Добавить статью
12:11, 9 сентября 2024 334

Канткенде бир түндүк алдындагы бир эл боло алабыз? Же Кыргызстандын идеологиясы жөнүндө

Мамлекеттин саясий, социалдык жана экономикалык жактан ырааттуу өнүгүшү үчүн биринчи кезекте элдин ынтымак-ырашкерлигине жана биримдигине негизделген туруктуулук керек. Туруктуулук жок жердин эли кандай трагедияларга, кыйынчылыктарга дуушар болушарын Ооганстандын, Африкадагы жана Латын Америкасындагы бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан көрүп келе жатабыз. 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн, ошол эле жылы июнь айындагы кандуу окуялардан кийин Кыргызстан чоң чыгымдарга, жоготууларга учурап, экономикалык жактан 6-7 жыл артка кеткендиги эсибизден чыга элек.

Ал эми ынтымактын, биримдиктин данакери эмнеде? Бул үчүн, биринчи кезекте, республикабызда жашаган элдердин баары, диндерине, расаларына карабастан тилдик, маданий жана психологиялык, менталдык, этнографиялык жактан тыгыз интеграцияланып, жакындашуусу, бири-бирин түшүнүүсү же ток этерин айтканда, жуурулушуусу зарыл. Мында Кыргызстанда жашаган 80ден ашык этностордун өкүлдөрүн көп учурларда бири-биринен обочолонтуп, белгилүү деңгээлде өз ара ишенбестикти, алардан келип чыккан айрым нааразылыктарды жараткандар экономика да, социалдык сегменттер да эмес, биринчи кезекте тилдик, маданий жана психологиялык, менталдык факторлор болуп саналат.

Мигранттар иштөө үчүн кайсыл өлкөгө барбасын – биринчи анын тилин, маданиятынын негиздерин билүүнү талап кылышат. Түштүк Кореяга барып иштөө үчүн - корей, Жапонияга барып иштөө үчүн - жапон, Германияда мандикерлик кылуу үчүн - немис тилдерин минималдуу көлөмдө билүү шарт кылынып коюлган. Россияда мигранттардан орус тили боюнча экзамен алууну киргизгени жатышат. Казакстанда казак тилин улуттар аралык тил деп жарыялоо же буга чейин орус тили аткарып келген милдетти казак тилине берүү демилгеленүүдө. Бизде да кыргыз тили Кыргызстандагы мамлекеттик гана эмес, улуттар аралык да тил болуп калмайынча, этностор аралык өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин калыптануусу кыйын.

Кыргызда: мал жытташканча, адам сүйлөшкөнчө деген макал бар. Мал жытташып, бири-бири менен ымала түзүшсө, адамдар сүйлөшүп, таанышышат, пикирлешет, маселелерди талкуулап, бир мунасага келишет. Кайсыл тилде сүйлөшсө, психологиялык, менталдык жактан ошого жакындайт. Бирок, бизде советтик мезгилде орусташтырууга негизделген “сверхинтернационалисттик” (маңкурттук десе да болот) саясат үстөмдүк кылып, ички этностор аралык байланыш, мамилелер орус тили, маданияты аркылуу гана жүргүзүлүп келсе, укуктук толук көз карандысыздыкка ээ болгондугубузга отуз жылдан эбак ашкандыгына карабастан Кыргызстандагы этносторду мамлекеттик тилге, улуттук маданиятка тыгыз жуурулуштуруп, бирдиктүү саясий улутту, Кыргызстандын тагдырын, келечегин өз тагдырындай, келечегиндей караган кыргыз жаранын калыптандыруу боюнча ичтен интеграциялоо боюнча күчтүү саясат жүргүзүлбөй жатат.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жогортон “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз”, “Кыргызстан - адам укуктарынын өлкөсү”, “Манастын жети осуяты”, “Таза кол, таза ниет, таза иш”, “Биримдик аркылуу өнүгүү” сыяктуу 6 идеологиялык концепцияны киргизүү аракети болду. Бирок бири да коомчулуктун колдоосуна ээ болмок түгүл, элдин рухун козгогонго да жарабады. Анткени, алардын реалдуу турмушка, титулдук этностогулардын ой-тилегиндегилерге кенедей да тиешеси жок болчу. Ал эми титулдук этностогулардын же кыргыздардын ой-тилек, максаттарында эмнелер турат?

Биринчи, кедейчиликтен арылып, минималдуу болсо да жашоодогу зарыл нерселерге жетишүү. Экинчи, теңчилик, социалдык адилеттүүлүк. Үчүнчү, Кыргызстандагы башка этностордун өкүлдөрү мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билишсин, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды урматташсын, шовинисттик, нигилисттик жана реваншисттик дымактары жок ынтымакта жашашсын.

Жогоруда аталган идеологиялык концепцияларда буларга басым жасалган эмес. Бир да кыргыз Кыргызстандын жалпынын үйү же казарма болушун көргүсү келбейт. Кыргызстан мында жашагандар үчүн сүйүктүү мекени болушун гана каалайт. Адам укуктары деген түшүнүк саясатчылардан башкаларды кызыктырбайт. Жөнөкөй адамдарга туруктуу жумуш, азык-түлүк, үй-жай, анан төрт дөңгөлөк керек. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, иши, үйү жок, чала тоют болуп жүргөндөрдө кандай эркиндик болот? Андайларда мыйзамсыз нерселердин бирин тандоо эркиндиги гана болушу мүмкүн. Ал эми коррупция, кылмыштуулук гүлдөп, аларды эң жогорку бийликтегилер колдоп-коргоп турган мезгилде “Таза кол, таза ниет...” деген идеологиялык концепцияны жараналоо шылдыңдап, мазактаганга тете экенин элдин көбү түшүнгөн.

Биз да мамлекеттик идеология зарылбы, ал канткенде катализатордук, мобилизациялык, саясий багыттоочулук милдетти аткара алат? Эмне үчүн тарыхый айрым учурларда идеология эл арасында вулкандай күчкө ээ болот да, башка учурларда эч кимди кызыктырбай калат? - деген маселелер тууралуу көп ойлонуп, көп адабияттарды караштырдык. Алардан чыгарган жыйынтыгыбыз төмөнкүдөй:

1. Материалдык, каржылык чоң нерселерди убада кылган (Мас: большевиктердин; жер, суу дыйкандарга, завод, фабрикалар жумушчуларга! Кайра куруунун акырындагы: коммбийликти кулатуу, менчиктештирүү, приватташтыруу, азыркы мезгилдеги: уурулардын, кылмышкерлердин байлыктарын - элге, мыйзамсыз менчиктештирилгендерди - мамлекетке кайтаруу ж.б.) максималисттик идеологиялар дайыма көпчүлүктүн колдоосуна ээ болот. Аларды колдоп-коргоочулар дайыма ашыгы менен табылат. Анткени, эл андай идея, ураан-чакырыктардын натыйжаларын жон терилери менен сезип, аздыр-көптүр пайдаларын да көрүшөт.

2. Идеология жок дегенде конкреттүү социалдык бир маселени чечүүнү максат кылышы керек. Маселен, М.Тетчер бийликке келгенде англиялыктардын бардыгына жер үйлөрдү убада кылган. Р.Т.Эрдоган 65ке чыккан түркиялыктардын баардыгын жер үйлөргө ээ кылып, ай сайын 300 доллардан жөлөк пул берилерин жарыялады. Бизде кыргызстандыктардын баардыгын 2030-жылга чейин жумуш, үй же батир менен камсыз кылуу максат кылынып коюлса, андан күчтүү жана таасирдүү идея, идеологиялык концепция болмок эмес. Андай материалдык негиздери жок жарнамаларга кыргыздар илгертен төрт сөз менен эле диагноз коюп келишкен: Куру сөз - курсак тойгузбайт.

