Добавить статью
15:08 24 Февраля 2016
Ыйман ызааттын деградациясы
Автор: Б.Белеков, Нарын облусу

Ортодогу жыйган тергендерин талашып, анын кайсыл бөлүгү кимисине тиешелүү болорлугун сот аркылуу мыйзам чегинде биротоло чечип алууну көздөшкөн тараптардын биринин, тагыраак айтканда, жоопкердин апелляциялык тартипте келтирген арызынын негизинде Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча апелляциялык коллегиясы 2016-жылдын 16-январында сот тутумуна мүнөздүү болгон № ГД-ХХ-ХХ-Н2 аттуу кезектеги ишти карады. Албетте сыртынан караганда мындай жарандык иштер сот тармагында күн сайын болбосо да, жума сайын каралып келе жаткан көндүм болуп калган катардагы иштердин бири.

«Сакалдуу киши жоого түшөөрбү» деген элибиздин накыл кебин эске алган күнү болобу же болбосо тек гана мындай маселенин өзү эле уккан адамды бир чочутуп алып анан, капыраай ботом, ошондой да болот бекен? деген кыяздагы суроолорду жарата турган турмуштагы сейрек кездешкен окуянын өзөгү бул маселеге кайрылууга себеп болгонун да сөз арасында белгилеп кеткеним оң болор.

1966-жылдары бири жыйырма, экинчиси жыйырма беш жаштын ар жак, бери жагында, республикабыздын борборундагы айыл чарба институтун, экинчиси медициналык атайын орто окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүшкөн, тагдырдын өзү табыштырган жаштык кездин не бир эстен кеткис жолугушууларын өткөрүп, бири-бирине арзышып, жактырышкан эки жаш кол кармашып, баш кошуп, өз алдынча түтүн булата башташкан.

Жашоонун өзү сыдыргыга салгандай дайым эле түз кете бербейт эмеспи. Андыктан кайда болбосун, качан болбосун дегендей бир үй-бүлө түйшүгүн эриш-аркак тартышып дегендей, көр тирликтин ысык, суугун, маңдай жаркыткан кубанычтарын, айрым убактарда боло калуучу оорчулуктарын да бирге көтөрүп, бирге бөлүшкөн жылдар артта кала берди. Ортодо биринин аркасынан бири төрөлүшкөн кичинекейлердин алды жерден боорун көтөрүп, кадыресе бир жагынан үй-бүлө түйшүгүн жеңилдетип, бири-бирине жардамдашкан бакандай болгон жети уул-кыздарды тарбиялаган чоң үй-бүлө өсүп чыкты.

Жөнөкөйлөтүп салыштыра келгенде, эки мажүрүм талдан бир чоң чынар терек пайда болду. Күйөөсү советтик, партиялык кызматтарды аркалап, чарбанын башкармасына чейинки даражага жетти. Жары өз кесиби боюнча бир нече жыл иштеп андан кийин бүтүндөй бир үй-бүлө түйшүгү менен балдарын багып, тарбия берип дегендей жолдошу сырттагы жумушту, өзү үйдөгү түйшүктү аркалап келишти. Өзүлөрүнүн айылдаштарын айтпаган күнү да сырттан келген киши үчүн бир көргөндө эле бул үй-бүлө, ынтымак менен ырашкерлик уялаган, ошол кездеги көптөгөн бактылуу бүлөлөрдүн бири эле.

Баш аягы жарым кылымга чукул же 47 жыл бирге өмүр сүрүшүп, экөө бирдей жетимиш жаштын чайын ичип, бала-чакасынын урмат-сыйын көрүүчү мезгилге жеткенде минтип «жылан чакпай, жылкы теппей» дегендей абышка-кемпир ажырашып ошол жарым кылымга чукул жыйган тергендерин эми сот аркылуу бөлүшө албай жаткандары чындыгында эле кийинки артыбыздагы муундар үчүн жолдо калуучу, тагыраак айтканда, колдон келсе, эч кимге көрсөтпөй, кулпулап алып кадимки эле жомоктогу «барса келбестин чөлүнө» алып барып, ошол жактан кайра келе көрбө деп адаштырып жиберүүчү жолдо калуучу жорук.

Деги эле жыл сайын республикабыздын аймагындагы жергиликтүү соттордун өзүндө эле бир жылдын ичинде жарандык жана жазык иштери боюнча миңдеген сот процесстери каралат. Цифранын тили менен айтканда биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор тарабынан өткөн жыл ичинде орточо 165-170 миңдин тегерегиндеги сот отурумдарынын материалдары каралган. Бул цифра жыл өтөн сайын 5%дан 7,7%га чейин өсүп келе жаткандыгы да байкалат. Демек, мунун өзү эле жөнөкөйлөтүп жалпак тил менен айтканда, бири-бири менен соттошкондор азайбастан кайра көбөйүп жатат дегендик.

