Добавить статью
11:48, 6 апреля 2015 38956

Байыркы түрк (кыргыз)жазуусунун кыргыздарга болгон катышы

Байыркы түрк (кыргыз) жазуусунун кыргыздарга болгон катышы

“Биң йыллык, түмен күнлик битигимин, белгүмин

бунта йасы ташка йаратдым, тулку ташка токытдым

(Миң жылдык, он миң күндүк жазуумду, тамгамды

бул жерде жазы ташка жаздырдым, тулку ташка урдурдум)”

Тариат жазма эстелиги

Акыркы жылдары коомчулугубузда байыркы мурастарыбызды иликтөө, кайрадан жандандыруу сыяктуу жакшы демилгелер колго алына баштады. Мисалы, “Манас” дастанынын ЮНЕСКОнун тизмесине алынышы, “Кара жорго” бийинин таралышы, “Курманжан Датка” фильминин тартылышы жана “Көчмөндөр оюнунун” өткөрүлүшү элибизге кандайдыр бир дем бергенсиди. Ошону менен бирге өткөнүбүздү, маданий мурастарыбызды изилдөөдө, аны бүгүнкү турмушубузда колдонууда кандайдыр мүчүлүштүктөр бардай сезилет. Себеби биз өзүбүздү толугу менен көчүгү жер жыттабаган көчмөн кылып салдык. Көтөрүп чыккан маданий баалуулуктарыбыздын бардыгы көчмөн турмушка байланыштуу. Туура, биз дүйнөлүк тарыхтын катализатору катары бааланган көчмөн элдин бир бөлүгүбүз. Бирок, биз ошол эле мезгилде байыркы түрк (кыргыз) жазуусу менен чегилген Енисей жазма эстеликтерин жазган, Жусуп Баласагын менен Махмуд Барсканини чыгарган жана Орду-Балык, Баласагын, Суяб, Барскан сыяктуу шаарларды курган элдин да мураскорубуз. Башкача айтканда, кандайдыр бир деңгээлде отурукташкан маданияттын да өкүлүбүз. Эми, темабызга келе турган болсок, жазуунун адамзаттын тарыхындагы ордунун өтө чоң экендиги талашсыз чындык. Адамзаттын жалпы өнүгүшүн изилдеген антрополог-социологдор адамзаттын варварлыктан чыгып цивилизацияга өтүшүн жазуунун жаралышына байланыштырышат. Биз азыр эмнеге жетишкен болсок – цивилизация доорунда көп эле жетишкендиктер болду. Мисалы, адамзаттын орточо өмүр узундугу 30-35 жаштан 60-65 жашка чыкты, жугуштуу оорулардан массалык кырылуулар азайды ж.б.у.с. – булардын көпчүлүгүнө жазуунун, жазуунун аркасында келип чыккан илимдин, билимдин аркасында жетиштик. Ошол эле учурда, азыркы өнүккөн мамлекеттердин дээрлик бардыгын өз жазуусун ойлоп тапкан, аны колунан чыгарбай ар түркүн маалыматтарды өз тилинде жазып, кылымдан кылымга, муундан муунга өткөрүп берген элдер курганына күбө боло алабыз.

Жазма маданияты 1000 жылдан ашкан элдердин саны дүйнөдө өтө эле аз. Ошолордун ичинен кыргыздар мындан 1300-1100 жыл мурун, тагыраак айтканда, VII-IX кылымдарда жазылган Енисей, Алтай, Түндүк-батыш Монголия жазма эстеликтеринин мураскору катары бактылуу. Енисей жазма эстеликтеринин кыргыздарга таандык экендигин түркологдор, рунологдордун эч кимиси танбайт. Себеби Енисей жазма эстеликтери боюнча эң чоң окумуштуу катары эсептелген С.Е.Малов жана байыркы түрк (кыргыз) жазуусун чечмелеген В.Томсен менен “түркологиянын атасы” катары эсептелген В.В.Радлов бул жазма эстеликтерди эч күмөнсүз кыргыздарга таандык деп эсептешкен [Малов, 1952: 4-5].

Бирок, Енисей жазма эстеликтери бизге таандык болгону менен бул эстеликтерде колдонулган байыркы түрк (кыргыз) жазуусун кыргыздарга таандык деп жеке өзүбүзгө менчиктей албайбыз. Себеби илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы ушундай. Илимде, философияда “вечная триада истины, красоты и добра (чындыктын, сулуулуктун жана жакшылыктын түбөлүк үчтүгү)” деген жакшы принцип бар. Бул принцип боюнча чындык канчалык ачуу болсо да сулуу, таза, көркөм. Ал эми сулуулук, тазалык, көркөмдүк – бул жакшылыктын булагы. Белгилүү болгондой, байыркы түрк (кыргыз) жазуусунун түрк элдеринин өздөрү тарабынан, тамгага чейинки графикалык каражаттардын (эн-тамга, петроглиф, идеограмма) негизинде, башка жазууларга окшоштуруу менен түзүлгөн автохтондуу жазуу экендиги олуттуу жана ишенимдүү далилдер менен аныкталды [Гузев, Кляшторный, 2009: 158-172]. Бирок, аны кайсы түрк эли, ким деген адамдар ойлоп тапканы азырынча белгисиз. Аныкталары да өтө күмөн. Анын үстүнө, тургузулган жылы, кимге таандык экендиги белгилүү болгон жана көлөмү, мазмуну жагынан Енисей жазма эстеликтеринен жогору турган Көл Тигин (732-жыл), Билге Каган (735-жыл), Тунйукук (733-жыл), Шине-Ус (760-жыл), Тес (745-жыл) жазма эстеликтери кыргыздарга эмес, ошол мезгилдеги кыпчак, уйгур урууларына таандык. Ал эми байыркы кыпчак, уйгур урууларынан азыркы казак, татар, каракалпак, уйгур ж.б. элдер тараган. Демек, байыркы түрк (кыргыз) жазуусун биз сыяктуу эле, казактар да, уйгурлар да өздөрүнө таандык деп эсептөөгө толугу менен акылуу. Удулу келгенде кыстыра кетпесек болбойт. Кыргыздар менен казактардын ортосунда талашкан нерселерибиз көп. Ошол эле боз үйдү талашабыз, кара жорго бийин талашабыз. Бул талаштарга казак менен кыргыз кайсы бир мезгилде бир элден тараганынан, бир тууган элдер экендигинен улам келип чыккан орток баалуулуктарыбыз себеп болуп жатканын аңдай албай койдук. Ушул эле сыяктуу, байыркы түрк (кыргыз) жазуусу да түрк элдеринин орток маданий мурасы. Бул жазууну “меники” деп мурастоого ар бир түрк эли укуктуу.

Азыркы учурда, кыргыз коомчулугунда байыркы түрк (кыргыз) жазуусун жандандырууга, эл арасына таанытууга аракет кылган коомдук демилге башталды. Байыркы түрк (кыргыз) жазуусун, бул жазуу менен жазылган Енисей, Алтай жазма эстеликтерин изилдеп жүргөн окумуштуу катары бул демилгелер бизди сүйүндүрбөй койбойт. Бирок, аталган демилгени көтөрүп жаткан мекендештерибиздин айрымдары жакшы ой менен бул жазууну “байыркы кыргыз жазуусу” деп атап алышты. Аларды түшүнсө болот. Кыргыздар тээ VII-IX кылымдарда эле жазуусу болгон эл экендигин элге түшүндүрүп, кыргыз элин чырмап алган “өксүктүк оорусунан” арылтканга аракет кылып жатышат. Кыргыздар байыртадан билимдүү эл экендигин далилдеп, кыргыз элинин “кайдыгерлик” сиңген дилин ойготконго далалат кылып жатышат. Бирок, туура эмес маалымат берүү туура эмес жыйынтыкка алып келерин унутпашыбыз зарыл. Жогоруда белгиленгендей, байыркы түрк (кыргыз) жазуусу – бул бардык түрк элдерине таандык орток жазуу. Аталган жазуу негизинен эки-үч эле байыркы түрк мамлекетинде колдонулган. Алар – негизин огуз-кыпчак уруулары түзгөн I жана II Көктүрк кагандыктары (552-630-жж., 682-744-жж.), уйгур урууларынын Өтүкен уйгур мамлекети (744-840-жж.) жана В.В.Бартольд тарабынан “Улуу кыргыз дөөлөтү” деп сыпатталган Енисей кыргыз кагандыгы (840-920-жж.). Көктүрк кагандыктарынан Орхон жазма эстеликтери, Өтүкен уйгур мамлекетинен Тес, Тариат, Шине-Ус сыяктуу жазма эстеликтер, ал эми Енисей кыргыз кагандыгынан Енисей, Алтай, Түндүк-батыш Монголия жазма эстеликтери калган. Эми, келели Енисей кыргыздарына. Биздин, Ала-Тоолук кыргыздардын X кылымда Алтайдагы кыпчак уруулары менен, кийин XI-XV кылымдарда Ала-Тоодогу жергиликтүү түрк уруулары менен аралашып, булардын синтезинен келип чыккандыгы тарыхчыларыбыздын акыркы изилдөөлөрүндө ынанымдуу фактылар менен далилденди [Мокеев, 2010]. Ал эми Енисей кыргыздарынан бизден башка хакастар, алтайлыктар, шорлор да тараган. Демек, аталган элдер да Енисей жазма эстеликтерин өздөрүнө ыйгарып, байыркы түрк (кыргыз) жазуусун байыркы хакас, байыркы алтай, байыркы шор жазуусу деп атай алышат. Ушунтип бул жазууну ар бир түрк эли өзүнө тарта берсе тамтыгы чыгып калат. Ошондуктан биз тарыхый жана илимий чындыкка негиздеп, азыркы учурдун талаптарына ылайыктап бул жазууну байыркы түрк (кыргыз) жазуусу деп атаганыбыз оң болот го?! Себеби “байыркы түрк” сөзүн кийирүү менен тарыхый жана илимий чындыктан тайып кетпейбиз, кашаа ичинде “кыргыз” сөзүн кыстаруу менен азыркы учурдун талаптарына, тагыраак айтканда, кыргыздын деминин көтөрүлүп, сыймыктануу сезиминин ойгонушуна жооп беребиз.

Адабияттар:

Гузев В.Г., Кляшторный С.Г., Древняя письменность Великой степи. // Тюркологический сборник. 2007-2008. М.: 2009. С. 146-176.

Малов, С.Е., Енисейская письменность тюрков: Тексты и иссл. М.; Л., 1952.

Мокеев, А.М., Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. - Бишкек: Издательство КТУ "Манас", 2010.

(2012-жылы К.Конкобаев, Н.Усеев жана Н.Шабданалиев тарабынан Алтай Республткасында табылган Тумшук-Кобы жазма эстелигинин сызмасы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×