3. Элдин жашоосу аздыр-көптүр жакшырып, түбөлүктүү нерселерге чындап ыклас кыла баштаганда стихиялуу түрдө төмөндөн да идея, идеологиялар жарала баштайт. Алсак, Х1Х кылымдын аягында АКШда “Клиент-дайыма туура”, “Биздин компания эл үчүн иштеш керек” ,”Үзүрүн бардык катмардагылар көрүшү керек” деген идеологиялык принциптерди Г.Форд киргизген. Ал мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер үчүн да жумуш орундарын түзгөн, ылайыктуу ордуларын табышса дүлөй, сокур адамдар айрым операцияларды алты саны амандардан мыкты аткарарын жазган. Өз продукциясы алгачкы жылдарда ысык нандардай өтүп турганына карабастан кеткен чыгымдарды жаап, өндүрүштү кеңейтүүнү гана камсыз кыла турган минималдуу киреше алууну көздөгөн. Эгерде айрым материалдардын баалары түшүп кетсе, автоунааларын да арзандатып турган.

Жапониялык ири компаниялардын иштерин уюштуруу жана кирешелерин бөлүштүрүү үй-бүлөлүк принциптерге негизделери, аларда жетишкендиктердин үзүрлөрүн иштегендердин баары салымдарына жараша көрүшөрү, кыйынчылыктарды чогуу тартышаары, ошондуктан алардын ынтымактары жана биримдиктери өтө бекемдиги советтик мезгилден бери эле жазылып келет. Мындан социалдык мамлекеттерди куруу идеялары өнүккөн өлкөлөрдө алгач ишканалардын, компаниялардын деңгээлдеринде жаралып, ийгиликтүү апробацияланып, анан улуттук деңгээлдеги идеологияга айланган деген жыйынтык чыгарса болот.

Тилекке каршы, азырынча бизде улуттук деңгээлдеги идея, идеологияларды төмөндөн демилгелеп, апробациядан өткөргүдөй субъектилер, топтор жарала элек. Ошондуктан жогортодон кандай маани-мазмундагы идеялар, идеологиялар киргизилбесин алар төмөндөгүлөр тарабынан виртуалдык нерселердей гана кабылданып, элдин кызыгуусуна, колдоосуна ээ болбой жатат.

Биз, кыргыздар, бир элбиз, тилибиз бир, айрым аймактарда жашагандарга мүнөздүү диалектилерибиз бар, андай көрүнүштөр дүйнөлүк тилдерден деле кезигет. Бирок маданиятыбыздын каада-салттар, үрп-адаттар сыяктуу колдонмо түрлөрүндө, менталитетибизде, дүйнө таанымыбызда айырмачылыктар бар. Элибиздин ынтымагына, биримдигине терс таасирин тийгизип жаткан мына ошолор. Азыркыдай ар аймактын гана эмес, ар айыл өкмөтүнүн элинин каада-салттары, ырым-жырымдары өзгөчөлөнүп турса, ал карым-катнаштарда түшүнбөстүктөрдү, нааразылыктарды жаратат, экинчиден, айрым аймактарда жашагандардын ортолорунда психологиялык ылайык келбөөчүлүк көрүнүштөрү пайда болушу мүмкүн. “Аркалык”, “Оштук”, “сарттар”, “коңкобайлар” деген сыяктуу кличкалар ошондон улам келип чыккан.

Этностун ичинде өз ара жеңил түшүнүшүү орношу үчүн тили гана эмес, маданиятынын колдонмо түрлөрү, менталитети жана дүйнө таанымы да иденттүү болуусу зарыл. Азыр Кыргызстандын түштүгүндө ысык-суук мааракелер негизинен тартипке салынган. Сөөк узатылган жерлерде ири чыгымдарга жол берилбейт, айрым райондорунда үч күнгө чейин кара ашы да өткөрүлбөйт. Той-аштардын ичкиликсиз өткөрүлүүсү нормага айланып баратат. Бирок, андай көрүнүштөрдү республиканын түндүгүндө жашагандардын көпчүлүгү өзүнүн кадыр-баркына, беделине гана эмес, инсандык укугуна доо кетирүү катары кабылдап жатышканы да жашыруун эмес.