Ал эми ошол каралган сот иштериндеги материалдардын дээрлик 70%га жакыны Баш мыйзамыбызда (Конституцияда) каралган адам укуктарынын ар түрдүү аспектидеги кызыкчылыктарынын мыйзамдуу корголушу, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча өз ара талаш жараткан маселелердин тегерегиндеги иштер түзүп келүүдө.

Албетте биринчи жана экинчи инситанциядагы сот отурумдарында да ишти караган судьялар биринчи ирээтте жаштары өйдөлөп калган бүгүн биз алардын мисалында сөз кылып жаткан эки жаранды ынтымакка чакырып, ортодогу маселени өз ара тынышуу аркылуу чечүү боюнча да сунуштарын да айтып көрүшкөн. Бирок, тилекке каршы бул иш акыры бир үй-бүлө ичиндеги мамилердин ортосундагы жиктин ого бетер ажырымы менен мүлк бөлүшүүгө келип такалып олтурат.

Үй-тиричилигинде урунуп жүргөн кайсыл бир нерсең кокусунан сынып калса аны кайра кынаптап ордуна келтирип койсоң болот. Ал эми адамдар ортосунда жараңка кеткен мамилени кайра мурдагысындай кылып өз ордуна келтириш кыйын экендиги айтпасак да белгилүү. Ошон үчүнбү, адам баласынын жашоосу миң кырлуу да, миң сырлуу да болсо керек.

Макалабыздын каармандарына кайрылып, сөздүн төркүнүнө келе турган болсок, аксакал жалгыз уулу келини менен бир тарап, апа алты кызы менен бир тарап болуп, кадимки майдан талаасындагы каршылаштар бирин-бири кандай көрүшсө ошондой эле акыбалга жетип калышкан. Күнөөнү бир тарабы бир тарабына оодарып, кез келе калган жерлерден өөдө-төмөн сөздөр агылып кеткен учурларда бери жакта тургандардын өздөрү ыңгайсыз абалга айласыз капташа түшөт экен.

Деги эле кыргыз, кыргыз болуп жаралгандан бери, кылымдар кыйырында баштарынан не бир оомал-төкмөөл кыйын мезгилдерди өткөрүшсө керек. Бирок, ошондой оор мезгилдерде да, үй-бүлө турмушунун өзгөчө касиетинин кенедей да бир жерине доо кетирбей, көздүн карегиндей сак-сактап алып келип бизге жеткирген ата менен баланын, бала менен атанын, уялаш болуп бир үйдө чогуу чоңойгон бир туугандардын ортосундагы элибиздин ошол улуу касиети бул үй-бүлөдө эчак эле үбөлөнүп жок болгону, сөзсүз түрдө кимибизди болсо да өкүндүрбөй койбойт.

Бир үйдө түтүн булатып, дээрлик жарым кылымга чукул же 47 жыл бою бирге жашап, уул кыздарынын гана эмес, неберлеринин жакшылыктарында, той-топурунда болсун төрдүн башында отуруучу мезгилдеринде минтип соттошуп, жыйган тергендерин бөлүшө албай жүрүшкөн макалабыздын каармандарынын кайсыл тарабынан болбосун, күнөөнү издөөнүн бул жерде эч деле зарылчылыгы жок. Тек гана өздөрү кандай чечишсе, ошондой болот дегенден башка эч нерсе деп айтууга болбойт. Анткенге укугубуз да жол бербейт. Бул ишти караган Нарын областтык сотунун жарандык иштер боюнча апелляциялык коллегиясы ортодогу талашып жаткан мүлктөрүн турак үйдөн баштап казанына чейин дегендей эки тарапка бөлүп берүү тууралуу мыйзам чегинде аныктама кабыл алып берди.

Эми бул жерден эки жак тең пайда тапты деп айтууга ооз деле барбайт. Мүмкүн кандайдыр бир деңгээлде бир тарабынын көксөөсү сууган менен бир үй-бүлө балким кайдагы бир болбогон нерседен чыккан талаш-тартыштардан минтип моралдык жана материалдык жоготууларга туш келип олтурат. Ал эми алар өздөрүнүн мындай мамилелери менен айылдаштарынын, аларды жакындан тааныгандардын ошондой эле кийинки өсүп келе жаткан муундардын алдында болсун, ошол жолдо калуучу жорук баштап жаткандары менен кадыр-баркын сактап кала албасы да турулуу нерсе.

Ооба, булар го булар демекчи, эмне болгон күнү да андан аркысында ар кимиси өз оокаттарын тынч өткөрүшүп кетишсе жакшы, болоору болуп боёсу кангандан кийин. Ал эми кийинки жылдары ушул сыяктуу үй-бүлөлүк чатактардан улам бир үй-бүлөнүн ичинде эле бири-биринин өмүрүн кыйгандар атасы баласын, баласы атасын, кызы апасын дегендей төбө чачты тик тургузган окуялар жыл өткөн сайын кадыресе көнүмүш иштерге айланып бара жаткандыгы ачуу чындык

Коом өзгөрүп, система алмашкандан бери жоготкондорубуздан тапкандарыбыз, тапканыбыздан жоготкондорубуз, арбын болду. Эң эле башкысы элибиздин айрыкча жаштарыбыздын дүйнө таанымдары жана психологиялары өзгөрдү. Тилекке каршы мына ошол дүйнө таанымдардын арасында мурда туу тутунуп келген рухий жана патриоттук баалуулуктардын ордун азыр бир гана материалдык байлык ээлеп алгандай. Сот иштериндеги жер талаш, мүлк талаш жана башка талаштардын баарысын карап олтуруп акыркы мезгилдерде чындыгында эле адамдардын арасында ниет-пейилдер бузула баштаганын байкайсың.

Ооба, советтик система чачырагандан кийин биз жашап жаткан коомдун, системанын табыгый өнүгүүсүндө мурда кийин күтпөгөн социалдык адилетсиздик пайда болду. Ошол мезгилдеги өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кыйынчылыктардын залакасы коомду деградацияга учуратты. Деградациянын аркасы келип улуттук баалуулуктарыбыздын биринин аркасынан биринен кол үзө баштаганга алып келди. Анын бир мисалы катары 1990-жылдардын ортосунда эле үйлөрүнөн сүрүлүп чыккан кыргыздын карылары карылар үйлөрүндө пайда боло баштаган.

Тили чыгып эс тартып калган баладан келечекте ким болосуң деп сурап калсаң сөзсүз түрдө төрт тарабы төп келген бай болгулары келишет. Ылайым алардын тилектери орундалып, элибиздин ар кимиси бардар жашаса мүмкүн руханий баалуулуктарыбыз кайра жанданат беле деген ойго жетеленгендер болсо терең жаңылышат дээр элем. Мезгилдин кайсыл бир жылдары менен жоготуп алгандарыбызды кийин өзүндөй кылып кайтарып ала алабызбы ага азырынча эч ким так жооп бере албаган таптакыр башка маселе.

Нукура элибизге мүнөздүү болгон өзгөчө касиеттерин, башкысы өзүнүн турмуштагы салт-санаасынын улуулугун дайыма туу тутуп, эч бир жерде кагаз бетине түшүрүлбөгөн бирок, алардын баарын өз жашоосунун философиясы катары ички дүйнөсүндө сактап, аны бүт сезими менен туюп, күнүмдүк турмушунда дайыма туу тутунган кыргыз эли эч качан мындай жосунсуз жоруктарга барбаса керек. Айталы дегенибиз, жогоруда сөз арасында учкай болсо да токтолуп кеткен ата-бабаларыбыз муундан муунга өткөрүп келген өзгөчө касиеттүү ыйык делген салт-санаабыздын, каада салтыбыздын минтип кайсыл бир үй-бүлөнүн мисалында тукулжурап турганы бүгүн баарыбызды тең ойлонтуучу маселе болуп жаткандыгында.

«Бир уйдун мүйүзү сынса, жүз уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, айрыкча бир үй-бүлө ичиндеги бир туугандар ортосундагы ыйман-ызааттардын түккө турбай калышы, жогоруда биз сөз кылган ата-бабаларыбыз мурас кылып калтырган көөнө касиеттерибиз деградацияга учурай баштагандыгы деп да түшүнсөк болот. «Бирдики миңге, миңдики түмөнгө» деген сыяктуу жакын адамдар арасында кездешип жаткан жоруктар бүгүн коомубузга, эртенки күнү бүтүндөй улутубузга жугуштуу дарттай кедергисин тийгизбейт деп ким кепил боло алат.

Мындан эки-үч жыл мурда жер титирөөдөн улам цунами менен коштолуп, атомдук электр станциясы кырсыкка учураган Япониянын Фукисума шаарындагы жапондор азык-түлүккө муктаж болуп турса да ашыгын албаган сабырдуулугун теле аркылуу бүт дүйнө жүзү көрдү. Ал эми кийин эле Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы оор күндөрдү эскерген ата-апаларыбыз кимдин колунда эмнеси болсо чогуусу менен ортого коюп, ошол оор күндөрдү кыйынчылыкты биргелешип жеңгендерин көптөгөндөрүбүз уксак керек.

Шибегени капка ката албаган сыяктуу эле бүгүн көбүбүздүн ички руханий дүйнөбүз жакырданып, көр дүйнө көйгөйү басып турган мезгилде жашап жатабыз. Андыктан кандай заманда кандай мезгилде жашабайлы кылымдар тереңинде көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын түптөгөн, өз алдынча, өзгөчө касиетке эгедер салт-санаасы бар, кыргыз деген улуу элдин тукуму экенибизди эсибизден чыгарбайлы.

Бапан Белеков

Нарын обулустук сотунун

басма сөз катчысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь