Добавить статью
13:06, 30 августа 2023 13044

Президент С.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аттуу китебинин бет ачары

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Абытов Байболот Капарович

тарых илимдеринин доктору, профессор,

Россия табигый илимдер академиясынын

мүчө-корреспонденти, ОшМУ

Ош мамлекеттик универитетинин алкагында, “Кыргыз жолу” руханий коому менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Көз каранды эместик күнүн утурлай атайын кереге кеңеш уюштурулуп, анда Президент С.Н.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аттуу китебинин бет ачары болмокчу. Анда бир катар окумуштуулардын, окурмандардын пикири угулуп, китепке болгон көз караштар талкууланмакчы. Аталган иш чарага сунушталган автордун көз карашын окурмандардын назарына тартууладык.

Адатта жаңы мамлекетти курууга белсенген өлкө башчылары, өз элинин чыгаандары, ошол жаңы мамлекеттик түзүлүштүн концепциясын, саясий-укуктук доктринасын, конституциялык түзүлүшүн, саясий, социалдык, экономикалык жана башка укуктук негиздерин, башкаруу түрүн, негизги саясий институттарын, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, анын негизги таянычтарын, бийлик бутактарын ж.б. келечекте кандайча көрөөрүн, ошого жараша өз пикирлерин, көз карашын сунуш кылышчу. Биздин Президентибиз бул жолу, жаңы Кыргызстанды куруу мүдөөсүн, максатын жогорудагыларга эмес, ошол жаңы мамлекетти куруунун негизги багыттарына же идеологиясына басым жасаганы кубандырганы талашсыз. Ошондуктан биз Президент С.Н.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)»  аттуу китебинин иделологиялык таризине көбүрөөк басым жасап, ушул багытта өй жүгүртүп, өз көз карашыбызды сунуштадык. Дүйнөлүк практика көптөгөн мамлекеттер өз тарыхый өнүгүүсүнүн кыйын-кезең жылдарында, бурулуш мезгилинде мамлекеттик, улуттук идеологияга муктаж, зарыл экендигин тастыктады. Көптөгөн мамлекеттер ошондой шарттарда өлкө, титулдук улут, калктын баардык катмарлары ынанган мамлекеттик, улуттук идеология, улуттун аброюн көтөргөн ураан, идея менен саясий, социалдык-экономикалык, маданий турмушунда кескин бурулушту, башкалар үчүн күтүлбөгөн секирикти жасап, өсүп-өнүгүүнүн жаңы, жогорку тепкичтерине жетишкени маалым. Башканы коёлу 2-дүйнөлүк согуштан кийинки Япония, Германияны эстеңиздер.

Азыркы ааламдашуу жараянынын алкагында, жакында эле эгемендүүлүккө жетишкен, көз карандысыз мамлекеттин татаал жолунда, жаңы типтеги мамлекетти куруу, ошол максатка жетүү үчүн туруктуу мамлекеттик, улуттук идеология керек экендигин Президентибиз дагы бир жолу тастыктап олтурат.

Мындай зарылчылдык акыркы 32 жылдан бери аткарылбай келе жатат. Мурдагы мамлекет жетекчилери, 3-4 жолу мамлекеттик, улуттук идеология боюнча ар түрдүү комиссияларды түзүшкөнү маалым. Бирок ошол идеология дегенди толук түшүнбөгөн комиссиялардын максатына жетпеген, маани-маңызы, иштеринин натыйжасы элге жетпегендиктен, калкка сиңбегендиктен биз ушул күнгө чейин мамлекеттик да, улуттук да идеологиясы жок келе жатабыз.

Ушул таризде, аракеттеги Президентибиз С.Н.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аттуу дымагы күчтүү, омоктуу ойлорун, жүйөлүү пикирлерин камтыган олуттуу эмгеги мезгил, мамлекет талабына шайкеш жарык көрдү. Китепте баса белгиленгендей, анда кыргыз элинин, мамлекетинин кылымдарды карытып баскан жолу, майдаланып, ар тараптан кайталанбастан, азыркы учурда кандай мурастарга ээбиз, кантип, канткенде болочоктогу жаңы Кыргыз мамлекетин кура алабыз? Колдо бар бабалардын мурастарына, мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таянып жаңы Кыргызстандын мамлекеттик курулушунун негизги багыттарынын идеялары, идеологиясы камтылган. Анткени өлкө калкы терең ынана турган, олуттуу, туруктуу идеология болбосо, жаңы мамлекетти куруу, мамлекеттик курулушту, түзүлүштү жаңы нукта, жаңы багытта алып кетүү мүмкүн эместигин урматтуу Президентибиз дагы бир жолу баса белгилеп олтурат. Демек, идеология бул тарыхый, саясий жактан жактан калыптанган конкреттүү мамлекеттин, улуттун ички жана тышкы зарылдыгын камтыган, калкынын бардык катмарларынын мүдөөсүн көздөгөн, алардын өзгөчө кызыкчылыктарын канааттандыруу максатында, же жеке мамлекет башкаруучу тарабынан, же башкаруучу элита тарабынан түзүлгөн өзгөчө идеологиялык система. Ушул өңүттө алганда, мамлекеттин, улуттун идеологиясы дал ошол улуттун, улуттук мамлекеттин өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү жана үзгүлтүксүз негизи болуп саналат.

