Добавить статью
11:27, 26 августа 2024 476

Жан дүйнөсүндө «Манас» жашаган эл улук

Кабагын катуу салган асманды булут чулгап, күндүн көзү көрүнбөгөн күндөрдүн биринде Ленинградга Москвадагы жашаган батиримдин ээси казак кызы Гүлүмай менен Орус географиялык коомунун архивине жөнөп калдым...

Ошол күндөрдө Санкт-Петербург шаарында БРИКСтин (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка кирген беш мамлекеттин бирикмеси) дүйнөлүк деңгээлдеги экономикалык форуму өтүп аткан. Маалымат булактарынан бул абыройлуу иш-чаранын бир бөлүгүн Кыргызстандын өкүлү катары биздин мекендешибиз Д.Т. Ибраев алып барарын окуп калгам.

Эмнегедир Данил деген аттын тарых-таржымалы оюма түшүп, ой учугу бирин артынан бири чубалып кетти.

Кыргыздардын үй-бүлөлөрүндө балага ат коюуга өтө чоң маани берилет эмеспи. Бала төрөлгөндөн 3 күн өткөндөн кийин, анын ата-энесинин сунушу боюнча жакшы тилек кылынып, ат коюлат. Кадыресе, бала мурдараак эле бешикке салынган болсо да, бала төрөлүп 40 күн болгондо бешикке салуу (бешик той) салты өткөрүлөт. Таенеси өзү ырым-жырымын жасап, кырк курак материалдан кийим алып келип кийгизет. Анан кас-кас туруп калганда баланын бутуна байланган ак-кара кылып эшилген жипти тушоо кесүүдө чуркаган балдар кесип, той өткөрүлөт.

Кыргыз элинин мындай философиясы терең салттарынын баары көз алдымдан өтүп, Данил деп атын ким койду экен деген ойго жетелендим. Эки «ии» менен жазылган Даниил деген сөз Библияда кездешет, аны кыргыз тилине которсок «Кудай менин сотум» же «Кудай өзү сот» деген маанини берет. Таржымалы көп бул аттын христиандарда пайгамбардын аты аталса, православдарда Даниил Московский (ХIII) деген князь болгону маалым. Б.з.ч ХIV кылымдагы Угарита казууларында табылган поэмада Даниил деген адил сот болгон. Иш кылып, кайсы таржымалды чубаба, Данил деген ысым жөн салды аттардан эмес экенин туясың. Кыргызда «Атына жараша – заты» деп коет эмеспи, мамлекеттер аралык чоң иш-чараны алып барууну дал ушул аты өзгөчө, бир нече тилде эркин сүйлөгөн бир кыргыздын уулуна Жараткан буюрган экен деген ойлор менен алек болуп келатып, Москвадан Ленинградга өтүп, уктап кетиптирмин.

***

Таңкы поезд «Ладожский» вокзалына келип токтогондо, вокзалдын аты тээ Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого калган Ленинград шаарына жалгыз жол – «Өмүр жолу» аталган Ладога көлүнүн атынан коюлса керек деп койдум.

Гүлүмай экөөбүз алды менен вокзалдагы кафеге нанүштө кылганы кирдик. Тажик бала: «Апалар келиниздер, чайды бекер берем», - деп, жайнаган тамактын аттары бар аштизмекти алдыбызга алып кое салды. 17 жаштагы эч жерде окубаган, бирок орусча тили буудай кууруган бала: «Пул болсо болду, баарын сатып алсаң болот, пул жасаганда гана билиш керек», - дейт го, чиркин. - Нева проспектине барсаңар, эле ошол жерден №27, №24 автобустарга отургула. Орус географиялык коому Гривцова тар көчөсүнүн №10 үйүндө жайгашкан» – деп, бизди жолго салды.

«Көчөлөрдөн өзбек, кыргыз, тажик улутундагылар көп кездешет экен, казактар кайда?» - дейм, шеригиме. «Казактар Казакстанда, бизде мунай бар да...» - деп мурдун көтөрөт.

