Добавить статью
12:47 30 Декабря 2019

Ой-пикир: Кыргызстандагы социалдык кызматтын тарыхын доорлорго бөлүү

Социалдык кызмат Кыргызстанда жаңы пайда болгон кесип болгондуктан, ал азыркы учурда ар тарабынан каралууга муктаж. Айрыкча социалдык кызматтын тарыхын кароо учурдун негизги талаптарынан болуп турат. Мамлекетибиз да социалдык саясатын ишке ашыруусун өз тарыхынан сабак алуу менен жүргүзсө, максатка ылайык болор. Ошондуктан, Кыргызстандын социалдык тарыхын барактап, аны доорлорго бөлүп көрсөтүүгө мезгил келди.

Кыргызстандын тарыхындагы социалдык жардам формаларынын өзгөрүү тарыхына карай, Кыргызстандагы социалдык кызматтын тарыхын төмөндөгүдөй доорлорго бөлүүгө болот:

1) Алгачкы жамааттык жардамдашуунун доору Кыргызстандын аймагындагы таш доорун, коло доорун басып өтүп, б.з.ч. VII-V кылымдарга чейинки мезгил агымын ичине камтыйт. Алгачкы доордо колдоо көрсөтүүнүн культтук формалары, жардам берүүнүн жамааттык-уруктук формалары, жардамдын чарбалык формалары өкүм сүргөн [11. 5-10-б.]. Мисалга алсак, Саймалуу-Таштагы петроглифтер бул аймакта ырым-жырым иш-чараларынын өнүккөн деңгээлинен кабар берет. Ошондой эле, андронов маданиятынын өкүлдөрү көчмөнчүлүк турмушта уруктук жардамдашууну өнүктүрүшсө, чуст маданиятынын адамдарында чарбалык жардамдашуу өнүккөндүгүн айта алабыз.

2) Көчмөндүү урук-уруулук жардамдашуунун доору. Биздин заманга чейин Кыргызстандын аймагында көчмөн сактар (скиф) жана усундар жашаган тушта жардамдашуунун жамааттык формасы өнүккөн дешке негиз бар. Ал эми ошол эле тушта жашаган Дабан мамлекетиндеги (Фергана) элдер болсо, дыйканчылыкка көбүрөөк басым жасашкан, ошондой эле аларда айылдык жамааттын орду өзгөчө болгон. Кыргызстандын биздин замандагы тарыхында ислам дини келгенге чейин, хунндар, көк-түрктөр, түргөштөр жана карлуктар сыяктуу көчмөн элдер жашашкандыктан, бул доордо жамааттык жана урук-уруулук жардамдашуу негизги ролду ойноп турган.

Эрте-ортокылымдардагы Алтай-Саян региону менен Борбордук Азияда жашаган көчмөн элдердин социалдык уюшумун изилдеген Н.Н. Серегин алардын социалдык тарыхын төмөндөгүдөй мезгилдерге бөлүп карайт: 1) Улуу Түрк Кагандыгына чейинки мезгил (552-ж. чейин); 2) Улуу Түрк Кагандыгынын мезгили (552–630-жж.); 3) Кытайга көзкаранды болгондогу мезгил (630–682-жж.); 4) Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгынын мезгили (682–744-жж.); 5) Уйгурлар менен кыргыздардын тушундагы мезгил (VIII к. 2-жар. – XI к.) [10. 129-б.].

3) Мусулмандык кайрымдуулуктун доору (Х - XII кк.). 751-жылдагы Талас согушунда мусулман аскерлери кытайларды жеңгенден кийин, Кыргызстандын аймагында жайыла баштаган ислам дини кийинки кылымдарда курулган Караханий мамлекетинин тушунда кеңири жайылып, мамлекеттик дин катары орногон. Х-ХII кылымдарда экономикасы жана маданияты гүлдөп өнүккөн бул өлкөдө Баласагын, Өзгөн, Барсхан сыяктуу чоң шаарлар курулган жана Йусуф Хасхажиб Баласагуни, Махмуд Кашкари, Имам Сарахси сыяктуу чыгаан инсандар чыккан. Ошол кезде ислам дининин таасири менен мусулмандык кайрымдуулук күч ала баштайт. Исламдын беш түркүгүнүн бири болгон зекет берүү парзы, ошондой эле, сооптуу иш-амалдардын эң жакшыларыларынан болгон садака берүү адаты мусулмандарды бири-бирине кайрымдуулук жасоого ого бетер түртүп турган. Мунун үлгүлөрүн Жусуп Баласагындын «Кут алчу билиминен» да байкасак болот [6. 171-173-б.]. Ошол тушунда мамлекет тарабынан да социалдык камсыздоону уюштуруу аракеттери жүргөндүгүнөн мисал келтирип, XI к. Ибрагим Табгач хандын ич-ара согушту токтотуп, талоончулукту жойгондугун, ооруканалардын абалына жана базардагы баалардын туруктуулугуна көз салып тургандыгын айта кетүү керек.

4) Жеке каралашуунун доору. XIII кылымдын башында чыгыштан чыккан кара кытайлар, наймандар жана алардын артынан моңголдордун баскынчылык жортуулдарынан улам шаарлар урап, эгин талаалары жайытка айланган оор мезгил баштан өткөн. Натыйжада кедейчиликтин деңгээли өсүп, согуштардан тынымсыздыгы жесирлер менен жетимдердин санын көбөйткөн жана адилетсиздик күч алган. Мына ошондо Асан Кайгы, Толубай Сынчы сыяктуу акылмандар чыгып, элди адамгерчиликке, боорукерликке, кайрымдуулукка чакырууга аракет кылышкан. Жардам берүү ал кезде кимдин колунан келсе, ошол жардам кыла алгандыктан, бул учурду жеке каралашуунун же жеке кайрымдуулуктун доору деп айтсак болот.

