Добавить статью
4:21, 15 апреля 2011 8440

Казак бооруңан жооп

«Казак боорума кат» жазылыптыр. Казак агайындардан жооп жазганы чыкса, чыгар. А, мен, көп жылдардан бери казак жеринде - суусун ичип, даамын татып жүргөн миңдеген кыргыздардын бири- өзүнүн жеке көз карашымда бир боорлордун атынан жооп катканды адил көрдүм.

Чекарасын тикен зым менен тосмолоосуна таарынгандан мурда, «эмне үчүн тосуп алды?» деген суроону өзүбүзгө берип, жооп издейли.

«Руху майтарылбаган», «каарман», «эр жүрөк» элибиздеги тынчы жок жашоо (чындыкка келсек, АКШ менен Россиянын саясий теке тирешинин курмандыгыбыз).

Адам өмүрү чымынча бааланбай, чымчык аткандай атып салуу, буйрутма киши өлтүрүүлөр менен коштолгон башаламан жашоо, былтыркы апрель окуясында курал-жарак, ок-даарылардын элдин колуна өтүп кетиши...

Мүмкүн ошол куралдардын казак жеринде кайгылуу окуянын себепкери болбошуна ким кепил? Ким билет? Курал тартып алгандардын арасында, койнуна котур ташын катып жүргөндөрү бар чыгар...

Таможнянын (чегаранын) дарбазасы тарс жабылганы, бизге - кыргыздарга жакпаганы менен өздөрү үчүн дурус чечим болду. Өз жарандарынын коопсуздугуна кабатырланган казак жетекчилигине, рахмат!

Жарандары эмне күндү көрүп жүргөнү менен иши жок, барбы, тирүүбү, өлүбү - ойлоп койбогон бир эле кыргыз бийлиги. Келип калса, солярка менен буудай сурагандан башканы билбеген мажүрөө жетекчилерибизге, таң каласың. Ичиндеги ич күптүсүн ачык айта албай, ыраазычылыгын ооз учунан айтымыш болуп, жолуна түшөт. Андан көрө маселени кабыргасынан коюп, «бизге бир тыйыныңдын кереги жок. Биздин мигранттардын жүрүп-туруусун мыйзамдаштыралы» деп айтууга кудурети жетпейби дейсиң, аргасыз. Ошо жүз миңдеген кыргыздар мыйзамдуу жумуш иштеп, акчасын укук коргоо кызматкерлерине «жедирбей» жөнөтүп турса, сураган солярка менен буудайын колкосу жок эле сатып алат го. Жарайт, биздин товарлардын казак жерине кирбешине Бажы союзунун мыйзамдары жол бербесин, а грузчик, көчө шыпырган, курулуш ж.б. кара жумушта иштегендердин ишин мыйзамдаштырууга да уруксат бербейби? Кыргызстандагы туруксуз саясат, Астана менен тил табыша албаган алсыз бийликтин айынан, миңдеген жарандарыбыздын укугу тебеленип, корголбой турат. Белин оорутуп, колун жоорутуп тапкан акчасына ээ боло албаган көрүнүштөр көп кездешет.

Кененсары маселесинде сиздин сөзүңүзгө кошуламын, Дүйшөн ага. Баш сөөгүнүн кайда катылганы такталбаган тарых эки элдин ортосуна иритки салгандардын куйтурку аракетидир. Кантсе да аралаш бирге жумуш иштеп жүрүп, өзбек, тажик туугандарга караганда бизди алда канча жакын санаганына ичиң жылыйт. Бар тамагын дасторконуна жайып, конок күтүүгө ынтызаар, мактанчаак мүнөз катылып турганын байкайсың. Анан да, акылман башчысын тааный билгендигинде. Жүздөгөн улуттардын башын кошкон - «БИРЛИГИМИЗ ЖАРАСКАН», деген ураан астында, мекенди сүйүүгө, урматтоого багытталган идеологиялык тарбиясы мыкты булардын. Болбосо, биздикине окшогон эл үчүн күйүп-бышкан «бузукулары» бар.

Ич күйдүүлүк, көралбастык сезимден арылып, бир боорлордун такыр жерден Астанадай кооз шаар тургузган, ийгилигине кубаналы адам катары. Суктаналы. Биз да ушулардай баш бириктирип (түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй) тынч, камыр-жумур турмуш өткөрүп, Кыргызстаныбызды гүлдөтөлү. Ошондо жанагы оозунан кер какшык, келеке чыккан акындары, нени айтаар экен. Акындарынын айткан сөзүнө тнрикпейли, чычалабай, кемчиликтерибизди жое билели. Мүмкүн, алардын айткандарында ачуу чындык жаткандыр. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген ата-бабалардан калган накыл кептин маанисин кайда катабыз.

P.S. Семейлик Аман деген казак досум бар. Качан да болсо телефондон сүйлөшүп калсам, «Келип конок болуп кетпейсиңби?» деп суранып калат. Астанада курулушта бирге иштегенбиз. Кыргызчылык адатымча «ана барам, мына барам» деп коюп, сааты чыкпай алдамчы болуп жүрөм. Бир күнү барам, Аман дос. Мен барганча, аман бол.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-03-2011
Саясатчылар тирешсе, ортодо карапайым калк өлөт турбайбы
5880

14-03-2011
Кыргызстанга демократияны Акаев эмес, Бакиев эмес, ошол «кодо», «жети жүздүү» Эшимканов орнотту
9827

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×