Добавить статью
4:22, 1 декабря 2014 0

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

Тураповдун дагы бир чоң кылмыш иши 

Гезитибиздин өткөн санында улуттук филармонияны оңдоо учурундагы (2008-жыл) коррупцияны жаздык эле. Анда Раев менен Турапов 7,5 миллион сомду онго жакын курулуш фирмалары менен бирдикте кандайча жегенин баяндап жазганбыз. Керим мырза, андан бери филармониядан бир тыйын жебегендей түр көрсөтүп жүрөт. Ошол эле учурда кылмыш ишин кыскартууга жандалбастап, ар кандай аракетке барып жатканын да жакындан билгендер ачык айтышууда. Мисалы, андай аракети аздыр-көптүр ишке ашып, желип кеткен 7,5 миллион сомду эксперттер аркылуу 4,5 миллион сомго чейин азайтканга жетишиптир. Эксперттер болсо, ишти сотко өткөзбөй созуп олтурушат. Кыскасы, Керим мырза сүттөн ак болуунун бар аракетинде экен. Кыргызда: “бети жок кишиге айла жок” деген сөз бар эмеспи. Биздин каарман жеп алгандарын унутуп, кайрадан эле бет тырмарлык аракетин көрүп жатканын жалпы коомчулук жакшы билет. Мисалы, филармониянын жетекчилигинен түшкөндөн бери эч уялбай кайрадан аталган мекеменин эки тизгин, бир чылбырын алуунун амалын көрүп, өзүнөн кийинки директор Кыргыз эл акыны Замирбек Үсөнбаевди ордунан оодарып жиберүү үчүн интриганын “илибой” түрүн көрсөттү. Министрлерге, депутаттарга, мурунку жамаатына чуркады. Чуркаган менен колдоо тапкан жок.

Акыры айласы кеткенде: Бишкектин Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токомбаев кесилишиндеги сейил бактын ордуна 12 кабат үй салам деп чамынып чыкты. Ал жер 2007-2009-жылдары эски бийликтин тушунда коррупциялык жол менен алынганы ачыкка чыкты. Тактап айтканда, ал жердин баасы кыйла кымбат болгон. Бирок ошол кезде эски бийликтин бийик бутагындагы эргулдардын эбин таап, табакташ болуп жүргөн Керим мырза жерди бир топ арзан баага сатып алып, анын тиешелүү документтерин мыйзамдуу кылып бүтүрүп койгон.

Аталган жер биринчиден, сейил бак, экинчиден, шаардык троллейбустук диспетчердик башкармалыктын пункту турган жер. Ушул жерди жең ичинен сатып, курулуш иштерине уруксат берип койгондугу үчүн шаар мэри Иса Өмүркулов шаардык архитектуранын башчысы Алмазбек Абдыкаровду кызматтан алганы белгилүү. Ал эми Керим мырза ал жерди түрктөрдүн “Пегасус Ала-Тоо” курулуш компаниясына берген экен. Аталган компания 12 кабат үй салып, келишим боюнча анын 2 кабатын Тураповго музыкалык мектеп кылып бермек экен. Ошол максатта иш баштаган компания, түз айтканда Керим мырзанын көрсөтмөсү менен ал жердеги 50 түп бакты түп орду менен кыркып, тазалап баштаганда, жергиликтүү эл каршылык көрсөтүп чыккан. Ошол бойдон курулуш иши токтоп турат. Турапов болсо, “билген намазыңырды окугула” деп баягы бет тырмарлык ишин улантуу менен алек. Айрым аттуу-баштуу инсандар Керим мырзанын тилине кирип алышып, аны колдоп да жүрүшөт. Аны көрүп-билип турган бийлик, Башкы прокуратура эч кандай чара көрбөй элди нааразы кылып турат. Мындай иштин арты жаман болчу эле, аны ойлонгон бир да киши жок.

Кыргызбай Осмоновдун мойнундагы 3 миллион сом...

