Добавить статью
16:53, 24 октября 2024 47

Мамлекетти өнүктүрүүнүн негизги күчү мамлекеттик аппараттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу: Көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Мамлекетти өнүктүрүүнүн негизги күчү мамлекеттик органдын аппаратына байланыштуу. Бүгүнкү күнү бүткүл дүйнө жүзү мамлекеттик аппараттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу керек деген чакырыктарды айтып келе жаткандыгы талашсыз, анткени булар эл аралык деңгээлде байкалып жаткан экономикалык кризистин, саясий кырдаалдын туруксуздугу менен баамдалууда. Алыс кетпестен мисал катары акыркы отуз жылдан ашуун убакыт ичинде Кыргыз Республикасындагы болуп өткөн үч жолку саясий туруксуздук дал ушул мамлекеттик аппараттын чабалдыгынан келип чыккандыгы талашсыз. Мамлекеттик аппараттын күчсүздүгүнөн экономика бир кыйла төмөндөдү, элдин бийликке болгон ишениминин жоктугу, миграция маселесинин күч алгандыгы сыяктуу маселелер орун алды.

2021-жылдын 11-апрелинде бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрттү. Бирок башкаруу системасынын өзгөрүүсү мамлекеттик аппаратты жакшыртуу, өнүктүрүү сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечүүдө чабалдыгын көрсөтпөй койгон жок. Анткени өлкөнүн мамлекеттик аппараты тапкычтыкка, сунуш кыла билген жооптуу, чечкиндүү, маселелерди инновациялык ыкмаларды колдонуу менен чече билген жана жетекчилик кылууда ар бир адистин өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик кызматкерлерге муктаж.

Мамлекеттик аппараттагы мындай түйүндүү, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик башкарууда, мамлекеттик органдардагы HR – кызматынын ишинде жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Учурда бул тармактагы иш – чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү” Жарлыгы жана 2023-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 17 Жарлыгы менен бекитилген “2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик Стратегиясы” сыяктуу документтерде белгиленген. Стратегиянын негизги максаты коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын сапаттуу аткарууга багытталган, кесипкөй мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуу кадрлык аппаратын түзүү.

Стратегияда бир катар милдеттер жана багыттар каралган. Ошол багыттардын бири катары кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү. Кесипкөй мамлекеттик аппарат кесипкөй мамлекеттик кызматкерлердин курамынан турат. Кесипкөй мамлекеттик кызматкерлердин курамы жүргүзүлүп жаткан кадр саясытына жараша түзүлөт. Кыргыз Республикасынын кадр саясатын жөнгө салып жаткан ченемдик укуктук актыларды талдоонун негизинде кадрлык аппаратты түзүүдө төмөндөгүдөй системаларга маани берүү керек экендиги белгиленди:

1. Мамлекеттик башкаруу органдарына кадрларды тандоо (конкурс, кадрлар резерви) системасы;

2. Мамлекеттик жарандык кызматта иштөө системасы (карьералык пландаштыруу, аттестация);

3. Мамлекеттик жарандык кызматта кадрларды окутуу, даярдоо, кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасы.

Жогоруда белгиленген кесипкөй кадрлык аппаратты түзүү системалары боюнча талдоо жүргүзүүдө, андагы көйгөйлөргө токтолуу менен бир катар сунуштарды белгилемекчибиз.

