Добавить статью
15:40, 26 апреля 2023 15545

Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү

Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор.

Илимий-интелектуалдык алака катыш чөйрөсүнүн өзүнө таандык бөтөнчөлүктөрү арбын болот. Айрым учурда өмүрүңдө көрбөгөн же сейрек көргөн адамдар да жазган эмгектериндеги көз карашы, туткан позициясы жагынан күн сайын көрүп жанаша иштеп жаткан адамдарга караганда алда канча жакын санаалаш болуп чыга келет. Менин Кусейин Исаевич менен таанышуум да дал ушундай жагжайлардын бири болду.

Агай менен жакын тааныштыгыбыз, пикирлештигибиз Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен башталды. Бирок, илимге, маданиятка, коомдук баалуулулуктарга карата пикирлешим катары эсептегениме ого эле көп жылдар болду деп ишенимдүү айта алам. Анткени, анын мекен тагдыры, улут тагдыры, руханий байлыктын үрп адат каада салттардын улуттук мамлекеттеги мааниси, мекенчилдик, улуттук жана жарандык иденттүүлүк туралуу өзүнүн санаасынан сарыгып чыккан узак жылдар бою басма беттеринде байма бай жарыяланып келе жаткан оргиналдуу макалаларына баам салып, үзбөй окуп келгендердин бири элем. Баса, агай да менин этнопедагогика, этномаданий таалим-тарбия, мекенчиликке тарбиялоонун маңызы туралуу жазгандарым туралуу аздыр көптүр кабардар болуп чыкты. Ошондуктан алгач таанышканыбызда эле бири бирибиз туралуу сырттан тааныштыгыбыз тике кесиптештик, пикирлештикке өттү. Андан бери аны менен улуттук маданий нарктар, элдик тарбия чөйрөсүндөгү көйгөйлөр туралуу эчен ирет чын дилден пикир алышып баарлашып, бири бирибиздин ойубузга ой кошуп келдик.

Кусейин агайдын инсандык, илимпоздук дасмиясы туралуу пикир айтуучулар арбын эле болот деген ойдомун. Мен бир нерсени гана өзгөчө белгилеп өткүм келет. Бүгүн Кыргызстанда тигил же бул илим тармагында докторлук даражага, профессорлук наамга ээ болгон адамдардын катары кыйла эле. Бирок, бир Республика масштабында бир илим тармагынын пайдубалын түптөп «куту», «символуна» айлануу жан бүткөндүн баарына эле буюура бербей турган таалайлуу тагдыр, өлчөмсүз баалуу бак-дөөлөт. Кусейин Исаев Кыргызстандын социология илим тармагында ошондой символ инсандардын бири болгон. Ал социологиянын кыргыз кыртышында башка илимдер менен катарлаш өсүшү калыптанышы үчүн өзүн жоопкер сезген жана анын жемиштүү өнүгүшүнө өзүнүн тамаркасындай кам көрүп жашоо кечирип келе жаткан атуулдук ариети масштабдуу инсан жана илимпоз.

Кыргыз улуттук социология илиминин жаралыш, өнүгүш, калыптаныш тарыхын К. Исаевдин ишмердүүлүгүсүз элестетүүгө болбойт.

К.Исаев жашы жагынан бардык кесиптештеринен улуу, бирок идеяларынын заманга шайкеш келиши жагынан дайыма баарынан жаш эле. Ал жашы сексенге таяп калса да коомдук илимдер чөйрөсүндө басма беттеринде олуттуу ойлорго карк макалаларды биринин артынан бирин жарыялап туруу жагынан эч кимге ат салдырбай келди. Бир сөз менен айтканда агай олуттуу ооруга айласыз баш ийгенге чейин илимпоздук айбатынан кайтпай активдүү жашоо кечирип жаштарга өрнөк көрсөтүп келди.

Агайдын дагы бир менен байкаган өрнөктүү касиети мекенчил, элчил, коомчул ниеттеги адамдарды бооруна тартуу. Ал адамдарды эне тилине, туулган жерине, мекенин е карата мамилесине карап баалайт. Андай адамдар бир эле көргөндөн баштап агайдын жакын адамдарынын бирине айланып кетээрин байкадым.

Кусейин Исаевдин дагы мен билген өзгөчө касиети адамдар менен мамиледе алардын жаш курагына, даража наамдарына карабай бирдей текши мамиле кыла билген элдин бардык катмарына сиңимдүү сөздүн толук маанисиндеги нукура элдик адам экендиги.

Ал башкалардын жакшылыгын бөлүшүүгө убакытын, эмгегин да аябаган ачык көңүл, жоомарт адам. Буга байланыштуу төмөндөгүдөй бир кырдаалды эскере кетүү зарылдыгы болуп олтурат. 2010 -жылдын башында мен докторлук диссертациямы жактоо үчүн автореферат чыгарып даярдыктарды көрүп жаттым. Ошол күндөрдүн биринде Кусейин агай кабинетиме кирип, авторефератымы сурап, буюрса коргооңо катышам деп жакшы каалоо тилектерин айтты. Ачыгын айтуу керек мындай учурда ооз учунда катышууга убада бергендер көп эле болот эмеспи. Кусейин агайдын айткан сөзү эки болбойт экен. Коргоомо катышып, диссертациям жана коргоо процесси, диссертациялык кеңештин мүчөлөрү туралуу ары салмактуу пикирин, ары жылуу каалоо тилектерин билдирип, андан соң «Азаттык» радиосунда интервьюм бар эле деп шашып кетти. Азыр мен өзүм да диссертациялык кеңештин мүчөсүмүн. Чынымды айтсам сырттан келип бирөөнүн жумушуна кызыгып калыс пикирин ортого салып кетүүгө убакыт тапкан Кусейин агайдай айкөл көөндүү илимпоз инсандарды азыркыга чейин көрө элекмин.

Кусейин агайдын өлкөбүз, өзгөчө улуттук илим жана маданият, нарк салттардын жанданышы үчүн жасап жаткан албан кызматы элдин сый урматына гана татыбастан, элчил, мекенчил муундарды тарбиялоо үчүн өрнөк, үлгү катары да кызмат кылаарына терең ишенем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2021
Адамгерчиликке тарбиялоонун асыл сабактары
23297

03-12-2020
Ой-пикир: Кыргыз коому жана балдар
27436

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×