Раев, Жунусов, Шакиев, Тураповдон ашса ашып, асты кем калбаган кыргыз маданиятынын ардактуу “коррупционери” наамына өзүнүн “ак эмгек, маңдай тери” менен жеткен Кыргызбай Осмонов деген “азамат” бар. Ырдаса жакшы ырдайт, роль аткарса да, мыкты аткарат, тойлордо тамада болуп, тилинен да чаң чыгарат. Мындай көп кырдуу таланттын дагы бир “сейрек таланты” бар. Анысы мамлекеттин бюджетин талап-тономой. Сөзүбүз кургак болбош үчүн Кыргызбай мырзанын “коррупциялык ” иштерин буга чейин да, кенен жаздык эле, бирок ал боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок. Эми Осмоновдун белгилүү “коррупциялык” иштерине көз чаптырыңыз.

Элибиздин сыймыгына айланган Кыргыз улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрды капиталдык оңдоп - түзөөдөн өткөрүү үчүн 2007-жылы 2011-жылга чейин мамлекеттик казынадан жалпысынан 26 миллион 300 миң 400 сом бөлүнгөн. Бул акча жыл сайын этап-этап менен бөлүнүп турган. Ошол учурда театрды Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов башкарып турган.

2007-жылы 869 400 сом, 2008-жылы 9 450 000 сом, 2009-жылы 5 481 000 сом жана президенттик администрациянын резервдик фондунан 800 000 сом. 2011- жылы 2 500 000 сом бөлүнгөн.

Эми бул олчойгон каражаттын оңдоп-түздөө иштерине кандай сарпталганына саресеп салалы. Театрды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 4 жылдан ашык убакыттын ичинде тендерден жеңүүчү болуп эсептелген 17 ар кандай (бирөө шыбагын, бирөө сантехникасын, дагы бирөө чатырын ж.б.) курулуш фирмасы катышкан. Эске сала кетсек, Кыргызбай мырза, аталган театрда он жылдай “алмашкыс директор” болуп турду. Ал эми учурда Маданият министри болуп турган Султан Раев ошол кезде да Маданият жана маалымат министри болуп турган.

Кырдрамга бөлүнгөн 26 миллион сомду Раев менен Осмонов түздөн-түз көзөмөлдөшкөн. Демек, каражат жана театрдын капиталдык ремонтуна, анын сапатына жооп бере турган ушул эки чиновник. Эмесе эки аткаминердин бул чоң ишти кандай бүтүргөнүн, арасындагы жетишкендигин жана кемчилигин иликтеп көрөлү.

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...

КырДрамдагы капиталдык оңдоп-түздөөгө катышкан 17 фирманын ичинен “Элайтик” ЖЧКсы өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Бул курулуш фирмасы Султан Раевдин жеке менчиги болбосо да, көп жылдардан бери Раевдин аркасы менен оокат кылып, күн көрүп келаткан фирма. Биринчи май районунда катталган. Жетекчиси Сергей Петрович Богданов деген еврей улутундагы адам.

Аталган курулуш фирмасы алгач Раевдин жеке үйүн, туура айтканда шаар ичиндеги асман тиреген хан сарайын (бул жөнүндө билгендер “Раев хан сарайды кайсы бир эски бала бакчаны түрттүрүп, анын ордуна салган” деген кеп бар) салып берген экен. Раев менен Богдановдун ортосундагы “ысык” мамиле мына ушундайча башталыптыр. Султан мырза, министр болуп турган жылдары “Элайтик” министрликтин курулуш маселесине багытталган иш – чараларына активдүү катышып, мамлекеттин миллиондоруна өз кызыкчылыгына пайдаланган. Мындайча айтканда, Раевдин курулуш тармагы боюнча “кошёлогу” болгон.

Мисалы, фирма министрликке караштуу 100гө жакын маданий мекемелердеги оңдоп-түздөө иштерин “ийгиликтүү” бүтүрсө, айрымдарына “косметикалык” оңдоо иштерин жүргүзгөнү айтылат.

Ошентип “Элайтик” КырДрамдын капиталдык оңдоодон өткөрүү иши үчүн өткөн тендерге үч жолу катышып, үч жолу тең утуп алган.