1. Мамлекеттик башкаруу органдарына кадрларды тандоо (конкурс, кадрлар резерви) системасы. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка келе турган кызматкерлерди тандоо 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кадрларды тандоо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү жолу аркылуу уюштурулат. Кадрлар резервин түзүү ачык конкурсту өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт. Ачык конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат. Азыркы учурда бул процесстердин тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жүргүзүлүп келүүдө. Аталган мыйзам менен дагы, Жобо менен дагы кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган тарабынан өз алдынча түзүлөт. Мына ушул кадрлар резервин түзүүдө бирдиктүү системанын жоктугу кадрларды тандоодо көптөгөн мүчүлүштүктөрдү пайда кылбай койгон жок. Алсак, жаран кайсыл бир мамлекеттик органдын кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстун баардык этабын өтүп кезекте турат. Бирок, ошол эле учурда башка мамлекеттик органда ошол адистик боюнча бош орун (ваканттык) ачылган жана ал мамлекеттик орган ошол бош орунга конкурс жарыялайт, баардык талаптарды сактоо менен уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ошол эле учурда тиги жакта иштөөгө муктаж болгон жаран жумуш ордун күтүп отурат. Эгерде бирдиктүү система иштегенинде кадрлар резервине кирген жаран тигил же бул мамлекеттик органда пайда болгон бош оорунга билимине, кесипкөйлүүлүгүнө, тажрыйбасына жараша кызматка кабыл алынуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Демек мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын 10-беренесине кадрлар резервин түзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинде (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) гана уюштурулушу керек. Бүгүнкү күндө аталган орган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге талапкерлерди тесттен өткөрүү менен гана чектилип, башка мамлекеттик органдардан статистикалык маалыматтарды алуу менен гана иш алып барууда. Ал эми ачык конкурсту өткөрүү толугу менен аталган Мамлекеттик агенттиктин түздөн – түз аткара турган функциясы катары белгилениши абзел. Агенттик конкурстарды өткөрүү жолу аркылуу таланттуу кадрларды таап, алардын резервин түзө алмак.

Дагы бир белгилей кетүүчү маселе “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 3 - пуктундагы кирген кадрлар резервине мамлекеттик органдардагы административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар гана эмес, саясий кызмат орундарын ээлеген кызматчылар дагы кирүүсү абдан маанилүү.

Саясий мамлекеттик кызмат орду деген эмне? Бул деген “адам бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатты аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартуучу кызмат орду”. Дал ушул кызматтык орунду ээлеген кызматчылар кадрлар резервинде тургандардын ичинен гана дайындалуусу жана бул маселе менен түздөн – түз Мамлекеттик агенттик иш алып баруусу өтө маанилүү. Себеби саясий орунду ээлеген мамлекеттик кызматкер бүгүнкү күнү жогорку жоопкерчиликтүү кызмат орундарга дайындалууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясында саясий кызматта иштеген мамлекеттик кызматкер (бөлүм башчы, эксперт) министр, министрдин орун басары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы сыяктуу өтө жоопту кызмат орундарын ээлеп келишүүдө. Ооба, Президенттик Администрацияда эмгектенген кызматкерлердин кызматтык орду жоопту дечи, бирок бүтүндөй бир тармакты башкаруу же бүтүндөй бир аймакты башкаруу ал кызматкерлер үчүн абдан оор. Алардын жетекчи болуп эмгектене турган аймактагы калк менен сүйлөшө билүүсү, жаңыдан дайындалып барган тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүсү андан дагы маанилүү. Мындан тышкары кызматкер жогору жактагы кызмат ордунан төмөнкү кызмат ордуна эмес, төмөндөн жогору карай кызмат орундарын басып өтүүсү бүгүнкү күндүн талабы жана мамлекеттик кызматкерлердин иш билгилүүлүк деңгээлинин жогорулашына алып келмек.

Ааламдашуу доорунда, жаңы инновациялык технология мүнөт сайын өзгөрүүгө дуушар болгон учурда жоопту кызмат орундарына тармакты мыкты билген, дасыккан, ишти орун басарынан же башкармалыктын жетекчилеринен суроо жолу менен эмес, өз көзү менен көрүп, билип туруу менен ошол орун басарга, башкармалыктын, бөлүмдүн жетекчилерине тапшырманы туура берген, ишти алгылыктуу алып, идеяга бай, айтылган идеяларды талдап баамдай алган жетекчилерди дайындоо зарыл. Демек мамлекеттик кызматка мамлекеттик кызматкерлерди дайындоо системасын түп тамыры менен өзгөртүүгө убакыт келди. Ал эми иштөө тажрыйбасы мол, мамлекеттик кызматта кенже кызматкерден баштап жогорку кызматтарга чейин өскөн кызматкердин дайындалуусу мамлекеттик аппараттын иш алып баруусу үчүн бир кыйла жогорку сапаттарды көргөзбөй койбойт. Жогорудагы белгиленгендердин баардыгы мамлекеттик кызматтын саясий кызматкерине болобу же административдик кызматкерине болобу кадрлык пландаштыруу технологиясы аркылуу жүргүзүлүшү абдан маанилүү. Дал ушул кадрлык пландаштыруу кадрларды тандоодо, кадрлык резервди түзүүдө маанилүү орунду ээлейт.

2. Мамлекеттик кызматта иштөө системасы жана кадрлык пландаштыруу. Кадрлык пландаштыруу дегенибиз эмне?

Кадр – бул мамлекеттик органдын штаттык бирдигинде турган мамлекеттик кызматкерлердин баардык курамы. Кадрлык курам - бул мамлекттик органдардагы мамлекеттик кызматтык милдеттерди аткарып жаткан квалификациялуу адистер. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтарды жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда кадрларды пландаштыруу түшүнүгүнүн ордуна карьералык пландаштыруу түшүнүгү орун алган. 2021-жылдын 27 – октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2 – беренесине ылайык “карьералык пландоо – бул мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кесиптик жана моралдык сапаттарын баалоо, аттестациялоо тутумунун негизинде кызмат боюнча келечектүү алдыга жылдырууга багытталган иш-аракеттердин комплекси”. Аталган мыйзамдагы укуктук ченемди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө” Типтүү Жобо иштелип чыккан. Типтүү жободо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын карьералык жогорулоосун башкаруунун шарттары жана тартиби аныкталган. Белгилей кетүүчү жагдай Типтүү жобо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга гана жайылтылат. Ал эми көйгөйдүн очогу болгон саясий кызмат ордун ээлеген кызматкерлер үчүн карьерасын пландаштыруу маселеси каралбаган. Дал ушул саясий кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер кызмат орундарын пландаштыруу жолу аркылуу келсе, кадр саясатындагы көйгөйлөрдүн болуусу жокко эсе болмок беле? Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине саясий кызмат орундары боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык саясий орунду ээлеген мамлекеттик кызматкер үчүн карьералык пландаштуруунун талабы коюлган эмес. Ошондон улам төмөндөгүдөй суроолор пайда болот:

1. Жогорку жана башкы кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары кызматтан көтөрүлүүнү өздөрүнө ылайыктоо максатында мындай өзгөртүүлөрдү киргизишкенби?

2. Киргизилген өзгөртүүлөр 2021-жылдын 27 – октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинде белгиленген кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү, тең укуктуулук принциптерине карама – каршы келген жокпу? Себеби Реестр боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдө кээ бир кызмат орундары саясий кызмат орундарына өткөрүлгөндүгүнөн квалификациялык талаптар көңүл сыртында калуу менен жүргүзүлүп калаары талашсыз. Туурасы карьералык пландоо жеке административдик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына гана эмес саясий кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлерге дагы түзүлүүсү туурадыр

Ал эми кеп кылып жаткан карьералык пландоо төмөндөгүдөй негизги шарттарды камтыса:

а) Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мамлекеттик кызматчылардын саны жана квалификациясы. Мамлекеттик кызматчылардын саны белгилүү болгону менен квалификациялык жагдайдагы белгилери көпчүлүк учурда талаш тартышты жаратууда. Жадакалса бош орундарга дайындоо учурунда талапкерлер тууралуу маалыматтар так болбой калган учурлар кездешпей койбойт. Мындай маселени чечүү үчүн бүгүнкү күндө иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары - е-Kyzmat) ар бир орган карьералык пландаштыруунун электрондук платформасын иштеп чыкса. Анткени “е-Kyzmat” тутумунун негизги максаты кызматчылар жөнүндө бирдиктүү маалыматтык база түзүү эмеспи. Мына ушул бирдиктүү маалыматтык базада керьералык пландаштыруу жөнүндө локалдык маалыматтык система дагы интеграцияланмак.

