Добавить статью
3:43, 17 марта 2015 159560

2005, 2010-жылдардагы кыргыз ыңкылаптарын изилдөө жана тарыхый жактан баалоо

Алгы сөз

Үстүбүздөгү 2015-жылы 2005-жылкы Март окуяларына 10 жыл, ал эми 2010-жылкы Апрель окуяларына 5 жыл толуп олтурат. Кыргызстан 24 жылдык өзүнүн эгемендик кыска тарыхында коммунисттик идеологияга негизделген советтик тоталитардык өлкөдөн рынокко жана демократияга негизделген заманбап өлкөгө “трасформациялануу” жараянын (процессин)” баштап кечирип келе жатат. Трансформациялануу процесси али аяктай элек. Бул жолдо жалпысынан коомдук өнүгүүдө прогресс болгону менен экономикалык көрсөткүчтө, мамлекеттин бекемдигинде, өлкөнүн биримдигинде, калктын жашоо деңгээлинде төмөндөө баштан кечирилди. Трансформацияланууну тездетүү, аны “секирик менен” ылдамдатуу максатында “аксы окуялары”, 2005, 2010-жылдардагы олуттуу саясий акттар болуп өттү. Көптөгөн кыйынчылыктардын капшабы менен өлкөнүн регионалдык (түндүк-түштүк), этностук (кыргыз-өзбек араздашуусу), руханий (карама-каршылыктарга негизделген диний көп түрдүүлүк), коопсуздук (криминалдашуу, наркожол), нравалык (баңгилик, кылмыштуулук, сойкулук жана башка) ажырымы күчөдү. Калктын белгилүү бир бөлүгү маргиналдашуугаi тушукту.

Аталган опурталдуу маселелердин таасири жогоруда аталган учурда “революция” деген аталышка ээ болуп келе жаткан эки окуяны пайда кылды.

Ар кандай тарыхый окуяны баалоо ал окуя биротоло аяктап, дагы бир 5-10 жыл өткөндөн кийин гана аткарылышы логикалык жактан туура болот. Ал эми Кыргызстандын эгемендик доору “трансформациялануу” процессинин алкагынын ичинде турат. “Трансформацияланууну” жалпысынан кыргыз коомчулугунун түп-тамырынан бери өзгөрүүсү, революциясы катары кабыл алсак, анда ал “революциянын” кең маанисинде али аяктай элек. Демек, “революциянын кең маанисиндеги” эки этап катары болуп өткөн эки түстүү революцияны (2005, 2010) толук кандуу баалоо азырынча талапка жооп берерлик деңгээлде ишке ашпасы ачык. Анын үстүнө, 1991-жылдан бери уланып келе жаткан “трансформациялануунун” алкагындагы “социалдык революциянын” “кең маанисиндеги” ишке ашышы аяктай электигинен Кыргызстанды дагы кандай саясий өнүгүү күтүп тургандыгын так божомолдоого да мүмкүн эмес.

Ошондой болсо да мааракелик даталар деп эсептелинген 2005-жылкы 24-март революциясынын 10 жылдыгын, 2010-жылкы 7-апрель революциясынын 5 жылдыгын белгилөө алдында азырынча жалпыланган (толук такталбаган деген мааниде) концептуалдуу илимий пикирди гана айтышыбыз мүмкүн. Ал эми бул окуяларды конкреттүү, терең жана ар тараптуу комплекстүү изилдөө, тарыхый ордун аныктоо келечектин иши.

Төмөндө 2005, 2010-жылдардагы Кыргыз революцияларын изилдөөгө, тарыхый жактан баалоого, ошондой эле орто жана жогорку билим берүү системасында окутуу боюнча колдонмо иретинде тезистик таризде пикирибизди айтууну туура көрдүк.

Алгач бир катар терминдик сереп берип кетели.

Революция деген эмне?

«Революция» деген сөз французча "revolition» деген сөздөн алынып, анын мааниси – түп тамыры менен өзгөртүү, бир сапаттан экинчи сапатка секирик менен өтүү болуп саналып, ал коомдун, аң-сезимдин жана жаратылыштын диалектикалык өнүгүүсүнүн эң маанилүү мыйзам ченемдүүлүгүнүн иш жүзүндө көрүнүшү» (Словарь иностранных слов, М.: «Русский язык», 1989). Албетте, бул аныктаманын «пролетардык духта» жазылгандыгы, анын 1989-жылы жарык көргөн сөздүктө жайгашкандыгынан эле көрүнүп турат. Бирок, кеп мааниси туура берилген. «Революция» термини «ре» приставкасынан жана «эволюция» (өзгөрүү) термининен турат. Эми «ре» деген приставканы бир нече терминдин алдына коюп көрөлүчү: революция, реформа, реаминация, реабилитация, ремилитаризация ж.б. Ошентип, «ре» приставкасын кошуу менен «эволюция» (өзгөрүү) жөнөкөй жол менен акырындап өсүп-өнүгүү эмес, секирик, принципиалдуу өзгөрүү жолу менен ишке ашуучу процессти түшүндүрүп турат. Демек, «революциянын» уңгу мааниси «түп тамыры менен өзгөртүү, бир сапаттан экинчи сапатка секирик менен өтүү» экендиги анык.

Революциялар жаратылышта, саясатта, руханий өнүгүүдө, илимде жана башка чөйрөлөрдө болушу мүмкүн. Бирок, биз азыр “социалдык” революция жөнүндө кеп кылып жатабыз. Ошондуктан “революция” деген термин жөнүндө айтканда анын социалдык маанисин түшүнүп жаткандыгыбызды белгилеп кетүүбүз керек.

Революциялар максаты жана масштабы, тарыхый мааниси жагынан классикалык жана классикалык эмес болуп бөлүнүшөт. Классикалык революцияларга мисал катары, XVI кылымдагы Англиялык буржуазиялык, XVII кылымдагы Улуу Француз, XIX кылымдагы Италия, Германия сыяктуу батыш европалык, XX кылымдагы Орусиядагы Февраль, Улуу Өктөбүр, Түркиядагы буржуазиялык жана башка революцияларды атоого болот. Классикалык революциялар, койгон максаты жана маңызы жагынан буржуазиялык, буржуазиялык-демократиялык, социалисттик жана башка болуп бөлүнүшү мүмкүн.

Ал эми классикалык эмес революцияларга а) ишке ашпай калган революцияларды, б) түп-тамырынан бери өзгөртүүгө алып барбаган, коомдук түзүлүштүн белгилүү бир чөйрөсүн гана алмаштырган, салыштырмалуу тынчтык жол менен өткөн революцияларды киргизебиз. Экинчи топтогу революцияларды азыркы саясат таануу илиминде “жибек революциялары” деп аташат.

Революциялардын “тар” (де-юре) жана “кең” (де-факто) мааниси.

Революциялардын бардык түрүнүн жүрүшү “тар” (де-юре) жана “кең” (де-факто) мааниге ээ. Революциялык акт, окуя болгон конкреттүү мезгил революциянын тар мааниси (де-юре) болсо, анын максат-милдеттерин ишке ашыруу жана революциянын жеңиштеринин толук жана биротоло орношу анын кең маанисин (де-факто) түшүндүрүп турат. Мисалга алсак. 1917-жылдын 7-ноябры – Улуу Өктөбүр революциясынын тар мааниде (де-юре) ишке ашышы, ал эми 1917-37-жылдардын ичинде Өктөбүр революциясы койгон максат-милдеттердин толук жана биротоло аткарылышын туюндурган процесс революциянын кең маанидеги (де-факто) ишке ашышы болгон. “Жибек революцияларында” да так ушундай белги мүнөздүү. 

Революциялардын “себеп-натыйжа чынжырына” баш ийиши, анын өбөлгөлөрү, себептери жана шылтоосу.

Дүйнө тарыхындагы бардык өнүгүүлөрдүн өбөлгөсү, себептери болоору “тарыхыйлык методологиялык принциптен” (историзм) белгилүү. Ошондуктан революциялар да тарыхый окуя катары кокустан эле пайда боло койбойт, аларда алдын ала акырындап революцияга алып келүүчү өбөлгөлөр бышып-жетилип, бир катар себептердин натыйжасында революциялык кризис чыңалып, анан революциялык кырдаал түзүлөт да, кайсыл бир себептерден улам келип чыккан шылтоонун натыйжасында чыңалуу жарылып, революциялык акт ишке ашат. Бул процесс албетте “себеп-натыйжа чынжыры” деп аталуучу мыйзам ченемге ээ. Ошондуктан революцияларды, анын ичинде “жибек революцияларын” да тарыхын “себеп-натыйжа чынжыры методологиялык принциби менен карашыбыз абзел.

