Добавить статью
8:05, 13 декабря 2014 205969

Ч.Айтматовдун идеялары жана бүгүнкү илимий педагогика

Адабият жана искусство адамдын объективдүү дүйнөнү таанып билүүсүндө негизги ролдордун бирин ойнойт.

В.Г.Белинский: «Искусство – дүйнөнү таанып билүүнүн негизги жолдорунун бири. Илим далилдесе, искусство көрсөтөт. Бул жерде илим жана искусство бирдей күчкө ээ. Илим искусствону, искусство илимди алмаштыра албайт» - деп искусствонун ролун таамай көрсөтүп кеткен.

Мына ушундан улам, мугалимдин эмгегине, таалим-тарбия проблемаларына арналган адабий чыгармалар педагогика илиминин, мектеп турмушунун маселелерин көркөм каражаттар аркылуу илимдин деңгээлинде көрсөтө алат десек жаңылыштык кетирбейбиз деген ойдобуз. Биздин көз карашты белгилүү педагог-психолог окумуштуулар В.А.Сластенин, Г.Н.Волков, Л.С.Выготский, А.С.Макаренко, В.А.Сухомлинскийлер да өз эмгектеринде ырастап кетишкен.

Демек, болочок мугалимди кесиптик жактан даярдоо процессинде мугалимдик кесипке арналган адабий чыгармаларды кеңири колдонуу менен педагогиканын татаал маселелерин тереңирээк, ишенимдүү, элестүү чечмелөөгө мүмкүнчүлүк алабыз. Педагогика илими менен искусствонун таанып билүүчүлүк потенциалдарын бирдей колдонгондо гана мугалимди даярдоодо белгилүү бир ийгиликтерге жетише алабыз деп эсептейбиз.

Биз бул макалада Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы идеялардын азыркы педагогиканын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен шайкеш келип жаткандыгын үч мисалдын негизинде көрсөтүп кетебиз.

1.Бүгүнкү күндө педагогика илиминин өтө актуалдуу маселелеринен болуп мугалимдик кесипти жан дүйнөсү менен тандап алган абитуриенттерди педагогикалык окуу жайларына кабыл алуу менен мектептерге кесиптик мотивациясы, багыты калыптанган адистерди даярдап чыгаруу эсептелинет. Себеби педагогикалык окуу жайларды бүтүрүүчүлөрдүн негизги бөлүгү мектептерге такыр барбай жатышат.

Ушул мезгилде өлкөдө 3 миңге жакын мугалимдер жетишпей жаткандыгы баарыбызга маалым. Эң өкүнүчтүүсү – мектептерде кээ бир предметтердин мугалимдин жоктугунан окулбай жаткандыгы. Албетте, мындай көрүнүшкө коомдогу социалдык-экономикалык проблемалар өз таасирин тийгизүүдө. Бирок,  Ч.Айтматовдун Дүйшөнүнө окшогон чыныгы мугалимдердин аздыгы коомчулукту тынчсыздандырбай койбойт.

Мектепке кандай мугалим керек? Бул маселени кандай чечебиз, деген суроолордун үстүнөн педагогика илими жана прогрессивдүү мугалимдер тынымсыз иштөөдө. Ал эми Чынгыз Айтматов бул проблемага мындайча жооп берет: «...Бирок, кээ бир азыркы жогорку билимдүү, маданияттуу мугалимдер Дүйшөн сыяктуу өз кесибин сүйүп, жүрөк жалыны менен ошого берилсе болоор эле. Анткени мугалим деген талмудист эмес, ал кайсыл доордо болбосун, дайым – революциялык тарбиячы, антпесе анын коомго берген пайдасы кем болот».

Ч. Айтматов мугалимдик кесипке жан дүйнөсү менен берилген адамды тандап алууну Дүйшөндүн образы аркылуу көрсөтүп кетет. Автордун идеясын бүгүнкү күндө белгилүү окумуштуулар А.И.Щербаков, Н.В.Кузьмина, Н.Д.Хмель, Ф.Н.Гоноболин, В.А.Сластенин ж.б. өз илимий эмгектеринде далилдеп жатышат.