Резюмелегенде, республиканын элдеринин ортосунда ынтымакты, биримдикти бекемдөөнү титулдук этнос болгон кыргыздарды маданий, менталдык жактан тыгыз интеграциялоодон баштоо зарыл. Ал үчүн каада-салттарды, үрп-адаттарды жана ырым-жырымдарды кысым-басым менен болсо да республиканын бардык жеринде бирдей нормага келтирүү керек. Ынтымак, биримдик өлкөнүн коопсуздугуна байланышкан маселе болуп жаткандан кийин андай иштерди коомдук уюмдарга, диний мекемелерге таштап койбой мамлекет аны чечкиндүү түрдө өз колуна алуусу зарыл. Атайын мыйзам кабыл алынсын, каада-салттардын, үрп-адаттардын ж.б. ар түрү боюнча Өкмөттүн токтому менен Нускамалар, Жоболор бекитилсин. Алардын кыйшаюусуз аткарылышына жергиликтүү бийлик башчылары, тийиштүү органдардын жетекчилери керт баштары менен жооп бере турганы милдеттендирилсин. Керек болсо ал элдик Курултайга алынып чыксын.

Кыргыздар башка этностордун өкүлдөрүн өздөрүнө жакын тартып, жуурулуштуруп (ассимиляция) жибергенге таптакыр жөндөмү жок эл экенин акыркы жүз жыл ырастады. ХIХ кылымдын аягында дунгандар жана уйгурлар, ХХ кылымдын ортосунда уйгурлардын дагы бир толкуну Кыргызстанга салыштырганда Өзбекстанга көп келген. Кыргызстанга келген дунгандар, уйгурлар азыр 100 миңге жакындады, ал эми Өзбекстанга келген дунгандар жана уйгурлар негизинен биротоло жуурулушуп кетишти. Менин Бишкекте жашаганыма чейрек кылымга жакындады, бирок кыргызча сүйлөгөн дунганды же корейди көрө элекмин. Базарларда отурган дунгандарга кыргызча кайрылсаң, орусча жооп беришет. Анткени, алар маданий, тилдик, психологиялык жактан кыргыздардан алыстап, бир жарым кылымга жакын убакыттан өздөрүн өздөрү резервацияга камашкандай обочолонуп жашап келатышат. Эгерде алардын саны 200 миңден ашса, моралдык, психологиялык гана эмес, саясий маселелердин келип чыкпоосуна ким кепилдик бере алат?

Тилдик, маданий көп түрдүүлүк, аларга карата сый-урматка негизделген толеранттуулук болушу керек. Анда талаш жок. Бирок, алар мамлекеттик тил аркылуу маданиятыбызга жуурулушуп, менталитети, психологиялык калькуляциясы жагынан, Концепцияда айтылгандай, саясий кыргыз жаранына айланбаса, анда Кыргызстан Вавилон мунарасына айланат. Ар этностун өкүлдөрү шарттарына жараша өз тилдерин билишсин, үйрөнүшсүн, бирок ошол эле мезгилде республикадагы саясий, маданий процесстерден сыртта калбоо үчүн мамлекеттик тилди жеткиликтүү билип, улуттук маданиятка аралашсын, жуурулушсун, анан орус тилин баш кылып акыбалдары жетишинче дүйнөлүк тилдерди үйрөнө беришсин. Бул мектептерде 1-2-3-сыныптарды басып өтүп 4-сыныпка киргендей эле табигый көрүнүш.

1989-жылы 23-сентябрда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, анан аны жүзөгө ашыруу боюнча Өкмөт 1992-жылы кабыл алган токтомго ылайык, республикабызда иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү 2000-жылга карата толугу менен аяктоосу керек эле. Ал мөөнөттүн аяктагандыгына чейрек кылым өттү, ал маселе дагы деле талкууланууда, өткөн жылы “Мамлекеттик тил жөнүндө” дагы бир мыйзам кабыл алынды. Сөз көп, бирок тилекке каршы, чечкиндүү реалдуу иштер аз болууда.