Суроо салган адамга токтоп, жылуу жүз менен жөндүү жооп айткан ленинграддыктарга ичим жылыды. Издеген жерибизди таап бардык, эшик тоскон жигитке архивге келдик эле десек, телефон чалаары менен бир кызматкер келди. Мен кыргыз, бул казак, издегенибиз «Манас» деп тамашалап, архивге кирдик. Бул жайдын кызматкери: «БРИКСтин форму болуп жатат. Бул жакка меймандар келет. Сиздер болсо Окуу залына өткүлө деди. Ч. Ч. Валихановго, Н. М. Ядринцев, С. Е. Маловдун эмгектерин сурап, дароо материалдарды ала баштадык. Бир кезде башкы китепканачы Мария Николаевна менен дагы бир жаш жигит кирип келди. «Рябинцев Роман Владимирович» – деп, ыйбаа кол берип, директор экенин, Казакстандын коому менен бирдикте Орус географиялык коомунун экспедициясы иш алып барып жатканын маалымдап, келген коноктор менен кошо экскурцияга катышсак болоорун айтты.

Эки сааттай убакыт өткөндөн кийин экскурсия башталды. Кыргызстандын өкүлү Данил Ибраевге Орус географиялык коомунун штаб-квартирасы кеңири тааныштырыла баштады. 1857-жылы сарбагыш менен бугу уруусунун чабышынын Петр Петрович Семенов – Тянь-Шанскийге тийгизген таасирин, буга чейинки изилдөөчүлөрдүн аракетинен майнап чыкпаганын, Кашкарда Шлагинтвейт дарга асылганын, Северцов Кокон көтөрүлүшүндө жарат алып, туткунга түшкөнүн, П. П. Семеновдун өмүр төлгөсү төп түшүп, 50 жылдык мааракесинде аты-жөнүнө изилдеген жеринин урматына «Тянь-Шанский» деп кошумча ат берлигенин, 25 жыл талыкпай Орус географиялык коомун жетектеген адамдын кыргыздар менен болгон байланышын угуп, анын боек менен тартылган сүрөтү, отурган отургучу менен колдонгон шам чырагы 200 жылдан ашуун убакыттан бери күнү бүгүнкүдөй сактап келе жатканын көрдүк.

Уккан кызыктуу тарыхый маалыматтарыбыздан соң, Азиянын картасынан Борбор Азиядагы Н.М.Пржевальскийдин экспедициясы көз алдыбызга тартылды. Н. М.Пржевальский бешинчи экспедициясына - Гоби чөлүнөн Хуанхэге чейин, Кукунор көлүнөн Лобнор, Тарым бассейнин, Тян-Шанды, Каракол шаарынан Тибеттин ичине чейин аралоого даярданып жатып, 1888-жыл 20-октябрда оорудан улам, жарыкчылык менен кош айтышкан. Сөөгү анын каалоосу боюнча, дүйнөдөгү эң тунук көлдөрдүн бири — Ысык-Көлдүн башына, секиге коюлган.

Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.А. Катиков: «Саякатчы Н.М. Пржевальскийдин эстелиги азыр дагы Кыргызстанда турат», - деп тарыхты кечээ болгон окуядай кылып, берилүү менен айтып жатты. – Б.з.ч. IV-I кылымдардагы «Шань Хай Цзин» («Каталог морей и гор») аттуу жашыруун эстеликти ХIХ кылымда европалыктарга дал ушул Н. М.Пржевальский ачкан».

«Улуу орус саякатчылары» деген серия менен И.В. Мушкетов, Н. Пржевальский, Ч.Ч. Валиханов, П. П. Семенов-Тян-Шаньский, Г. Е. Грумм-Гржимайло, М. В. Певцов, Г. Н. Потанин, А. В. Потанина ж.б. саякатчылардын өмүр жолу, ишмердүүлүгү басылып чыгып жатканы маалым болду. Бул эмгектен Борбор Азиядагы бир топ улуттар өз чөлкөмүнүн тарыхы менен тааныша алаарына ынандык.