б) ар бир мамлекеттик кызматкердин жөндөмүн, билимин жана тажрыйбасын оптималдуу колдонуу. Бул учурда мамлекеттик кызматчынын кесипкөйлүгүн баамдап туруп кызматтык функциялар жүктөлмөк. Ошондо бир жылга жетпей жетекчиликтин алмашуусу сыяктуу маселелер жокко эсе болмокчу.

в) карьералык өсүштү төмөндөн жогору карай жүргүзүү. Дал ушул шарт мамлекеттик кызматчыга мотивация бермек жана ишинин натыйжалуулугун көрсөтмөк.

г) жаңы милдеттерди аткаруу адам ресурстарын өнүктүрүү. Бул маселе кадр кызматкерлерине түздөн – түз байланыштуу. Мамлекеттик органдардагы HR – кызматынын ишиндеги жаңы технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызматка таланттуу адистер тартылмак.

д) кесиптик ишинин натыйжалуулуктарынын негизги көрсөткүчтөрүн баалоо жана ошого карата тандоо. Эгерде жасаган ишине баа берүү маселеси каралбаса кызматкердин жасаган ишинин эффективдүүлүгү эч качан болбойт. Андыктан сөзсүз түрдө аткарган ишине, коюлган талаптарды аткаруусуна жараша карьералык өсүш болуусу негиздүү.

е) тигил же бул кадрлык иш – чараларды аткарууга кеткен чыгымдар. Кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатабыз десек аларга карата жумшалуучу финансы каражаттарын биринчи орунга коюлса. Себеби финансы каражатысыз квалификацияны жогорулатуу, таланттуу, кесипкөй кадрларды табуу мүмкүн эмес.

Эгерде белгиленген шарттарды туура жолго коюу менен иш алып барсак мамлекеттик кызматчынын карьерасы татыктуу кызматка дайындоо моделине негизделмекчи.

Ал жаңыдан кабыл алынган адамдардын арасынан потенциалдуу талапкерлерди даярдоону, мамлекеттик кызматка талапкерлерди тандоону уюштурууну, көрсөтүлгөн компетенциянын же башкаруу тажрыйбасынын негизинде кадрларды тандоону жана талапкердин компетенциясынын бош кызмат ордуна ылайыктуулугун камтыйт.

Андан ары жогорку кызмат орундарына дайындоо аларды кесиптик ишинин натыйжалуулугунун жогорку көрсөткүчтөрү, мамлекеттик кызматтын ар бир даражасы үчүн дифференцияланган билим берүү программалары боюнча үзгүлтүксүз окутуу жана андан кийин ийгиликтүү аттестациялоо шартында ишке ашырылышы керек.

Тармакты жөнгө салган колдонуудагы мыйзамда кесиптик ишинин натыйжалуулугунун жогорку көрсөткүчтөрүн баалоо системасы каралбаган. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун баалоо системасы тууралуу материалдык норма мыйзамдын өзүнө камтылуусу зарыл. Башкача айтканда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (англ. key performance indicators, KPI) аныктоо системасы өтө маанилүү. Азыркы тапта көптөгөн мамлекеттик органдарда KPI системасынын жоктугунан жетекчилер Эмгек кодексинде кызматкерлердин укуктары жогору каралган деген шылтоо менен берилген милдеттерин жеткиликтүү алып баралбай жаткандагы дагы аз эмес. Кеп Эмгек кодексинде эмес, кеп мамлекеттик кызматкерлердин ишин баалоодогу натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн жоктугунда. KPI системасынын болуусу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин карьералык пландаштыруусуна чөң өбөлгө түзмөкчү жана жетекчи менен кызматкердин ортосундагы кызматтык, анын ичинен эмгек укуктук мамилелерди бекемдемек.

