Добавить статью
8:34, 10 марта 2011 58308

Падыша-Ата  петроглифтери (фото)

Таш бооруна чегилип түшүрүлгөн жазуулар, сүрөттөр жана петроглифтер, байыркы ата-бабаларыбыздын руханий турмушунан бизге калтырган кабары аны туура так чечмелеп алуу биздин милдет.

Аксы жана Чаткал райондорунун чек арысында тагыраак айтканда деңиз деңгелинен 3714 метр бийиктеги Чаткал кырка тоолорунун, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун сырт тарабы, Кашка-Суу айыл округунун мамлекеттик запас жериндеги (ГЗЗ ) Шар капчыгайында аска бетине тартылган петроглифтер бар. Чоң-чоң эки плита ташка өтө жогорку чеберчилик менен ташка чегилип жазылган. Сүрөт түшүрүлгөн таштар капчыгайдын күн чыгыш тарабынан кандайдыр бир табият кырсыгынан көчүп түшкөндүгү даана байкалып турат. Бул таштарда ар кандай сүрөт жана чиймелер түшүрүлгөн. Ал таштарга күндүн, (солярные знаки) жыландын, куш сыяктуу жаныбарлар түшүрүлгөн. Падыша-Ата петроглифтеринде адамдын таш ыргытып жатканы жана үч баштуу ажыдаар адамдын борпусун соруп, (эротические сцены и плодородия ) жаткан сүрөтү жана түшүнүксүз сызылган чиймелер (лабиринт) түшүрүлгөн.

Бул жердеги сүрөттөрдү б. з. ч. II миң жылдыктын б. з. I миң жылдыгына таандык деп, айтсак болот. Себеби, Саймалуу –Таш петроглифтерине окшоштук жактары бар. Окшоштуктарын атап айтсам күндүн, жыландын жана адамдын жапайы жаныбар менен алышып жаткандары.

Саймалуу –Таш петроглифтери б. з. ч. II миң жылдыктан б. з. I миң жылдыгынын 1 – жарымына чейин Теңир - Тоодо жашаган уруулар менен элдердин ( сак, хунну, усун, түрк ) социалдык-экономикалык жана руханий турмушунан маалымат берет.

М.Асанбеков, Ч. Жолдошевалардын жазган материалдары боюнча «жыландын образы байыркы жомоктордо көп эле жолугат. Ал көп учурда, зыяндуу, коркунучтуу кучтөр жана талкалоочу окуяларды билдирет. Мисалы: Ыйык Зороастра китеби Авестада жылан, кыйратуучу образда көрсөтулгөн»

Падыша-Ата петроглифтеринде да, ошол доордо жашаган элдердин кайгылуу окуясынан кабар берип тургандай.

Адам менен үч баштуу ажыдаар - «Табият менен адамдын мамилесин түшүндүрөт. Адам жаралгандан баштап табият менен жапайы жаныбарлар ортосунда тынымсыз күрөш жүргөн». Бул сүрөт да ошол доордогу адам менен табияттын ортосундагы мамилени түшүндүрөт.

Академик А.П. Окладниковдун жазган маалыматы боюнча, «Таш доорунда күндү алтын мүйүздүү бугу катары элестетишкен күн-түн дебестен тынбастан нурун чачып чыгыштан батышка карай жүгүргөн. Ошондуктан, коло доорундагы сүрөтчүлөр мүйүздүү бугуларды күндүн формасында тоголок кылып тартышкан». Орто Азия элдеринде бугу энеге сыйынуу жогорку деңгээлде өнүккөн жана түрк элдеринин эң негизги тотеми болуп келген. Бул жөнүндө көптөгөн жомоктор сакталып калган.

Ысык-Көл, Талас өрөөндөрүндө күн сымал түшүрүлгөн бугунун сүрөттөрү көп табылган.

Табылган таштардагы сүрөттөр, байыркы ата-бабаларыбыздын айтып келе жаткан жомокторун тастыктап тургандай. Таштагы лабиринт, жылан, адамдын үч баштуу ажыдаар менен алышып жатканы. Жомоктордо оң жана терс каармандар байлык үчүн күрөшөт. Ал байлыктын табыш үчүн карта керек, ал тоолордо жана башка жерлерге жашырылган. Логикалык жактан караганда лабиринт бир байлыктын картасы, ал эми жылан ошол байлыктын сактоочусу, адам байлык үчүн күрөшүп жатканы деп да түшүнсөк болот. Мындай жомоктор кыргыз жана дүйнө элдеринде көп жолугат.

Орто Азияда петроглифтерди изилдөө иштери 1946-жылдан башталган. Алар төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзгөн:

1946-жылы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Институту тарыхый – археологиялык экспедиция уюштуруп, Кыргызстандагы петроглифтерин изилдешкен. Экспедиция учурунда Ысык-Көл өрөөнүнүн Жукка, Кулансай капчыгайы жана Талас өрөөнүнөн жаңы петроглифтер табылган.

1956-жылы № 10 мектепбинин тарыхый – археологиялык тобу Талас өрөөнүнүн Теке-Таш, Курган-Таш, Терек, Кулан, Каракол, Куганды, Күркүрө-Суу, Ур-Марал деген жерлеринен жаңы таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү каттоодон өткөрүшкөн.