5) Салттык жардамдашуунун доору (ХVI к. - XX к. башы). XV кылымда Алтай, Чыгыш Теңир-Тоо жактардан көчүп келген кыргыз уруулары жана Кыргызстандын аймагындагы согуштардан аман калган жергиликтүү могол уруулары бири-бири менен аралашып, азыркы кыргыз эли калыптана баштаган [5. 117-136-б.]. Алардын дээрлик баардыгы көчмөн турмушта жашап, конфедеративдик түзүлүштөгү мамлекетке биригишкен [4. 114-б.]. Алардын тарыхында жардамдашуунун жамааттык формалары көп болгондугу байкалат. Аларда социалдык жардам идеялары салттарында негизги орунда тургандыгын ошол доордон ушул кезге чейин сакталган үрп-адаттардан байкоого болот [1. 187-191-б., 2. 38-53-б.]. XVIII кылымда жашаган Санчы Сынчынын уламышка айланган иш-аракеттеринен байкалгандай, ал социалдык саясат багытында көп эмгек сиңирген. Мисалы, баатыр төрөп берет деген шылтоо менен Түлкү баатырга кедей кызды, Болот баатырга жетимдери бар жесирди аялдыкка алып берген [3. 56-58-б.]. Көчмөн кыргыздардын бир кезде душманы болгон калмактардын кырылгандан калгандарын кыргыздар өздөрүнө «эл кылып» кошуп алышкандыгы да социалдык жардам багытындагы маанилүү фактылардан болуп саналат.

6) Мамлекеттик каралашуунун доору (XIX к. – XX к. башы). XIX кылымдын 30-жылдарында кыргыз уруулары Кокон хандыгына баш ийгенден кийин, кокондуктар Кыргызстандын бир канча аймактарына чептерди курушат жана аларга Фергана өрөөнүнөн чыккан сарбаз-аскерлерди, ошондой эле Кашкар аймагынан качкан мусулмандарды жайгаштырышат. Кокон мамлекети көчмөн кыргыздардан салык алуу менен гана чектелип, бирок чептердеги адамдарга социалдык жактан көп каралашып турган [9. 98-104-б.]. Ошол сыяктуу эле, 1855-1876-жылдар аралыгында кыргыздар менен кокондуктар Орусия империясына каратылгандан кийин, Россия жактан орус дыйкандары көчүрүлүп келе баштаган. Анда да мамлекет келгиндердин социалдык турмушуна кам көрүп, көчмөндөрдүн дыйканчылыкка ылайыктуу жерлерин аларга тартып алып берип турган. Бул доордо мамлекеттик жардамга келгиндер гана ээ болуп, ал эми кыргыздар өзүн-өзү камсыздоого милдеттүү эле. Мындай адилетсиздиктин натыйжасында заманачы акындардын кыймылы, андан кийин 1916-жылдагы Үркүн келип чыккандыгы маалым.

7) Мамлекеттик камсыздоонун доору (1917—1991). Падышалык режим кулатылып, советтик бийлик орной баштаганда, көп нерсе өзгөрдү. Мамлекеттик кам көрүү системасынын реформаланышы ишке ашып, Кыргызстандын аймагындагы бардык жарандар мамлекеттен жардам алууга тең укуктуу болушкан. Социалдык камсыздоо министрлиги пенсиялык камсыздоо, көп балалуу энелерди, майыптарды, ата-энесиз балдарды колдоо жаатында борборлоштурулган саясат жүргүзгөн [7. 4-8-б.]. Бул доордо өлкөдө жардылар жок деп эсептелинген.

8) Социалдык кызматтын доору (1990-жж. бери). Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин, социалдык саясатын өзү жүргүзүү укугуна жана милдетине ээ болуп калды. Социалдык көйгөйлөрдүн көбөйүшү менен кыска убакыттуу программалар: аз камсыздалгандарга акчалай дотациялар, гуманитардык жардамдар пайда болду. Муктаж адамдарга жардам берүү системасы калыптанып, ошондой эле «социалдык кызмат» деген кесип пайда болду [8. 24-28-б.].

Колдонулган адабияттар:

1. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/ Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. – Бишкек, 1999.

2. Гродековъ Н.И.. Киргизы и каракиргизы Сыръ-Дарьинской области. т. I. Юридическiй бытъ. – Ташкентъ, 1889.

3. Кыргыз санжырасы. Башкы ред. К. Жусупов ж. б. – Бишкек, 1994.

4. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч. II к. – XVIII к. Кытай булактарынан үзүндүлөр). II т. – Бишкек, 2003.

5. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010.

6. Мурзакметов Т.Т. Религиозные ценности в поэме Жусупа Баласагына «Благодатное знание». Известие ВУЗов Кыргызстана. 2018. №1. 171-173-б.

7. Орозалиев Э.С. Социальная работа и психология в вопросах и ответах: учебное пособие. – Бишкек, 2006.

8. Рысалиев И.З., Усенова В.У., Орозалиев Э.С. Социальная работа в Кыргызстане (теория и практика). – Бишкек, 2000.

9. Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. – Бишкек, 1999.

10. Серегин Н.Н. Социальная организация раннесредневековых тюрок Алтае-Саянского региона и Центральной Азии (по материалам погребальных комплексов). – Барнаул, 2013.

11. Фирсов М.Б. История социальной работы в России. – Москва, 1999.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×