Дүйнөдөгү тилдер анда сүйлөгөндөрдүн сандарына карата эмес, ал тилде илимий жана технологиялык, маданий инновациялык маалыматтардын таркатылуу көлөмүнө жараша бааланат. Бул өңүттөрдөгү дүйнөлүк маалыматтардын 80 пайызга жакыны англис тилинде таркатылат. Арабдар, кытайлар, Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттер ж.б. дүйнөлүк маалыматтык, илимий-технологиялык мейкиндикке англис тили аркылуу чыгышат. Француз, немис, испан ж.б. тилдеринин 3-4 пайыздан үлүштөрү бар. Ал эми орус тилинин бул мейкиндиктеги орду 1 пайызга да жетпейт. Ширидей ал да тарып баратат. Россиянын компетенттүү мекеме-уюмдарынын маалыматтары боюнча, Союз кыйрагандан бери орусча сүйлөгөндөрдүн, окугандардын саны 100 миллиондон ашыкка азайды. Россияга “бензоколонка” деген ат бекем жабышты. Мындан биз да тийиштүү жыйынтык чыгарып, билим берүү, илим, маданият ж.б. жааттарында акырындап, приоритеттерди өзгөртүүбүз зарыл. Антпесек дүйнөлүк инновациялык технологиялык мейкиндиктен четте калабыз.

Идеологиянын таасирдүүлүгүн күчтүү тарыхый аң сезимсиз элестетүүгө мүмкүн эмес. Тарыхый аң сезим калыптанганда гана келечекке максат, эл-жер үчүн жоопкерчилик жаралат. Биз өзүбүздүн бай тарыхыбызга сыймыктанган менен кошуна элдердей аны ар тараптан терең үйрөнүп, проекциялап, чечмелөөнү өздөштүрө элекпиз. Алсак, Казакстанда советтик мезгилде эле 70ке жакын тарыхый романдар, повесттер жарыяланган. Же алардын тарыхынын ар маанилүү этаптары, окуялары, тарыхый инсандары жөнүндө көркөм трансформациялары бар. Ал эми бизде советтик мезгилде жарыяланган тарыхый чыгармаларды эсептегенге бир колдун манжалары ашыгы менен жетет. Көз карандысыздыктан кийинки “тарыхый” деген жанрда жарыялангандардын көпчүлүгүн көркөм чыгарма деп деле айтууга болбойт. Көркөмдүк-эстетикалык деңгээлдери төмөн баяндамалар. Элдин чыныгы тарыхый эс-тутумун ойготуп, тарыхый аң сезимди калыптандыруу үчүн тарыхыбыздын урунттуу учурларын, инсандарын көркөмдүк жактан ачып берүүгө, аларды колдоп-сүрөп популяризациялоого өзгөчө басым жасалуусу зарыл. Барсбектин, Асан кайгынын, Калыгулдун же Ибраим саруунун көркөм образдарын түзгөнүбүз, кыргызды да даңазалаганыбыз болот.

Кошуна Казакстанда Абайдын мурастарын изилдеп, иликтеп үйрөнүү, популяризациялоо максатында чейрек кылымдан ашык убакыттан бери “Абай” илимий-популярдуу журналы чыгып келе жатат. Биздин элдик оозеки чыгармаларыбыз 50-60 томдон ашат. “Манастын” Жусуп Мамай даярдаган варианты эле 17 том. Анда неге фольклордук мурастарды изилдеп-иликтеп, популяризациялоо боюнча атайын илимий журнал уюштурулбай жатат? Же биздин фольклордук мурастарыбыздын баары биригип көркөмдүк-эстетикалык, философиялык жана тарыхый ж.б. жактан Абайдын бир томдук чыгармаларынча жокпу?

Алигече Ч.Айтматовдун мурастарынын академиялык толук жыйнагын чыгарууга кирише да элекпиз. Биздин оюбузча, эбак эле Айтматов Борбору түзүлүп, анын мурастарын жыйнап, иликтеп-изилдеп басып чыгаруу, академиялык толук чыгармалар жыйнагын басууга даярдоо, популяризациялоо ж.б. ошол Борборго өткөрүлүп берилиши керек эле.

Биздин оюбузча, Кыргызстанда этностор аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдеп, саясий бир элди түзүп, өлкөнүн түндүгүн бийиктете турган зарыл иштер мына ушулар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×