Биринчиси 2010-жылы сахнанын айланмасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн бөлүнгөн 118 миң сом.

Экинчиси 2010-жылы дааратканаларды оңдоо үчүн бөлүнгөн 632 460 сом.

Үчүнчүсү 2010-2011- жылдары башкы режиссёрдун бөлмөсүн, гардеробду, сан узелдерди жасоого бөлүнгөн 1 316 936 сом.

Төлөнбөгөн карыздар

“Элайтикке” биринчи жана экинчи жолу бөлүнгөн акча боюнча кеп жок. Бирок үчүнчү жолу бөлүнгөн 1 316 936 сомго аткарыла турган иш жүзүндө 1 855 972 сомго аткарылган. Бирок тендерде ушул көрсөтүлгөн каражатка макулдашуу болгон экен. Айтор, бул жерде түшүнүксүз иштер жүргөндүгү байкалат. Ортодогу жарым миллиондон ашык акча кайда? Бул “операцияны” Богданов менен Раев, Осмонов гана жакшы түшүнбөсө, башкаларга анча түшүнүксүз...

***

Белгилей кетчү нерсе, “Элайтиктин” жасаган иштерин, комиссия бир ооздон жактырып, өткөрүп алган. Бул жерде комиссиядагы адамдар Раевге кошомат кылгандар, фирмалардан “чотур” сындыргандар экенин айтырбай түшүнүүгө болот. Анан кантип кемчиликти, желген акчаны ачык айтат. Айта албайт да. Андайлар колуна кармап турган ак көгүчкөндү, көк көгүчкөн деп тетирлеп турган жеткен тежиктер эмеспи. Бирок кыргызда “кыңыр иш кырк жылда” демекчи, арадан кыркы жыл эмес, үч-төрт жыл өткөн соң өзүм билемдик иштер минтип ачыкка чыгып олтурат. Буга Эсептөө палатасынан текшерүүсүнөн кийин “Элайтиктин” жалпысынан театрга 1 млн. 265 миң сом карыз болуп чыкканы, же түз айтканда чөнтөккө уруп алганы толук далил болуп берет.

***

Ал эми театрдын ысык-суусун, отоплениесин, канализациясын жасаган “Ариет - Д” ЖЧКга 2007-2008-жылдары жалпысынан 3 275 220 бөлүнгөн. Бирок аталган фирма бул ишти болгону 2 666 072 сомго бүтүргөн да, натыйжада театрга 609 148 сом карыз болуп калган же мындай айтканда ал акчаны чөнтөгүнө салып, ушу кезге чейин бербей качып жүрөт. Аталган фирма 2012 – жылга карата театрга 812 257 сом карыз болгон. Эсептөө палатасы бул фирманы текшергенден кийин 203 109 сом гана карыз болгону айтылат.

***

“Контракшн Элизум” фирмасына 930 353 сом которулган. Аталган фирма болсо болгону 269 499 сомго иш аткарат да, калган акчаны чөнтөгүнө салып алганбы, айтор, театрга 660 854 сом карыз болуп калат. Эсептөө палатасы болсо 128 628 сомго гана карыз болгонун аныктаган. Бул фирманын 2012-жылга карата жалпы (театрга) карызы 789 482 сом түзөт.

***

Театрдын “отделкасын” жасаган “Стройтехмонтаж” фирмасына жалпысынан 2008-2009-жылдары 4 330 122 сом бөлүнгөн. Фирма болсо өздөрүнө берилген ишти 4 357 831 сомго аткарган. Эсептөө палатасы текшергенден кийин театрга 637 708 сом карыз болуп калган. Бул боюнча иш сот да өткөн экен.

***

Театрдын электрокоммуникациясын жасаган «Интер KG» ЖЧКсына 7 220 524 сом которулган, аталган ЖЧК ишти 7 585 630 аткарган. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин театрга 145 865 миң сом карыз болуп калган. Театр болсо, тескерисинче аталган ЖЧКга 219 241 сом карыз болуп калганын көрсөткөн.

***

Театрдын 1 – кабатынын бөлмөлөрүн жасоо үчүн “Шияр строй” фирмасына 1 565 835 сом бөлүнгөн. Фирма бул ишти 1 662 344 сомго аткарган. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин театрга 96 509 сом карыз болгон. Театр болсо, дагы тескерисинче бул фирмага 40 500 сом карыз болуп калганы көрсөтүлөт. Эсептөө палатасы менен театрдын келишпестиги ушуну менен бир нече ирет кайталанды. Чындык ким тарапта? Кимдики туура, кимдики жалган аны алдыдагы иликтөөлөр, же жалпылай айтканда убакыт көрсөтөр.

Аткарылган иштердин сапаты болсо өзүнчө бир чоң сөз...

“Эшегине жараша тушагы...”

Ошентип КырДрамдагы оңдоого бөлүнгөн 26 300 400 сом канчалык деңгээлде максаттуу пайдаланганын текшерген Эсептөө палатасы жалпысынан 2 млн. 800 миң сомго каржылык мыйзам бузуу болгондугун аныктап чыкты. Театр болсо ага карабастан фирмаларга жалпысынан 811 309 сом карыз болуп калган. Кыскасы, КырДрамга бөлүнгөн 26 миллиондон курулуш иштерин жүргүзгөн 17 фирма жана аларга жумуш берген “командир” Осмонов менен Раев кимиси канча пайда көргөнү бир Кудай жана өздөрү гана так билишеринен күмөн жок. Балким алдыдагы иликтөөлөр, текшерүүлөр бул маалыматтарга дагы башка кошумча тактыктарды киргизер.

Эске сала кетсек, КырДрамдын капиталдык оңдоо иши 26 миллион менен толук бүткөн эмес. Кийин бөлүнгөн, тактап айтканда 2011-жылы 2 500 000 сомдун 1 917 387 сомун Осмоновдон кийинки директор Марат Алышпаев “Элайтик”, “Шияр строй” баштаган 6-7 фирмага карыз болуп калган үчүн чачыратып бөлүп салган. Алышпаев аксакал Осмонов чала-була ушатып кеткен оңдоо иштерин кандай бүтүрүп, кандай жыйынтыктаганы да өзүнчө кеп.

Негизи бул фирмалар тендерде көрсөтүлгөн гана акча менен ишти бүтүрүшү керек эле. Тилекке каршы, бул жерде да чоң мыйзам бузуу орун алган. Мыйзамды уруп ойнобогондор кимдер? Алар кайра-кайра кайталап жазып жаткан Султан Раев, театрды 10 жылга жакын башкарып турган Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмонов жана ушул экөөнүн артынан күн көргөндөр. Бирок бизде ким канчалык мыйзам бузса, ким мамлекеттин акчасын көп жесе, ошолор ардактуу, ошолор кыйын болуп жатканы бүгүнкү күндүн чыркыраган чындыгы. Буга күбө болгондор оголе көп. Алардын ана башындагылар ушу Раев, Осмонов. Бул экөөнү жөн жерден жазып жаткан жерибиз жок. Булар мамлекеттин акчасына маарып, кызматтан кызматка көтөрүлүп, эч нерсе болбогондой, эл аралап, көп учурда элге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Кызмат дегенде баарын даяр. Намысыңды да уруп ойнобойт.Мисалы, биздин каарман Кыргызбай Осмонов кызмат үчүн кандай гана кадамдарга барбады. Башбакан Жантөрө Сатыбалдиевдин, жан досу Раевдин тилин таап, филармонияга Үсөнбаевдин ордуна чала-була директор боло калды. Бирок Замикебиз да оңой эмес экен, ордун бошотпой, өзүн коргоо комитетин түзүп чыгып, Осмоновго ордун бошотуп бербей, аны филармониядан оолак түртүп турду. Коллектив да каршы чыкты. Ошентип, Осмонов эчактан бери көздөгөн “майлуу жерде” болгону он-он беш күн олтурду. Нааразычылык күчөгөндө, айласы кеткен Раев премьер –министрдин укугун колдонуп, аны кызматтан чететтип, ордуна орун басарлардын бирин убактылуу коюп койду. Бирок ал бир аз убакыт өткзүп, нааразы болгондордун оозун жаап, абалды жакшыртып, Осмоновду кайра алып келиши мүмкүн. Эгер ал ою ишке ашып, Осмонов филармонияга келсе, анда ал КырДрамды кандай талкаласа филармонияны деле ошондой талкалайт. Ал турган иш.

Эң өкүнүчтүү нерсе: бийлик суудан тайыз, чөптүн жапыз адамдарды мынча эмне кастарлайт? Эмне үчүн кыргызда кокосуна чейин малынган коррупционерлер, жеткен уурулар, кошоматчы, ач көздөр бийликтин бийик тепкичинде тайраңдап жүршөт? Мунун жообу бирөө гана. Ал: “Эшегине жараша тушагы” деген тамаай сөз. Канча айтпайлы, канча жазбайлы, тилекке каршы, андайлар кадыресе көрүнүштөрдүн бири болуп калды.

Манастын айкелинен 5 миллион “жеген” министр

Сандан санга чыгып келаткан бул макалада буга чейин Болот Осмоновду, Керим Тураповду, Кыргызбай Осмонов деген “мафиялардын” коррупциялык иштерин жаздык эле. Эми бул мафиянын ана башчысы министр Султан Раевдин былыктарын кенен кеп кылалы. Бирок биз буга чейин Раевди көп жаздык, көп жазаганда да кашкайган далилдер менен төп жаздык. Ага карабастан, ал суудан кургак чыгып, ити чөп жеп, иши ийгиликтүү жүргөн атка минерлердин бири болуп келет. Мисалы, өткөн сандарыбызда жазган КырДрамдагы, филармониядагы, Опера жана балет театрындагы уурадалган миллиондордун изи кааласак да, каалабасак да Султан мырзага барып такалат. Аны биз айтпасак да, өзү жакшы билет. Анткени, ошол кезде да бүгүнкүдөй эле министр болуп маданияттын “майын” сызгарып турган. Ал боюнча президент Атамбаев, премьер Сатыбалдиев, спикер Жээнбеков, аны жакшы көргөн экс-президент Роза Отунбаевадан баштап, маданиятка кызыккан катардагы кедей-кембагалдарга чейин эң сонун билет. Бирок негедир ошол “лөктөр” Аким аксакалдын баласына чара көргөндөн коркушат. Тескерисинче, аны коргошуп, башынан сылап, улам кызматка алып келип, эркелетип олтурушат.

Кыскасы, Султан мырза, маданий мекемелерди оңдоо иштеринен ондогон миллиондорду “дайынсыз жоготкон” эң эле шектүү адам. Тагыраагы, мыйзам алдында кың этпей жоопко тартыла турган күнөөлүү министр. Ал тургай кыргыз эли укмуш барктаган улуу арбактан, так айтканда Манастан коркпогон, аны сыйлабаган жайы да бар. Демек, арбактан коркпогон адамды эмне деп айтабыз? Кудайдан жөө качакан, нынсапсыз пенде деп айтсак жарашат го. Эми бул сөзүбүзгө далил катары Раевдин Манас атабыздын Москвага тургузулган айкелинен кандай акча “жегенин” айталы.

2007-жылы мамлекеттик бюджеттен Манастын айкелин Москванын “Достук” гүлбагына тургузуу үчүн 13 миллион сом бөлүнгөн. Андан тышкары, айкелди тургузууга Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 8 миллион сом топтоп берген. Бул ишке ошол кездеги минист Раев толук жооптуу эле. Бирок ал жооптуу болбой эле, тескерисинче кооптуу болуп, акыры минтип айкелден миллиондогон акчаны “күм-жам” кылганы ачыкка чыгып олтурат. Эске сала кетсек, Москавадагы ал айкел 2011-жылы бүтүп, анын ачылышына Алмазбек Атамбаев барып катышкан эле.

