Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.
Тарых илимдеринин доктору, профессор,
ОшМЮИнин проректору
Абытов Б.К.
АПРЕЛЬ (2010) ОКУЯЛАРЫНЫН ХРОНИКАСЫ
Апрель революциясына 10 жыл
Бул мааракени кеңири белгилөө тууралуу Президентибиздин атайын жарлыгы да чыккан, шартка жараша кеңири майрамдоо болбойт. Биз тек гана ошол тарыхый күндөрдүн хроникасын эске салууну туура көрдүк. Мекендештерибиз ошол окуяларды, анын сабактарын эстен чыгарбай жүргөнү туура болот деген ойдобуз.
2010-жылдын Апрель элдик революциясынын тарыхый хроникасы төмөнкү ырааттуулукта өткөн:
5-апрель Таласта элдин нааразылыгы күчөп митингдер башталган, чогулган эл күч колдонуу менен таркатылган.
6-апрелде эл Талас шаарынын борборуна топтолуп, Талас облусунун губернаторун барымтага алган. Бишкектен 2 самолет, 4 вертолет менен ИИМ куралдуу отряддары учуп келип, түтүн чыгаруучу жана көздөн жаш чыгаруучу шашкаларды колдонуп, резина октор менен элди ата баштаган. Бир катар оппозиция лидерлери камала баштаган - Таласта Б. Шерниязов, Ошто - Д.Чотонов, Бишкекте - Ө.Текебаев, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев, А.Эркебаев ж.б.
7-апрелде А.Атамбаев, Т.Сариев, Г.Скрыпкина, Э.Ибримова камакка алынган. Алайда И.Исаковдун коргоо комитетинин мүчөлөрү камалды. Таласка ошол түнү 4 автобус ИИМ кызматкерлери, аскер күчтөрү келген. Таластын борбордук аянтына 20 миңден ашуун киши чогулган. Нарында, Ошто, Жалал-Абадда эл кайрадан чогула баштады. Токмокто Чүй обладминистрациясын басып алышты.
Эртең менен саат тогуздар чамасында Бишкекте «Форумда» көптөгөн эл чогулуп, расмий бийликтерге нааразычылыктарын айта баштаган. Ошол эле күнү «Форумда» кагылышуу болуп, ага күч колдонулду жана кагылышууда эл милиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алышты. «КСДП», «Ата Мекен», «Ак шумкар» партияларынын активисттери миңдеген адамдар менен Ак үйдү көздөй бет алды. Нааразы болгон эл УКМК имаратын курчап алган. Абактагы оппозиция лидерлери бошотулуп, милиция эл тарапка өткөн. Ак үй, Жогорку Кеңеш басып алынып тонолду, Генералдык прокуратура өрттөлдү.
К.Бакиев Ак үйдөн качып чыгып кетти. Элдик курултайдын Аткаруу комитети мамлекеттеги жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Элдик курултайдын Борбордук Аткаруу комитетинин төрайымы болуп Р.Отунбаева шайланды. Ошол күнү 60 адам каза болгону жана Бишкектин ири соода борборлору таланып-тонолгону маалым болду. Бийлик толугу менен Убактылуу өкмөттүн колуна өттү. Ө.Текебевдин сөзү менен айтканда «… бийлик толугу менен курамы 14 кишиден турган Убактылуу өкмөткө өттү. Эми биз өкмөт, биз парламент, биз президент болобуз. Ооба бул абдан татаал, жаман маселе. Бирок башкача чечими жок…».
Ошол 7-апрель күнү эрте менен милициянын «Альфа» тобу жана атайын бөлүмү, УКМК «Арстан» тобу менен элдин ортосундагы кагылышуу «Форум» имаратында башталып, анан Ала-Тоо аянтына жылган.
Саат 11.00: Алгачкы ок атуулар болуп, биринчи курмандыктарды эл көрдү. Күтүүсүздөн колдордо куралдар пайда болгон. Көрсө эртең мененки кагылышууда 14 автомат, 13 пистолет, «Драгунов» снайпердик мылтык, 8 кол гранатасын. «Аглень», «Муха» гранатометторун, «Заря» аттуу 100 согуштук, 20 үн чыгаруучу гранаталарды, 15000 ашык патронду «Альфанын» жоокерлеринен тартып алышкан экен.
Убактылуу өкмөттүн башчысы Р.Отунбаева 2010-жылдын 7-апрелинде атайын жарлыгын чыгарган. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн: биринчи орун басары А.Ш.Атамбаев, орун басары А.Бекназаров, орун басары Т.А.Сариев – каржы министри, орун басары Ө.Ч.Текебаев, Коргоо министри И.Исаков, Ички иштер миниистри Б.Шерниязов, МУКК төрагасы К.Дуйшебаев, Президенттин аппарат башчысы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп Э.Каптагаев дайындалган. Дагы бир чоң жаңылык, Мамлекеттик коргоо кызматы (СГО – авт.) жоюлганы болуп калды.
Ошол 87 адамдын өмүрүн алган революция күндөрү Ош шаарында жана областта да толкундоолор, митингдер жана расмий бийликтерге каршылыктар күчөгөн. 6-7-апрель күндөрү Ош шаарында КСДПнын бир топ активисттерин ички иштер башкармалыгынын, УКМК кызматкерлери катуу көзөзмөлгө алып, айрымдарын кармап, шаардык милицияга алып кетишти.
7-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Ошко келди. Ал Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында жана Ош облусунда Революциялык комитет түздү. Ошол эле күнү өлкөдө коопсуздукту камсыздоо, кан төгүлүүсүнө жана талап-тоноолорго жол бербөө үчүн бир катар иш-чараларды уюштуруу, аткаруу боюнча чечимдер кабыл алынып, талап-тоноолорго жана чагымчылдыкка жол бербөө үчүн Элдик кошуундар түзүлдү. Бул аракеттердин максаты революциянын жеңишин сактап калуу эле.