Революциялык кырдаал. Революциялык кырдаал деп революция болоор алдындагы кыска мезгилде процессти революцияга алып келүүчү белгилерди айтабыз. Революциялык кырдаалды методологиялык жактан эң туура иштеп чыккандар марксизм-ленинизм окуусунун өкүлдөрү. Алардын революциялык кырдаал жөнүндөгү окуусун классикалык революцияларды, “жибек революцияларды” изилдеген тарыхчылар да, саясат таануучулар да кабыл алышкан. Бул окууларда революциялык кырдаал ар түрдүү аныкталат, бирок маңызы бирдей. Кыскача ал төмөнкү үч белгини көрсөтөт:

1. “Төмөнкүлөрдүн” мурункудай жашай албай, ал эми “жогоркулардын” мурункудай башкара албай калышы;

2. Эл массасынын жакырдануусунун адаттан тыш төмөндөп кетиши жана алардын бийликке болгон нааразычылыгынын укмуштуудай күчөшү;

3. Эл арасындагы оппозициячыл күчтөрдүн активдүүлүгүн жогорулашы жана бийликтин аларга карата болгон репрессиясынын катаалданышы.

Аталган белгилердин суммасы революциялык кырдаалды жаратат да, революциянын себептеринин бири өтө курч деңгээлге жетип, революция чыгып кетчү жагдай түзөт. Ал революциянын шылтоосу болуп, революциялык акт башталып кетет.

Жогорку айтылгандарды кай бир учурларда “кокустукка”, “бийликтин айрым бир жаңылыштыгына”, “сырткы күчтөргө” шылтап коюу бардык эле революциялардын жыйынтыктарында кездешип келген. (Ал Кыргызстандагы эки жолку “түстүү” революциялардын артында бийликтен алынган топтун революциянын чыгуу себептери жөнүндө актанган сөздөрүнөн белгилүү.) Чынында, революцияларда тышкы фактор дагы таасир эткени менен, негизинен ички фактор чечүүчү мааниге ээ жана процесс мыйзам ченемдүү жүрөт.

Жибек жана түстүү революциялар деген эмне?

Классикалык революциялардан айырмаланган «жибек революцияларынын» теориялык принциптери Италия коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү жана теоретиги А.Грамши тарабынан 30-жылдары эле иштелип чыкканii. Анын көз карашы боюнча мындай революциянын эң негизги белгиси коомдун базисин (системасын) эмес, анын саясый мамилелерге, идеологияга, аң-сезимге тийешелүү болгон надстройкасын «жумшак, кансыз жана жарандык согушсуз» өзгөртүү менен бир катар маанилүү реформалар аркылуу тигил же бул өлкөдө системалык өнүгүүгө жетишүү.

А.Грамшинин теориясынын өзөгү бийлик менен жарандык коомдун өз ара келишүүсүнө негизделген «маданияттын гегемондуулугу» деп аталат да, бул келишүү жумшак «жибек революциясы» аркылуу ишке ашырылат.

А.Грамшинин окуусу көптөгөн саясат таануучулар тарабынан улантылып, анын негизгилеринин бири Дж.Шарптын 1993-жылы жарык көрүп, бир нече жолу кайра басылган “От диктатуры к демократии. Концептуальные основы освобождения” деген китеби болуп саналат.

ХХ кылымдын экинчи жарымында «үчүнчү дүйнө» деп аталган өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү орто кылымдык мамилелерден заманбап рынокко багыт алган системаларга өтүүдө багыт алышты. Постсоветтик республикалар болсо советтик-тоталитардык алкактан бошонуп, эгемендүүлүк алуу менен демократиялуу өнүгүү жолуна түшүштү. Бул процесстер соңку жаңы тарыхта «жибек жана түстүү революциялар» деп аталып келе жатат.

“Жибек революциясынын” түпкү мааниси – өлкөнүн өтө активдүү чакан азчылыгынын коллективдүү аракети менен мурунку тоталитардык режимдердин, анын ичинде коммунисттик режимдин революция жасагандардын пайдасына “жумшак”, “жеңил” (бул түшүнүк “жибек сымал” деген түшүнүктү берет) өткөрүп берүүсүнө байланышкан.

СССРдин ыдырашы болжол менен ХХ кылымдын 70-жылдарынан башталып, ал жараян СССдин кулашы менен 90-жылдардын башында аяктаган. Бул доор жалпысынан «жибек революциялары» деп аталган процесстин алкагында жүргөн.

“Жибек революцияларынын” толук ишке ашпай калышынан, анын максат-милдеттерине жетүү үчүн күрөш уланып, “жибек революциясынын перманенттикiv өнүгүүсүнө” алып келет да, жаңы этаптагы саясий революциялык акт катары «түстүү революциялар» жаралат. Бул теориялык жобо акыркы мезгилдеги бир катар окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. 2003-2005-жылдары Грузиядагы “роза”, Украинада “малакай” жана Кыргызстандагы “жоогазын”v аталган “түстүү революциялар” анын конкреттүү мисалдары болуп саналышат.

СССРди жана социалисттик лагерди ыдыратуу жана андан ары кулатуу үчүн АКШ баш болгон империалисттик мамлекеттер “түстүү революцияларды” жакшы колдоно алышты. Айрыкча АКШ каржылаган бир катар эл аралык уюмдар «адам укугун коргоо, Батыштын баалуулуктары катары эсептелген модернизацияланган либералдык демократияны орнотуу» деген шылтоо менен постсоветтик өлкөлөрдү өз таасирине тартуу үчүн «түстүү революциялардын» өтүшүнө зор көңүл буруп келген. Муну да көңүлгө алып кою керек.

1980-жылдардын акырында жана 1990-жылдардын башында постсоветтик республикалар «жибек революциясынын» принциптери менен советтик-тоталитардык системадан бошонуп, эгемендүүлүк алуу менен заманбап рынок шарттарына негизделген коомго багыт алышса, алардын кай бирлери, мисалы Грузия, Украина жана Кыргызстан сыяктуу республикалар «түстүү революциялардын» негизинде авторитаризмден кутулуп, толук кандуу эркин мамлекеттик системаны курууга аракет кыла баштаган. 

“Жибек революциялары” менен “түстүү революциялардын” айырмачылыгы

Саясат таануучулардын бир катары булар эки башка революция деп санашат. Басымдуу көпчүлүгү бул экөө тең “жибек революциялардын” алкагында турат деп эсептешет. Болгону “түстүү революция” азыркы кай бир заманбап өлкөлөрдө бир топ айырмачылыктары менен ишке ашкан “жибек революцияларынын” сапаттык жаңы баскычы катары кабыл алынган.

“Жибек революциялары”

Жарандык согуштун жоктугу

Таптык күрөштүн жоктугу

Кансыздыгы

Салыштырмалуу тынчтыгы менен айырмаланышат.

Жыйынтыгы – коомдук жана социалдык-экономикалык жактан системалык өзгөрүүгө багытталып, жаңы, заманбап коомдук жашоону баштоо. (Башкача айтканда жогор жакта айтылгандай «үчүнчү дүйнө» деп аталган өлкөлөрдүн орто кылымдык мамилелерден, ал эми социалисттик деп аталган өлкөлөрдүн советтик-тоталитардык алкактан бошонуп заманбап рынокко, демократиялык коомго багыт алышы, жаңы коомдук системага өтүшү.)

Соңку доордун тарыхында Евразия континентинде болуп өткөн саясый окуялар, мисалы 1981-83-жылдардагы Польшадагы «Солидарность» уюму тарабынан уюштурулган окуялар, 1989-жылы болуп өткөн Чыгыш Европадагы бир катар социалисттик мамлекеттердеги (Румыния, Венгрия, Болгария ж.б.) «революциялар» , 2000-жылы Сербияда Милошевичтин режиминин кулашы, жана башка окуялар, ошондой эле мурунку совет өлкөсүнүн ыдыроосунун негизинде ар түрдүү ыкма жана жолдор аркылуу постсоветтик эгемендүү республикалардын түзүлүшү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын уюштурулушу «жибек революцияларынын» мисалы боло алат.

