын бир топ кинолорунан тартылышына салым кошуп, “картинанын директору” болуп, уюштуруу иштеринде жүргөн. Анткен менен чарба маселесин түшүнбөйт. Бирок эң эле өкүнүчтүүсү шаарда өсүп, орусча окуп, Москвада билим алгандыктанбы, айтор кыргызчаны кыйратып билбейт. Негизги кесиби экономист. Бул айымдын дайым орус тилинде сүйлөгөн “киргизка” экенин коомчулук жакшы биле бербесе керек. Бул кызматка дайындаларда кыргыз тилинен экзамен берген да жок. Мунун өзү одоно мыйзам бузуулукка жатат эмеспи. Себеби, “Кыргызфильмдин” улуттук деген статусу бар. “Кыргызфильм” деп аты эле айтып турса, кыргызча билбеген, кыргыздын улуттук баалуулугун түшүнбөгөн орус мүнөз, орус кыял айым “Кыргызфильмди” кантип өнүктүрөт? Балким бул айым “Кыргызфильмдин” өндүрүшүнөн чыккан кинолордун баарын орусча тарттырып, баары-жоктун баарын орусташтырып жүрбөсүн. Кыргызча билбесе, орусча ойлогону ошол да.

Анын үстүнө бул айым жетекчилик кызматта болгону эки жылга жетпеген убакыт гана иштеген.. Ошол эки жылдын ичинде, Кыргызфильмдин 2013 жылкы тематикалык планына, мындан көп жыл мурун тартылган кинону, кайра кийирүүгө аракет жасаган. Ал эми “Кыргызфильмге” 5 жыл жетекчилик тажрыйбасы бар, кыргыз тилинде так сүйлөп, өз ой жүгүртүүсүн кыргыз тилинде көркөм жаза алган адам жетекчи болушу талапка ылайык деп эсептелет.

Замир Эралиевдин белгилүү жана белгисиз “эрдиктери...”

Бул адамды жалпы коомчулук кыргыз кино майданында аты чыккан адам катары жакшы эле билет. Учурда жашы 60тан ашып, аксакал болуп турган кези. Кино боюнча Москвадан билим алып, түшүнүгүн кеңейткен. “Шайтандын мөөрү”, деген бир көркөм жана онго жакын документалдуу кинолорду тарткан. Курманбек Бакиевдин бийлигинин эң башкы көзүрлөрү менен жакшы мамиледе болгонун жалпы эл жакшы билет. Ал “ысык” мамиленин акыбети кайтып, Маданият министрлигинин алдындагы Кинодепартаментин жетекчиси болуп 3-4 жылдай иштеди. Кызыгы, ошол жылдары Жаныштардын колтугуна кирип кошомат кылып жүргөн Бакыт Карагулов “Кыргызфильмди” жетектеп, экөө эки жакта айда “чаң” салышканы айтылат. Экөө ошол кезде жакшы мамиледе болуп, ар кандай иштерди бирге жасашканы менен, кийинчерээк мамилелери бузулуп, бири-биринин айыбын чукуп, кечире албаган душманга айланышкан. Эралиевдин дагы бир чоң душманы - Султан Раев. Экөөнүн ортосунда да кандайдыр бир себептерден улам “сөөк өчтүлүк” калган...

Бакыт Карагулов директор болуп турган кезде (мыйзамда жок, тыюу салынса да) өзүнө – өзү буйрук чыгарып алып, 1 млн. 750 миң сом бөлүп алып, “Бүкүр” деген кинону тартып баштап, аны эмдигиче тартпай орто жолдо калтырганын, гезитибиздин буга чейинки чыккан сандарында толук жазганбыз. Ошондой эле Эралиев дагы департаментти жетектеп турганда өзүнө-өзү буйрук чыгарып, 1,5 млн. сомго “Тоо” (мунун сценарийи 2001 жылы эле жазылганы айтылат) деген кыска метраждуу кино тартып баштаган. Бирок ал кино ошол кезден ушул кезге чейин тартыла элек. Абибилла Пазылов: “ Замир Эралиев мага чейин президент болуп турган. Ошол “Тоо” деген фильмине бир жарым миллион бөлүп, Кыргыз кино директору катары өзүнө туура эмес буйрук чыгарып, президент кезинде акча бөлүп алган учурдан баштап ошол чатак болуп келатат. 1,5 млн. сомду биз да санап көрдүк. “Тоонун” сценарийин окуп көрсөк, бүтпөй калган. Быйыл биз 250 миң кошумча бөлүп бердик” –деп айтканы бар. Ошондо тартылбаган “Тоого”, Карагуловдун “Бүкүрүндөй” эле 1 млн. 750 миң сом кеткен.

Тилекке каршы, Карагулов менен Эралиевден “Экөөң өзүңөргө өзүңөр буйрук чыгарып бөлүп алган (экөөнү кошкондо дейли) 3,5 млн. сом кайда? Ага тартыла турган кинону 6-7 жылдан бери тартып бүтпөй жатасыңарбы?” – деп сураган бир да жан жок. Жеп-ичип алышып, жер бетинде уялбай - этпей эле жашап жүрө беришеби? Айтмакчы, бул кеп аксакал режиссёр Болот Шамшиевге да тиешелүү. Анткени, ал да 2008-жылы “Жаңгак токой элестери” деген киного 1,5 млн. сом бөлдүрүп алып, ал киносун ушул кезге чейин тарткан жок.

Бир нерсени айтып кетпесек болбос. Биз киночулардын мына ушундай кылган кылыктары менен былыктарын жазып чыксак, аны туура көрбөгөндөр четтен чыгып жатат. Андайлардын ана башында Бакыт байкебиз өзү турат. Ал чын чычалайт дегендей, башка гезиттерге барып, ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат болуп, калпты кашайта айтып, биздин гезитти жамандап маек берип жүрөт. Аксакал кишиге ушу жарашабы? Эң кызыгы, ал агабыз өзү тарткан “Маңкурт” деген киносу тууралуу биз бир ооз сөз кылбасак да: “Маңкуртту жамандап жазышыптыр ж.б.” деп түшүнөн чочугансып айтыптыр. Биз бир гана анын жетекчи болуп турган кездеги ишмердүүлүгү жана коррупциясы тууралуу гана сөз кылганбыз. Ал эми анын тарткан кинолоруна Жаныбек Жанызакка окшоп: “Айтматовдун аркасынан акча жасап, таанылгысы келип жүрөт” деген кыязда асылган жокпуз да. Андыктан, чачын ак баскан аксакал адамдын биз айтпаган сөздү айтты дегени акылга сыйбаган кеп. Акыры, калптын да, актангандын да чеги болот эмеспи. Же абийирге камчы салгандар ал жөнүндө такыр ойлошпойбу?

Камеранын айынан 3,6 жылга кесилип кеткен...

Эми Эралиев тууралуу эки ооз сөз. Бул адам Кинодепартаментти жетектеп турганда, “Кыргызфильмде”, “Кыргызкинопрокатта” чоң коррупциялык иштер ийгиликтүү ишке ашты. “Кыргызфильмдеги” коррупцияны эки айга жакын убакыттан бери жазып бүтө албай келатканыбызга окурмандар күбө. Бул жолу Эралиевдин көп “эрдиктеринин” ичинен бир, экөөсүн жазалы. “Ата-Мекен” партиясынын “атасы” Өмүрбек Текебаев экенин жалпы эл жакшы билет. Ал эми аталган партияга “апа” болууга татыктуу “атамекенчи” аялдардын бири, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева экени эч талашсыз. Мына ушул саясатчы айым бир кезде, биз сөз кылып жаткан Эралиевдин (канчанчы экенин так билбейбиз), кол кармашкан жубайы болгон. Бирок экөө кандайдыр бир себептер менен узак жылдар бою жашашкан жок. Асия айым ал кезде жаңылбасак “Сорос” фонддунда иштеп турган. Ошол кезде кандай шылтоо менен же демөөрчүлүк мененби, айтор фонддун видеокамерасын “списать” кылыппы же демөөрчүлүк мененби, айтор киночу эри Эралиевге берген экен. Замир байкебиз АКШнын ал камерасы колуна тийгенине ыраазы болбой, аны сатып пайда көрүүнү ойлогонбу, айтор Кинопрокаттын директорун (ал кишини өзү дайындаган, киного тиешеси жок адам болгон дешет) өзүнө чакырып, ага “Кинопрокатка камера керек” деген мааниде өзүнүн наамына кат жаздырат. Ал жетекчи камералуу болот экенбиз деп жетине албай жазып берет. Ошентип, камераны Кинопрокаттын балансына жазып, жаңылып калбасак 200 -300 миң сомго баалаган дешет. Бирок ал акчаны өзү жетектеген департаменттин бюджетинин өз чөнтөгүнө салганын билгендер айтып жүрүшөт. Иш жүзүндө Кинопрокатка ал камера берилген эмес экен. Кийинчерээк департамент менен Кинопрокатты укук коргоо органдары текшергенде, биз айткан камера жана ага жок жерден төлөнүп кеткен 300 миң сом окуясы чыгып калып, ызы-чуу болгон. Эң кызыгы ал 200 - 300 миң сомго бааланган камера да талапка ылайык иштебеген камера болуп чыгат. Кыязы, сынып, жарактан чыгып калган болсо керек.

Бирок Эралиев жетекчи катары бул коррупциялык ишке жооп бербей, “суудан кургак” чыккан. Жыйынтыгында илгертен Кинопрокаттын, (кийинчерээк “Кыргызфильмфонду” деп аталып калган) фонддун (камерага алууга кол койгон, арыз жазган) жетекчисине кылмыш иши козголуп, ал “жебеген самсыга пул төлөп”, 3 жыл 6 айга кесилип кеткен. Эми бул иште ким канчалык күнөөлүү болгонун өзүңүздөр баамдап көрүңүздөр. Мындайда “Бирөөнүн колу менен кызыл чокту шилтеген” жана “Эбин тапкан эки жейт” деген накыл кептер айласыздан эске түшөт турбайбы.

Миллиондорду уурдап, РФнын эл артистине тийип алган...

Эралиев Кинодепартаментти жетектеп турганда дагы бир чоң коррупциялык ишке жол берилгенин айталы. Кинопрокаттын ал кезде Азима Абдумаминова Расуловна деген өзбек тектүү аял жетектеп турган. Бул айым бир нече жыл кыргыз журналистикасында да иштеген. Биринчи күйөөсү Мамаджан Абдумаминов менен 15 жылдай бирге жашап, 3 балалуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Ал тилинен чаң чыккан, колунан келген адамга кошоматка кой эмес төө сойгон, өтө “кыраакы”, шамалдай шуулдаган аял дешет аны жакшы билгендер. Ал Курманбек Бакиев президент болуп келгенде, президенттин пресс борборун жетектейт. Эмнеси менен жакты, тилин кантип тапты, ким билсин, айтор 2008-жылы Бакиев аны Кинопрокаттын жетекчиси кылып коет. Ушул кызматта турганда анын артынан аны кылып салды, муну кылып салды деген ар кандай сөздөр ээрчиди. Кинопрокатты каалагандай калчап, чет өлкөлөп командировкаларга байма-бай чыгып, өзүн ханышадай алып жүрдү. Замир Эралиев менен болгон жакын мамилеси да ошол кезде чоң сөз болгон. Кандайча жакын болушканын ким билсин, балким Замир мырзанын кол алдында иштеген кичинекей жетекчи катары жакшы мамиле жасагандыр...

Биздин айталы дегенибиз бул эмес, такыр башка маселе. Ток этер жерине токтолгондо, Азима айым 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан эки-үч күн өткөндөн соң, Кинопрокаттын имаратына эки “КАМАЗ” машине айдатып келип, видеокамералар, кинопроектор, ноутбук (буфеттин оокаттарына чейин) баштаган бир топ оокаттарды жүктөп алып кеткендиги айтылат. Баш-аягы Кинопрокатка тиешелүү бир нече миллиндорду сол чөнтөгүнө салып, Россияны көздөй кире качкан. Бул иш боюнча кылмыш козголгону менен Азима айымды кармап келе алышпады. Дагы бир кызыгы, Россияга барары менен аялы өлгөнүнө анча көп боло элек РФнын ошол кезде 72 жаштагы эл артисти Алексей Петренконун тилин таап, ага тийип алган. Россияга качып келгенде курсагында келгенби же чындап эле Петренкодон болгонбу, айтор көп өтпөй кыз төрөйт. Ушундан улам Петренконун мурунку аялынын кыздары: “Азима айым атабызга тийгенден кийин тез эле төрөдү, андыктан ал төрөгөн Алия аттуу кыз атабыздын кызы эмес. Бул аял бизди атабызга жакын жолотпой да калды. Качан чалсак, атаңар жок деп трубканы коюп коёт” – деп журналисттерге ачык айтып чыгышкан. Ал эми: “ Азима айым ал кызды өзүнүн орун басары Улукбек Сулаймановдон же Замир Эралиевден төрөшү мүмкүн” деген ачык кепти Кинопрокаттын жарнак бөлүмүнүн башчысы Париза Борбиева Россиянын журналисттерине айтып берген. Мындай кеп киночулардын арасында да айтылып жүрөт.

Кыскасы, Азима айым Россиядан да жөн жүргөн эмес. Анын мас болуп алып машине айдап, МАИ кызматкерлерине кармалып, аларга ойду-тоону айтып айда урушканын Россиянын ЖМКсы катуу талкууга алган. Андан тышкары, орустар ардактап сыйлаган Алексей Петренконун бардык иштери боюнча “директору” болуп алган. Маселен, кайсы бир журналист Петренкодон интервью алам десе, алгач Азима айымга 100 миң рубль төлөш керек экен. Мына, окурман, кыргызды куураткан айымдын кыскача тарых – таржымалы ушундай.

Кулмендеев “куурап”, Бектеналиев менен Осмонов “кутурдубу”?!

Ушул жылдын март-апрель айларында “Кыргызфильм” коррупциясындагы коррупциялык иштерди гезитибизге бир айдан ашык сандан-санга жарыялаганыбыз элдин эсинен чыга элек болсо керек. Тилекке каршы, ал көлөмдүү макалfнын аягына чыгартышпай, ортого ар кандай “дөө-шаалар” түшүп жатып, акыры жаздырбай тынышкан болчу. Андан бери 1,5 ай убакыт өттү. Мындан эки-үч күн мурун “Кыргызфильм” киностудиясын 3 жылдан ашык жетектеп, далай “сырлуу” жана “чырлуу” иштердин автору болуп, анын айынан быйыл жыл башында кызматтан кеткен. Анын убагында “Кыргызфильмде” ооз толтуруп айтарлык коррупциялык иштерге жол берилген. Бул боюнча Эсептөө палатасы 2 айга жакын тыкыр иликтеп чыккан. Бирок ушул убакка чейин, жыйынтыгын коомчулукка айта элек. Кыязы, парламент эс алууга кеткенге чейин, же эс алуудан келгенден кийин айтат шекилдүү. Алар антип ойлогонуча УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматы “Кыргызфильмдин” жетекчиси Таалай Кулмендеевге кылмыш козгоду. Эми окуяны кыскача баяндап берели: 2011-жылы жаш режиссер Наргиза Маматкулова “Кыргызфильмдин” 300 миң сомуна “Жымжырт” аттуу кыска метраждуу кино тартат.

Аталган кино Дубайда өткөн кыска метраждуу тасмалардын IX эл аралык кинофестивалына катышып, 158 тасманын ичинен байгелүү орунга татыган. Маалымат катары айта кетсек, бул фестивалга 2100 тасма келип түшүп, анын ичинен болгону 158 тасма эле тандалып алынган. Калыстар тобу “Жымжырт” киносунун режиссеру Маматкуловага “Мыкты режиссердук эмгек" деген номинацияны жеңгендиги үчүн 10 миң доллар жана кино үчүн калыстардын атайын сыйлыгына деп 20 миң доллар ыйгарышкан. Мына ушул 20 миң доллар “Кыргызфильм” киностудиясына тиешелүү акча болгон. Бирок бул акчаны Таалай Кулмендеев киностудияга да, “Жымжыртты” тарткан жамаатка да бербей, өз чөнтөгүнө солоп койгон. Анткени, ал бул киного продюсер боло калган. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей арадан 2-3 жыл өтүп кетсе да, анын мындай кытмыр иши ачыкка чыгып, минтип кылтакка илинип турат. Бирок “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дегендей, Кулмендеев бул ишти танып турат. Чынында, бул жерде Кулмендеев жалгыз эмес. Ага көрсөтмө берип, аны менен бир команда жүргөн Кинодепартаменттин жетекчиси Мукталы Бектеналиев да бар деген жүйөлүү кептер да бар. Бул жагын Таалай мырзадан жакшылап сураса, ал такылдап айтып берер.

Эски ордун басып жыгылды

Ал эми Кинодепартаментти өзү каалагандай калчаган Мукталы мырзаны Камила Талиева өзүнө орун басар кылып дайындап алып, жалпы маданият кызматкерлеринин нааразычылыгын ого бетер күчөтүп олтурат. Кылмыш Кулмендеевге жалгыз козголбошу керек. Кылмыш козгоого негиз бар адамдардын тизмесин тизип көрөлү: чу дегенде эле кыргыз маданиятына орду толгус трагедияны алып келген Султан Раевге. Анткени, бул адамды ишмердүүлүгүн иликтеп изине түшсөңүз, “иттин өлүгү” бул жакта эле калат. Эми бул тууралуу жалпы коомчулук жакшы эле билет. Тилекке каршы, Султан мырзанын “Ак үй”, Көк-үйдөгү колдочулары күчтүү окшобойбу. Айтор, аны УКМК баштаган укук коргоо органдары жоопко тарта албай келишет. Болбосо ал жөнүндө “том-том” иштерди эчак эле топтоп коюшса керек.

Андан кийинки орунда Бакыт Карагулов. Бул режиссердун мойнуна 10 млн. сомдон ашык акча илинген. Тактап айтканда, 2008-жылдары АКШда “Кыргызфилимге” жарык берүүчү аппарат алып келүүгө 10 млн. сом которуп жиберип, ушул кезге чейин аппараттын же акчанын изи жок. Андан тышкары, ошол жылдары эле “Бүркүт” деген кино тартам деп “Кыргызфильмден” 1,5 млн. сом алып, азыркыга чейин ал акчадан же кинодон дайын жок. Мына ушундай көлөмдөгү акчаны Замир Эралиев, (“Тоо” деген кино үчүн) аксакалыбыз Болот Шамшиевдер (“Жаңгак токой элестери”) да алышып, ушул кезге чейин кино тартышкан жок. Кыскасы, Кулмендеевге козголгон кылмыш “Кыргызфильмдеги” коррупция боюнча чара көрүүнүн биринчи эле кадамы. Эми бул кадам андан ары көрүнүп турган жол менен уланып, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы зарыл. Бектеналиевдин эл билген жана билбеген жоруктары толтура. Буга чейин да министрликте статс-катчы болуп турган. Ишиндеги кемчиликтери да арбын. Мына ушундай адамды билип туруп, кызматка алып келген кыргыз өкмөтүн жана министрди башы, акыл-ээси ордундабы деп түз суроо бергиң келет. Дагы бир кызыгы, Мукталы мырза, азырынча министрликке (эске ордуна дейли) көчүгүн батыра албай жатып, министрликтин Исскуство тармагынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Жамиля Алышпаеваны эч себепсиз эле иштен алып ыргытып, анын ордуна Бакиевдин учурунда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору болуп турган Болот Осмоновду бекитип жатканын уктук. Бул адамга буга чейин театрды оңдоого деп бөлүнгөн 20 млн. сомдон ашык акчадан бир нече миллион сомду сол чөнтөгүнө солоп койгондугу щчщн кылмыш иши козголгон. Анын соту Чубактын кунундай чубалжып, дагы эле бүтө элек экенин эл да билет. Бирок “урдурмай” деген ыкманы мыкты өздөштүргөн Мукталы мырза, Осмоновду аталган башкармалыкка кандай негиз менен жетекчи кылып жатканы акылга сыйбаган көрүнүш. КырДрамды он жылдан ашык башкарган Кыргызбай Осмонов ишиндеги кемчиликтери үчүн, айрыкча театрга деп бөлүнгөн бир нече миллиондордун изи чыкпай калгандыгы үчүн 2010-жылы кызматтан алынып, бирок көп өтпөй министрликтеги ушул башкармалыкты басып жыгылган. Анан эки-үч жылдан кийин улуттук филармонияга жетекчи болуп чыга келди. Эми Осмоновду да ушул башкармалыкты бир-эки жыл башкартып, Опера жана балет театрына кайра алып баргыла, урматтуу “МАДАНИЯТТЫН МАФИЯЛАРЫ”! Мындан башка силерге айта турган сөз калбады, кымбаттуу кыргыз маданияттынын ДУШМАНДАРЫ! Ошентип, маданиятты талкалагыла, талкаланбай турган эмнеси калды?!

(аягы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-12-2014

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

73435

01-12-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)
48210

28-11-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...
92337

27-11-2014

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...

53041

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×