1960-жылы Талас өрөөнүнөн жаңы таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөр табылган.

1968-жылы Батыш Тянь-Шандан жаңы коло дооруна таандык, таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөр табылган.

1970-жылы дагы Талас өрөөнүнө археологиялык изилдөө иши жүргүзүлөт.

1980-жылы Тянь-Шань, түштүк Сибирь жана жогорку Енисейдин петроглифтери изилденген.

2005 – жылы мергенчилер тарабынан Падыша-Ата петроглифтери табылган, ошол эле жылдын июль айында ЖаМУ нун СГФ факультетинин Ата Мекен кафедрасынын тарыхчылары, Кашка-Суу айыл округуна караштуу Үчкемпир Турдубаев атындагы №26-орто мектебинин тарых мугалимдери менен биргеликте барышып, катоодон өткөрүп келишкен.

Коло доорунда ( Бронзовый век ) Евразияда анын ичинде Орто Азияда эки маданияттын өнүгүүсү өкүм сүргөн андронов маданияты (андроновская культура ) жана чуст маданияты. ( чуст-кайраккумской культура ) Андронов маданиятында – көчмөн (кочевник) мал чарбачылык жана металл иштетүү жакшы жолго коюлган. Чуст маданиятында жер иштетүү, дыйканчылык жогорку деңгээлде өнүккөн.

Падыша-Ата аймагында андронов маданияты өнүккөндүгүн байкасак болот. Жоон-Бакан жана Сары-Үңкүр сайларында темир кендерин (шахта) казып алуучу жайлар болгон деп ишеничтүү айтсак болот. Себеби, ал жерден азыркы күнгө чейин темир калдыктары (шлаг) сакталып калган. Мындай дилилдердин бири, Үчкемпир Турдубаев атындагы № 26-орто мектебинин «Край таануу » музейинин экспонаттарынын арасында аталган маданиятка таандык « жаргылчак » (Кол тегирмен) сакталып турат. Петроглифтер да андронов маданиятынын өкүлү болуп эсептелет.

Коло доору Орто Азия жана адамзат тарыхынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Б.з.ч. III миң жылдыктан б. з. ч. X-VIII кк. чейинки мезгилди камтыйт. Анын ичинде Кыргызстанда экономикалык жана тоо-кен иштетүү жагынан өтө өнүккөн. Бул доордо Кыргызстанда эне бийлигинин ата бийлигине өтүү жараяны (процесси) өкүм сүргөн. Колодон жасалган (жез менен калайдын кошулмасы) эмгек куралдары, тиричилик буюмдарын жасоону үйрөнүшкөн. Ошол колодон жасалган зубила жана башка металлдан жасалган предметтер менен таш боорлоруна жазуу, сүрөт, чиймелерди тартышкан.

Табияты кооз, суусу – абасы таза жана жапайы айбанаттарга бай. Падыша-Ата аймагындагы мындай баалуулуктар, байыркы сүрөтчүлөрдүн да кызыгуусун арттырса керек. Анын далили катары жогоруда көрсөтүлгөн сүрөттөр, петроглифтер жана тарыхчы илимпоздордун илимий пикирлери.

Падыша-Ата петроглифтери, толук изилденип бүтө элек бирок, азыркы убакта табылган илимий далилдерден улам Коло доорунан (б.з.ч. III миң жылдыктан б. з. ч. X-VIII кк.) баштап эле Аксы өрөөнүндө элдердин жана уруулардын жашагандыгынын толук тастыгы. Келечектеги изилдөөлөрүм Аксы өрөөнүндө жашаган элдердин жана уруулардын социалдык-экономикалык жана руханий турмушунан көбүрөөк илимий материалдарды ала алам деп ишенем.

Бирок, дагы бир айтып кетүүчү нерсе ушундай тарыхый байлыктарыбызды жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын камкордукка албастан, кайдыгер көз карашта болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Мисал катары айтсак, биз сөз кылып жаткан петроглифтер, Падыша-Ата күмбөзү, Муг күмбөздөрү жана башка маданий жана тарыхый эстеликтер.

Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик» мыйзамынын 3-беренесинин 10- пункттунда «Жергигилктүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери». 6-беренесинин 2-пункттунда «Менчик маданий же тарыхый мааниге ээ болгондо же башка коомдук пайдалуу максаттарда пайдаланылган учурда» деп, маданий жана тарыхый жайлар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат деп, так жана данаа кыргыз тилинде да орус тилинде да жазылган.

глиф2 

глиф 

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-01-2013
Падыша-Ата күмбөзүнүн чыры боюнча сот отуруму Жогорку сотто 10-январда болот
79535

25-10-2012
Ж.Сатыбалдиев Аксыга келип, бюджеттин акчасын негизсиз пайдаланып  кетти
66334

19-09-2012
Аксы элинин кайрылуусу
53681

19-07-2011
Жогорку Кенеш президентти шайласа, президент А.Акаев жана К.Бакиевдин кейпин кийип калышы мүмкүн
72051

16-03-2011
Аксы районундагы Кашка-Суу  айылында Коло доорунан баштап эле эл жашай баштаган (фото)
75295

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×