Добавить статью
16:22, 2 сентября 2024 236

«Билими күчтүү – миңди жыгат», - Корчубек Акназаровдун «Өмүрдүн ак жолу» китебинен үзүндү

Бүгүнкү Билим күнү менен куттуктаймын! Мектеп босогосун аттаган окуучуларды көргөндө, атамдын сөзү эч качан жадымдан кетпейт. Атам өзү жазган китебинде: «Мен да алгачкы эмгек жолумду мугалим болуп иштөөдөн баштагам. Мугалимдик кесип, билген адамга  оор жана теңдеши жок ардактуу, өтө маанилүү иш....  Мугалим  агай - сен бак-дарак, мал эмес, адам өстүрүп жатасың. Коомубуздун, мамлекетибиздин жеңилин жерден, оорун колдон алчу белдүү адамын өстүрүп жатасың. Кийин, “мени ушул агай окуткан, тарбиялаган”- деп айтышат. Ар бир акылдуу сөздөрүң, үлгү болор жүрүш-турушуң анын эсинде дайыма сакталат. Мектеп анын эсинен дайыма кетпейт...

Кайсы жерде мыкты агроном  иштесе, ошол жерде мол түшүм болгон сыяктуу, мыкты мугалимден мыкты, жакшы Адамдар өсүп чыгат. Коомубузда басымдуу санда жакшы адамдар көп болсо, аз сандагы начар адамдар акырындап отуруп жакшы адамдардын катарына кошулат. Өлкөбүздө жашаган адамдар дээрлик баары жакшы адамдар. Кайталап дагы бир жолу айтып кетейин. Жакшы адам - илгертен келе жаткан адамдык каада-салттарды, нарк-насилдерди, жашоо эрежелерин жана мамлекеттин мыйзамдарын бузбай, так аткарат. Демек, өлкөбүздө ууру-кески, адам өлтүрүү, паракорлор, жатып ичер жан бактылар жок болмок. Кыргыз өлкөсү - жерине эли жарашып, дүйнөдөгү гүлдөгөн алдыңкы өлкө болмок. Айланайын кыргызымдын жаш муундары ушуга жетишкиле. Толук мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөбүз бай болсо, элибиз бай, сен да, мен да баймын,»- деген таасын сөзүн калтырып кеткен эле. 

Ошондуктан Билим күнү жаштарыбыздын өмүрүнүн унутулгус барактарына айланары талашсыз. Анткени ар бир инсан бул күндүн күбөсү болот. Биздин дагы бир кезде мектеп партасына алгачкы ирет барып олтурган күнүбүз дале көз алдыбызда элестеп турат. Бүгүн чынында эле улуу майрам. Ушундан улам балдар биздин келечегибиз демекчи, окуучуларыбыз татыктуу билим алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошкон жаштардын сабын толуктасын. «Билими күчтүү – миңди жыгат». Заманбап мамлекетти билимдүү өлкө гана кура алат. Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын тилин билген жаштарыбыз элибизге бакубат, гүлдөгөн заманды тартуулашына ишенемин!

Тексттин автору: Корчубек Акназаровдун кызы Роза Акназарова

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×