Иштин кыскача чоо-жайы төмөнкүчө болгон: Раев ал долбоорду ишке ашыруу үчүн 13 млн. сомду Сүрөтчүлөр кошуунунун алдындагы фонддго которот. Ал кездеги жетекчиси Адил Сейталиев болгон.

Бирок Раев которгон ал акчаны аталган кошуундун кызматкерлери билген да эмес, муну азыркы жетекчиси Таалай Усубалиев  “Азаттыкка” төмөнкүчө айтып берген: “ Москвадагы Манастын эстелигин тургузууга деп мамлекет бөлгөн мына ошол каражат тууралуу бизде мурун маалымат болгон эмес. Ал иш иликтөө учурунда чыгып калып жатпайбы. Биз сүрөтчүлөр кошуунунун эсебиндеги каражат мыйзамсыз чыгымдалганын текшерип бергиле деп арызданган элек. Анткени Сейталиев өзүнүн командасы менен кошуундун акчасын каалагандай калчап, биздин атыбыздан долбоор жазып, грантты кандай чыгымдаганы боюнча башкармалыкка эч кандай отчет берген эмес болчу. Сейталиев  биздин акчаны эле эмес, фондго которулган мамлекеттин каражатын да каалагандай алып иштетип жүрө беришкени кийин ачыкка чыкты.”

Ал сүрөтчүлөр кошуунунун алдындагы “Көркөм фонддун” каржылык ишмердигин текшерип, коррупциялык иштерди иликтеп чыккан “Аудит групп” компаниясынын жетекчиси Гүлзада Базаркулова ошол эле “Азаттыкка”: “ Фонддун эсебине бардык жаткан келген каражат түшүп турган. Анын ичинде маданият министрлиги которгон каражат да болгон. Ошол эле кезде жанагы маданият министрлигинин буюртмасы боюнча эстеликтин долбоору боюнча эч кандай каржылык отчет болгон эмес. Эстеликти жасоого кандай чыгымдар кеткени жана аны бекемдеген бир дагы документ таба алган жокпуз. Бул боюнча маданият министрлигине бир нече жолу кайрылып, колдо болгон каржылык документтерди салыштырууну суранып, бирок бир жакшылыктуу жооп ала алган жокпуз” деп чыркыраган чындыкты айткан.

Чынын айтканда, министрлик, же тагырагы министр Раев “Аудит гурп” компаниясын тоготкон эмес, мындайча айтканда: “билгениңди кыл” деп кол шилтеп койгон. Раев премьер –министр Сатыбалдиевди “крыша” кылып олтурса,кайдагы бир компания менен баш орутмак беле.

Кыскасы, азыркы учурда ал 13 миллиондун 5 миллион сомунун дайыны жок. Эстеликтин скульптуралык иши 9 миллион сомго эле бүткөн. Ал тургай ал 9 млн. сом да көптүк кылган.

Бул боюнча Маданият министрлигинин өкүлү Дамира Алышпаева аттуу айымы: “ 9 миллион сом толук өздөштүрүлгөн. Ал эстеликтин скульптуралык бөлүгүнө жумшалган. Ал эми калган курулуш бөлүгүн курууну Орусия өзүнө алган. Ал эстелик тура турган подстаментти куруу, жашылдандыруу жарыктандыруу жана көрктөндүрүү сыяктуу кымбат чыгымдардан турат. Анан сметалык-документациялык жагын бүтүрүүнү кыргыз тарабы өзүнө алган. Бирок мына ошол тиешелүү уруксат кагаздарын алууга азыр беш миллион сом табылбай, учурда эстелик Москва шаарынын карамагына өткөрүлбөй турат. Бул эстеликке кеткен чыгым москвалык эксперттердин эсеби боюнча, 96 миллион сомду түзгөн” –деген пикирин билдирген. Ал эми айкелге деп чогулган 8 миллион сомдун каякка сарпталганы, аны менен кандай иш бүткөнү тууралуу бүгүнкү күнгө чейин маалымат жок. Же ал акчаны да акырын “жайлап” тынышканбы?