“Түстүү революциялар” болсо “Жибек революцияларынын” жаңы этабы

Жарандык согушсуз.

Таптык күрөшсүз.

Салыштырмалуу кансыз.

Өлкөнүн калкынын “оппозицияда” турган белгилүү тобу тарабынан уюштурулуп, же колдоо таап жасалгандыгы.

Тышкы фактордун таасиринин күчтүүлүгү (Мисалы, АКШ, РФ)

Жыйынтыгы – бийликтин жөн гана алмашуусу эмес, мамлекеттик системанын легитимдүүлүгүн жана анын геосаясаттык багыттарын принципиалдуу өзгөртө алгандыгы.

Мисалдары: 2003-жылкы Грузиядагы «роза революциясы», 2004-жылкы Украинадагы «апельсин же малакай түстүү революциясы», 2005-жылкы Кыргызстандагы «жоогазын революциясы» эсептелишет.

Бул жерде кыргыз “түстүү революцияларынын (2005, 2010)” Грузия жана Украинага караганда бир катар өзгөчөлүктөрү да бар.

Жибек жана түстүү революция менен “ыңкылап (инклоб)”ды салыштыруу.

Кыргызстанда 24-мартта (2005) жана 7-апрелде (2010) болуп өткөн түстүү революцияларынын бир катар өзгөчөлүктөрүнө таянуу менен, аларды «Элдик Ыңкылап»  деп атоо тагыраак болоорун айтмакчыбыз. Анткени, араб термини «инклоб»  мааниси жагынан коомдун жана адамдын руханий тулку боюнун бир сапаттан экинчи сапатка өтүүсүн, өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Кыргызстандын тарыхында 1920-жылдары Өктөбүр революциясынын “Өктөбүр ыңкылабы” деп аташкандыгын эске салалы. (Бул жерде Кыргызстандагы 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги кыргыз жоогазын революцияларынын негизги мазмуну биздин коомдун руханий жана дене-бойлук маңызынын (духовная и физическая сущность) жаңы баскычка көтөрүлүшү болгондугун белгилөө зарыл. Демек, бул аталыш назариятка (теорияга) да туура келет, амалиятка (практикага) да жооп берет.)

Кыргызстандын 1985-2015-жылдардагы коомдук-саясий өнүгүшүн “жибек революцияларынын” белгилерине кантип ылайыктоого болот?

1. 1985-90-жылдардагы горбачевдук “кайра куруу”, “айкындык” кампанияларынын алкагындагы реформалар советтик системаны түп-тамырынан бери жоготпой туруп, акырындык менен рынокко өтүүгө (кытайдын коомдук өнүгүү моделине жакын жол менен) багытталган. Ал максат ишке ашкан жок, бирок “жибек революциясына” өбөлгө болуп берди.

2. 1990-91-жылдардагы саясий окуялар жана анын жыйынтыгында бир катар мыйзамдык актылар, реформалык чечимдер аркылуу коммунисттик партиянын, коммунисттик идеологиянын алкагынан бошонуп, рынок шарттарын, демократиялык баалуулуктарды таануу менен эгемендик декларация жарыялоо “жибек революциясынын” де-юре ишке ашкан актысы (революциянын тар маанисинде) болсо, 1990-жылдардын ортосуна чейин советтик-тоталитардык системанын белгилеринен биротоло ажыроо аркылуу системаны өзгөртүп, жаңы, рынокко шартталган, демократиялуу, заманбап коомдук системада жашоого багыт алуу “жибек революциясынын” де-факто өнүгүшү, башкача айтканда анын “кеңири мааниде” ишке ашуу жараяны болгон. Бул жараян али аяктаган жок.

3. 1991-2005-жылга чейинки өлкөнүн өнүгүшү “жибек революциясынын” де-факто, башкача айтканда кеңири жана биротоло ишке ашышын камсыз кыла алган жок. А.Акаев баштаган алгачкы жакшы реформалар кийин иш жүзүндө бузулуп, авторитардуулукка оой баштады. “Жибек революциясынын” максат-милдеттеринин толук ишке ашпай калышы жана бийлик түзүмүнүн, маани-мазмунунун бузулушу “жибек революциясынын” сапаттык этапка өтүшүнүн зарылдыгын жаратты. Ошентип, “жибек революциясынын” жаңы этабы, баскычы болгон “түстүү революциянын” өбөлгөлөрү бышып жетилди. Ал өбөлгөлөр бир катар саясий-коомдук, идеологиялык себептердин натыйжасында ылдамдады. Ал эми 2004-жылдагы парламенттик шайлоолордун бузулушу жаңы “түстүү революциянын” шылтоосу болуп калды да 2005-жылы 24-мартта “жибек революциясынын” кезектеги “түстүү” (Кыргызстанда “жоогазын”) деп аталган революцияны пайда кылды. 2005-жылдын 24-мартындагы окуя ошол локалдуу “түстүү революциянын” “де-юре” тар мааниси болучу.

4. Бирок, Март революциясынын максаттары ишке ашпай, элдин күткөнү акталган жок. 2005-2010-жылдардагы “бакиевдик режимдин” “акаевдик режимди” кайталашы, атүгүл авторитардык белгилери боюнча андан да ашып түшүшү “жибек революцияларынын” андан ары уланышына, башкача айтканда перманенттик өнүгүшүнө алып келди. Ошентип, 2005-2010-жылдар ичинде Кыргызстанда 1991-жылдан бери эле кеңири мааниде өнүгүп келе жаткан “жибек революциясынын” кезектеги сапаттык этабы 2010-жылкы Апрель түстүү революциясын пайда кылды. 2010-жылкы Апрель революциясынын өбөлгөлөрү, себептери 2005-жылкы Март революциясынын эле өбөлгөлөрү менен себептеринин уланышы болгон. Жаңы белгилер негизинен жок. Бирок, шылтоосу башка – ал ЦАРИИ, “тарифтердин өсүшү” сыяктуу факторлорго байланыштуу.

5. Демек, 2005-жылкы Март жана 2010-жылкы Апрель революциялары (ыңкылаптары) Кыргызстанда 1991-жылдан ушул убакка чейин кеңири мааниде (де-факто) уланып келе жаткан “жибек революциясынын” алкагында турат. Ошондуктан бул эки окуянын түпкү маңызы, формасы, өбөлгөлөрү, себептери окшош. Болгону даярдалышынын жана жүрүшүнүн кай бир белгилери, ошондой эле катаалдыгы жана кандуулугу боюнча айырмалар бар. Маселен, 2005-жылы ыңкылап себептери, “революциялык кырдаал” конкреттүүрөөк, курчураак болсо, 2010-жылкы окуя кандуулугу, катаалдыгы менен айырмаланат. Бирок, ал айырмаларга негизденип, бул эки окуяны эки башка маанидеги революция, же азыркы саясатчылардын кай бирлеринин айтып жаткандай бирин революция (2010), экинчисин төңкөрүш (2005) деп атоого болбойт.

6. Ошол эле учурда 2010-жылкы каргашалуу Июнь окуяларынын ички жаратылышы, маңызы, өбөлгөлөрү, себептери жана шылтоосу Апрель революциясы менен эч кандай байланышы жок. Ал окуя 20 жыл мурунку 1990-жылкы каргашалуу Ош окуясы менен тамырлаш. Этнос аралык бул окуянын келип чыгышын бийликтен кулаган “бакиевчилерге”, же бийлик алган “убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө” байланыштыруу эч кандай илимий негиздемеге коошпойт. Айрым бир гана саясатчылардын көз карашы катары кабыл алынышы керек.

Кыргыз “жибек революцияларынын” алкагындагы “түстүү революцияларды” изилдөө жана илимий сереп салуу окуяларды системдик, комплекстүү кароону, “жибек революциялары” жөнүндөгү теориялык негиздерге таянып, Кыргызстандын реалдуу кыртышын эске алган жаңы ой жүгүртүүлөрдү талап кылат.

Ал үчүн жогорку айтылган ой-пикирлердин алкагында 2005, 2010-жылдардагы кыргыз түстүү революцияларынын тарыхын, анын өбөлгөлөрүн, себептерин, шылтоолорун изилдөөнү төмөнкү белгилерди эске алуу жүргүзүүнү сунуш кылууга болор эле.

А) Өбөлгөлөрүн айтууда төмөнкү факторлорду эске алуу керек.