Мугалимдин кесиптик калыптануусун көп кырдуу изилдеген окумуштуу-педагог, академик В.А.Сластенин мындай дейт: «Жүргүзүлгөн анализ педагогикалык ЖОЖдорго кесиптик мотивациясы жана жөндөмдүүлүгү, шыгы жок абитуриенттердин келип жаткандыгын тастыктайт».

Академик И.Ф.Харламов бул маселени тынчсыздануу менен: «К сожалению, при наборе студентов в педагогические институты и на педагогические отделения университетов пока не предусматривается определение их профессиональной пригодности, зачисляют всех, кто сдает необходимые вступительные экзамены. Вот почему в школу попадает не мало учителей, заведомо профессионально непригодные, что резко отрицательно сказывается на обучения и воспитания учащихся», - деп белгилейт.

Кыргыз педагогдору да бул маселени тынчсыздануу менен коомчулукка айтып кетет: «Болочок мугалимдикке өтүүнү каалаган абитуриентти кирүү сынагынын ордуна рентген тарткан сүрөттөй кылып, жалпы маданий деңгээлин, көз карашын, мүнөзүн, тандаган адистигине зарыл билимин жана практикалык ык, машыгууларын, ошондой эле педагогика, көркөм өнөр, техника, спорт боюнча алган маалыматы менен мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо зарыл. Болочок мугалимдин сырткы кебетесин, сөз маданиятын, тилинин тактыгын, адамдар менен мамиле түзүү жана уюштуруучулук жөндөмүн сөзсүз текшериш керек».

Окуучуларга кандай мугалим керек? В.А.Сластениндин изилдөөсүндө 13 миңден ашуун окуучуларга мугалим кандай болуш керек, анын кайсыл сапаттарын биринчи орунга коер элеңер, деген суроону бергенде көпчүлүгү биринчи орунга жылдыздуу (обаятельный), өзүнө тарта билген, коммуникативдик жөндөмдүүлүк сапаттарды коюшкан. Мугалимдин билими 3-4 орунга түшүп кеткен. Демек, мугалимдерди кабыл алууда окуучулардын мүдөөсүн да эске алат окшойбуз. Себеби, мугалим бала үчүн, бала мугалим үчүн керек эмеспи!

Чынгыз Айтматов окумуштуулар жана мектеп практикасы мугалимдик кесипке мотивациясы күчтүү жаштарды кабыл алууну далилдеп жатышса министрлик бул маселеге кандайча карайт? Чындыгын айтсак, азырынча мугалимдик кесипке шыгы, жөндөмү бар жаштарды тандап алуу жөнүндө сөз боло элек. Жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл алгандарды гана кабыл алып жатабыз.

Биз ОшМУда мугалимдик кесипке кандай абитуриенттер кабыл алынып жатат деген суроолордун айланасында изилдөө иштерин жүргүзүп көрдүк.

Доцент Н.Шадиев тарых адистигинин 2-курсунун студенттеринен анкета, дил баян алганда мугалим болууну жан дүйнөсү менен тандап алгандыктарын 6 студент белгилешсе, калгандарды түрдүү себептер менен окуп калгандыктарын айтышкан. Мындай көрүнүш биология, химия адистиктеринен да байкалган. Ушундай эле абалды республиканын башка педагогикалык окуу жайларынан да байкасак болот. Эмне кылыш керек? Мүмкүн ушундай система менен мугалимдикке кабыл ала беребизби же мамилени өзгөртөбүзбү? Өзүбүз билгендей жаз айларында ЖТРдин айланасында коомчулукта чоң дискуссия болгон. Депутаттар, прогрессивдүү мугалимдер, окумуштуулар ЖТРди башка форма менен алмаштырууну сунушташкан. Бирок, министрлик ЖТРди өзгөртүүгө мүмкүн эмес экендигин далилдеп келет.

Мүмкүн, министрликтин позициясы туурадыр, анын да жакшы жактары чыгаар. Ошол эле мезгилде илим менен реалдуу мектеп практикасын, Ч.Айтматовдун Алтынайдай окуучуларынын ой-пикирин, мүдөөсүн эмне үчүн эске алсак болбойт? Изилдөөлөргө таянсак: «Вместе с тем, рядом исследований установлено, что между результатами приемных экзаменов и показателями профессиональной пригодности не существует прямой и влиятельной связи», - деп айтылып, кирүү сынагында алынган бийик балл менен мугалимдикке болгон кесиптик жарактуулуктун ортосуна байланыш жок экендиги далилденет.

Окумуштуулар абитуриенттин билими менен эле бирге анын кесипке болгон мотивациясын, жарактуулугун да кабыл алууда сөзсүз эске алыш керек деп эсептешет. Биздин оюбузга министрлик мындай кадамга даяр эместей. Эгерде кандайдыр бир реформаларды жасайбыз десек министрлик догмалык көз караштан арылып реалдуу мектеп практикасынын муктаждыктарын ишке ашырышы зарыл.

Чынгыз Айтматов өзүнүн оюн «Саманчынын жолу» повестинде да көрсөтүп кетет. Майсалбек фронттон жазган катында: «Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке – мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманам ушул экен балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум», -деп жазат. Көрсө Майсалбек эң бир ыйык деп эсептеген мугалимдик кесипке өзүн психологиялык жактан даярдап жүргөн турбайбы. Көрдүңүздөрбү, автор ачыктан ачык эле мугалимдик кесипке мотивациясы терең адамдарды кабыл алыш керек, ушундай адамдардан гана балдарга жан дүйнөсү менен берилген, чыгармачыл мугалимдер чыгат деген ойду педагогика илиминин изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына далил катары көрсөтүп кетет. Мындай далилдерди «Кылым карытаар бир күн» чыгармасында Абуталиптин образынан да көрө алабыз.

Биз бул маселеге министрлик өзгөчө көңүл бурат деп ишенебиз жана коомчулукта талкуу болот деген ойдобуз. Ким ушул маселеге кайдыгер карабаса өз оюн билдирет деген ишеничтебиз.

2. Педагогикадагы эң актуалдуу маселелердин бири болуп мугалим менен окуучулардын ортосундагы мамилелердин мүнөзү эсептелинет. Мектеп практикасында да, окумуштуулар арасында да бул маселе боюнча түрдүү көз караштар бар. Бири мугалим менен окуучулардын ортосунда достук, түшүнүүчүлүк, кызматташтык мамиле болуш керек десе, бири аралыкты (дистантты) сактап талап коюучулук, авторитардык мамиленин болушу керек деп айтып келишет. Ал эми бул жагдайды Чынгыз Айтматов төмөндөгүдөй чечмелейт: «Жайнаган көзүңдөн айланайын – деди ал мени эркелете – окууга дегеле дилгирсиң... Биз анын билиминен да мурун, менимче, ушундай адамгерчилигин, биз үчүн болгон илгерки үмүт жакшы тилегин, бала болсок да, баалап урматтай турганбыз».

Ч. Айтматов Алтынайдын сөзү менен мугалим окуучуга анын атасындай, энесиндей, эжесиндей, агасындай мамиле кылууну, балага болгон назик мээримди аябоону, балага илгери үмүт берүүнү, анын танып билүү кубанычына шарт түзүүнү, жакшы сөз менен албан-албан ийгиликтерге жеткире ала тургандыкты, эң негизгиси – балага колумдан баары келет, мен да мыкты окуй аламын деген ишенимди тартуу кылууну даңазалайт. Көрдүңүздөрбү, бала болсок да адамгерчиликти, мугалимдин аруу тилегин урматтайбыз деген сөздөр менен Чыңгыз Айтматов окуучуга болгон авторитардык мамилени таптакыр өзгөртүү керектигин баса белгилеп кетет.

Педагогика-психология илимдеринин изилдөөлөрүнө кайрылсак мугалимдин окуучуга болгон мамилесинин бир нече түрү көрсөтүлүп кетет. Окумуштуулар А.А.Бодалев, Н.В.Кузьмина, В.А.Кан-Калик, А.А.Леонтьев, А.Н.Мудрик ж.б. жамаатка жетекчиликтин авторитардык, либералдык, демократиялык 3 стилин аныкташкан. Ал эми мугалим менен окуучулардын мамилелеринин бир нече стилин: достук маанайындагы мамилелердин негизинде бирдиктүү чыгармачыл иш аракеттеги мамиле, аралыктагы мамиле, коркутуу мамилеси, жасалма мамиле. Окумуштуулар бүгүнкү күндө мугалим менен окуучулардын ортосундагы достук маанайдагы чыгармачыл мамилелердин мектептерде калыптанышын илимий эмгектеринде далилдешет.

Жаңычыл-педагогдор: Ш.А.Амонашвили, И.П.Волков, Т.И.Гончарова, Е.Н.Ильин, С.Н.Лысенкова, В.Ф.Шаталов, М.П.Щетининдер 1986-жылы советтик авторитардык педагогикага каршы чыгышып кызматташтык педагогиканы сунушташкан. Ш.А.Амонашвилинин, Е.Н.Ильиндин эмгектеринин темасын эле карап көрөлүчү: «Саламатсыңарбы, балдар., Кантип жашап жатасыңар, балдар».

Алардын эң негизги идеясы – балдарды кызматташтык педагогиканын негизинде чыгармачыл таанып-билүүнүн туу чокуусуна ээрчитип чыгуу болгон. Чыгармачылыктын бийиктигине чыгууга балдарга болгон достук, мээримдүү мамиле гана шарт түзө алат деп эсептешет. Кыргызстандагы жаңычыл-педагогдор Б.Исаков, С. Байгазиев, Б. Апышев, М.Байымбетов ж.б. балдарга болгон мамилени назик курал катары эсептешип, ал курал менен өтө этияттап иштөөнү сунушташат. М.Байымбетов Ош МУнун студенттери менен жолугушууда “балдар менен тең ата мамиле жасайм б.а. мугалим менен окуучунун мамилелери бирдей деңгээлде уюштурулуш керек. Балага жакшы сөздөрдү эч аябагыла” дегени Ч.Айтматовдун идеясына шайкеш келип турат. Ал эми окумуштуулар И.Бекбоев Э.Мамбетакуновдор инсанга багытталган окутууну сунуштоо менен баланы окуу-тарбия процессинин негизи борбору катары санашат.

Биз жакында Ош МУнун окутуучулары тажрыйба алмашуу үчүн Кара-Кулжа районундагы О.Сайдилкановдун автордук-гимназия мектебине барып келдик. Мектеп элдик педагогиканын, гумандуулук баалуулуктардын, демократиялуу башкаруу принциптеринин негизинде окуу-тарбия иштерин жүргүзүп жатыптыр. Эң - кызыгы мугалим менен окуучулардын ортосундагы кандайдыр бир жылуу мамилелердин калыптангандыгы болду. Окуучулар менен ангемелешкенибизде алар кубаныч менен агай-эжейлери, мектеби жөнүндө айтып беришти. Мектепте кандайдыр бир жылуу мамиленин, бирине бири урматтоонун түптөлгөнү көрүнүп турду. Орозали агайдын айтуусунда мектепте биринчи орунда окуучуларга болгон гумандуу мамилени ишке ашыруу болуш керек дейт. «Аттиң ай, азыр мектептерде Дүйшөнгө окшоп: “айнанайын, жайнаган көзүңдөн” деген сөздөрдү айткан мугалимдер көбүрөөк болсо кандай сонун болоор эле, Ч. Айтматов да Дүйшөндүн образы аркылуу авторитардык педагогикага каршы чыгып, балага болгон аталык, энелик мамилени орнотуш керек деп эсептесе керек. Гумандуу мамиле менен Сухомлинский, Амонашвилилер албан ийгиликтерге жетише алышты го», - деп айтканы Чынгыз Айтматовдун өтө актуалдуу маселени көтөргөнүн көрсөтүп турат.