Карьералык өсүштө башкы кызмат орундарын ээлеген административдик кызмат орундарынан баштап жогорку кызмат ордун ээлеген кызматкерлерге көп көңүл буруу маанилүү болмок. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмү менен биргеликте ушул кызматтык орундарды ээлеген кызматкерлерге кесипкөйлүккө, жеке жөндөмдүүлүгүнө, ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгүнө жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө өтө жогорку талаптарды коюу боюнча критерийлерди иштеп чыгуусу зарыл. Мындай талаптардын сакталышы жогорку мамлекеттик кызматкерлердин атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн аныктамак жана кызматчынын ишинин натыйжалуулугун көрсөтмөк.

3. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кадрларды окутуу, даярдоо, кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасы. Ар бир мамлекеттик кызматкер, муниципалдык кызматкер экономикалык жана социалдык тармактардын, аларды башкаруу чөйрөсү тез өзгөрүп жаткан ички жана тышкы шарттарында байма – бай окуулардан өтүп туруусу абдан маанилүү. Мындай окуулар алардын кесипкөйлүгүнүн жогорулоосуна түрткү болмокчу.

2021-жылдын 27 – октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-пункту боюнча “Кызматчыны окутуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аны кесиптик өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт” деп белгиленген. Кызматчыларды окутуунун негизги формалары кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Кызматчыларды кайра даярдоо кызматчынын кызматтык жана функцияналдык милдеттери өзгөргөн учурда жүзөгө ашырылат. Жогорудагы аталган мыйзам боюнча кызматчынын квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин тандоонун жана даярдоонун жаңы моделин иштеп чыгуу максатында Жусуп Абдрахманов атындагы КРПМБАнын кызматкерлери “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тандоонун жана даярдоонун жаңы моделин иштеп чыгуу” деген темада социологиялык сурамжылоо жүргүзүштү. Сурамжылоо Бишкек, Токмак, Ош, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында жүргүзүлүп, ага 1000 респондент (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер) катышкан. Берилген бир нече суроолордун катарында “Сиз акыркы жолу качан окуу курстарына катыштыңыз?” деген суроо дагы камтылган. Респонденттердин көпчүлүгү окугандарына үч жылдан көп убакыт болгон деп жооп беришти. Бул көптөгөн кызматкерлердин кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экендигинин көрсөткүчү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өркүндөтүү максатында 2024-жылдын 27-августунда №527 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому кабыл алынган. Токтомдун 4-пунктуна ылайык Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу тартиби жөнүндө ЖОБОнун 3-пунктуна өзгөртүү киргизилген. Киргизилген өзгөртүүнүн негизинде мамлекеттик жана мунципалдык кызматчыларга карата окутуунун топтоо системасы деген түшүнүк бекитилген. Жободо көрсөтүлгөндөй окутуунун топтоо системасы кошумча кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик мекемелеринде ишке ашырылуучу окуу программаларына ылайык адистин окуу программаларын өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын суммалоону билдерет жана белгиленген үлгүдөгү документтерди берүү менен ырасталат. Азыркы учурда окутуу системасы тууралуу мындай материалдык норма киргизилгени менен аны ишке ашыруу механизми башкача айтканда процессуалдык норма белгиленген жок. Эгерде процессуалдык норма карала турган болсо анда жогорудагы аталган окутуунун топтоо системасы иш жүзүнө ашырылат. Окутуунун топтоо системасы боюнча процессуалдык норма төмөндөгү ченемдик укуктук актыларда каралуусу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл:

  1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2021-жылдын 27-октябры № 125;

  2. 2021-жылдын 20-октябры № 123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Жарлыгы менен бекитлтлген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО;

  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо ;

  5. 2023-жылдын 18-октябры ПЖ № 262 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө Жобо;

  6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 Жарлыгына менен бекитилген “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө” ЖОБО;

  7. 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 24 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;

  8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу тартиби жөнүндө” ЖОБО.

  9. 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” ЖОБО;

  10. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптар.

  11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ жөнүндө ЖОБО.

Эгерде окутуунун топтоо системасын ишке ашыруу үчүн жогорудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилсе Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – КРПМБА) өзүнө карата белгиленген функцияларын ишке ашырууда мазмундук жактан дагы, статусу боюнча дагы бир топ өзгөрүлмөкчү.