Жакшылык күтүүгө болбойт...

Эгер ортодо ал 5 миллион сом желип кетпегенде, анда ал акча эчак тиешелүү уруксат кагаздарын алууга сарпталып, Оруссия бийлиги Манас атабыздын айкелин өкмөттүн карамагына өткөрүп алмак. Тилекке каршы, биздин Раевге окшогон шаалакы адамадардын айынан бул иш колго алынбай турат. Орустар болсо: “кыргыздар мактанышкан Манас эстелигинин аягына чейин чыгарып, биздин колго өткөрүп беришпейби, ушинтип орто жолго таштап койбой” деп шылдың кылышууда.

Ал эми Сүрөтчүлөр кошунун мурунку жетекчиси Адил Сейталиевге ушул чырлуу маселе боюнча кылмыш козголуп, анын иши сотко өткөн экен. Бирок ага карабастан анын жубайы Гүлмиза Сейталиева жолдошунун “ак жана таза” экенин төмөнкүчө билдирген: “Ушул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, иш сотко өткөн аралыктан бери менин жубайымды коргоочу жүйөөлөрдүн бардыгы негизсиз эле четке кагылууда. Иштин мындай абалда жүрүшү бизди көп нерседен шекшитип койду. Анткени ошол эле кезде бул иш боюнча үстү жактан кандайдыр бир чоң жетекчилердин басымы бар экени тууралуу маалыматтарды да уккан элек. Ошондуктан жанагы көмүскөдөгү иши ачылып калышынан корккон аткаминерлер аны соттотуп жибергенге кызыкдар экени ачык эле көрүнүп калды. Мен бул иштин артында кимдер тураарын билем. Бирок азырынча сот аяктаганга чейин ысымдарын ачык айтпай турайын деп чечтим.” Гүлмиза айым, ал кишилердин ысымдарын сыр кылбай эле койсун, аны анысыз да жалпы эл билет. Ал биз жазып жаткан Султан Раев жана анын тегерегиндеги адамдар. Бирок Адил Сейталиев да министр Раевдин тилине кирип, бул иште булганып калганын баамдасак болот. Болбосо жөн жерден эле айып коюла бербейт да. Азырынча айкелден желген 5 миллион сом боюнча жалгыз күнөөлүү, ушул Адил мырза окшобойбу. Раев баштаган калганы четте карап турушат: “бизге качан жетет, же бизди билбей калышса экен” деген кыязда.

Султан Раев канча жылдан бери кыргыз маданиятынын башында турганы менен маданиятка чоңду кой, майда-барат да жакшылык кылган адам эмес. Аны жалпы эл менен бирге өзү да билет. Башкасын кой, Манастын айкелинен акча жеген адамдардан жакшылык күтүүгө болобу? Албетте, жок! Андайларды кыргызга кылы кыйшайбаган, мамлекеттин анык душманы деп ачык айтсак куп жарашат. “Жакшылык кылат, кыйратат, оңдойт, өзгөртөт” деген адамдарды ары болгондо аңкоо, бери болгондо келесоо деп койсок сөз чынынан бузулбас.

Президентибиз Атмабаев Манас атабыздын: “Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деген ар дайым айтып, мисалга тартып келет. Манас десе, жанын берет. Маселен, 2011-жылы президентибиз борбор шаарыбыз Ала-Тоо аянтындагы айкелге өз чөнтөгүнөн миллион сом берген. Бирок эмне үчүн Манастын айкелинен акча жегендерди, деги эле Манас атабыздын атын булгагандарды көзөмөлгө албайт? Тескерисинче, андай адамдардын кызматта кылы кыйшайбай, өз билгенин кылып олтурганы өзүнүн наамын булгап жатканын, президнт мырза түшүнөт болду бекен? Раев мындай жүрүшү менен кыргыз маданиятын таптакыр сызга олтургузат...

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-12-2014

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

71741

28-11-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...
90083

27-11-2014

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...

51843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×