Добавить статью
10:52, 3 мая 2021 1554

Арзымат уулу Садырдын хандыгындагы чек ара маселеси

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланды. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

XVIII кылымда кыргыз элинде Арзымат уулу Садыр деген баатыр, бий, хан жашап өткөн. Ал жаштайынан кыргыз-жуңгар согушуна катышып, Эр Солтонойдун аскердик мектебинен таалим алган.

Садырдын атасы каба уруусунун башчысы жана Кетмен-Төбө өрөөнүнүн улук-бийи болгондуктан, анын бийлиги Садырга мурасталган. Ошентип Садыр баатыр "Чыгыш-кыргыз конфедерациясы" деген кыргыз мамлекетинин бир өрөөнүн башкарып, саясатка аралаша баштаган.

Ошол доордо ар бир өрөөн кайсы-бир кландын (үй-бүлөнүн) менчиги болгондуктан, өрөөндү башкаруучу улук-бий болуу үчүн ошол үй-бүлөгө таандык болуусу шарт болгон. Бирок улук-бий өрөөндүн ичиндеги ар бир уруунун бийлеринен чогулган саясий кеңешме менен эсептешип иш кылган. Ал эми мамлекет башчысынын милдетин аткарган чоң-бийди добуш берүү аркылуу чечишкен, тагыраагы ар бир өрөөндүн улук-бийлери чогулуп, өздөрүнүн арасынан бирөөсүн чоң кылып шайлашкан. Бирок чоң-бийдин укуктары чектелүү болуп, ал кээ бир гана маселелерде роль ойногон.

Ал кезде мамлекет башчысы болгон Маматкул бий өлкөнү бир уруу башкарышы керек деген теорияны жактагандыктан, Ысыккөлдү Черикчи деген небересине, Чүйдү Атаке деген тууганына башкартып, Эсенгул деген небересин жалпы кыргызга башчы катары мураскор кылууну каалаган. Бирок, анын өлүмүнөн кийин улук-бийлер өздөрүнүн арасынан аксакалы жана согуш ардагери Жайылды көбүрөөк добуш менен чоң-бий кылып шайлашкан. Жайыл бийдин тууганы Момокон баатыр менен Садыр дос болгондуктан, ал Жайылдын бийлигине таяныч болуп берсе, Эсенгул менен Атаке оппозициялык маанайда болушкан.

Жайыл бийдин тушунда чегара маселеси мамлекеттик көйгөйгө айланган. Анткени 200 жыл жуңгарларга каршы күрөшкөн кыргыз-казак аскердик союзу өз милдетин аткарган соң жоюлуп, кыргыздар менен казактар чегарадагы талаштуу жерлер үчүн чатакташа башташкан. Оппозиция бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү сунуштаса, бийлик чегарага кол салгандарды жазалап туруу жолун тандаган. Ошондуктан жазалоочу отряддарды жетектеген Садыр баатыр "генерал" наамын түшүндүргөн "эр" даражасына көтөрүлүп, Эр Садыр аталган. Чегара кагылышууларынын биринде, 1771-жылы Жайыл бий казак ханы Абылайды туткунга түшүрүп, кайра коё берсе, 1774-жылы Аблай хандын жазалоочу аскерлери Жайыл бийди үй-бүлөсү, урук-журту менен кырып салган ("Жайыл кыргыны"). Аблай хан аскерлерин эки тарапка бөлүп жөнөткөндөй түр көрсөткөндүктөн, Эр Садыр экинчи тараптагы Жайыл бийге жардамга жетишпей калган.

1774-жылы Жайыл кыргынынан кийин Эр Садыр көбүрөөк добуш менен чоң-бий болуп шайланып, Жайыл бийдин саясатын уланткан жана бир канча реформаларды ишке ашырууга аракет кылган. Ал эң алгач мамлекеттик системаны түп тамыры менен өзгөртүүнү каалап, конфедеративдик түзүлүштү унитардык түзүлүшкө алмаштыруу үчүн өзүн "хан" деп жарыялаган. Таласка "Садыр-Коргон" деген чеп курдуруп, аны мамлекеттин борбору кылган. Анын мындай кадамга баруусуна ошол кездеги казактардын үч ханынын бир гана Аблайдын тегерегинде биригиши, ал эми Ферганадагы шаарлардын бектери бир гана Кокон ханынын тегерегинде биригиши жана алардын күчтөнүп бара жаткандыгы түрткү болгон. Бирок Хан Садырдын бул саясатын Талас менен Кетмен-төбөдөн башка өрөөндөрдүн улук-бийлери колдогон эмес, анткени алардын өз өрөөндөрүндөгү чексиз бийлигине чек коюлмак эле.

Хан Садыр чегара маселесинде жазалоо жана согуш жолун тандап, 1777-жылы жортуул уюштурган. Жооп катары Аблай хан 1779-80-жж. көп кол топтоп келип, ортодо кандуу кагылышуу орун алган. Бул согушта Аблай хан жалган маалымат аркылуу массага психологиялык басым жасап, ийгиликке жеткен. Ал Россия империясына кат жазып, кыргыздардын туткунунан орус капитанын куткарам деген шылтоо менен орустардан аскер сураган. Бирок алар бербеген соң, качууда жүргөн орус солдатын таап алып, аны орус кийими, курал-жарагы менен казак элчилерине кошуп, кыргыздарга жөнөткөн жана орус аскерлери да жортуулга келет деп коркуткан. Ошол жылы Цин империясынын чегарасын текшерүү үчүн кайгуулга чыккан 500 кытай аскерин да Аблай хан "казактарга жардамга келе жатат" деп жалган айттыртып, кыргыздардын үшүн алган. Буга ишенген кыргыз бийлери маалыматты териштирбестен иш-аракетке өтүүнү чечишкен. Ошондуктан Эсенгул бий Кашкар тарапка, Атаке бий Иле тарапка жоокерлердин бир бөлүгүн ээрчитип, кытай аскерлерин тосууга жөнөгөндө, Аблай хандын аскерлери Хан Садырдын аскерлерине кол салып, салгылашта кыргыздар жеңилип калган. Хан Садыр жана анын уулу өлүм жазасына тартылган.

Хан Садырдан кийин чоң бий болгон Эсенгул чегара маселесин чечүү үчүн кетмен-төбөлүктөрдү Таласка, жумгалдыктарды Чүйгө көчүрүп, чегарачы жоокерлердин санын арттырган жана кыргыз жерлерин коргоп калган. Ал эми андан кийинки чоң-бий болгон Атаке бий Россияга элчи жөнөтүп, Орто Азияда көзкарандысыз кыргыз мамлекети бар экендигинен кабардар кылган жана кызматташууну сунуштаган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-03-2021
Санжыранын жакшы жагы
967

30-12-2019
Ой-пикир: Кыргызстандагы социалдык кызматтын тарыхын доорлорго бөлүү
13511

13-05-2015
Манас XIV-XV кк. жашаганбы?
16941

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×