Ушундан улам КРПМАсы Мамлекеттик агенттик менен биргеликте мамлекеттик жана мунципалдык кызматчыларды окутуу үчүн фундаменталдык билим берүү программаларды мамлекеттик кызматтын наамдарына жараша төмөнкүдөй дифференциялашы керек.

  1. Улук кызмат жана андан төмөн даражадагы жаңы жумушка алынган кызматкерлер үчүн билим берүү программасы;

  2. Башкы кызмат орундарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн, жаңыдан ишке орношкондор жана кызматынан жогорулагандар үчүн өзүнчө окуу курстары. Дал ушул кызматкерлер үчүн аттестациядан өтүү шарттары дагы мыйзам тарабынан белгиленген. Ошондуктан аттестациядан өтүүнүн бирден – бир критерийи катары окутуунун топтоо системасына ылайык сертификатты талап кылуу милдети тиешелүү ченемдик укуктук актыга белгиленсе.

  3. Саясий жана административдик кызмат орундарынын тиешелүүлүгүнө карабастан жогорку кызмат орундарды ээлеген баардык мамлекеттик кызматчылар жана бул орундар үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлер үчүн алдыңкы деңгээлдеги окутуу программалар. Мында компетенттүүлүктүн негизин жогорку мамлекеттик кызмат орундарын ээлей турган талапкерлерди лидерликке окутуу түзмөкчү. Бул жакта аларга мамлекеттик, улуттук программалардын, стратегиялардын алкагында конкреттүү тапшырмалар берилип, алар боюнча иш пландарды иштеп чыгуу талаптары коюлуп, тиешелүү мамлекеттик органдардан стажировкадан өткөрүлүп, ага жараша баа коюу менен сертификат алуу мүмкүнчүлүгү берилмекчи. Алган сертификаттын негизинде министрлик, акимдик, алардын орун басары сыяктуу кызмат орундарына коюу сунушу каралуусу абзел.

  4. Жогорку кызмат орундарын жаңыдан ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн өзүнчө курстар уюштурулуусу дагы маанилүү. Буларга глобалдык баалуулуктар боюнча чет өлкөлөрдө билим берүү программаларын уюштуруу зарыл.

  5. Акыркысы, баардык кызмат орундарга талапкер катары кадрлар резервинде тургандар үчүн өзүнчө курстардын окуу программаларын түзүү. Мындагы угуучулар мамлекеттик органдардан стажировкадан өтүп, тиешелүү экзамендерди тапшыруу менен сертификаттарга ээ болмокчу. Бул жерде дагы дайындоо процесси сертификаттын негизинде гана ишке ашырылса.

Натыйжада мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу алынган компетенцияларды жана жетишилген натыйжалуулукту баалоонун натыйжалары боюнча жогорку кызматка дайындоо же эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө корутундулар чыгарылмак. Окутуунун топтоо системасын ишке ашыруу максатында окутуу жана баалоо жыл сайын жүргүзүлүп турмак. Мамлекеттик кызматкерлердин натыйжалуулугуна коюлуучу катуу критерийлер алардын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасынын болушун талап кылмакчы. Жалпысынан алганда, азыркы билим берүү жана окутуу системасын сынга алуу жаңы парадигмада мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик башкаруу үчүн жөндөмүнүн жетишсиздиги жөнүндө билдирүүнү камтыйт.

Ошентип жогорудагыларды эске алуу менен бул багыттагы жогорку кесиптик билимге коюлучу талаптардын төмөндөгүдөй эки деңгээлин белгилөөнү туура көрдүк:

  1. Негизги деңгээл - бул мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты ээлеген баардык категориядагы кызмат адамдарына тиешелүү;

  2. Жогорку деңгээл - мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана башкы топторуна тиешелүү, ошондой эле айрым башка мамлекеттик кызматчылар үчүн алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерге ылайык уюштурулуучу окуу курсу.

 

урмат аманалиев
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×