1. Конституциялык кризис фактору.

2. Социалдык-экономикалык фактор.

3. Аймактык (регионалдык) фактор.

4. Уруулук-кландык (трайбализм) фактору.

5. Советтик-тоталитардык системанын саркындылары фактору.

6. Ислам фактору (исламский фундаментализм).

7. Наркотрафик жана кылмыш дүйнө фактору.

Жогорку факторлор Кыргызстанда болуп өткөн эки революцияда тең анын өбөлгөлөрүнүн бышып-жетилишин шарттаган. Демек, 2005- жана 2010-жылдардагы кыргыз “түстүү революцияларынын” өбөлгөлөрү жөнүндө изилдөөдө аталган факторлордун айланасында ой жүгүртүү гана аларды түстүү революциялар катары туура баалоого алып келет. 

Б) Себептерди айтууда төмөнкү белгилерди эске алуу керек.

1. Өлкөнүн калкынын экономикалык жана жашоо деңгээлинин олуттуу төмөн түшүп кетиши.

2. Өлкөнүн калкынын белгилүү бир бөлүгүнүн маргиналдашуусу.

3. Мамлекеттеги мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот-адилет бийлигинин бир адамдык колуна топтолушу (авторитаризм же “акаевдик”, “бакиевдик” үй-бүлөлүк башкаруу).

4. Мамлекеттик башкарууда кыргыз коомчулугуна тийешелүү болгон, эгемендүүлүк доорунун башынан бери келе жаткан мамлекет-бийлик мамилелериндеги региондук кландуулук, уруулук-трайбалисттик белгинин күч алышы.

5. Кадр саясатында жердешчилдик, берилгендик (фаворитизм), туугандык (кумовство), паракорчулук, коррупция сыяктуу жаман илдеттердин орун-очок алышы.

Революциялардын болуп кетишинин себептери негизинен ички факторлорго байланышкан. Алар: экономикалык кризистер, мамлекеттик башкаруунун моделин тандоодогу, экономикалык, социалдык жана руханий, идеологиялык реформаларды жүргүзүүдөгү олуттуу жаңылыштыктар, ички жана тышкы миграция, аткаруу бийлигинин алсыздыгы жана өлкө башчысына көз карандылыгы, бюрократташуунун ашыкча өсүп кетиши, үй-бүлөлүк башкаруу, уруучулук, кландуулук, туугандашуу, тоталдуу коррупция, коопсуздуктун начарлашы, эл бийлигинин толук эместиги, аткаруучу бийликтин алсыздыгы, демократиялык баалуулуктардын, адам укуктарынын, сөз эркиндиктеринин бузулушу, саясий, регионалдык (түндүк жана түштүк жердешчилик), диний ажырымдын күчөшү, криминалдашуу жана наркотрафикке байланыштуу уюшкан кылмыштуулук жана башкалар.

Тышкы факторлор: Тышкы саясаттагы багыттардын так эместиги (бир полярдуулук менен көп полярдуулук багыттарынын туруксуздугу), батыш өлкөлөрүнүн, айрыкча АКШнын “либералдык демократиясынын” таасири менен “батыш баалуулуктарынын экспорттолушу”, Кыргызстандын тышкы карыздарынын өсүшү, финансылык жардам күтүү психологиясы (мамлекеттик деңгээлдеги тилемчилик), өлкөнүн ири мамлекеттердин геосаясаттык “чоң оюунун алкагында калышы”, заманбап ааламдашуу жана регионалдашуу (глобализация и регионализация) процесстеринин Кыргызстанга тийгизген кесепеттери, тышкы миграциянын болуп көрбөгөндөй жайылышы жана башкалар.

Кыргызстандагы 2005-жана 2010-жылкы “түстүү революциялардын даярдалышында ички факторлордон келип чыккан себептер чечүүчү, ал эми тышкы факторлордон келип чыккан себептер кошумча, экинчи катардагы мааниге ээ. Бирок, 2005-жылкы революцияда АКШнын таасири, ал эми 2010-жылкы революцияда Россия федерациясынын таасири көмүскөдөгү чечүүчү эмес “үчүнчү күч” катары кабыл алынуусу да абзел.

В) Кыргыз түстүү эки революцияга тийешелүү негизги өзгөчөлүктөр да бар:

Кыймылдаткыч күчтү элдин, айрыкча жаштардын активдүү бөлүгү түзгөн. Эки революциянын жүрүшүндө элдин активдүү катмары катышып, ал эми калың катмары пассивдүү колдоп турган.

Эки революцияда тең регионалдык кызыкчылыктар таасир эткен. Фактылар айтып тургандай революциялык актылардын ийгиликтүү аякташына 2005-жылкы окуяда Кыргызстандын түштүк тургундары, 2010-жылкы окуяда – түндүк тургундары кызыкдар болгон. (Муну кыргыз уруулук-трайбалисттик менталитетинин кесепетинен “реванш алуу” таризинде пайда болгондугун тануу мүмкүн эмес.)

Революцияны активдүү “оппозиция” түздөн-түз уюштурган эмес. Оппозиция тарабынан бийликти алуунун стратегиясы, тактикалык планы, ыкмалары жана каражаттары иштелип чыкпаган.

Революциянын акттары региондордон башталган жана Бишкек шаарынан аяктаган.

Эки революциянын алкагында тең талап-тоноочулук жүргөн. (Салыштырмалуу бирөөндө көбүрөөк, бирөөндө азыраак.)

Кыргыз Республикасынын расмий күч уюмдарынын куралдуу отряддары (милиция, ички иштердин куралдуу топтору) митингчилерге ок чыгарган эмес. Алар өз милдеттерин уставга ылайык аткарышкан.

Эки революциянын экөөндө тең башталышында митинг салыштырмалуу тынчтык мүнөздө башталган. Ал мүнөз 2005-жылы 24-март күнүнүн аягына чейин сакталган. Ал эми 2010-жылы болгон революцияда митингге катышкандардын арасына курал таратуунун, Ак үйдү коргоочу атайын максаттагы куралдуу топтун (көзгө атар, атайын даярдыктагы ыкчам отряд) ок чыгаруусунун натыйжасында тынчтык митинг кандуу аяктаган да 87 адам курман болгон.

Оппозиция лидерлери митингчилердин арасында болуп, көзөмөлдөп турушу эки окуяда эки башка болгон. 2005-жылы оппозиция лидерлери митингдин башынан аягына чейин катышып, көзөмөлдөп, жетекчилик кыла алышкан. Кандуу кагылышууга жеткиришкен эмес. Ал эми 2010-жылы оппозициянын негизги лидерлеринин региондордо, айрымдарынын камакта болушуна байланыштуу Бишкектеги митингдин жүрүшүнө жетекчилик кылууга да, көзөмөлдөөгө да жетише алган эмес. Алар кечке маал гана митингчилерге кошулушкан. Ошондуктан кандуу фактыларды токтото алышкан жок.

Бийликти алуу демилгеси режимге каршы уюшулган митингдердин жүрүшүндө оппозиция лидерлери тарабынан эмес, эл арасынан чыккан. Айрыкча бул 2010-жылкы революцияга мүнөздүү.

Жана башка өзгөчөлүктөр эсепке алынуусу тийиш.

В) Шылтоосу боюнча

2005-жылкы Март революциясында:

2004-жылкы кеч күздөгү жана кыш айларындагы парламенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулар.

2010-жылкы Апрель революциясында:

Максим Бакиевдин “ЦАРИИ”ге келиши;

Тарифтик көтөрүүлөр.

Кыргызстандагы эки революцияны илимий-теориялык жана практикалык жаткан туура баалоонун саясий да, илимий да, тарыхый да, коомдук да чоң мааниси бар. Анткени аны «төңкөрүш», «путч», «революция», же жөн эле «бийликтин алмашышы» деп атап коюу, аны жасагандар үчүн да, эски бийлик өкүлдөрү үчүн да, эл, мамлекет үчүн да канааттанууну алып келе албайт. Ал окуяларды туура жана коомчулуктун мүмкүн болушунча басымдуу бөлүгүн канааттандыра ала турган деңгээлде баалоо, эки ыңкылаптын тең сабактарын болочок өнүгүүдө көңүлгө алуу - Кыргызстандын келечеги үчүн, коомчулукта демократияны өнүктүрүү үчүн олуттуу таасир этүүчү маселе.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×