Саясий, тарыхый адабияттардагы модернисттик теорияга ылайык, жаңы мамлекетти курууда, эң негизги максат мамлекеттик, улуттук идеологиянын жардамы менен улутту мобилизациялоо, бириктирүү, бирдиктүү ураан алдында алдыга сүрөө болот. Мамлекеттик идеология, адатта мурункуга караганда кыйла прогрессивдүү болуп, мамлекеттик курулуштун, башкаруу ыкмаларынын, ички-тышкы саясаттын, эл аралык мамилелердин жаңы системасын түзүп, мурдагы керектүү, пайдалуу тажрыйбаларды сактап, учурдагы шартка жараша, жаңы чакырыктар жана коркунучтарды эске алуу менен сунушталган идеологияны эреже катары тутунуп, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн натыйжалуу пайдалануу идеясын дал ошол мамлекеттик, улуттук идеология сунуштайт.

Демек, кадырлуу Президентибиздин бүгүнкү бет ачары болуп жаткан «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аттуу китеби, аты айтып тургандай, эгемендүүлүк, көз карандысыздыктын 32 жылдык тажрыйбасын, баскан жолун, кыска мөөнөттөгү 3 жолку социалдык, саясий революция, төңкөрүштөн, саясий система алмашкандан кийин, жаңы нукка бурууга, мамлекеттик курулуштун жаңы багыттарын аныктоого багытталган, аракеттеги Президентибиздин идеологиялык программасы катары кабыл алса болот.

Муну китептеги жаңы Кыргызстанды куруудагы мамлекеттик идеологиянын негизги багыттары, олуттуу өзөгү, кылымдар бою сакталып келе жаткан улуттук баалуулуктары, руханий дөөлөттөрү, нарк-насили, таалим-тарбиясы, улут сыймыктары, келечекке үлгү боло турган улуттук өзгөчөлүктөрүбүз: акыл-парасатыбыз, наркыбыз, салтыбыз, материалдык маданиятыбыз, өзгөчө бай ооз эки чыгармачылыгыбыз, тамак-ашыбыз ж.б. далилдеп турат. Идеологиялык таризде, дал ушуларды сактап калуу менен келечекке ынанымдуу кадам таштоо, жаңы Кыргызстанды куруу маселеси коюлуп жатат.

Демек, китепте келечегибиз көчмөндөрдүн цивилизациясына өз салымын кошкон, кылымдарды карыткан кыргыз элинин улуттук баалуулуктары менен азыркы уланып жаткан ааламдашуу жараянынын алкагында, дүйнөлүк аренада өз ордубузду табышыбыз керек экендиги, ага жетүү максатында, мамлекетибизге, улутубузга өзөктүү идеология керек экендиги белгиленип жатат.

Кыргыз элинде «эл башкарган бирөө, эл ага тирөө» - деген накыл кеп бар. Дал ошол таризде алганда, элдин ишенимине ээ болуп, мамлекеттин келечегин ойлоп, кыргыз мамлекетинин башчылык вазыйпасын аткарып жаткан, аракеттеги Президентибиз С.Н.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)»  аттуу китеби окурмандардын купулуна толуп, ынандырып, алдыдагы иш аракеттердин идеологиялык программасы катары кабыл алынып, коомдук, саясий аренада өз ордун табат, ушул таризден алганда кыргыз эли ага тирөө болуп берет - деген ишеничтебиз.

Элибизде “туйгундун тууру, түнөгү бийик болот” дейт. Азыркынын туйгуну катары аракеттеги Президентибиз, калк ишенимин актаган эл уулу, мамлекет башчысы, чыгаан саясатчы жана жолбашчы катары, башкалардан айырмаланган жеке сапаттары менен кыргыз мамлекетинин, өлкөдөгү баардык элдердин мүдөөсүн, үмүтүн актаган, алардын талаптарын, ички жана тышкы саясатта так аткарууга аракет кыл-ган, өлкөбүздүн көйгөйлүү маселелерин натыйжалуу чечүүдөгү жоопкерчилиги, компетенттүүлүгү, жетекчилик кыраакылыгы менен мамлекетибизди, элибизди өнүгүүнүн жаңы тепкичине алып чыгып, жаңы кыргыз мамлекетинин гүлдөп, өсүшүнө зор өбөлгө түзө алат - деген ишенимдебиз.

Бет ачаары болуп жаткан китепке ак жол, автору С.Н. Жапаровго мамлекеттин, улуттун мүдөөсүн чече алган, жаңы Кыргызстанды кура алган, көрөгөч, акылгөй мамлекет башчысы катары албан ийгиликтерди каалайбыз!

байболот абытов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×