3. Ч.Айтматов дидактиканын да орчундуу проблемаларын көркөм сөздөр аркылуу ачып кетет: «Ал эми Ленин тууралуу Дүйшөн өз көзү менен көрүп келгендей сүйлөөр эле. Эгерде анча-мынчасы ооздон-оозго өткөн элдик жомок болсо да, биз үчүн анын баары сүттөн ак чындык болчу», - деген сөздөрү окутуу процессинин түпкү маңызын ачып көрсөтөт. Окутуу кандай болуш керек? деген суроолорго жооп берет.

Философиядагы дүйнөнү таанып билүү «жандуу, элестүү кабыл алуудан, абстракттуу ойломдон жана практикалык иш аракеттен турат»деген мыйзам ченемдүүлүгү Ч. Айтматовдун идеясына шайкеш келип тургандыгын көрөбүз. Ал эми педагогика, физиология илимдеринде дүйнөнү таанып билүү оң жана сол мээнин жардамы аркылуу ишке аша тургандыгы далилденген. Оң мээ дүйнөнү сезим менен эмоционалдуу кабыл алса, сол мээ абстрактуу, логикалык, рационалдык ойлоо аркылуу таанып-билүүнү жаратат деп илимде көрсөтүлөт. Улуу педагог Я.А.Коменский да дидактиканын

«Алтын эрежесин» сенсуализмге негиздеп кетип, окуу процессинде баланын бардык сезүү органдарын иштетүү менен сабакта эмоционалдык абалды түзүш керек дейт. Нукура талант, табигый педагог Чынгыз Айтматов окуу процессинин мыйзам ченемдүүлүгүн өзүнүн чыгармасында Дүйшөндүн Ленин тууралуу аны эч качан көрбөсө да, көрүп тургандай айтып бергени аркылуу таамай ачып кеткендиги анын талантына дагы бир жолу таазим кылууга түрткү берет. Окутуунун мындай мыйзамченемдүүлүгүн «Эрте жаздагы турналар» чыгармасында Инкамал апанын сабагынан да көрө алабыз. География сабагында Цейлон, Ява, Борлей, Австралия өлкөлөрү жөнүндө өзү көрүп тургандай айтып жатканы сабакты элестүү кабыл алдырып алгач оң мээни иштетиш керек экендигин дагы бир жолу далилдеп кетет. Илимпоз педагогдор мындайча аныктама беришет: «Оң мээ активдүү иштемейинче, сол мээ биротоло иштебейт. Оң мээнин ишин активдештирүү үчүн анын элестүү көркөм сезимтал (эмоционалдуу) кабыл алуусун камсыз кылыш керек. Оң мээ активдүү иштегенде сол мээ сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, автоматтык түрдө активдүү ишке кирет».

Демек, окутуу процесси кызыктуу болушу үчүн илимге таандык окуу материалдарын элестүү, сезимтал кабыл алдырып оң мээни активдештиришибиз керек экен. Тилекке каршы, бардык эле мугалимдер мындай окутуунун маңыз-мазмунун биле беришпейт. Биз көбүнчө сол мээни же рационалдык таанып билүүнү иштетүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзө беребиз. Ошол себептүү сабак суз, кызыксыз болуп калгандыгын аңдап түшүнө бербейбиз.

Эгерде, Ч.Айтматовдун чыгармаларын көбүрөөк окуп, анын идеяларын таалим-тарбия жараянында кеңири пайдалансак, сөзсүз түрдө окутуунун ийгиликтерине жетишет элек. Ч. Айтматовдун айтып кеткен идеялары бүгүнкү күндө илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен далилденип тургандыгы анын гениалдуу жазуучу эле эмес, гениалдуу педагог экендигин көрсөтүп турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×