1878-жылы Н.М. Пржевальский Борбор Азиядагы экспедициясынан келе жатып, А. К. Тихонов аттуу соодагерден жапайы аттын башы менен терисин белекке алат да, Санкт-Петербургдагы Зоологиялык музейге берет. Ал жерден И. С. Поляков аттуу изилдөөчү илимге тааныш эмес жапайы аттын башы менен териси боюнча алгач ирет сүрөттөмө жазган. Ал бул ачылышына «Пржевальский атындагы «ат» деген ысым ыйгарат. Бул Пржевальск атындагы аттарды калыбына келтирүү же «реинтродукции» (жапайы жаратылышка кайтаруу) программасы 1992-2005-жылдары Монголияда, 2015-жылы Кытайда жана Казакстанда ишке ашырыла баштаган.

Мага болсо Орус географиялык коому түзүлгөндөн азыркы жетекчиси С.К. Шойгуга чейинки тарыхтан сырткары, Ч. Ч. Валиханов биринчи кагазга түшүргөн «Манас» эпосундагы «Көкөтөй хандын ашынан» башталган тарыхыбыз чети оюлбай жаткандай таасир калтырып атты...

Анан калса, кыргызды ааламга тааныткан жазуучусу Ч. Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Нургазынын көзүндөй көзү, сакадай бою, тыкан кийинген, европлыктардын этикетин билген Данил Ибраевдин артынан казак кызы Гүлүмай экөөбүз да бир топ согушту башынан өткөргөн улуу орус элинин жыргалчылыгы, кызыкчылыгы үчүн жанын курман кылган уулдарынын тарыхы катылган, сакталган имаратты кыдырдык.

Кызыктуу экскурсиядан соң Данил Ибраев директордун кабинетине, биз окуу залына кеттик. Бир чай кайнам убакыттан кийин келип: «Эжелер, талаа-түздө жүрөсүздөр, «ат жалына казан аса» кетейин”, - дебеспи. Менин зоболом көтөрүлүп, мунайыбыз болбосо дагы, Данилдей жөнбилги, жоомарт жигиттерибиз бар деп, өзүмө өзүм батпай, чечкейим чеч болуп турду. Анан ал-жай сурашканча кийинки имараттагы «Хинкали» деген армян ашканасына кирип, даам сыздык.

***

Казак кызы Гүлүмай Москвадагы князь Александр Невский атындагы Россия Федерациясынын Коргоо Министрлигинин астындагы Аскер университетинде мугалим болуп иштегенине көп жыл болуп калганын айтып, өзүн тааныштыра отурду.

Мен болсо Москвадагы Россия Федерациясынын Илимдер Академиясынын астындагы А.М.Горький атындагы дүйнөлүк адабияттар институтуна акыркы 30 жылда биринчи тапшырган докторант экенимди айттым.

Данил дагы чечиле сүйлөгөн, дүйнө таанымы кенен, тарыхтан бир топ маалыматы бар, өтө билимдүү жигит экен. Ал Каракол шаарына жакын тургузулган Н. М. Пржевальскийге арналып коюлган эстеликке токтолуп: «Эмне үчүн орустун крестинин үстүндөгү бүркүттүн оозуна зайтун (оливка) бутагын тиштетти болду экен?», - деп Гүлүмай экөөбүздү карады. Орустардын элдик оозеки чыгармаларында «орёл» бар эмеспи деп калды Гүлүмай. Бүркүт жеке эле орустарда эмес, дүйнөнүн бир топ элдеринде, анын ичинде улуу кыргыз элинде да эч нерседен корпогон кыраан куш катары сыпатталарын, өткүрдүктүн, эрдиктин жана тээ көз мелжиген бийиктиктен караган кыраакылыктын белгиси катары берилерин айттым. Ал эми зайтун жалбырагын тынчтык үчүн тиштетип жүргөнү илимде бар экенин, бирок конкреттүү мисалдар ошо замат эсиме түшпөгөндүктөн, «жомок айткандай болбоюнчу» деп ал тууралуу кеп салгандан тартынып койдум.

Аңгыча Данил бизди карап: «Орус географиялык коомунун архивинен эмне издеп келдиңиздер эле», - деп калды. Гүлүмай Ч. Ч. Валихановдун 1856-жылы жазып алган «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашынын» кара сөз түрүндөгү котормосун издеп келип, тапканын, мен болсо 1881-жылдагы Чугучак жана Санк-Петербург келишимдерин издеп, бул жерден тапканымды айттык.

Д. Ибраев Орус географиялык коому 16 экспедицияны жабдып Борбор Азияны изилдеткенин, 95473 км (анын ичинен 31,5 миң км Н. М. Пржевальскийге таандык экен) изилденип, 363 астропункт, 3533 бийиктиктер аныкталганын саймедиреп, чөнтөк телефонунан Л.С.Бергдин: «Поверхность Центральной Азии была известна меньше, чем поверхность Луны», - деп айтканын окуп берди.

Келгендеги максатыбыз тууралуу кобурашканча, биздин мантуга окшогон бирок чокучасы бар камыр, ичи эт тамак да келип калды. Ар тараптуу адамдар менен ичкен ашың да даамдуу болобу, айтор, биздин кызыктуу маегибиз менен ичкен ашыбыз дагы шай келишип, ыраазы боло отурдук.

Коштошоор убак келип, Д. Ибраев «Манас» эпосунун изилдөө этабы (баскычы) бир кыйла башка деңгээлге чыкканына токтолуп: «Мына сиз, казак кызы «Манас» эпосун өткөн кылымда жазган боордошуңуздун эмгегин талдап жатыптырсыз, кандай сонун. Азыр болгон тарыхый маалымат булактарына дүйнө жүзү боюнча эшиктер ачылды. Бизде ономастика (жер-суу аттары) этнография, генетика, гаплогруппа менен керек болсо ДНК, текстологиялык анализдер боюнча болгон варианттарды салыштырганга убакыт келди. Илим кенин казган сиздердей адамдардын ишмердигин албан-албан ийгиликтер коштосун» деп тилегин айтты.

Мени «Манас» эпосунан алыс, экономика жаатында ишмердик жүргүзгөн адамдын ой жүгүртүүсү таң калтырды. «Сиз эпоско кызыгасызбы?» – деген суроом өзү эле шарт чыгып кетти.

«Генинде, архетипте кыргыз каны бар ар бир адамда «Манас» эпосу жашайт. Алмустактан бери кыргыз баласынын улуу дастанды жатка айтып келе жатканынын сыры – биздин жан дүйнөбүздө «Манас» жашаганында. Манасчылык, төкмөчүлүк, чечендик — бул ата-бабаларыбыздан калган улуу өнөрлөр. Ырдабаган кыргыз баласы болбосо керек. Комуз чертип, обон салып, ыр ырдап, кыргыздын нукура тамагы — бешбармагын жеп, ата наркын, баба салтын сактап келе жаткан кыргыздар, керек болсо, 7 жаштан 70 жашка чейин «Манас» эпосунан бир топ саптарды жатка билишет. Мен сиздердин дарегиңиздерди жазып алып, дагы байланышам. Бул маселеге комплекстүү карап, Кытай, Европа, Америка, Россия менен бирдикте «Манас» эпосунун маршрутун түзүп, көзү тирүү окумуштуулар Реми Дор менен Карл Райхлга ыраазычылык билдирсемби деген оюм бар. Менин жан дүйнөмдө дагы өз Манасым жашайт» – деп, Данил Турсунбекович биз менен кош айтышты. Ошентип, ар кимибиз өз багытыбызга жол алдык.

***

P.S. БРИКСтин чоң иш-чарасын кандай алып барды, качан кайтты кабар албадым. Бирок жан дүйнөсүндө өз Манасы бар кыргыз баласынын тилеги кабыл болсун дедим. Дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрбөсүн, кыргыз баласынын жүрөгү кыргыз деп согоорун, көкүрөгүндө Манасы, Ала-Тоосу, комузу, калпагы бар экенине ынандым. Мындай улут сөзсүз өнүгөт. Нарк-насил, каада-салт, улуу-кичүүгө урмат-сый, айтор, улуттук баалуулуктарыбызды алып жүргөн Д.Ибраевдей уулдары турганда Кыргызстан сөзсүз өркүндөп-өсөөрүнө көзүм жетти.

Жаркын келечекке сапар алган Ата Мекениме ак жол тилейм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-11-2021
Көңүл сүйгөн гүлдөрдөн букет сунам
19155

08-07-2013
Атантай Акбаровго мен «Кыргыз эл акыны» наамын бермекмин
16131

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×