8-апрель: Ак үйдө Р. Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт өз ишин баштады. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде элдик губернаторлор шайланды. В.Путин менен Р. Отунбаеванын сүйлөшүүсү болду. Коогалаңда каза болгондордун саны 68 адамга жетти. Чөлкөмдөрдө абал тынчый баштады.
10-апрель: Ата бейит комплексинде Апрель революциясында курман болгондордун сөөгү жерге берилди. «…Апрель революциясынын баатырларына таазим этебиз, аларга түбөлүк даңк!» - деп Р.Отунбаева айтса, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков « … 7-апрель өлкөнүн соңку жаңы тарыхында демократия жолуна түшкөн жаңы Кыргызстандын түптөлүү күнү, улуу бурулуш учуру катары кала берет. Ушундай баатырларды тарбиялаган ата-энелерге миң мертебе алкыш айтып, башты ийип таазим кылабыз..» - деген жалындуу сөздөрдү айткан.
11-апрель: К.Бакиев өзүнүн туулган айылы Тейитте жыйын өткөргөн.
14-апрель: Мосвада Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары А.Атамбаев менен Россия премьер-министри В.В.Путиндин сүйлөшүүсү болду. Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүү маселеси каралды. Дагы 2 адамдын сөөгү Ата-Бейитке коюлду.
15-апрель: Ошто Убактылуу өкмөттү колдоо митинги болду. Ош шарынын борбордук аянтына он миңге жакын адам катышкан Элдик курултай өткөрүлдү. Курултай бүтөөрдө К.Бакиевди колдогон адамдар микроавтобустар менен борбордук аянтка кирип келишти. Аларды курултайга чогулгандар автобустардан түшүрбөстөн кууп чыгышты. Бирок, бул аянттан кулатылган президенттин жактоочулары куулгандан кийин, Ош улуттук драма театрынын алдына барып митинг өткөрүүгө аракет кылышты. Курултайга келгендер ошол жакка сүрүлүп барышканда К.Бакиев драмтеатрдын алдына коюлган трибунага чыгып сүйлөй баштаган экен. Ал жерде тургандар да анын сөзүн укпастан, көңүл бурбастан "Бакиев, кет! кет!" - деп кыйкырып жатышты. Тез эле эл көбөйүп, "Кет! Кет!" - деген кыйкырыктар улам күчөп, акыры борбордук аянт тараптан келаткан элдин сүрүнөн алдастаган Бакиевдин коргоочулары жана жан-жөкөрлөрү К.Бакиевди колтуктан алып жетелеген боюнча качышты. Коргоочулары жөн качышпастан автоматтардан, карабиндерден асманга, жерге карай ок жаадырышып, чоң жолго коюшкан ок өтпөс машиналарына отуруп качышты.
Эгерде 15-апрель күнү оштуктар К. Бакиевди кабыл алганда, ал шаардык мэрияга же облустук мамлекеттик администрацияга отуруп алып кетпей коймок. "Мен аракеттеги президентмин" деп отура бермек, анан бийлик талашып түндүк-түштүк болуп согушуп жатып калышыбыз толук мүмкүн эле.
15 апрель күнү кечинде К.Бакиев Жалал-Абадга келген Казакстандын учагы менен качып кетти.
16-апрель: Казахстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Б.Исабаев Р.Отунбаевага Президент катары расмий ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу К.Бакиевдин арызын тапшырган. «Казинформ» агенттиги К.Бакиевдин отставкага кетүү жөнүндөгү арызынын көчүрмөсүн жарыялады.
Ошентип К. Бакиевдин режими Апрель революциясынын натыйжасында кулады. Бирок ал мурдагы президенттей жөн эле качып кетпестен, бир убакта өзү «Ак үйдү автомат менен коргоймун» - деп айткандай куралсыз элге ок жаадырып коргоду. өз бийлигин бергиси келбей жан талашты. Анын натыйжасында токсонго жакын азамат курман болду.
Ошентип кыргыз эли кыска мөөнөттө өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Конституциянын сегиз өзгөртүүсүн, ошондой эле эки элдик революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчылдыкты башынан өткөргөн Кыргызстан, тарыхый-саясий өңүттө өз жолун таба алды. Эң негизгиси Кыргызстанда эл менен эсептешпей коюуга болбой тургандыгы, анын реалдуу күч экени ырасталды. Өлкөдө эч кимдин бийликти жеке ээлеп алууга, узурпациялоого акысы жок экени тастыкталды. Бийликти кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тургандыгы далилденди. Мамлекет башчысы, улут лидери элге берген убадасын так аткарышы абзел, милдет экенин баары түшүндү.
Мамлекет башчыларынын элди коркутуудан, күч колдонуудан алыс болуусу керек экендиги, эгерде андай аракетке барса ар кандай күчкө каршы турган элдик күч табылаары айкын болду.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандагы Апрель элдик революциясы дүйнөлүк коомчулук тарабынан өзгөчө феномен катары бааланганы болду. Анткенибиз Апрель революциясы маани-маңызы, саясий, мүнөзү боюнча нукура элдик революция болгон.
Эл өлкөдөгү саясий бийликке эле эмес, саясий принципсиздикке, кайдыгерликке, бийликти узурпациялоого, үй-бүлөлүк режимге каршы, элибиздин, мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыкканы баарыбызга белгилүү.
Быйыл дал ошол олуттуу, феноменалдуу окуяларга, Апрель элдик революциясына 10 жыл толот. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз.